СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Энелер мектеби 2 сайттан алынды

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Энелер мектеби 2 сайттан алынды»

Бекитемин

Н.Кушматов атындагы

№9 мектеп-гимназиясынын

директору

_________ Б.С.Рустамова

«____»_________ 2016-жыл



Н.Кушматов атындагы №9 мектеп-гимназиясынын 5 б классынын мугалими К.Дж.Якубованын энелер мектебинин программасы негизинде түзгөн жылдык планы .


Тема:

Сааты



Мөөнөтү

Теория

Практика




1

Энелер мектебинин максаты, мааниси.

1

1

16.09

2

12-13 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү жана аларды тарбиялоонун методдору.

1

1

30.09

3

Билимге кызыгуу, умтулуу, өз алдынча окууга тарбиялоо.

1

1

02.11

4

12-13 балдар үчүн адабий китептер жана аларды чогуу окуу.

1

1

26.11

5

Бул балдардын үй- бүлөдөгү эс алуу, ойноо, эмгектенүү, сабакка даярдануусун уюштуруу.

1

1

17.12

6

Балдарда туура каалоо, кызыгууну жана керектөөнү тарбиялоо.

1

1

18.02

7

Нерв ооруулары жана баш ооруунун алдын алуу.

1

1

18.03

8

Өзүн – өзү өстүрүүгө жана өзүн –өзү тарбиялоого үйрөтүү.

1

1

18.03

9

Эмгекчилдикке, тырышчаактыкка, жоопкерчиликке тарбиялоо.

1

1

29.04

10

Үй тапшырманы аткарууга жана өз алдынча аткаруусун көзөмөлдөө.

1

1


19.05






Класс жетекчи Якубова К.Дж.



Түзгөн Г.Мадаминов

Н.Кушматов атындагы № 9 мектеп-гимназиясында шаардык деңгээлде өткөрүлүүчү “Энелер мектебинин” семинарына даярдалган ачык сабактын иштелмеси.


Өтүлүүчү убагы: 30-сентябрь

Сабактын темасы: 12-13 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү жана аларды

тарбиялоонун методдору.

Сабактын максаты: Энелер 12-13 жаштагы балдардын организминдеги

өзгөрүүлөр, аларды тарбиялоодогу методдор

жөнүндөгү маалыматка ээ болот.

Энелерге, айрыкча жаш энелерге балдарды тарбиялап

өстүрүүгө кызыгууну, жоопкерчиликти ойготуу.

Мугалим менен кызматташтыгын арттыруу.

Сабактын усулу: лекция.

Сабактын жабдылышы: плакат, маркер, проектор.

Сабактын жүрүшү:

  • Саламатсыздарбы урматтуу энелер. Сиздер менен кайрадан “Энелер мектебинде” жолугушуп турганымдан кубанычтамын.

  • Өткөн сабагыбызда энелер мектебинин максаты жана мааниси жөнүндө сүйлөшүп, баланы окутуп тарбиялоодо эненин ролу жана бала менен бирге үй тапшырмасын аткаруу жөнүндө сөз кылганбыз. Сиздерге балдардын окуу техникасын текшерип туруу тапшырма катары берилген эле.

  • Үй тапшырмаңыздарды канчалык деңгээлде аткара алдыңыздар?

Суроо:

  1. 5-класс окуучусунун окуу техникасынын нормативи кандай?

(энелерден жооптор угулат)

  1. Сиздин балаңыздын окуу техникасы алгач канча болду, акыркысына салаштыргында айырмасы барбы?

(энелерден жооптор угулат)

  1. Өтүлгөн сабактан кийин барып балаңызды эркелеттиңизби, кантип эркелеттиңиз? (жооптор угулат)

  2. Бүгүнкү күндө балаңызда кандай өзгөрүүлөр болду?

  • Эненин балага мээрим берүү менен бирге ,анын сабак даярдоосун көзөмөлдөө да балага чоң таасир этет.

  • Жаңы темага өтөөр алдында сиздер менен байкоо жүргүзүп көрөлү.

Ак барак”

  • Алдыңыздардыгы ак баракты колуңуздарга алып, мени менен бирге аракет кылыңыздар.

  • Эми кагазды жазып карап көрүңүздөр. Баары окшош чыктыбы? Жок ар биринде айырма бар. Биз тарбиялап жаткан балдарыбыздын да мүнөзү, кабыл алуусу ар түрдүүчө. Биздин бүгүнкү темабыз, балдардын жаш курагына карай тарбиялоо жөнүндө болмокчу.

Жаңы тема:

(сабактын темасы жана максаты айтып өтүлөт, экрандан көрсөтүлөт)

Суроо?

12-13 жаштагы балдардын организминде кандай өзгөрүүлөр байкалат?

Бул куракта балдарда балалык курактан чоңдор катарына өтүү курагы болуп саналат. Бала бул учурда дене бою тез өсөт, күчү көбөйөт, жүрөктүн көлөмү чоңоюп кан – тамырларда кандын айлануусу начарлайт. Ошондуктан балдар ачуулуу, таарынчаак болуп калышат.

Сиздер балдарыңыздарда ушул белгилерди байкадыңызбы?

Мындай учурда балдар өзгөчө мамиле талап кылат.

(Дептерге жаздырамын)

Баладагы мүнөздөр Аны тарбиялоо

  1. Ачуулуу Адептик тарбия

  2. Өжөөр Акыл эс тарбиясы

  3. Таш боор Эстетикалык тарбия

  4. Өзүмчүл Эмгектик тарбия

  5. Бошоң Дене тарбиялык тарбия


Адептик тарбия – эне балага саламдашуудан баштап, ыймандуу, адептүү, мээримдүү болууга үйрөтүүсү зарыл. Кечирим сурай билүүгө, ыраазы болууга үйрөтүү, керек болсо өзүбүз да кечирим сурай билишибиз керек.

Акыл эс тарбиясы – балдарда зиректик, сезимталдык, салыштыруу, кыялдануу ж.б. сезимдерди ойготуу менен акыл эстүү баланы өстүрөбүз.

Эстетикалык тарбия – баланы сулуулукка суктанууга, кызыгууга үйрөтсөк бала кийим кечесинда таза кармоону үйрөнөт.

Эмгектик тарбия – бул, азыркы учурда сиздердин балдарыңыздар үчүн эң керектүү усул. 12-13 жашында аларды эмгектенүүгө тарбиялап, сабакты аткарууда, үй жумуштарын аткарууда көзөмөлгө алууну талап кылат.

Дене тарбиялык тарбия – балдардын туура тамактанып, туура уктоосун көзөмөлдөө менен бирге, аларды дене тарбиялык көнүгүүлөргө көндүрүү. Кээ бир ата-энелер анчалык көңүл бурбай бала спорт менен гана алектенип калып , анын ой жүгүртүүсү, сөз байлыгы өспөй калат.


Андыктан урматтуу энелер, балдарды тарбиялоодо туура мамиле жасайлы, ашыкча талап кылам деп аларды тажатып албайлы.

Мээримибизди аябай, эркелетүүнү күчөтөлү, мактоону тез-тез айтып туралы. Ошондо гана балдарыбыз биз күткөндөй инсан болуп чыгарына ишенели.


Өсүп келе жаткан балдарыбызды тарбиялоодо кайсы ыкмалар керек экен?


Үйгө тапшырма:

  1. балдар менен биргеликте адабий чыгармаларды окуңуздар.

  2. Балдардын сабактарына катышасыздар

  3. Минуталык окууну улантасыздар


Сабакты жыйынтыктоо.

Баалоо.

































Н.Кушматов атындагы № 9 мектеп-гимназиясы








Тема:

Билимге кызыгуу, умтулуу, өз алдынча окууга тарбиялоо.


(энелер мектебинин сабагынын иштелмеси)





Мугалим: Якубова К.Дж.









Өтүлүүчү убагы: 2-ноябрь

Сабактын темасы: Билимге кызыгуу, умтулуу, өз алдынча окууга тарбиялоо.

Сабактын максаты: балдарды билимге кызыгуусун арттыруу, өз алдынча

окууну уюштура билүүсү боюнча энелерге тийиштүү

маалыматтарга ээ болот, жоопкерчиликти ойготуу,

мугалим менен кызматташтыгын арттыруу.

Сабактын усулу: лекция.

Сабактын жабдылышы: плакат, маркер, проектор.

Сабактын жүрүшү:

  • Саламатсыздарбы урматтуу энелер. Сиздер менен кайрадан энелер мектебинин кезектеги сабагын баштайбыз.

  • Өткөн сабагыбызда сиздер менен балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карай тарбиялоонун жолдору боюнча сөз кылганбыз. Сиздерге канчалык деңгээлде пайдасы тийип жатат?

  1. Окуучулардын чейректик баалары угузулат.

  2. Чейректик баалары талкууланат.

Жаңы тема:


Суроо?

Бүгүнкү күндө балдарда сабакка болгон мамилесинде өзгөрүү барбы?

Үй бүлөдө балдардын жакшы сабак окуусу үчүн кам көрүүбүз зарыл. Эң биринчи эмнелерди эске алуу зарыл?

План:

  1. Сабак даярдоочу бөлмөнү уюштуруу

  2. Бир туугандары менен мамилесин бекемдөө

  3. Ата тарбиясын күчөтүү

  1. Окуучунун сабак даярдоочу бөлмосүнүн туура уюштурулуусу, билим алуусунда чоң мааниге ээ. Бала мага ата-энем ушунчалык шарт түзүп жатканда менда аракеттенип окуум керек деп ойлойт. Стол,стул жана жарык берүүчү лампалар баланын сабакты даярдашына гана эмес анын ден-соолугунада таасир этет. Столго туура отуруп жазуусу, кол жазмасына гана эмес көзүнө, скелет түзулүшүнө да пайдалуу.

  2. Билим алуусуна бир туугандарынын таасири кандай деп ойлойсуздар?

“Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт” дегендей эле, чоң балаңызды карап туруп кичинелери үлгү алат.

Чоң баланын көңүлүн көбүрөөк билимге буруп, билим жөнүндө сүйлөтсөк, китеп окуганды сүйсө кичинелерин өзү тарбиялап алат.

  1. Атанын же атанын ордун басуучу адамдын тарбиясын үй-бүлөдө күчөтүү зарыл. Биз көбүнчө балага атаң айта берет деген сөздү колдонуу менен баланы атадан алыстатып алабыз.Бала бизден бир нерсени сураганда сөзсүз “атаңдан сура, макул десе” деген сөздөрдү айтып тарбиялоо балага, айрыкча кыз балага чоң таасир этет. Үй-бүлөдө атанын аброю көтөрүлөт. Бала атасын сыйлайт. Ата-энесинен көңүлү ток болгон бала сабактарын да жакшы өздөштүрөт. Ата-эне биргеликте балага акылмандуулук жөнүндө көп айтып, акылмандуулук бардык жерде керектигин жеткире берүүсү зарыл.

Көнүгүү жасоо: бир мүнөт ичинде канча сөз жазасыз?

Үйгө тапшырма:

  • Китеп текче уюштуруу

  • Сөз жаттоо (балдардан күнүгө 5 жаңы сөз суроо)

  • Мугалим менен байланышуу


Сабакты жыйынтыктоо.

Баалоо.

























































Тарбиянын баары жакшы, жаман бала кайдан чыгат?” дегендей, ар бир эле ата-эне баласынын татыктуу адам болуп чоңоюшун каалайт. Ошентсе да эмнегедир баары ойдогудай боло бербейт.
Эмнеге? Жоопту төмөндөн
издейли...

1. Тамашалар жардамга келет! Өзүңүздү эркин таштаңыз. Эгер сиз балаңыз менен тамашалашып сүйлөшсөңүз, ага социалдык жактан ийгиликке жетүүгө жеңил болот. Ата-эне балдары менен тамашалашып,  ойноп турса, бала чыгармачылык жактан эркин ой жүгүртүп, стресс менен күрөшүү
үчүн жаңы досторду таба алат.

3. Балдарыңызды мактап
туруңуз! 
Эгер балаңыз сабактан жакшы
баа алып же дагы башка ушул
сыяктуу жакшы жумуштарды
аткарса, аны мактап, ушундай
болгон туура экендигин
түшүндүрүп туруңуз. Ошондой
учурда мактоо уккусу келген
бала көбүрөөк жакшы иштерди
жасаганга аракет кылып калат.
4. Балдарды бош коё
бериңиз! 
“Антпе, минтпе, тийбе, жөн!” деп
балдарды уруша берсе, ал
баарын тескерисинче жасайт.
Ошондуктан баарын тынч сөз
менен түшүндүрүңүз. Ошондой
эле балага улам акыл үйрөтө
бербей, өзүңүздү эле үлгүлүү
алып жүрсөңүз, бала ата-энесин
көрүп эле чоңоё берет.


7. Апалар, уулдарыңыздар
менен сылык болуңуздар! 
Апалар кыздарына
салыштырмалуу балдарына
жакшыраак тарбия берип, алар
менен болгон мамилеге
көбүрөөк көңүл буруулары
керек. Жалпы жонунан
айтканда, кыз деле, бала деле
жардамга муктаж учурда
апасына кайрыла ала тургандай
болуусу кажет.

8. Балага басымдуулук
кылбаңыз! 
Баланын ар бир жасаган туура
эмес иши үчүн аны жазалап,
үркүтүп-коркута берүү туура
эмес. Мындай учурда бала ата-
энесинен көп нерсени
жашырып, жаман жолдорго да
кетип калышы мүмкүн.
Ошондуктан балага түшүнүү
менен мамиле жасап, анын
досунун ролун аткарыш керек.

9. Идеалдуулукка
ашыкпаңыз! 
Идеалдуу эч ким жок.
Дегенибиз балдарымды
идеалдуу кылам деп эле аша
чаап кетпеңиз. Себеби,
балдарга жаштайынан идеалдуу
болууга аракет кылдырып
көндүрүп койсоңуз, алар
коомдо кысынып жүрүп
калышат. Анткени, алар
баардыгы туура болуш керек
деген ойдо, бир нерсе туура
эмес жасап алышса, өздөрүн
жаман сезип калышат.
Ошондой эле дайым
тынчсыздануунун үстүндө
жүрүшөт.

10. Балдарыңызды туура
түшүнүңүз! [
Баардык эле ата-эне тарбиялоо
жолдорун мыкты билем деп
ойлошот. Ошондуктан китепте
жазылган эрежелер боюнча
балдарды тарбиялай
башташат. Негизи ар бир адам
ар башка болгон сыңары, ар
бир бала дагы ар башка жана
ар кандай психологияга ээ.
Ошол себептен сиз алгач
балаңызды жакшылап түшүнүп
алып, ошого жараша тарбия
бериңиз.