СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тилим эне сутум

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эне тилим эне сутум

Просмотр содержимого документа
«Эне тилим эне сутум»

Тема; Эне тилим – эне сүтүм.

Сабактын максаты; 1.Кыргыз тилине салым кошкон инсандар жөнүндө маалымат алышат. Эне тилдин баалуулугун, табылгыс байлык экенин түшүнүшөт.

2. Окуучулар “эне тилим- эне сүтүм” темасында ырларды көркөм окуп, макал-лакаптарды чемелеп айтып бере алышат, кроссворддорду өз алдынча чечмелей алышат.

3. Эне тилин сүйүүгө, аны урматтап, барктап, ыйык тутууга, бири бирин сыйлоого, топтордо ынтымактуу иштөөгө тарбияланышат

Сабактын тиби: Жаңы материалдарды өздөштүрүү

Сабактын формасы: Интерактивдүү сабак

Сабактын методдору: Көрсөтмөлүүлүк, интерактивдүү ж.б.

Сабакта колдонуучу каражаттар: Окуу куралдар, карточкалар, сүрөттөр,Техникалык каражаттар

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ

КЫРГЫЗ Республикасынын Гимни ырдалат

Теманы алып чыгуу

Кылычын карап от чачып
Кызыгып кимдер келген жок.
Кыргында жанын берсе да
Кыргызым тилин берген жок.
Кыргыз тилин өзүм сүйүп үйрөнгөм
Мурунтадан ата-бабам сүйлөгөн.
Сен бар кезде мен тирүүмүн, мен бармын,
Сен жоголсоң мен жоголом дүйнөдөн.
Бирге жүрсөм кыргыз тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,
Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.Энең берген эне тил,
Эне тилди жакшы бил.
Атаң айткан алтын тил
Ата тилин жакшы бил.

Эмне жөнүндө ыр уктуңар балдар?

« Эне тилим – эне сүтүм» доскага жазылат. Балдар биз бүгүн « эне тилим- эне сүтүм» деген темада сабак өтөбүз.

Балдар эмне үчүн эне тилди эненин сүтүнө салыштырып айтып жатабыз?

Эне сүтү кандай?

Көрдүңөрбү балдар энелерибиздин сүтү бизге кандай баалуу, кандай ыйык тутсак биздин эне тилибизди да ыйык тутуп көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Кыргыз тили байыркы тилдердин бири, ал далай кылымдарды басып өттү. Биз эне тилибизди барктап аны терең үйрөнүшүбүз керек, анткени ал биздин ата бабабыздан калган мурасыбыз, байлыгыбыз

Слайдга көңүл бургула

.Кыргыз тилинин сакталып калышына салым кошкон биздин аталарыбыз Касым Тыныстанов жана Ишенаалы Арабаев аталарыбыз болгон. Ишенаалы Арабаев атындагы мектеп, педагогикалык ЖОЖы бар. К. Тыныстанов атындагы чоң китепкана, Ысык-Көлдө университет бар. Кыргыз тили 1989- жылы 23- сентябрда кабыл алынган.

Азыр эми топторго тапшырмаларды берем, чогулуп иштеп, доскага чыгып тапщырмаларын айтып беришет. Активдүү катышкан окуучуларга быйтыкчаларды берем, сабактын аягында ким көп быйтыкча чогултса ошол окуучу «кыргыз тилин мыкты билет» деген сыйлык менен сыйланат.

  1. Топ . конверт берем ичинде ырлар жазылган, көркөм окуп беришет

Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын кудайы пил эле эмес,…
Чымындын да жашоого акысы бар.

Сайдындагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.

Кыргызмын дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп,
Кыргызмын дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар,
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!

Тил жоголбойт,жоголсо, жоголот дил,
уулуң дагы,кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт,жоголсо айланасың
колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.

Мен азыр мисал кылып,
Мурат деген жигит жөнүн айткым келет,
Мурат минтчү:Эч кимге пайдасы жок түтүндөймүн,
Эч кимге пайдасы жок Өсүп турган жүзүмдөймүн.
Тууган эл, эмне кылам? Энемди түшүнсөм да,
Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн!
Тууган эл,Туз-наныңа түкүрбөймүн,
А бирок түшүнбөймүн,Ырыңды, комузуңду, чапаныңды, макалыңды.
ТүшүнбөймүнКошойюңду, Бакайыңды!
Тилим бар болгон мененТил катып үндөй албай,
Тилим бар болгон мененДудук болдум,
Өз тилимди тилмечсиз сүйлөй албай!

Сыздатып жүлүнүңдү,Сындырып кабыргаңды,
Жулдуруп канатыңды,Келатамын!
Сен кимсиң?Сен дагы күнөөлүүсүң.
Чоңсуңбу,Кичүүсүңбү,Баласыңбы?

Башка калктын тарыхын билген менен,
Билбейсиң карыш турган
Атбашы, Таласыңды!Билбейсиң сен, Манасыңды!

А мени тааныгандар Мурат дешет.
Паспортумда даӨмүралиев Муратмын мен.
Ал эми досторум:Умуралиев Мурик дешет.
Мурик эмес,Муратмын мен,Мен ошомун,
Орустардын арасында – «дуракмын» мен,
Кыргыздардын арасында – «келесоомун»!

Тилим бар болгон мененТил катып үндөй албай,
Тилим бар болгон мененДудук болдум,
Өз тилимди тилмечсиз сүйлөй албай!

Тууган эл, кечир мени,Туз-наныңа түкүрбөймүн,
Энемди түшүнсөм да,Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн!
А бирок моюнумаАлгым келбейт мен күнөөнү,
Ал үчүн жалгыз гана мен эле эмес,
Сен күнөөлүү,Сен күнөөлүү!

Ысыгыңа,Суугуңа тоңбогондор,
Ыйманын жеп, ырыңды кордогондор,
Кыргыз эмес кыргызды төрткө бөлүп
Кылтыңдашыптүлкүдөй жойлогондор!

Бөрк ал десе башыңдан кан алышкан,
Бөдөнөдөй бөжөңдөпжан багышкан,
Эне тилин унутуп мансап үчүн
Эх, канчалар маңкуртка айланышкан.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
«Жылт» эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

Тил жоголбойт,жоголсо, жоголот дил,
тукумуң да,тууруң да
жоголот, бил!Тил жоголбойт,

жоголсо айланасың колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

2-Топ. Крассворд толтурушат

  1. Аттын отургучу

  2. Биз жашаган область

  3. Жалкоонун жактырган жайы

  4. ϴңү кардай, таттсаң балдай

  5. Билим алуу ……. кудук казгандай

  6. КРнын символикаларынын бири

3-Топ. Конверт берем ар бир конвертте бирден макал бар,макалдарды чогултуп, чечмелеп беришет.

1.Ооздун көркү тил, тилдин көркү сөз.

2.Адам сөзгө байланат. Айбан чөпкө байланат.

3.Бирөөнүн сөзү баатыр, бирөөнүн өзү баатыр

4.Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.

4-Топ. Биздин класска шаардан орус класстан бир окуучу которулуп келди, ал бала өз эне тилин жакшы билбейт экен ошол балага кат жазабыз.

Балдар тапшырмаларын жакташат

Баалоо: Эмесе балдар бүгүнкү сабагыбызды жыйынтыктап алган быйтыкчаларыбызды санайлы

Жыйынтыктоо: Балдар бүгүнкү сабактан силерге эмне жакты?

Бүгүнкү сабактан эмнелерди билдиңер?

































Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп- гимназиясы









Ачык сабак

КЛАССТЫК СААТ

Тема; Эне тилим- эне сүтүм

Класс; 4а- класс

Мугалим; Калчаева Нуриза

Бейшенбековна










Скачать

© 2020 3134 7

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!