СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Элеттен чыккан илимпоз - педагог

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Элеттен чыккан илимпоз - педагог»







Билим берүүнүн жана изилдөөнүн өрнөгү

профессор Рузимурат Мамаджанович 60 жашта




ЭЛЕТТЕН ЧЫККАН ИЛИМПОЗ- ПЕДАГОГ


Жакшы адамдардын жасаган иши, эмгегинин натыйжасы гана эмес, алардын инсандык кулк-мүнөзү, мамилеси да кийинки муундарга жакшы таасирлерди калтырат эмеспи. Жараткан берген өмүрдү текке кетирбей туура пайдалана билген жана ошол өмүрдө өзү гана эмес, эли-журту үчүн эмгегин арнаган инсандар көп жарала бербейт.

Мына ушундай нускалуу өмүрдүн ээси, өзүнүн бүт күч-кубатын болочок ар кандай тармактарда эмгектенген кесип ээлерин даярдоого арнап, аларга таалим-тарбия берүүдө эбегейсиз эмгек кылып, ишинен кадыр-барк таап, окуу жайда өзгөчө орду бар инсандардын бири - педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Абдуллаев Рузимурат Мамаджанович.

Андай адам башкалар үчүн сөздүн толук маанисинде үлгү, насаатчы педагог. Агайдын башка адамдын оюн уга билүүдөгү токтоолугу ар кандай абалдардан, мамилелерден, окуялардан алынган корутундулардан натыйжалуу тыянак чыгара билүүсү, жакшылыкка багытталган тамашакөйлүгү, таалим-тарбиянын, маданияттын көйгөйлөрү боюнча өз көз карашын чечкиндүүлүк менен айта билүүсү Рузимурат Мамаджановичке мүнөздүү өзгөчө касиеттердин бири деп билебиз.

Ал насаатчы катары өсүп келе жаткан жаштарга, болочок кесип ээлерине ар кандай маселелер боюнча кеп-кеңеш берүүдөн качпайт.Дайыма анын айткан ойлору жугумдуу жана жашоосунда дайыма алдыга умтулгандыгы менен айырмаланат. Илимдин артынан сая түшкөнү да ошондой аракетинен болсо керек. Ал өз предметин өтө жакшы билгендиктен, лекцияны өтө кызыктуу жана күчтүү өтөт. Теориялык маселелерди турмуштук окуялар жана кызыктуу фактылар менен байланышта түшүндүрүп, студенттерди педагогика илиминдеги татаал темаларды оңой түшүнүүсүнө жетелеп, багыт берет десек жанылышпайбыз.

Студенттик мезгилден баштап эле окуунун мыктысы, тарбиялык, коомдук иштерди уюштуруу боюнча студенттердин лидерлеринин бири катары жолдошторунун жана окутуучулардын арасында кадыр-баркка ээ болуп келген.

Абдуллаев Рузимурат Мамаджанович 1965-жылы 2-февралда Кыргызстан Республикасынын Ош областындагы Лейлек районунун "Ак-Суу" совхозуна караштуу Жаркыштак айылында мугалимдин үй - бүлөсүндө туулган.

1985-жылы Ленинабад мамлекеттик пединститутунун филология факультетинин (азыркы ХГУ) өзбек тили жана адабияты адистигине окууга кирип, 1990-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Студенттик мезгилден баштап эле окуунун мыктысы, тарбиялык, коомдук иштерди уюштуруу боюнча студенттердин лидерлеринин бири катары жолдошторунун жана окутуучулардын арасында кадыр-баркка ээ болуп келген.

1988-жылы Ош областынын Лейлек районундагы "Алга" орто мектебинде өзбек тили жана адабияты мугалими болуп эмгек жолун баштаган.

1995-жылы Лейлек районунда болуп өткөн "Жыл мугалими 95" сынагында биринчи орунга ээ болуп, жогорку категориядагы мугалим катары эмгек жолун уланткан. Мунун өзү анын мыкты педагог катары топ жарган көрөгөчтүгү гана эмес, патриот инсан катары эркинин күчтүүлүгүн далилдейт. Ар дайым дили жүрөгү таза адам гана өзү иштеген тармакта ийгиликтерге жетишет, адамдар менен да таза мамиледе болот жана адамдар арасында таза инсандык үлгүсүн жаратат.

1996-жылы Худжанд мамлекеттик университетине илим иликтөөчү болуп, белгилүү тюрколог, филология илимдеринин доктору, профессор А.Бердалиевдин жетекчилигинде кандидаттык диссертациясынын үстүндө иштей баштаган.

1998-жылы БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун "Өзбек тили жана адабияты" кафедрасында окутуучу, 2001-жылы ошол эле кафедранын башчысы болуп эмгектенген.2002-жылдын 28-сентябрь күнү К737 002.01 диссертациялык кеңеште 13.00.02 Педагогика адистиги боюнча "Изучение синтаксических связей общеобразовательной школе с узбекским языком обучения" темасында педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасыны алуу боюнча диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

2006-жылы аталган окуу жайда окуу-усулдук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, 2013-2017-жылдары Филологиялык жана педагогикалык билим берүү кафедрасынын башчысы кызматтарында үзүрлүү эмгектенген.

2009-жылдын 24-декабрында педагогика адистиги боюнча доценттик илимий наамы жогорку атестациялык комиссиясы тарабынан ыйгарылган. 2021-жылдын 21-декабрынан бери БатМУнун Сүлүктү гуманитардык экономикалык институтунун филологиялык жана педагогикалык билим берүү кафедрасынын профессору болуп эмгектенип келе жатат.

Учурда КР билим берүүнүн мыктысы,1 монография, 3 окуу усулдук колдонмо, 50дөн ашуун илимий макалалардын автору жана бир канча сыйлыктардын кадырлуу ээси.

Өз билимин өркүндөтүү, заманбап окуутуунун интерактивдүү усулдарына ээ болуу жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү максатында бир нече сертификаттарга ээ болуу менен бүгүнкү күндө дагы деле талбай жогорку жана орто окуу жайларга, мектептерге жакындан жардам берип, семинар-тренингдерди өтүп, студенттер арасында мазмундуу кызыктуу лекциялар окуп, заманбап практикалык сабактарды өтүп, практикант студенттерге жакындан жардам берип келет.

Үй-бүлөдө жубайы Абдуллаева Сабохат жеңебиз менен бирге бир кыз, эки уулду тарбиялап, үлгүлүү үй-бүлөнүн эталонун түзүп келет.

Урматтуу Рузимурат Мамаджанович сизди 60 жашыңыз менен куттуктайбыз. 60 жаш бул тажрыйба менен жылдар гана эмес, бул сый-урмат, зор салым жана акылмандык. Ордуңуз дайыма төрдө болсун. Сиздин өмүрүңүз кубаныч жакын адамдардын жылуулугу менен толуп турсун. Өмүрүңүз берекелүү, ден соолугуңуз бекем болсун!




Туракулова Маржона Зулкайнаровна – Педагогика жана экономика факульететинин

3-курсунун КТБ -1-23 окуу тайпасынын студенти