Чогулуштун темасы: Эстетикалык, этикалык тарбия
Чогулуштун максаты: Энелер эстетикалык, этикалык тарбия тууралуу маалыматка ээ
болушат.
Энелерге айрыкча жаш энелерге балдарга ар тараптуу тарбия
берүүдө кайдыгер карабоону, жоопкерчиликти ойготуу.
Класс жетекчи менен кызматташтыкты арттыруу.
Өткөрүү формасы: семинар-практикум
Чогулуштун жүрүшү:
1. Киришүү бөлүгү (5мин)
Мугалим: Саламатсыздарбы, урматтуу энелер! Сиздер менен кайрадан“Энелер мектебинде” жолугушуп турганыма кубанычтамын.
-Өткөн сабагыбызда туура ынаным тууралуу кеңири сөз кылганбыз. Сиздерге негативдүү ынанымды жаңы ынанымга алмаштырууга машыгуу тапшырмасы берилген. Бул тапшырманы канчалык деңгээлде аткарып келгениңздер тууралуу ой бөлүшсөк. (энелердин жоопторун угуу)
Мугалим:Жадыбалды жаттап калыш үчүн көп жолу кайталаш керек болгон сыяктуу позитивдүү ойду да тез-тез кайталап туруу кажет. Адам маанайы көтөрүлүп,чоң кубанычта болсо да, андан ары аракеттенбесе, баягы эски ынанымга кайрылып келерин унутпаңыздар. Жаңы ой, ынаным, идея – жаңы себилген урук, олтургузулган көчөт сыяктуу, суугарып азыктандырып турбасаң куурап калат.
2. Лекция (15 мин)
Эстетикалык тарбия
“Эстетика”- көркөмдүк, кооздук, сулуулук, ажайып, сонун, көз жоону алган кооз нерселер.
Балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо - эстетикалык сезимин, көркөм сезимдерин жана ар тараптуу чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган. Ал үй-тирчиликте, эмгекте ошондой эле окууда иш жүзүнө ашырылат жана искусстводогу, эмгектеги. Жаратылыштагы жана күндөлүк турмушундагы сулуулукту түшүнүүгө жардам берет. Эстетикалык жактан тарбиялоонун милдеттерине балдарды айлана-чөйрөдөгү жат көрүнүштөргө, жаман кылык-жоруктарга чыдамсыз мамиле жасоого үйрөтүү, ошондой эле искусстводогу ар түрдүу жасалмалуулуктан чыныгы көркөм чыгарманы ажырата билүу кирет. Эстетикалык тарбиялоонун дагы бир милдети, адамдардын мамилелеринин сулуулугун, жүрүш-турушунун эстетикасын сезгенге үйрөтүү. Жаратылыштын сулуулугу эстетикалык жактан балдардын сезимин ойготууга чоң таасирин тийгизет. Ата-энелер токойдун, көлдүн, чымчыктардын жана башка жан-жаныбарлардын үнун угууга, ага суктанууга түрткү берет. Балдардын эстетикалык жактан сезимин жана кубанычын өстүрүп жана калыптаныш үчүн искусствонун түрлорүн пайдаланса болот. Ал үчүн атайын балдарга арналган музыкалык чыгармаларды, спектакльдерди, көргөзмөлөрду колдонсо болот. Жаратылыштын көрүнүштөрү жана сүрөт өнөрү менен тааныштыруу балдардын байкоосун өсүп-өнуктүрөт да, балада эстетикалык сезим пайда болот. Мына ушул эстетикалык сезимди өркундөтүү үчүн балдар менен сурөт тартуу, көркөм адабияттарды окуу керек. Бадарды эстетикалык жактан тарбиялаганда анын өз алдынча иш-аракет жасоосу зарыл. Балдарды кол өнөрчулүкко катыштырып үйрөтсө баланын активдүүлүгү күчөйт. Ар бир ата-эненин кандайдыр бир кол өнөрчулүк шыгы бар. Эгерде бала менен бирге кандайдыр бир жасалгаларды даярдас,а ал эмгек жактан гана эмес эстетикалык жактан жакшы тарбия алат.
Балдарды эстетикага тарбиялоодо коомчулукта майрамдоочу майрамдын да мааниси бар. Эстетикалык тарбия балдардын сезимине адептүулүк жактан да таасир калтырат. Чыныгы искусство менен тааныштыруу, адамдардын өз ара оң мамилелерине түшунүү адепсиздикке жол бербейт.
Балдардын эстетикалык тарбияланышына ата-эненин жүрүш-турушу, кийген кийим- кечеси, кызыгуулары чон таасир тийгизет. Эгерде ата-эне сулуулукка умтулса, искусство, театрды жакшы көрбөсө, эчтекеге кызыкпаса бала аларга окшош болуп чоңоёт.
Ошондуктан ата-энелер, мектепте музыка, сүрөт сабактарына жеңил-желпи карап, “ырды мал баксаң, тоо-түздө ырдасаң болот, а сүрөтчү болуп жыргап кеткендерди көрө элекпиз, эсиң болсо, математика, химия, физикадан баш көтөрбө, азыр ошол илимдердин заманы” деп балдардын кулагына куюп, алардын өткүр сезимине жөргөмүштүн желесин тартуудан алыс болуубуз керек.
Адамдардын бири –бири менен мамиле кылуусунун натыйжасында пайда болгон жүруш- туруштун белгилүү эрежеси бар. Негизинен биздин журүш-турушубузда жана сүйлөшүүдө туура эмес аракеттер көп кездешет. Балдарды этикалык жактан тарбиялоодо биз элдик педагогика таянсак эч адашпас элек. Себеп дегенде кыргыздын ар бир кадамы, суйлөгөн сөзү, кылган иши, жүрүм-туруму - салт –адатка, нарк-насилге, жол-жосунга ылайык болуп келген. Мисалы: келген кишинин атын алып, боз үйдун эшигин ачып, төргө өткөзүп, колуна суу куюп батасын алып, кешигин жеп улуулата суйлөп, алдынан кыя өтпөй ж. б. толгон токой салтты айтып олтурсак кагаз бети жетпейт.
Ата-энелерди эки топко бөлүү:
1.Максат: Маданияттуу адамдын сапаттарын калыптандыруу, анын сөлөкөтүн түзүү
Мугалим: 1-топко флипке тартылган адамдын бой келбетин көрсөтөт.
-Бул адам тууралуу эмнени айтсак болот?
Болжолдуу жооптор:
. Бул адам-болгону сөлөкөт. Бул тууралуу биз эч нерсе айта албайбыз;
. Ал кандай болушу мүмкүн? Келиңиздер аны маданияттуу адамдын сапаттары менен сыйлайбыз?
Мугалим: адамдын келбетине энелер сунуш кылган сөздөрдү жазабыз:
Мисалы: саламын жазбайт, коомдук жайда өзүн кандай алып жүрүүнү билет, сылык, мээримдүү,адептүү, элпек,кайрымдуу ж.б.
2-топко: эстетикалык тарбияга ээ болгон баланы сурөт тартуу менен чагылдырып беришет.
2. Энелер эстетикалык жана этикалык тарбияланган балдарды ролдоштуруп көрсөтүп берет.
Жыйынтыктоо: Сен башкалардан өзүңө кандай мамилени кааласаң, башкаларга дал ошондой мамиле кыл.(макал)