СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тилин билбеген, эси жогун аныктайт

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Байыркы элдин, Борбордук Азиядагы күчтүү этностун бай тили, азыркы учурдагы эгемендүү мамлекеттин өзөгүн түзгөн, өлкөгө атын берген титулдук улуттун эне тили жана дүйнөлүк цивилизацияга баалуу салым кошкон көркөм мурастарды жараткан кыргыз тилине мамлекеттик статус ыйгарган мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл толду. Мамлекеттик тилибиз - кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалы кандай болууда? Бул суроого жооп издөөдө бир гана педагогдор менен агартуу системасынын кызматкерлери эле эмес, ар бир кыргызстандык атуул өздөрүнүн жеке пикирлерин билдирип, салымдарын кошуусу керек.

Просмотр содержимого документа
«Эне тилин билбеген, эси жогун аныктайт»

Эне тилин билбеген, эси жогун аныктайт


Кыргыз тили түрк тилдеринин эң байыркысы болуп саналат. Анын байыркы экендигин көрүнүктүү лингвисттер Махмуд Кашкари, Жусуп Баласагын, В.Томсен, В.В.Родлов, С.Е. Малов, А.Н. Кононов, Н.А. Боскаков, Э.Р. Тенишев, Б.Юсубалиевдер өз эмгектеринде жазып калтырышкан. Совет мезгилинде тил билүүгө, аны үйрөнүүгө көңүл бурулганы менен орус тили үстөмдүк кылган. Баарыбызга белгилүү болгондой, орус тилин окутууга 15% кошумча акы төлөө жагы, эгемен алганыбыздан кийин да сакталып калгандыгы буга далил болмокчу. Ал эми чет тилин (англис, немец, ж.б.) окутууга кошумча эмгек акы төлөө сунуштары менен айтылган кептер менен сунуштар, бүгүнкү күнгө чейин чечибес маселе катары актуалдуу көйгөй бойдон калып келгендиги баарыбызга маалым. Бул жерде В.И.Лениндин «Либералдар жана демократтар тил жөнүндөгү маселеде» деген эмгегиде айтылган ойдун бузулганын көрөбүз. Анда мындай деп айтылган «сөзсүз бир улутка, бир дагы тилге, эч кандай привилегия берилбесин». Совет өлкөсүндө кыргыз тили «младший браттын» тили болуп келгендиги анык. СССРдин генералдык секретары С. Горбачевдин «кайра куру системасынын» таасири менен совет өлкөсүндөгү көп улуттардын тили сыяктуу, кыргыз тилибиз өзүнүн жашоосун кайрадан жаңыдан баштады. 1989-жылы 23-сентябрда «Мамлекеттик тил жүнүндө» мыйзам кабыл алынды. Өткөн жылы биздин мамлекет эгемендүүлүктүн негизги символу, мамлекетин улуттук сыймыгы, ар-намысы, анын социалдык-саясий, руханий, маданий жактан өнүгүшүнүн, өзүн-өзү жана өзүн башкаларга таанытуунун булагы болгон мамлекеттик тилибиз жөнүндө кабыл алынган мыйзамдын 30-жылдыгын белгиледик. 30-жыл ичинде мамлекеттик тилибиз канатын жайып, боюн түзөп, жакшы өнүгө албай жатат. Себеби тилди үйрөнүү зарылдыгы жаралбай, ишке ашыруу механизми иштелип чыккан жок. Бул жерде жогоруда турган жетекчиликтин саясий эрки жетпеди. Балтика боюндагы өлкөлөр тилди сыйлоонун маданиятын башкаларга үлгү катары көрсөтүп келет. «Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып», орус тилине расмий тил деген статустун берилиши тил үйрөнүүгө коюлган зарылчылыкты алыска жылдырып койду. Менимче, орус тили эл аралык англис, немец, кытай ж.б. тилдердей эле милдет аткаргандыктан, ага расмий тил деген статустун берилишинин кажети жок болучу. Кыргыз тили ар тараптан коргоого, аны аёого муктаж болуп келет, ал назик жана ийкемдүү, аны ар бир Кыргызстандык жаран милдетүү түрдө үйрөнүп, ошону менен бирге мамлекеттик тилди билгени үчүн дайыма сыймактанышы зарыл. Белгилүү кыргыз сатириги, жердешибиз Салижан Жигитов агабыз кыргыз тилдин душманы «киргиздер» деп атаганы эл арасында белгилүү. Атактуу француз тилчиси Жозеф Вендерис 1933-жылы жарыкка чыккан «Тилдин өлүмү» деген эмгегинде: «тилдин жок болушунун башкы себеби, ошол элдин өз тилине кош көңүл мамиле кылуусунан келип чыгат» деп белгилеген экен. Биз тарых барактарынан билгендей, тили жоголгон элдин – өзү дагы жоголот. Мисалы, түндүктө жашаган аз калктуу элдердин бири шумерлер өз тилин жоготту. Бул ошол эл үчүн чоң трагедия.

Орус тилине берилген расмий тил деген статус биздин атка минерлердин коркоктугун, мажирөө экендигин жалпы журтка дагы бир жолу кашкайтып көрсөттү. Эл аралык тажрыйбада расмий тил алган тилдер бар, бирок алар өздөрүнүн колониясынын территориясында жашаган элдерге таңууланган тили болуп саналат. Мисалы, Пакистанда урду тили, Гонконгдо кытай тили менен кошо англис тилине статус берилген. Эч ким көп тил билгенге каршы эмес. Аны ар ким өзү кызыгып үйрөнүшү керек. Кыргызстандын жаштарынын эки-үч тил билишин каалаймын. Кыргызстанда жашап туруп, анын тилин билбегендерге, тил мыйзамын сыйлабагандарга «расмий» тил деп жазганга нааразымын жана каршымын. Бүгүнкү күндө жогортон расмий тилде көрсөтмөлөр, нускамалар келет. Мындан мыйзамды аткаруу бийлигинде отургандардын көзүнө илип да койбогону көрүнүп турат. 2004-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамынын» №32 статьясында минтип жазылып турат: Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди сактоо, коргоо жана иштетүү, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Жергиликтүү Мамлекеттик администрация башчылары, жергиликтүү өз алдынча башаруу органдары тарабынан камсыз кылынат. Бул абал жер-жерлерде кандай иштеп жатат. Маселен, өлкөбүздүн көпчүлүк райондорунда мамлекеттик тилдин талаптарынын иш жүзүндө аткарылышында көптөгөн көйгөйлөр бар. Мисалы шаарлардын борборундагы базарларда, көчөлөрдө, соода борборлорунун маңдайында илинген көрнөктөр ар түрдүү тилдерде жазылып турат. Соода борборлорунда, тамактануучу кафе, ресторандарда «Меню» деп алдыңа сунуш кылат. Аны «дасторкон үзүрү» же « аш тизме» деп которуп койсо болмок.

Завтрак- эрте даам

Обед- түш даам

Ужин- кеч даам

Полдник- бешим даам деп берилсе болмок. Муну көзөмөл кылган эч ким жок.

Экинчиден, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө ЖОЖдордо белгилүү гана өлчөмдө саат берилген. Ага каралган сааттын санын көбөйтүү зарыл.

Үчүнчүдөн, МАнын сынагынан мамлекеттик тилден тапшырууга милдеттендириш керек.