СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"эне-тилим,эне-сүтүм,ырысым".

Нажмите, чтобы узнать подробности

маалымат сайттан алынды

Просмотр содержимого документа
«"эне-тилим,эне-сүтүм,ырысым".»

«Эне тилим-эне сүтүм,ырысым,”

(21-февраль-Эл аралык Эне-тил күнүнө карата)

Сабактын максаты

:1) Окуучуларга эне тилдин улуулугу.арбир улуттун тарыхы,маданиятынын улуулугу эне тилинде экендигин билүүгө,Тилдин өсүп өнүгүшүнө салым кошууга,аны даңазалап даңктоого тарбиялоо.

2) Ой жүгүртүүсүн өстүрүү,оюн сөз менен жеткире алууга машыктыруу,топтор менен иштөө жөндөмдүүлүгүн арттыруу.

3) Ар дайым эне-тили менен сымыктанууга,тилдин жоголушуна жол бербөөгө,кичи пейилдүүлүккө,сабырдуулукка,бири-бирин угуп сыйлоого тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы:

Эне-тили,эне сүтү жөнүндө жазылган көргөзмөлөр,Кыргыз тили гимни,кыргыз тилиндеги китептер,слайдь,буклеттер,маркерлер,скоч,А4 баракчалары,таркатмалар ж.б.

Сабактын тиби:

Берилген түшүнүктөрдү калыптанлыруу.

Сабак аралык байланышы:

Кыргыз адабияты,математика,сүрөт,тарых ж.б.

Сабактын методу:

Интерактивдүү,топтор менен иштөө.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу.

Сабакты кыргыз тили гимни менен баштайбыз.Окуучуларды топторго бөлүп отургузабыз.Топтор өздөрүнө ат тандашат.

1-топ. Достук

2-топ. Ынтымак.

Демек,биз топторго бөлүнүп отуруп алдык,биздин бүгүнкү сабак 21-февраль эл аралык Эне-тил күнүнө карата даярдалган сабакта биз төмөнкү шарттарды аткарып өзүбуздүн билимибизди.шамдагайлыгыбызды,тапкычтыгыбызды көрсөтөбүз.

Мугалимдин сөзү:

Эне тилим эгиз Ата-Журт менен,

Энем мага кошо эмизген сүт менен.

Алгачкы ирет”Ата” деген сөздү айтып,

Ага менин жуурулушкан бүт денем.

Эшназар Тажибаев.

Ар бир улуттун башкы байлыгы анын эне тили .Эне тилсиз эл карып, ошондуктан баарынан мурун сөз улук, оболу сөз жаралган дешкен. Байыркы бабаларыбыз дуйнө элдеринин ыйык китептеринде ушул ойлор айтылат.

Эне тили адамдарды байланыштырып туруучу негизги курал, жарак болуп саналбастан, ошол элди эл кылып тастыктаган мөөру .Эне тил- эненин суту менен келет. Эненин ак суту аркылуу кандан канга синген киргыз тили үчүн канча коз жаш кыргын жоготуу болсо да жоо менен чабышып душман менен салгылашып, куу менен тил табышып кучтуу менен келишип ,улуттук дөөлөттөрду бөтөн элдин басмырлаганына карабай бекем сактагандыктан, мекенибизди сатып кулга айланбай, каада салты жок түпсүз кулга айланбай,тилди унутуп дудук балык болбой, бугунку күнгө чейин жашап келебиз .

Кыргыз элим канчалаган кыйынчылыктарды башынан өткөрүп,кандай гана күнгө туш болбосун,барда көппөй,жокко чөкпөй.келечек муун үчүн эне тилибизди ташка тамга баскандай ыйык тутуп, ушул күнгө чейин сактап келген.

Эгерде өзүбүздүн тилди ыйык тутуп,анын келечегин ойлоп,нукура сөздөрүбүздү колдонбосок,жарды тил катары санасак,анда эч качан биз түбөлүктүү жашоонун баркын сезбей,эки буттуу айбанча өмүр сүрүп өткөн болобуз.Анткени,биз өз парзыбызды аткарбай калабыз.Ата-бабалар таштаган ыйык мурасты кийинки урпактарга жеткирүүбүз зарыл.

Ар дайым өлкө тили аркылуу өсөт.алдыга умтулат.Тил биз үчүн эң кымбат, эң ыйык,эң улуу.Тилибиз менен дайым сыймыктанып,аны туу туталы!

Сабак төмөнкү шарттардан түрат.

1-шарт.Ар бир топ эне-тили жөнүндө ырлар айтышат.

Кыргызым өз тилиңди бекем сакта,

Тил берген Теңириңди мактап-даңкта.

Кыргызды кыргыз кылган Эне-тили,

Кыргызым,өз тилиңди баалап-баркта!.

Эсенбек Чоткараев

Менин тилим эзелтеден улуу тил,

Улуулугун,сулуулугун тыңдап жүр.

Улуу тилди бурмалабай,урматтап,

Ушул тилде эркин сүйлөп,ырдап жүр!.

Самара Насырова

Кыргыз тилим асылдыгын актаган,

Кымбаттыгын бабам Манас жактаган.

Тилин коргоп окко төшүн тоссо да,

Бирок эч ким,Эне тилин сатпаган!.

Уулкан Амираева

Кыргыз тили кош көздөгү карегим,

Кыргыз тилге кара башым беремин,

Тил безерлер менден алыс болгула,

Тилим үчүн ураан таштап келемин!.

Тынчтык Атбашингтони



2-шарт.Лабиринт-(ар бир топко 6-дан суроо берилет,суроонун жообун жазып лабиринттеги номерлерге карата жайгаштырат.ким мурда туура жоопту жайгаштырса упайга ээ болот).Төмөнкүдөй суроолордон турат.Колдонуудан чыгып калган сөздөр көөнөргөн сөздөр д.а.Көөнөргөн сөздөр оозеки кепте,чыгармаларда көпкө чейин жашай берет.

1-суроо. Кыргыздардын унутулуп бара жаткан сөздөрүнөн түзүлгөн суроолор.

Колго суу куйуучу идиштин аты-кумган.

Туяк формасында уютулган күмүш-жамбы.

Кымыз ачытуучу идиштин аты-чанач

Кооздолгон,кымбат баш кийим-жекей.

2-суроо. Кыргыз элинде илгертен колдонуп келген чен бирдиктери боюнча суроолор.

Бармак менен сөөмөйдүн учуна чейинки аралык?

-карыш

Нерсенин калыңдыгын өлчөөдө кандай бирдиктер колдонулат?

-эли,сөөм,бычак мизи ж.б.

Массанын өлчөө бирдиктеринде пуд жана батман канча болот?

-пуд-100кг, батман-1тонна

Данды,унду өлчөө бирдиги?

-байса

3-суроо. Жаныбарлардын балдарынын кыргызча аталышы.

Коен баласы-бөжөк.

Түлкү баласы-бачики.

Чычкан баласы-чөндөлөй

Мышык баласы-мыймый

4-суроо. Айлардын кыргызча аталышы.

Октябрь-жетинин айы.

Ноябрь-бештин айы.

Сентябрь-тогуздун айы.

Март-жалган куран.

5-суроо. Макалдарды улап айтуу

Макалдарды улап айтуу.

Эне тил болбой-.............

Эне көргөн ...............

Тилден бал да тамат ...........

Эмгектин наны таттуу .......

Эрте жатып, кеч турган ............

Туягы бүтүн тулпар жок .........

6-суроо. Кыргыз тили-кыргыз тарыхы.Кыргыз эли эчен кылымдар ашып тилин,”Манас”баш болгон элдик оозеки чыгармаларын муундан-муунга аманат катары жеткирип келди. Биз да бул суроону “Манас”эпосу боюнча түздүк.

Ала-Тоонун мурдагы аталышы?

-Тянь-Шань

Ач албарс кимдин кылычы?

-Манастын кылычы

Каныкейдин кыз кезиндеги аты?

-Санирабига

Манастын атын ким койгон?

-дубана

Манастын камчысы?

-булдурсун

3-шарт. Кыргыз элинин эгин бастыргандагы,кой кайтарган учурдагы ырларыдан ырдоо.”Бекбекей”жана “Шырылдаң” ырларын аткарышат

Сабактын жыйынтыгын чыгарып жеңүүчүнү аныктап ,сыйлоо. Акыйкатта кыргыз элин жок кылып ,эне тилибизди суйлөтпөй коюуга эч ким батына албайт .Өз тилибизде ээн эркин суйлөп макал- лакаптарды аралаштырып сөз курап , эски сөздөрдү эстен чыгарбай колдоно жүрөлү . Жаңы сөздөрдү таап , тилдин мол запасы жана төмөнкү ыр саптары менен сабакты жыйынтыктайлы .

Буга чейин айтты дебей акындар ,

Антсе дагы айта турган акым бар.

Кыргыз болуп төрөлгөндөр ,

Кыргыз тилин унутууга,айтчы кандай акын бар.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!