СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тилибизди урматтайлы...

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эне тилибизди урматтайлы...»

Сабактын темасы: «Эне тилибизди урматтайлы, сактайлы»!

Сабактын максаты:

а) окуучулар тилдин улуулугу, баалуулугу, өлбөс, өчпөстүгү жөнүндө ой жүгүртүп, таанып билүүсү артат, түшүнүгү кеӊейет.

б) Макал-лакап, ырларды көркөм окуй алышат.

в) Өз эли жерин, мекенди сүйүүгө, ак ниеттүүлүк менен эмгектенүүгө тарбияланышат, бири-биринин оюн угууга, түшүнүүгө үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы: плакаттар, макал, ырлар.

Сабактын тиби: Жаӊы тема

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү, методдун айрым ыкмалары

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу мезгили, окуучулар менен саламдашуу

  2. Жагымдуу маанай тартулоо

  3. Алтын эреже айтылат

  4. Үй тапшырма кайталоо



  1. Ысык-Көл боло электе ал жерде эмне бар эле?

  2. Ал жерди мекендеген каардуу хан жана Адыркынын ата-энеси кандай адамдар экен?

  3. Адыркы каардуу ханга эмне себептен келди? Энесинин акылмандыгынан кандай жагдай өзгөрдү?

  4. Энесинин сөзүн эсине албай Адыркы эмне кылды? Эмне Адыркы убадасына турбай койдубу?

  5. Анын кесепетинен эл эмнени билип алды?

  6. Каардуу хан өз элине кандай зыян кен алып келди?



  1. Жаӊы теманы айтуу

  2. Максатын айтуу

  3. Окуучулардан максатын суроо

  4. Кантип бааланат айтуу

  5. Текст боюнча иштөө

Эне тилим – эне сүтүм маанисин чечмелөө

Текстти окуп берем, токтогон жерден окуучулар улап окушат.

Текст боюнча суроолорду берүү

  1. Тил менен адам коомунун пайда болушун эмнеден байкадыӊар

  2. Тилдин адам турмушундагы ролу кандай экен?

  3. Тилдин касиети жөнүндө Дагестан акыны Расул Гамзатов жана дагы Т.Үмөталиев атабыз эмне деп айтышыптыр?

Сценка – Маршрут

Айдоочу: Жакиев Байыр

1.Жүргүнчү: Отунчиева Азалина

2.Жүргүнчү: Дүйшөбаева Касиет

5. Кыргы тили деген ырды окуучуларга окутуу

6. Ырлардын авторун суроо Т.Үмөталиев

7. Ж.Баласагын атабыздын сөздөрүн окутуп, чечмелөө

Окуучулар тил жөнүндө ырларды айтышат.

Гузель: Бирге жүрөм эне тили кадырлайм.

Бул тил менен иштейм сүйлөйм ыр ырдайм

Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,

Эне тилди сүйгөнүмдөн жаӊылбайм.


Азалина: Кымбаттан кыналышып, бүткөн тилим,

Кылымдан ыйык энем күткөн тилим.

Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда

Жаралып жаным менен бүткөн тилим.


Сүйүүктүү татынакай сулуу тилим,

Мээримдүү жүрөгүмө жылуу тилим.

Ширелген жакут менен көркү чексиз,

Тамшанткан, такылдаткан балдан ширин.


Айпери: Тилиӊе кулдук кылам энем-атам,

Кечиргин, мен тараптан болсо катам.

Мен сүйгөн, мен сүйлөгөн ушул тилде,

Кубултуп, безе ырдап келе жатам.



Элдос: Бул тилдин кылдат, кымбат сырын ачам,

Канымды сыя кылып китеп жазам.

Таӊ эрте тил өмүрү бүтө десе,

Күн менен уккан кечте кошо батам.


Мугалим: Тилиӊ тарых, тилиӊ күзгү дилиӊде,

Кимдигиӊе тилиӊ күбө ириде.

Өз тилиӊди кадыр тутуп, туу тутуп,

Өтүүӊ парз, бул дүйнөдө тирүүдө. –Деп айтмакчы тилди тарыхта көз жүгүртсөк 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын жогорку 10-сессиясында мамлекеттик тил деп кабыл алынган.

Хор эне тил 1 куплет ырдашат.

Нурмухамбет: Отко салсаӊ, чокко салсаӊ күйбөгөн,

Жоголгон жок, кеткени жок дүйнөдөн.

Эне тилим нечен кылым каарыткан,

Ушул тилде бабам Манас сүйлөгөн.


Манастан үзүндү айтат: Жанышов Азирет, Курманбеков Нурмухамбет

Аяна: Ар бир адам сүйлөгөндө ойлосо,

Туура сөздү туура экен деп колдосо.

Жер үстүндө кантип жашайм байкуштай,

Эгенр менин эне тилим болбосо.


Эрмек: Турган чакта жергебизде аш толук,

Эне тилим жадырасын жаз болуп.

Эгерде ким эне тилин жерисе,

Кетип калсын кыӊылдабай таш болуп.

Сценка: Тил

Алып баруучу: Толонгутова Гузель

Ата-энеси: Айпери, Арслан

Баласы: Мукамбет

Макалдарды айтышат 2 окуучу

Физкультминут жасоо

Окуучуларды 3 топко бөлүү. Ар бир топко тапшырма берилет.

1-Топ: Текст түзүү

Ар бир тил өз элине улуу. Ошон үчүн эне тилибизди ар дайым сыйлашыбыз керек. Улуттун улуттугун сактаган эне тили. Биз үчүн алтынга алмашкыс зор байлыгыбыз эне тил.

2-топ Кластер түзүү


дайыма сыйлоо байлык сйлөйбүз


Эне тили

байланыштырат

аӊ сезимди

өстүрөт

пикир алышабыз


3-топ: Синквейн түзүү

  1. Тил

  2. Улуу, көөнөрбөс

  3. Сө байлыгы өсөт, сүйлөйт, байланыштырат

  4. Өнөр алды-кызыл тил.

  5. Байлык

3 топтун иштерин окутуу смайлик берип баалоо.


Сөздүк ишин жүргүзүү

Колдонгон- даярданган

Абалтан- мурдатан, эчактан бери


Кыргыз эли үчүн эмне ыйык?

1-окуучу Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык

2-окуучу улуу Манасы ыйык

3-окуучу Ак боз үйү ыйык

4-окуучу ак калпагы ак элечеги ыйык

5-окуучу эне тили ыйык


Элди түбөлүк эл кылып турган анын тили

Мугалим балдар тарыхы болбой, эл болбойт демекчи эмесе кыргыз тилибиздин басып өтсөк жолуна назар салалы, хронологиялык таблица түрүндө 1929-жылгы чейин кыргыз тили араб алфавитинде болгон.

1929-жылдан тартып латын алфавитине көчүрүлгөн. 1941-жылдан тартып орус алфавитинде которулган. 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик статуска ээ болду.


Күтүлүүчү натыйжалар эне тилибиз жөнүндө маалымат билсек тил жөнүндө ыр, макал, насаат сөсдөрүн айтып берсе.

Эне тилибизди башка тил менен салыштыра билсек негизи компоненти тил жөнундө маалымат алышат.

Интернеттен жана башка булактардан өз алдынча таап алууга өнүгүшөт.

Предметтик компоненти: Таанып билүүгө жана суроолорду коюуу тилди туура түшүнүү.

Илимий тыянактарды колдонуу.


Жыйынтыктоо

Үйгө тапшырма тил жөнүндө ыр жаттjо, дил баян жазып келүү