СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эр болсоң көк бол, убадага бек бол!

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эр болсоң көк бол, убадага бек бол!»

Сабактын темасы: Эр болсоң көк бол, айтканыңа бек бол!

Сабактын максаты:

-Өз ара мамиледе берген убадасын өз убагында аткаруу, сөзүнө тура билүү, айтканын айныбай орундоо, тапшырмага так болуу – ыймандуулуктун, уяттуулуктун, абийирдүүлүктүн белгиси экендигин түшүндүрүү;

- Ата-журтунун патриоту болуу- ар бир өспүрүмдүн парзы экендигин айтып жеткирүү;

- Текст, ырлар, кырдаалдык сүрөттөр аркылуу патриоттуулукка тарбиялоо;

Сабактын жабдылышы: Сабактын темасы жазылган плакат, сүрөттөр, кырдаалдык сүрөттөр, макалдар, ырлар.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Класста жагымдуу жагдай түзүү. Окуучулардын көңүлүн текстти угууга буруу.


Намыс деген улуу нерсени билбегендиктен жигиттер намыссыз ишке барат. Намыс деген адамдын эң улук сапаттарынын бири, намыстуу адам деген эркектин өзүнө ыйгарган сый жана татыктуулук даражасы. Бул коомдо, бул элде мен киммин деп, элден кем болбой өзүн татыктуу бийик тутуп жүрүү.

Элибизде: «Коёнду камыш өлтүрөт, жигитти намыс өлтүрөт» - дейт. «Кой баласы неге жаралган – курмандыкка жаралган, эркек неге жаралган – намыс үчүн жаралган» - дейт.

Намыс деген эркектин вазыйпасына коомдогу ордуна байланышкан адамдын өзүндөгү бириккен бир нече улук сапат жана касиет. Ощол сапаттары менен ал өзүн, менде эркектин сапаттарым толук, мен башка эркектерден кем эмесмин,- деп өзүн эркек атына татыктуумун деп сезип жүрөт жана ошондой атка татыктуу болоюн деп дайыма, өзүнүн ошол сапаттарына көз салып жүрөт. Ошол сапаттарынын биринин жоголуусу ага өлүмдөн да оор.

Бирок, чыныгы намыс, куру намыс деген бар. көптөгөн адамдар чыныгы намысты куру намыс менен алмаштырып алат да, бүт күчүн ошол куру намыска жумшайт. Же болбосо ошол куру намыс үчүн элден уялып, качып же өлүп да алат.

Чыныгы намыс адамгерчиликтүү сапаттарга байланыштуу болот.ал адамдын өзүнө, анын элдердикиндей вазыйпасына байланыштуу болот. Мисалы, эркектин кудайга моюн сунуудан кийин эң биринчи вазыйпасы эмне? Ал ата-энесин кароо, алардын тилин алуу, аларды кор кылбай жакшы багуу. Себеби, так ошол эркек бала бизди баксын, бизди карасын, бизге кызмат кылсын деп багат. Андан кийинки вазыйпасы мекени,эли. Ал мекенин, элин ойлош керек, аларды душмандан алсырап калуудан, бузукулуктан коргоп калуусу керек.

Үчүнчү вызыйпасы, кийин үй бүлө курганда үй-чарбасындагы: үйүнүн тартиби, балдарынын жакшы тарбияланышы, үй-бүлөсүнүн тартиптүү жүрүш- турушу, алардын оокат-ашы, кийимдери. Бул үч эң улуу вазыйпалардын аткарылышы ар бир эркектин намысы болушу керек. Мына ушул үч нерсе үчүн эркек намыстанышы керек, ошонун аткарылышы үчүн бүт аракетин жасаш керек. Ушул вазыйпалардын аткарылбай калышы ага уят жана айып болуп эсептелет. Албетте, бул коомдогу дене башы соо, элдикиндей мүчөлөрү сак-саламат эркек үчүн коюлган вазыйпалар. Бирок, үйдү багууну тура түшүнүү керек. Кээ бир эркектер өздөрүнө үйдү багууну ушунчалык чоң вазыйпа кылып алышып, күнү-түнү иштеп элден кем калбайын деп заңгыраган үй, кымбат эмерек, кымбат модалуу кийимдерди кийүүгө жумшап жатышыт. Бул деген намыс эмес – куру намыс. Үйдү багуу деген эл катары эмгек-аракет кылып, бекерчиликке кетирбей, кайраттуу эмгектенүүнү айтат. Эркек өзүнүн коомунун, уруусунун, улутунун өнүгүп өсүшү, тартиптүү болушу үчүн да намыстанышы керек. Намыс уятту адамда гана болот, уятты жок адам арданбайт да, намыстанбайт дагы.

Эркектер намыстуу болсо, намысты туура түшүнсө эң биринчи кезекте өз курсагын эмес элин ойлойт. Илгери ата-бабаларыбыз намысты эмнеде экенин жакшы билген. Эркектер коомду өз ыгында кармап келген, душмандын сазайын колуна берип, элди коргоп, жерин коргоп сактап келген.


Убадага бек бала

Чечим кылып адилет,

Койсок эгер калыс баа.

Убадага бек бала,

Бекем болот намыска.


Кээ бирөөлөр курулай,

Эл алдында мактанат.

Убадага бек бала,

Айткан сөзүн аткарат.


Айткан сөздү, берген убаданы аткаруунун жолдору:

  1. Берилген убада – эч бир шылтоосуз аткарылыш керек. «Жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн» деген элдик макал бар. Жигиттин сөзүн өзүнөн да бийик коюп жатат, б. а. өз сөзүнө турууга, убаданы аткарууга карата айтылган макал.

  2. «Айтылган сөз – атылган ок» деген элдик макалдын маанисин чечмелеп түшүндүрүү.

  3. Эки сүйлөп убаданы аткарбаган киши элдин ишениминен да чыгып каларын, ал эми ишенимден чыгып калуудан өткөн жаман нерсе жок экендигин сезүү.

Аскер кызматы – адамды такшалтат. Аскер адамы – мекендин бейкуттугунун, тынчтыктын сакчысы. Аскер кызматчыларына, жоокерлерине коюлган талаптар жогору болот. Аскердик антты кынтыксыз аткаруу керек. Мекенди көздүн карегиндей сактоо, ага аң-сезимдүү, берилип кызмат кылуу, ата-бабалардын күжүрмөн жоокердик салтын улантуу биздин эр-жигиттердин милдети.



Жаш жоокер-2011

Конкурска тандоонун критерийлери:

  • Логикалык ой жүгүртүүсү, кругозору кенен, билими терең;

  • Окуусунан мыкты жетишкен, коомдук иштерге катышкан активдүү, чыгармачыл тапкыч;

  • Таланты ( ырдап-бийлегени, музыкалык бир аспапта ойнойт, сүрөт тартат, ыр жазат ж.б.)

Тапшырмасы:

  1. Презентация (ар бир катышуучу өзүн тааныштырат)

  2. Интеллектуалдык деңгээли (көркөм окуу):

Тема «Эрдик билекте эмес жүрөктө»

  1. Шамдагай жигит (жумуртка 3 шт. бышырылган)

  2. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.(өз өнөрун көрсөтүү)