Просмотр содержимого документа
«Энеге мамиле. Ата-эне.»
Текшерилди
ТИ боюнча директордун
орун басары
Н.Т.Табалдиева ________
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Энеге мамиле
Сабактын методу: Эвристикалык
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Жаӊы маалымат алуу
Максаты:
А)Конкреттүү максаты(билим берүүчүлүк): Энени баалоону түшүнүшөт.
Б)Конструктивдүү(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялоочулук):
Энеге мээримдүү болгонго,адептүүлүккө үйрөнүшөт.
Сабактын мотивациясы: Энелерге болгон мээрими күчөйт.
Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр,слайддар
Убакыт: 45 мүнөт
Убакыттын бөлүштүрүү: Чакыруу этабы: 3-5мүн
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):20-25мүн
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):10-12мүн
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу, досканын тазалыгына көз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай тартулоо:
Бири-бирине комплимент айтуу
Түшүнүү этабы (сабактын негизги бөлүгү):
Эне бар үчүн биз барбыз, аалам бар, адам бар, турмуш бар, жашоо бар. Сиз жана биз бир кичинекей тамчы суудан эненин денесинде кыймылга кирип, бир бурдам эттен чоңоюп адам болгонбуз. Бул үчүн энеге карыздарбыз.
Баласын көз карегиндей сактаган эне. Эң мыкты ырлар, дастандар, чыгармалар эне жөнүндө. Эне тууралуу чыгармалар начар жазылууга тийиш эмес, анткени ал бала үчүн эң жакын адамга – энеге арналат.
Дагы бир мындай окуя айтылып келет: Кайсыл бир доолордо кайсыл бир элди жоо басыптыр. Кайсыл доор, кайсыл эл экендигинин бул жерде мааниси анчалык эмес, анткени баардык доордо, баардык элдерде энелер окшош келет эмеспи. Душман журтту кызыл уук кылып кырат. Энеге да кезек келет. Эне болсо жалгыз уулу менен жалгыз кызын бапестеп багып, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай өстүрчү экен.
-Сени эмес, кийин өч алуучу уулуңду өлтүрөбүз! - дешет душмандар.
-Жок, уулум үчүн мен өлүүгө даярмын! - дейт эне.
-Андай болсо бир уулуң үчүн бир көзүңдү, бир кызың үчүн экинчи көзүңдү оюп алабыз! – дешет.
Эне макул болот. Макул болуп эки көзү оюлуп жатса, балдары тирүү калганга ууртунда жылмаюу пайда болот.
Эне деген ушундай жаралган да. “Ата – билек, эне – жүрөк” деген сөз бекер айтылбайт десеңер.
Эне үчүн бала ар дайым – бала, перзент.
Демек, ата-эне ыраазы болушу керек, ансыз кишинин иши да жүрүшпөйт, иши оңуна кетмек түгүл башка жаза да алат. Ата-эне үчүн да перзенттен ширин нерсе жок.
“Адамзаттын эң биринчи тарбиячылары энелер” (О.Гольдсмит) болсо, адамзаттын тарыхы, басып бараткан келечеги энелерге байланыштуу. Казактар “энеси бар адамдар эч качан кор болбойт” десе, кыргызда “Эне сүтүн актоо – унутулгус карыз” дешет.
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):
Бышыктоо:
1. «Бейиш эненин таманын астында» деген макалды кандай түшүнөсүӊөр?
2. Энеге кандай мамиле кылуу керек?
Υйгө тапшырма: « Эне үйдүн куту» деген темада эссе жазып келүү
Баалоо:
"5"- өтүлгөн теманы кайталоодо активдүү катышкан , жаӊы теманы өздөштүрүүдө өз алдынча экиден, топто иштеше алса,алган билимин системалаштырып жыйынтык чыгара алса.
"4"- Жогорудагылардын бирөөнө катыша албаса .
"3"- Жогорудагылырдын экөөнө катыша албаса.
"2"- Таптакыр аракети жок болсо.