Энелер мектеби
Тема: «Эне мээрими»
Сабактын максаты:
-“Эне мээрими ” деген тема боюнча тъшънък алышат.
-энелер топтордо иштеп ёздёрънън ойлорун айтышат.
-ъй –бълёдё балдарды тарбиялоодо эненин мээрими негизги ролду аткарышын тъшънъп жетет.
Сабактын жабдылышы: Интерактивдъъ доска, слайд, ватман, сърёттёр.
Колдонулган адабияттар: “Ата-энелер сиздер ъчън” , “Балдарды жакшы тарбиялоо”
Сабактын жъръшъ: Уюштуруу
Саламатсыздарбы урматтуу энелер жана келген коноктор. Мына бъгън сиздер менен новатор- педагог , №3 эксперименталдык арка гимназиясынын негиздөөчүсү биздин агайыбыз Гапыр Мадаминов тарабынан түзүлгөн “Энелер мектебинин” дагы бир сабагында ушул жерде баарыбыз жолугушуп олтурганыбызга мен аябай кубанычтамын.
20-май кънъ Кыргызстанда “Энелер кънън” белгилейбиз. Учурдан пайдаланып урматтуу энелер баары=ыздарды майрамы=ыздар менен куттуктап кетейин. Сиздерге э= биринчи ден соолук каалайм. Жараткан узун ёмър берсин. Балдары=ыздардын бактыга дайыма бар болу=уздар.
Сиздерди майрамы=ыздар менен куттуктап, сабагыбызга жагымдуу маанай тартуулап Абдуллаева Сабахат ыр белек тартуулап койсун.
Ъй тапшырма
Мурдакы сабакта берилген тапшырма боюнча ата-энелер жооп беришет. Эне жёнъндё ырларды айтып беришет.
Ётългён темаларды кайталоо: урматтуу энелер биздин бъгънкъ сабагыбыз жыйынтыктоо сабагы болгондуктан, кели=издер буга чейинки сиздер ёткён темаларды эстеп жазып алалы. (Энелер къндън нурларына ётългён темаларды жазып, доскага чапташат. Кън келип чыгат.) Кън бътъндёй жер жъзънё ёз нурун чачып жылуулугун берет. Ал эми эне бир ъй бълёгё мээрим берип жылуулугун берет. (Тема ачылат)
Жаны тема: «Эне мээрими”.
Ата-эне болуу бул албетте чоң жоопкерчилик. Бардык ата-энелердин тилеги балдары эсен болуп жакшы билим-тарбия алып,карыганыбызда арка-жөлөк болсун,элге кызмат кылсын деп тилешет. Баланын жашоосундагы биринчи орду- эненин мээримдъълъккё толгон кучагы болот. Эгер эне балага ушул мезгилдерде мээнет кылса, баланын бала болуусу ушул мезгилден башталат. Ошондуктан эненин тарбиясы ётё зарыл. Жакшы эне ал баланы чо=ойтуп эле койбостон, анын жърёгън да жакшылык менен ёстърёт. Анын акылына ушундай тъшънъктёрдъ салат, жаш кезинде эле ал баланын акылы тере= болот. Жърёк менен акылынын жёндёмдъълъгън ачуу да эненин милдети.
Бала мен ъчън ким?
Мен балам ъчън киммин? деген суроолордун ъстъндё иштёё.
(Энелер ёздёрънън ойлорун кагаз бетине тъшъръп жактап беришет)
Видео: “Апаке” (видео боюнча энелер ёздёрънън ойлорун айтышат)
Бул видеону кёрсётъъ менен эмнени айткым келет. Сиздер балдары=ыздарга ушундай ёзгёчё бир мээрим тёгъп кара=ыздар. Балдары=ыздар башка зарыл жумуштарынан да сиздерди биринчи орунга коюп, сиздерге кайтарып мээрим тёксън демекчимин.
Аялдарда эркектерден ёзгёчёлёнгён 3 сыпат бар.Алар:
Биринчи сыпат- мээрим. Аллах Таалам энеге бир артыкчылык берген экен. Ал мээрим деп аталат. Мээрим деп- эч бир пайда ъмът кылбаган съйъънъ айтат. Эне да ёз баласына эч бир пайда ъмът кылбастан мээрим берет. Кичинекей баладан ал эмне ъмът кылмак эле. Ошого карабастан, ал анын 24 саат бою кызматчысы болуп калган. Ал баласына ушунчалык мээрим тёгъп асырайт, аны сёз менен тъшъндъръъ ётё эле кыйын.
Экинчи сыпат-баласы ката кетирсе да, кечиръъсъ. Аллах Таала энеге дагы бир сыпат берген. Аны ката кылганга ырайым тёгъъ сыпаты дейт. Баласы ката кетирсе да, жазалабастан ага жакшылык каалайт. Аны кучактап кёкърёгънё кысып, жан дъйнёсъ эргип ёпкълёйт.
Ъчънчъ сыпат-боюнда болуу жана ага чыдоо. Аллах Таала энеге сабыр жана чыдамкайлык сыпатын да берген. Эгер кайсы бир эркек бир саамга ъйдёгъ балдар менен калса, аларды уруша баштайт жана эркектер ъчън бала карап олтуруу ётё кыйын. Эне гана кън бою балдарынын ар кандай кылык жоруктарына чыдап бирге болот.
Жыйынтыктоо: урматтуу энелер сиздер э= мээримдъъ энесиздер. Бир жыл бою биздин энелер мектебине катышып келди=издер. Муну биз балдары=ыздардын келечегин биринчи орунга койгону=уздар деп тъшънёбъз. Ошондуктан сиздерге “Мээримдъъ эне” деген наамды бергим келет.
Баалоо: Мээримдъъ эне
Ъй тапшырма: эми сиздерге ъйгё тапшырма каникул мезгилинде балдары=ыздарды жакшылап эс алдырып, каникулга берилген тапшырмаларына жардам берип, окуту=уздар. Сиздер менен жана сиздердин балдары=ыздар менен кайра кийинки окуу жылында жолугуу баарыбызга насип этсин.
Кё=ъл бурганы=ыздар ъчън, келип катышып бергени=издер ъчън чо= рахмат!