6.Элибиздин баалуулуктары
А: Окуучуларга суроолор.
Элибиздин балуулуктары дегенди кандай түшүнөсүнөр?
Өлкөбүздө кандай тарыхый курулуштар бар?
Манастын күмбөзү кайсыл жерде?
Б: Теманы түшүндүрүү.
Элибиздин баалуулуктары деген сөздү угаар замат ар бир адам ар түрдүү нерселерди көз алдына келтирет. Мисалга алсак кээ бирлери бийик-бийик тоолорду, шарактап аккан сууларды, таза абаны элестетсе, кээ-бирлери бешик той, жентек той, тушоо кесүү, сүннөт той , кыз узатуу сыяктуу каада-салттарын элестетет экен. Ал эми башкалары болсо кыргыздын улуттук нерселерин ойлойт. Айта кетсек: Боз үй, оймо-чийме, улуттук оюндар, кийимдери, тамак-аштары. Булардын эле катарында тарыхый, архитектуралык баалуу мурастары бар. Кыргызстандын архитектуралык жети керемети бар. Булар Манастын күмбөзү, Өзгөн мунарасы, Сулайман-Тоо, Таш-Рабат, Шах-Фазильдин күмбөзү, Саймалуу-таш, Бурана. Эмесе баарына өзүнчө токтолуп, азгына да болсо маалыматка ээ болгонго аракет кылалы.
Манастын күмбөзү: Республиканын чегиндеги байыркы эстеликтеринин ичинен элге кеңири таанылып билингени, бул Манас бабабыздын күмбөзү. Кыргыз элинин арасында «Манас» күмбөзү ыйык жай, мазар катарында бааланган. Жол жүрүп бара жаткан адам кыя өтпөй, зыярат кылып, куран окуп өткөн. Күмбөздүн жер пайынын алдында 1937-жылы табылган сөөктөн тышкары дагы жыгач табыт табылган. Бул бейиттердин денгээлинен төмөнүүрөөк алгачкы эки олук жаткан. Чыгыш тарабындагы бейит менен катар 1937-жылы изилденген батыш тарабындагы бейит күмбөздүкүндөй чийки кирпич менен жабылган. Бейиттин жер тамында эркектин скелети жаткан, скелеттин негизинде ал кишинин бою эки метрден ашык болгондугу далилденген.
Өзгөн мунарасы: Өзгөн – Кыргызстандын эң байыркы шаарларынын бири. Караханиддер доорунда (10-12-к.к.) бүтүндөй Азия чөлкөмүнө базарлары менен даңкы чыккан. Өзгөн калаасы 8-9-кылымдарда эле чеп менен корголуп, 12-кылымда Караханиддер династиясынын борборуна айланган. Убагында Фергана өрөөнүнүн чоң соода борбору дал ушул Өзгөн болгондуктан, Улуу Жибек жолунан өткөн соодагерлердин базарларга кайрылып өтүшү салт эле. Караханиддер доорунда Өзгөн шаары маданий жактан гүлдөп-өнүккөн. Айрым изилдөөлөрдө калаа ошол убакта гүлдөп-өнүккөнүнөн улам Озгон делинип, кийин Өзгөн деген аталышка өтүп кеткен.
Өзгөн архитектуралык комплекси 11-12-кылымдарга таандык. Комплекс мунарадан жана 3 күмбөздөн турат. Бул тарыхый эстеликтердин баары бир мезгилде курулган эмес. Айтылуу Өзгөн мунарасынын алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен. Бирок убакыттын өтүшү менен чөгүп, урап отуруп, азыркы бийиктиги 27,5 метрди түзөт.
Мунараны куруу максаты эмнеде болгон? Бул жаатында изилдөөчүлөр мунаранын эки түрдүү себеп менен курулганын айтышат. Биринчи себеби, сырттан келаткан душмандарды байкоо иретинде атайын кароол мунара катары курулган. Экинчи себеби ислам динине байланыштуу. Мунарага чыгып, азан айтып элди намазга чакыруу максатында тургузулган делинет. Түрдүү оюм-чийим менен кооздолуп, кыштан тургузулган мунаранын бүгүнкү күнгө чейин урабай турушу мунаранын сырын күчөтүп келет.
Жанаша турган 3 күмбөздү Өзгөн эли Орто, Түндүк, Түштүк күмбөз деп бөлүп аташат. Күмбөздөрдүн ичинен Орто күмбөз биринчи курулган. Орто күмбөз убагында ошол чөлкөмдө бийлик жүргүзгөн султандын буйругу менен курулуп, ага Караханиддер династиясынын өкүлү хан Наср Ибн Алинин сөөгү коюлган...
Түндүк күмбөз Орто күмбөздөн 1 кылым кеч курулган. Күмбөздүн ичиндеги жазуулардан улам адистер 1152-жылы караханиддердин башчысы Хусейин Ибн Хасан курдурган деген жыйынтыкка келишкен. Маалыматка караганда, күмбөздө ошол кезде аймакты башкарган султандын агасы Султан Илчи Мазынын сөөгү коюлган. Дагы бир уламыштарда элди ажыдаардан сактаган баатыр хан жана анын ата-энесинин сөөгү коюлган деп айтылат.
Ал эми Түштүк күмбөз 1187-жылы курулганын изилдөөлөр тастыктаган. Мында кимдин сөөгү коюлганы алигиче белгисиз. Бирок өкүмдарлык кылган инсандын көмүлгөнү турган иш. Бул үч күмбөздүн архитектурасы байыркы жана ошол кездин өнөр ээлери колунан көөрү төгүлгөн усталардан экендигинен кабар берет.
Сулайман-тоо: Сулайман-тоо байыртадан айланасындагы, жалпы эле чөлкөмдө жашаган элдер үчүн ыйык жай катары бапестелип, кызмат кылып келген. Анын таржымалы тээ байыркы доорго барып такалат. Ал алгач заростризм динин тутунгандардын, андан кийин мусулмандардын ыйык жери катары маалым.
XV-кылымда жашап өткөн Өзгөн ээлигинин вазири Султан Мази тоонун түштүк чыгыш чокусуна өзүнө жайкы резиденция салдырган.Сулайман тоо ошол мезгилде эле мусулмандардын эң көрүнүктүү жайларынан болгон. Кыргызстандын эң баалуу эстеликтеринен бири болуп саналган Сулайман тоонун тарыхый-маданий уникалдуулугу эске алынып жакында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине расмий түрдө кирди.
ХVI-кылымга таандык архитектуралык эстеликтин үлгүсү болгон Улуу моңолдор династиясынын негиз салуучусу, акын жана философ Захриддин Мухаммат Бабурдун үйүн жергиликтүү эл "Сулайман тоо мечити" деп айтышат. 1963-жылы бир нече кылымдардан бери сакталып келген Бабурдун үйү жергиликтүү бийлик тарабынан буздурулуп, кайра союз тараарга жакын кайрадан эл тарабынан калыбына келтирилет.
Музейдин кызматкерлеринин белгилөөсүнө караганда бул жерде 400дөн ашык сүрөттөр бар дешет. Андан сырткары, тоого чыгуучу жолдорго курулган символикалуу тоо, суу, от дарбазалары бар.
Сулайман тоосу ( парсыча "Бара-Кух") Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган. Узундугу 3 км, туурасы 1,5-2 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1176 м. шаарга салыштырмалуу бийиктиги 300-350м. Капталдары тик, аскалуу этегинде жана курчап турган түздүктөрүндө антропегендик борпоң тектери жатат.
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый - археологиялык музей комплексинин жалпы аянты 2956 кв.м. Анда 33 миңден ашуун музей фондунун негизги экспонаттары топтолгон. Алар 6694 археологиялык, 3702 этнографиялык, 19852 документтер жана сүрөттөр, 1196 кол өнөрчүлүк буюмдары, живопись, скульптура, графикаларды ж. б. камтыйт.
"Сулайман-Тоо" үңкүр музей комплекси Сулайман тоосунун түштүк батышында үчүнчү чокусуна Рушан тоодо жайгашкан. Археологдордун изилдөөсү менен бул жерден байыркы адамдардын эмгек куралдары табылып, табигый үңкүрдүн тарыхый мааниси белгиленген.
Археологдордун табылгалары Сулайман тоосундагы Ош өрүшү жөнөкөй эле адам жашоочу - тиричилик комплекси эмес, үрп адаттарды колдонуу үчүн диний мааниси болгон деп айтууга негиз берген. Окумуштуулардын божомолдоолору боюнча Ош өрүшү тоону касиеттүү деп эсептеген көз карашы менен байланышкан үрп-адат курамына кирген жай, диний ырым-жырымдарды өткөрүүчү, дин кызматкерлер жашоочу турак болуп келгендигин божомолдошот. Радиоуглероддук изилдөөлөргө караганда бул тургун жай б.з.ч экинчи миң жылдыктын аягы -биринчи миң жылдыктын башында жашаган адамдарга таандык.
Таш-Рабат: Таш-Рабат Кербен сарайы 15-кылымга таандык уникалдуу архитектуралык эстелик. Ал Нарын облусундагы Ат-Башы районунда Кытайдын чегарасына жакын жерде деңиз деңгээлинен 3200 м жогоруда жайгашкан. Таш-Рабат Улуу Жибек Жолунда жайгашып Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырган жолдо өткөн кербендер үчүн чоң мааниге ээ болгон кербен сарай болчу.
Шах-Фазильдин күмбөзү: Шах-Фазиль тарыхый-архитектуралык комплекси Жалалабад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан. Фергана өрөөнүндөгү ыйык жайларгын катарына кирет. 11-кылымда Караханиддер доорунда тургузулган эстеликтердин ичинен эң уникалдуусу. Комплекс Шах-Фазильдин күмбөзү (11-кылым), Саффед-Булан мавзолейи (19-кылым) жана мечиттен (18-19-кылымдар) турат. Бул жерде убагында 2700 сахабанын өлтүрүлгөнү тууралуу сөздөр айтылат.
Саймалуу-таш: Фергана тоо кыркаларынын эң бийик чокуларында биздин заманга чейинки эки миңинчи жана бир миңинчи жылдар аралыгында аскадагы таштарга чегилген сүрөттөр, чиймелер, жазуулар. Болжолу 10 гектардай аянтта мында сызуу-чийүүлөр ачык асман алдында жатат. Жетүүгө абдан кыйын, тоо башында болгондуктан бул жерди кыргызстандыктардын да көбү көргөн эмес.
Таш бетинде жаа тартып аткан, ат минип бараткан жана ар кандай белгилерди түшүндүргөн адам сөлөкөттөрү, жаныбарлар: аттар, тоо аркар, эчки-теке, бугу, төө, илбирс, карышкыр, каман, ит, жылан жана башка нерселер түшүрүлгөн. Көбү символдор. Көпчүлүгүнүн маанисин түшүнүш кыйын. Айрымдарына акылың жетпейт. Кээ бир таштар бөлүнүп калган. Бул жер көп изилденген эмес.
Бурана: Азыркы Токмок шаарына жакын (12 км) жерде жайгашкан. X-XII кылымдарда Орто Азиядагы эң ири мамлекет болгон Караханид каганатынын борбору болгон Баласагын шаарында орун алган болчу. 1218-жылы монгол баскынчыларынын колуна түшкөн Баласыган бара-бара маанилүүлүгүн жоготуп, 15-кылымда таптакыр бошоп калат. Бурана 11-кылымдын биринчи жарымында курулган. 1927-1928-жылдары ремонт иши жүргүзүлөт. Мунаранын баштапкы бийиктиги 45 м болсо, XV-кылымда болгон жер титирөдөн кийин 24,6 м. болуп калган.
Чындыгында Кыргызстан жогоруда аталган бардык нерселер менен улут деп аталып, өзүнүн ордун дүйнөдө коргоп келет. Ошондой эле ошолордун баары биз үчүн баалуу. Өлкөбүздүн ар-бир улуттук баалуулугун айтып отурсак убакыт да, кагаз да, калем да жетпейт.