ЭМГЕКЧИЛ, САРАМЖАЛ, МЭЭНЕТКЕЧ АДАМДАР КООМДУН ТҮРКҮГҮ
Сабактын максаты:Эмгекчил, сарамжал, мээнеткеч адамдарэкономикалык байлык жаратуучулар экендиги, бүгүн алардын катарына бизнесчилер, ишкерлер тобунун кошулганы, алардын жараткан аракетинин натыйжасында эл жумуш орундары менен, жардам күткөн социалдык катмарлар пенсия, стипендия, айлык менен камсыз болуп жаткандыгы айтылып, жогорудагыдай жакшы сапаттарды жаштарда калыптандыруу жөнүндө сөз козгошот.
Сабактын жабдылышы:Адеп китеби, ак барак, түстүү карандаштар, дидактикалык таркатмалар, виде кассета, видео магнитофон.
Сабактын жүрүшү:
Мугалим доскага төмөндөгүдөй таблица түзүп, окуучуларга сунуштайт. Окуучулар жуп-жубу менен толтурушат. Ар бир жуптан ой айтылып, доскадагы таблица да толтурулат.
Эмгекчил | Сарамжал | Мээнеткеч |
| | |
Таблица толтурулгандан кийин мугалим тема жөнүдө кошумча маалымат берет.
Суроолор аркылуу бышыктайт. Берилген жомок да талкууга алынат. Ак эмгектин наны таттуу, Жалкоонун жаны таттуу.
Элден
Жаралган адам эмгектен, Жарышып иштеп түрүнүп.
Жеңижок
“Адамды Адам кылган ак эмгеги”, “Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат”, “Күмүш терди төкпөсөң, алтын данды ала албайсың”, “Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат”, “Акылыңдан адашсаң ак эмгек менен дарылан”, “Өнөрлүү өлбөйт”… Көңүл буруп окуп көргүлөчү, бабаларыбыз сөз берметтерин мыскалдап жыйнап, аларда камтылган Ата конушка агынан жарылып агылган адал мээнеттин ыйыктыгын, ак жашоого умтулган адеп-ахлак улуктугу, көркөм касиеттин түбөлүктүүлүгүн айгинелейт.
Биздин ата-бабалар туулган күндөн эле жер үстүндө тиричилик өткөрү үчүн тынымсыз эмгек талап кылынарын баамдашып; “Дөөлөтүңө ишенбе, мээнетиңе ишен”, “Эмгектин аркасынан чуркасаң эңсегениңе жетесиң, эркеликтин аркасынан чуркасаң өз ырысыңды өзүң кесесиң”, “Аары чакса ачууланба, айда күндө бал жейсиң”, “Алгың келсе түшүм, алдын ала күтүн”, “Адамды адам кылган - эмгек”, - деген сыяктуу накыл сөздөрдү муундан муунга мурасташкан.
Ал эми дыйканчылыктанбы, же мал чарбачылыгында болобу, көпчүлүк чогулуп, ашар ыкмасы менен эмгектенген жерлерде иштин көзүн билбеген,жалкоо, жанбактылардын кылык-жоруктары көз жаздымда калбай, эл чогулган тойтамашаларда айтылып көпчүлүктүн талкуусуна салынган.
Эмгекчил болсоң, эл керегине жараарың талашсыз. Агынан жарылган мээнет, талбас эмгек сени дени сак, сарамжал, коом үчүн пайда келтире турган инсан кылып жаратары чындык. Адам баласынын жашоосунда экономикалык байлык дагы чоң рол ойнойт. Анткени адам күнүмдүк жашоосунда тамак-ашка, кийим кечеге муктаж. А алар кайдан, кантип пайда болот. Албетте аларды инсан өзү жаратат.
Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын экономикалык абалына саресеп салып карай турган болсок бир топ жетишкендиктерге күбө болобуз. Эмгекчил, мээнеткеч адамдар жашоо шарттын жакшырышына өбөлгө түзүп жатышат. Алардын катарына бизнесчилерди, жеке ишкерлер тобун кошууга болот. Өздөрүнүн тынымсыз аракетинин натыйжасында элди жумуш орундары менен камсыз кылышып, жакырчылык турмуштан чыгууга салым кошуп келишүүдө. Эгер коомубузда ушундай ишкерлер, дыйкандар, мамлекеттин казынасына каражат түшүрө турган азамат атуулдарыбыз көп болсо пенсия, стипендия, жөлөк пул, айлык акыларыбыз өз убагында берилип, жашоо шартыбыз кыйла деңгээлге көтөрүлмөк.
Урматтуу жаш жеткинчек сен да эл керегине жараган мээнеткеч, сарамжал инсан бол. Сарамжалдуулук –бул тапкан кирешеңди ысырапкерчиликке учуратпай, үнөмдөп пайдалануу болуп эсептелет эмеспи. Эч качан жалкоолук менен жолдош болбо. Эл оозунда айтылып жүргөн жалкоолук жөнүндөгү жомокторду окуп көрүп, өзүң жыйынтык чыгар.
Ар кимдин эмгеги өзүнө кымбат
Бир ата-эненин жападан жалгыз уулу болуптур. Бала ата-эненин тарбиясында чоңоюптур. Бала бойго жеткен соң, атасы уулун чакырып: “Уулум, эми чоңойдуң, кандайдыр бир өнөр үйрөн, аягында кор болбойсуң!” - дептир. Бала, макул дептир. Эртеси жумушка баратканда, аны энеси токтотуп:
-Уулум, сен оор жумуш жасап жаныңды кыйнаба, көчөгө чыгып досторуң менен ойно, кайтып келгениңде атаңа мына муну берерсиң! –деп бир теңге бериптир.Бала сүйүнүп көчөгө чыгып кетет да, кечке чейин ойноп жүрөт. Үйүнө келсе, атасы короодо көлмөчөнүн боюнда отурган экен. Энесинен алган акчаны ага бериптир.
Атасы теңгени алып көлмөчөгө таштайт. Бала унчукпай тим болот. Эртеси да ушул окуя кайталанат. Буга таң калышкан эне менен бала үчүнчү күнү өздөрүнчө отуруп кеңешиптир.
Бала:
-Атам бул акчаны эмгектенбей алып келгенимди билген окшойт. Эми бүгүн бир эмгектенип акча таап келейинчи, эмне кылаар экен? –дептир да, бир кишиникинде жалданып иштеп, жарым теңге акча тааптыр. Кечинде үйүнө келип атасына берсе, атасы бул акчаны да көлмөчөгө таштайт. Бала атасына олурая карап, кийимдерин чечип өз боюн көлмөгө таштап, баякы жарым теңгени таап чыгат. Ошондо атасы уулуна:
-Көрдүңбү уулум, бекер акчага караганда өз эмгегиң менен тапкан акча кымбат болот, - деген экен.