Просмотр содержимого документа
«Эн актуалдуу маселелерди камтыган эссе»
Ооба, мен калпычымын, жалганчымын, алдамчымын! Кечиргиле!
Кечээ бир досум түштөнүүгө чакырды. Абдан жакшы сүйлөшүп отурганбыз. Бир убакта досум, чапанчанды чапсаң, көйнөкчөнгө доо кетет кылды. Бир досун мисал кылып айтып атат. Досумдан сурадым, апаңды жакшы көрөсүңбү же аялыңдыбы? Атаңды жакшы көрөсүңбү же балаңдыбы десем, албетте, апам менен атамды деди. Жалган дедим. Калп айтпа. Аяш энемдин бутундагы кепичи канча сом, аяштын бут кийими (сапошкасы) канча сом турат дедим. Аяш энемдин күрмөсү канча сом да, аяштын шубасы канча доллар?..
Досумдун калган сөздөрүн укпай калдым. Кулагым чуулдап, көзүмдөн жаш айланды. Балама чалдым. Машинаны даярдап кой, Нарынга чыгам дедим. Энеме чалдым. Шаарга келатам дейт. Кубанып кеттим. Бирок мен калпычы экенимди мойнума алдым. Аялымдын күзгү, кышкы, жазгы, жайкы, тойго кийген, тоого кийген, ойго кийген, кыскасы батинкесинен баш адашат экен. Энемдикичи?.. Билбейм. Чынында билбейм. Аялыма машина алып бергем. Апамачы?
Апама машина алып берейин десем, жок балакетиңди алайын. Жалил менен абышкадан калган «Ауди» эле болот. Менин пенсиям өзүмө жетет. Сен балдарыңды багып жатпайсыңбы. Неберелеримдин курсагы ток, кийими бүтүн болсо болду. Балдарыңды жакшы тарбияла дейт…
Ар бирине мүнөздөмө берип чыгат. Келиндеринин кемчилиги менен артыкчылыктарын айтат. Кайра менин үйүмдүн абалын сурайт. Ошентип узун сөзгө кирип кетебиз. Аягында, макул балам, «бирдигиңе» бир далай акчаң кетип калды го. Жолукканда сүйлөшөбүз деп коёт. Менин бирдигим менен убактымды аяп… Ал эми менчи? Мен калпычымын. Мен апамды эмес аялымды сүйөм. Атамды эмес, балдарымды сүйөм. Атама телефон чалайын десем, телефон тартпаган, байланыша алгыс тарапка кеткен. Эстегенде Куран окуп, сообун багыштап коём. Ал күн да жума күнү, жума намазга барганда… башка күндөрү кээде эле эстейм. Ошондо да малыма баш-көз болуп караган киши жок деп. Атам болгондо эч маселе болбойт эле деп эстейм…
Жараткан Кудайды жакшы көрөм деп дагы алдайм. Себеби, кечинде темселеп жүрүп кеч келгеним аз келгенсип, интернетти карап ушактарды окуп отуруп түн ортосунан оогондо уктайм. Таңкы уйкунун таттуусун айт. Намазга тургум келбей ныксырап жатам да, анан турганда каза намазын окуп толуктап коём деп турбай коём. Ойгонуп алып жумушка шашып жөнөйм. Ошону менен намаздын казасы да унутулат… Кудайдын буйругун да так аткарбайм. Демек, мен киммин? Эки жүздүү алдамчымын. Калпычымын. Өзүмдү алдап, өзүмдү сооротуп, өзүмө өзүм адвокат болуп жүргөн күнөөкөр пендемин…
Мээримдүү, ырайымдуу Аллахтан кечирим сурайм. Мени эмизип багып, ушул жарыкчылыкты тартуулаган энемден кечирим сурайм. Экөө тең кечиримдүү жана боорукер экенин билем. Экөөнө тең эркелейм… Качанкыга чейин? Бир күн келет – атам сыяктуу энемден ажырайм… Бир күн келет – Кудайдын алдына барам. Ошондо эмне деп жооп берем?!
Билип туруп эле күнөө кылып жүрө бердим деймби? Мен сыяктуу жалганчы болбогулачы, досторум. Мен да оңолууга аракет кылайын. Силер да аракет кылгыла. «Бейишиң да, тозогуң да ата-энең»- дептир пайгамбарыбыз Мухаммед с.а.в. Ата-энебиздин батасын алып калалы, бата тилеп кала электе…