СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Энени баладан алыстаткан интернет

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

ЭНЕНИ БАЛАДАН АЛЫСТАТКАН ИНТЕРНЕТ.  LEDI.KG   Журналынан  алынган  маалымат. Ырчылардын  бала менен  мамилеси  жөнүндө.

Просмотр содержимого документа
«Энени баладан алыстаткан интернет»

ЭНЕНИ БАЛАСЫНАН АЛЫСТАТКАН ИНТЕРНЕТ

Интернеттин кесепетинен балдарга ата-эне тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай баратат. Бул маселе дүйнө элин ойлондуруп, интернетке азгырылган энелер тууралуу жүрөктү ооруткан түрдүү роликтер ар бир улут тарабынан тартылып, көрсөтүлүп жатат. Интернет тиктеген ал энелердин балдары кандай зыян тартарын психологдон сурап билдик.

Перизат АСЫЛБАЕВА, психолог: «Интернетке азгырылган ата-энелердин балдары өзүнө ишенимсиз болуп калат»

– Интернетке көп убакыт бөлгөн ата-энелер балдары менен сүйлөшпөй, натыйжада ортолорунда ажырым пайда болот. Кийин алар үй-бүлө катары чечилишип сүйлөшө албаган абалга кептелишет.
– Бала тарбияны ата-эненин айткан сөзүнөн эмес, жасаган ишинен алат. Эгерде ата-эне көп убакыт интернетте отурса, бала аларды туурап интернетке кадалып отурууну кадыресе иш катары кабыл алып калат.
– Мындай ата-энелердин балдарынын турмушка жөндөмдөрү өнүкпөй калат. Мисалы, реалдуу жашоодо баарлашуу, маектешүү өтө маанилүү. Бул нерселерге бала ата-эне менен сүйлөшүү аркылуу жетише алат, болбосо кийин балдар достору менен тил табышууда, ой жүгүртүп дароо жооп берүүдө, баарлашуу аркылуу маселелерди чечүүдө кыйынчылыктарга кабылышат.
– Ар бир балага мээрим, көңүл буруу күн сайын талап кылынат. Бул нерсенин жетишсиздигинен бала мээримге тойбой, өзүнө ишенимсиз болуп калыптанат.
– Айрым ата-энелер өздөрү интернетте тынч отуруу үчүн балдарын да интернетке отургузуп коюшат. Ал эми интернеттин өсүп жаткан бала үчүн кандай зыяндары бар экени баарыбызга маалым.

Балаңызга көп убакыт бөлөсүзбү же интернеткеби?

Нуриса АБАЗОВА: «Кызым жанымда кезде интернетке кирбейм»
– Мен интернетке кызым уктаганда же бала бакчада болгон кезинде кирем. Ал эми жанымда кезде кирбегенге аракет кылам. Анткени интернеттин кандай азгырык экенин жакшы билем. Кээде акыркы жаңылыктарды окуш үчүн, досторумдун кайда жүргөнүн билиш үчүн Фейсбук баракчасын барактайм. Азыр балдар да интернетсиз тура албай калышпадыбы, кызым Ютуб каналынан мультфильм көргөндү, оюн ойногонду жактырат. Андан улам экөөбүз кээде уюлдук телефонумду талашып калабыз.

Самара КАРИМОВА: «Интернет болбогондо балдарым менен көбүрөөк ойномокмун»
– Жаңылыктарды карап, сүрөт коюп атып чынында убакыт кетип калат. Андыктан: «Интернет болбогондо, балдарым менен көбүрөөк ойномокмун», - деп калам. Азыр балдарым кичинекей болгондуктан өздөрү менен өздөрү ойноп жүрө беришет. Аларга таене, таятасы болсо болду. Менин колумдан уюлдук телефонду алып Ютубтан мультфильм көргөнгө шашышат. Анын айынан алар да мени карабай калышат. Андайда өзүм балдарымды телефондон кызганып кетем.

Айнура САЛАХИДИНОВА: «Балдарымды уктатып коюп интернетти шашылыш бир карап чыгам»
– Балдарым үйдө болгондо уюлдук телефонум колума тийбейт. Улуу балам бала бакчадан келери менен колуман жулуп алат да, мага карматпайт. Башында социалдык тармактардын баарында бар болчумун. Бир жолу WhatsAppтан бир таанышым апасы кечке интернетте отурган кыздын апасына арнап чыгарган ыры тууралуу маалымат жөнөтүп жибериптир. Ал мага абдан таасир этип, сабак болду. Натыйжада, классташтар сайтынан биротоло чыгып кеттим. Азыр Фейсбук баракчасына кээде кирсем, жумушума ылайык Инстаграмга абдан көп кирем. Анда деле балдарымды уктатып коюп шашылыш эле бир карап чыгам.

Гүлмира: «Ансыз да балдарыбызды аз көрөбүз»
– Ырчылардын арасынан Инстаграмда окурманы эң аз биз болсок керек. Анткени интернетке 2-3 күндө же он күндө бир кирип сүрөт жүктөйбүз. Мүзүр экөөбүз тең чыгармачылык менен жүрүп ансыз да балдарыбызды аз көрөбүз. Ошондуктан үйдө жүргөндө интернетке кирбей, балдарга көп көңүл бургум келет. Мүзүрдүн болсо интернет менен иши жок. Тескерисинче, кызыбыз интернетке жакын, Инстраграмга кирип Нурлан Насипти көрөт.

Айжамал КАБЫЛОВА: «Туура эмес эле кылып атам деп өзүмдү күнөөлөйм»
– Уюлдук телефонумда интернет 24 саат бою күйүп турат. Улам карап суроолорго жооп берип турбасам болбойт. Кээде туура эмес эле кылып атам деп өзүмдү күнөөлөп кетем. Бирок азыр балдарыма көбүрөөк көңүл буруп, алардын каалоолоруна кызыгып, окууларына көбүрөөк басым жасап атам. Бишкекте көбүрөөк жүрүп калсам, окууларынан артта калып калышыптыр. Кызым кээде нааразы болгонсуп: «Сизге чалуулар көп э?» -деп калат. Мен жумушум телефон аркылуу бүтөрүн түшүндүрүп берем.

Гүлнара КАХАРОВА: «Өзүмдү-өзүм кармаганды билем, интернетке көп отурбайм»
– Интернет деген балакет да, ага берилип кеткенден корком. Өзүмдү-өзүм кармаганды билем, ошондуктан интернетте көп деле отурбайм. Бирок ошондо деле баары бир интернетке муктажбыз. WhatsApp менен иштер боюнча сүйлөшүп, бош болгондо Фейсбукту бир карайм. Анан тез өчүрүп балдардын тамак-ашына, сабагына көңүл бурам. Кудай бизди интернетке азгырылып, өзүбүздү башкара албай калгандан сактасын.