СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эмгекчилдик адамдын көркү (адеп 3-кл)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эмгекчилдик адамдын көркү (адеп 3-кл)»

АДЕП

Сабактын темасы: Эмгекчилдик – адамдын көркү

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди калыптандыруу

Сабактын формасы: интерактивдүү,жеке,жупта ,топто иштөө.

Колдонулуучу ыкмалар: Түшүндүрүү,айтып берүү,аңгемелешүү,суроо-жооп,көрсөтмөлүүлүк.

Сабакта колдонулуучу каражаттар: Темага байланыштуу сүрөттөр,карточкалар,накыл кептер.

Предмет аралык байланыш: Адабий окуу,көркөм өнөр,кыргыз тили,математика,мекен таануу,музыка.

Негизги компетенттүүлүктөр

1

Маалыматтык:

2

Социалдык-коммуникативдик:

3

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү:



Предметтик компетенттүүлүк

1

ПК 1 Кыргыздын үрп-адат,каада-салт,адеп-ахлагын үйрөнүшөт.

2

ПК 2 Алган билимдерин турмушта пайдаланышат.

3

ПК 3 Сөз байлыктарын,сүйлөө маданияттуулугун өстүрүшөт.

4

ПК 4 Үлгүлүү мүнөз,кыял-жоруктарга тарбияланышат.



Сабактын максаттары

1

Билим берүүчүлүк:

Эчгекчилдик – инсандын асыл сапаттарынын бири,эмгекчил ар дайым урмат-сыйга татыктуу боло тургандыгын түшүнүшөт.

2

Өнүктүрүүчүлүк:

Өз оюн эркин айтуусу,сөз байлыгы,эске сактоосу өнүгүгөт.Жупта,топто талкуулай билүү көндүмдөрү калыптанат.

3

Тарбия берүүчүлүк:

Эмгек каармандарынын ийгиликтери аркылуу ак,адал эмгекке,окуп билим алууга,ынтымактуу болууга тарбияланышат.



Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Убактысы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүүгү

Компетент-түүлүгү

Баалоо

1.Уюштуруу

3 мин

-Саламдашуу.

-Окуучулардын формаларына,гигиеналык абалына,жүрүм-турумун көзөмөлдөйт.

-Топторго бөлүп алуу.

-Окуучулар формаларына,гигиеналык абалдарына жооп беришет.Жүрүм-турумун,тарбиясын оңдошот.




2.Үй тапшырманы суроо

3-5 мин

-Окуучулар жазып келген дилбаяндарын окутуу.

-Ырларын жатка айттыруу.

-Окуучулар жазып келген дилбаяндарын окуп беришет.

-Жаттап келген ырларын айтып беришет.





3.Жаңы теманы түшүндүрүү

5-7 мин

Бели ичке болсо да,

Эмгек сүйгөн башынан.

Он эсе чоң озүнөн,

Оор нерсени ташыган.

(кумурска)

-Кумурска кандай жандык?

-Кумурсканы кандай адамдар менен салыштырабыз?

Кичинеңден эмгекчилболуп өссөңөр кийин жакшы турмушта жашайсыңар.Көп окуп билимдүү болууга аракет кылгыла.Эч убакта иш кылуудан эринбегиле,мээнеткеч болгула.Кеч болсо да ишиңди аяктап анан укта.Тынч уктайсың.Бир нерсе жасаарда алдын ала план түзүп ал,ансыз ишиң чаржайыт,башаламан болуп калат.Ата-энең жумуш жасап жатканда карап турба,баарын үйрөнгөнгө тырыш.Бош убактыңды бекер өткөрбө.

Окуучулар табышмактын жандырмагын табышат.

Эмгекчил адам менен салыштырышат.

Окуучулар жаңы тема менен таанышышып маанисин түшүнүшөт.Эмгектенүүнүн биздин жашообуздагы зарылдыгын жана пайдасын түшүнүшөт.Түшүнүгүн ырааты менен айтып бере алат.Берилген суроолорго так жооп берип,өзү суроо бере алат.Эмгекке тарбияланышат.




4.Жаңы теманы бышыктоо

7-10 мин

Ар бир топко ар кандай темага байланыштуу тапшырмалар берилет.

1-топ:Түлкү менен кумурска жомогун ролдоштуруп аткарып беришет.

2-топ:Сандарды ирээти аркылуу окуп,макалды жазуу.

3-топ:Чыгарманын картасын толтурушат.

4-топ:Эмгекчилдик жөнүндо тестти аткарышат.

Окуучулар өз топторунда иштешет.Сунуштарын айтышып,толуктоолорду киргизишет.Ар бир тапшырмаларын презентациялашат.




5.Тема боюнча тыныгуу

1-3 мин

Кумурска менен ийнелик ырын ырдатуу.


Окуучулар ырдашат.




6.Сабакты жыйынтыктоо

5 мин

Окуучулар саябалуу даракка эмгекчи адам кандай болоорун чапташат.Эмгекчи адам саябалуу дарактай болушарын түшүндүрүү.


Окуучулар суроолорго жооп берүү менен сабакты жыйынтыкташат.




7.Баалоо

3 мин

Топто баалоо.Активдүү катышкан окуучуларды баалоо.






8.Үй тапшырма берүү

3 мин

Бабалар сөзүн жаттап алгыла.

Окуучулар бабалар сөзүн жаттап келишет.