СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эмгек тарбиясы жонундо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эмгек тарбиясы жонундо»

Эмгек тарбиясы

Эмгек тарбиясы – мектепте жүргүзүлгөн иштердин курамдык бөлүгү. Эмгек тарбиясынын негизги максатына окуучуларды эмгекке чыгармачыл, аң-сезимдүү мамиле жасоого тарбиялоо кирет. Бул максатка жетүү төмөндөгү милдеттерди чечүүгө байланышат:

окуучунун эмгекке муктаждыгын тарбиялоо;

акыл эмгеги менен күч эмгегин айкалыштырып, анын интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүү;

билимин кеңейтүүгө муктаждыгын тарбиялоо; эмгекке аң-сезимдүү чыгармачыл мамиле жасоого тарбиялоо;

эмгек көндүмдөрүн, билгичтиктерин калыптандыруу;

эмгек маданиятын, эмгекти уюштуруучулук жөндөмүн арттыруу;

эмгек тарбиясы менен бирдикте окуучуларга экономикалык тарбия берүү;

эмгекке тарбиялоо жараянында окуучунун нравалык сапаттарын калыптандыруу ж. б.

Бул милдеттерди чечүү окуучуларды эмгекке теориялык, практикалык жана

психологиялык жактан даярдоого жардам берет. Мектепте эмгек тарбиясы окуу-тарбия ишинин баардык жараянында, окууда өзгөчө илимдердин негизин окутууда, эмгекке үйрөтүү сабактарында, класстан жана мектептен тышкаркы иштердин тутумдарында ишке ашат.

Илимдердин негизин окуутууда окуучулар өндүрүштүн илим негиздери жөнүндөгү билимдерге ээ болушуп, таанып-билүүгө жана кесипке болгон кызыгуусу өнүгөт. Окуучулар эмгекке үйрөтүү сабактарында эмгек буюмзат, каражаттары жана жараяндары жөнүндөгү түшүнүктөрдү өздөштүрүшүп, белгилүү көндүмдөргө жана билгичтиктерге ээ болушат.

Мектепте жүргүзүлгөн класстан жана мектептен тышкаркы иштердин ар түрдүү калыпы окуучулардын чыгармачылык сапаттарын өнүктүрүүгө, шык-жөндөмүн аныктоого жардам берет.

Эмгек тарбиясы берүүдө окуучулардын эмгеги мааниге ээ. Педагогика адабияттарда окуучулардын окуу эмгеги, өзүн өзү тейлөө эмгеги, коомдук пайдалуу жана өндүрүмдүү эмгеги белгиленген. Окуучуларды эмгек жараянына катыштыруу алардын адептик, инсандык сапаттарынын, эмгекти сүйүү, эмгек адамдарын урматтоо сезимдерин калыптандырууга чыгармачылык демилгесин жана эмгектик көндүмдөрүн, билгичтиктерин өнүктүрүүгө жардам берет. Мына ошого байланыштуу окуучулардын эмгегин туура пландаштырууга, уюштурууга өзгөчө көңүл бөлүү керек.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!