СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Эр Табылды" эпосу

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Эр Табылды" эпосу»

Кыргыз адабият\7-класс\___________________________ I чейрек, 6-сабак

Тема: “Эр Табылды” эпосу

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик: Окуучулар «Эр Табылды» эпосу тууралуу тереңирээк билим алышат.

-чыгарманын негизги идеясын аныкташат,

-чыгарманын адабий талдоого алышат.

Социо-маданий: Эр Табылдыдай эли-жерин коргоого, сүйүүго тарбияланышат.

-баатырдык сапаттарды талдашат;

-алтын эрежеге баш ийип, чыгармадагы ар бир каарманга мүнөздөмө бере алышат.

Кептик: Окуучулар чыгарманы өз алдыларынча анализдеп, башка чыгармалар менен салыштырып талдашат.

-окуучулар өз пикрин башкаларга таңуулабай атууга үйрөнүшөт.


Лингвистикалык минимундар: аш берүү, оорук, дорбо, туйгун, багалчек, чоюн баш, ак бараң, соот, чопкут, көбөөр, матоо, токо, кайып, нокору, чарайна, туулга, доолбас ж.б

Сабактын тиби: жаңы материалды анализдөө

Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: жекече, жуптар менен иштөө

Сабактын жабдылышы: проектор, экран

Дидактикалык материалдар: слайд, окуу китеби, таркатмалар

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

Бар болгула!

Эр жигитке байланыштуу макалдарды чынчырча аркылуу улантып айтабыз?

Арыбаңыз!

  • Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.

  • Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.

  • Жигитти намыс, коёнду камыш өлтүрөт.

  • Эр жигит үйдө туулуп, жоодо өлөт ж.б.

2)Үй тапшыр-масын суроо

(5-мүнөт)

Үй тапшырмабызды шеригибизге берип, жуптар бири-бирибизди доскага карап текшеребиз.



3)Жаңы тема. (10 мүнөт)

«ЭР ТАБЫЛДЫ” эпосу – кыргыз калкы басып өткөн катаал күндөрдүн изи, баатырдык күрөштөрүнүн, илгери үмүт, ой-тилектеринин элеси, жандуу тарых катарында эл көңүлүндө, ой-сезиминде күнү бүгүнкүдөй сакталып, ал да окурмандардын көңүлүн толкутуп термелткен идеялык-мазмуну бийик, көркөмдүгү жогору чыгарма. Ал Кыргызстандын түндүк-түштүгүндө да кеңири айтылып, калкка кеңири тараган көп варианттуу эпос. А.Тыныбековдукунан башка да варианты бизге белгилүү. 1932-ж. К. Мифтаков мурун Сырдарыя областы, Олуя-Ата уезди аталган аймактын тургуну Дыйканбай уулу Ырысбайдан эпостун чакан вариантын жазып алган. Бул нуска айрым текстологиялык тактоолор менен басмага даярдалып, алгач «Эл адабияты” сериясынын 12-томунда 2002-ж. жарык көрдү. Ы. Дыйканбаевдин айтуусунда чыгарманын окуясы төмөнкүдөй: Табылдынын төрөлүшү, калмактардын жылкы тийиши, Табылдынын жоо артынан барып, алар менен урушуп, жарадар болушу, жаратынан айыгып элине кайтып, кол курап барып, калмактар менен экинчи ирет согушушу. Бул варианттан Кудайназар, Алтыбайларга байланыштуу жүргөн ички карама-каршылык орун албайт. Бирок, чыгарманын башталышында жалгыз балалуу Ыламан жана тогуз уулдуу Алатан аттуу эки бир туугандын болгондугу баяндалганына караганда, мында деле алгачкы айтылышындай ички карама-каршылык орун алгандай болуп аны кыскартып койгон көрүнөт. Анткени, бул вариант б-ча окуянын схемасы гана тартылып, кеңири тармак жайып, өнүгө алган эмес. Көлөмү да чакан. Чыгарманын мындай чыгып калышына айтуучунун дараметинен өз өзгөчөлүгү менен көп айтылып жүр-гөндүгү байкалат. Элдик баатырды сыпаттоодо сүрөттөөнүн байыркы апыртмалуу көркөм нукура формалары колдонулат. Эр Табылды төрөлгөндө бир колуна кан, бир колуна жин кармап түшүп, жер титиреп, таш кулайт. Кысыр бээ тууп, туубас катын төрөп иет. Боконо жүрөк болк этип, боктуу ичеги солк этип, калмак коркот, ай түбүндө алыскы душман коркот. Эр Табылды согуш майданында жарат алып, жаратынан кан шорголоп алсырап турганда, сагызгандын айтуусу менен күкүк да уя алган терекке келип, өрүш алат. Бул нускада Э. Табылдыга күкүк көмөк көрсөтүп, суу ташып берип, суусунун кандырат. Кашкарлык молдо досуна канатына кат байлатып, алып барып, жаратынын айыгышына себеп болот. Ы. Дыйканбаевдин вариантынан жогоркудай адам менен канаттуунун достошуп, бири-бирине көмөктөшүшү, бири-биринин дилин, тилин толук түшүнүшү сыяктуу дастандардын орун алышы жаратылыш менен адам дүй-нөсүнүн бирдигин тааныган байыркы ишенимдин эпосто сакталып калышынын күбөсү. Бул вариант байыркы мотивдердин, көз караштардын алгачкы формасында сакталып калышы менен бааланат. Ж. Жамгырчиев 1940-ж. Академиянын Кол жазмалар коруна «Эр Табылды” эпосунун дагы бир чакан вариантын жазып тапшырат. Бул нуска А. Тыныбековдун айтуусуна көп жагынан окшош. Мында окуя схема түрүндө баяндалып, бутактанып, анчалык тармак жая алган эмес. Эр Табылдынын жаратынан айыгып, элине кайтып келип, Кудайназарды өлтүрүшү менен окуя аяктайт. А. Тыныбековдун айтуусунда жогорку варианттарга салыштырганда мазмуну толук, композициялык жагынан тыкан, көркөмдүгү жогору. 1940-ж. Т.Сыдыкбековдун редакторлугу менен жарык көрөт. 1957-ж. экинчи жолу басылып чыкты. 1970-ж. окуучулардын суроосу менен үчүнчү басмага даярдалышында кеткен айрым кемчиликтер эске алынат. Эпостун алгачкы кагазга түшкөн кол жазмасы сакталып калбагандыктан, 1940-ж. басылышы түп нуска катарында алынат. 1984-ж. «Кыргызстан” басмасынан баш сөзү кыскарып, 4-жолу жарык көрөт. 2002-ж. кенен жазылган баш сөзү менен 5-жолу жарыяланат. Башка баатырдык эпостор сыяктуу эле «Эр Табылдынын” калыптанышы, өсүп-өнүгүш процесси бир топ узак. Натыйжада, ушул аралыкта жомоктук-мифологиялык катмардан тазаланып, тарыхый-реалдуу эпостун деңгээлине көтөрүлгөндүгү байкалат. Бул Ы. Дыйканбаевдин жана А. Тыныбековдун варианттарын салыштырууда ачык көрүнөт. Эгерде Ы. Дыйканбаевдин вариантында күкүктүн жарат алып жаткан Табылдыга жардамдашканында байыркы түшүнүк сакталган болсо, А. Тыныбековдо реалдуу турмуш жагдайы көз алдыга тартылат. Элдияр элге кабарга кетип, жараты кабылдап, эс-учун жоготуп жаткан баатырдан күкүккө арман-муңду айтып кайрылышы анын оор абалын баяндоодо көркөм ыкманын милдетин аткарып, апыртмалуулуктан реалдуу жагдайга өтөт. Кыргыз эпосторуна жаңы кирген образдын бири Чалкалмактын кызы Торкобек. Образы жаңы дегенибиз, салттуу образ системасынан айырмаланып, калмак калкынын турмушундагы коомдук-социалдык жагдайларга башкача баа берүүсү, көз карашынын жаңылыгы менен өзгөчөлөнөт. Торкобек эпосто тунук акылдуу, өз элинин мүдөөсүн, калк тынчтыгын керт башынын кызыкчылыгынан жогору койгон, аярлыгы артык, алдын ала билген көрөгөч каарман катарында мүнөздөлөт. Торкобектин эпоско кириши А. Тыныбековдун жеке чыгармачылык өнөрканасынын жемиши болуп саналат. «Эр Табылды” эпосу Ата-журт, Ата Мекен эгемендүүлүгүн коргоо, коңшу элдер менен тынчтыкта жашоо, калкты биримдикке, ынтымакка чакыруу сыяктуу азыркы күндө да маанилүү коомдук-социалдык проблемаларды курч көтөрүшү менен баалуу.

Булак: http://students.com.kg/?p=590

1)Окуучулар менен иштөө

(12 мүнөт)












1-кадам.

Ар бир окуучу менен жекече иштөө.


Салыштыруу

Эр Табылды

Чалкалмак

Мүнөзү



Сырткы портрети



Каарманга байланышкан макал



Окшоштуктары




2-кадам.

Окуучуларга жекече тапшырма берүү.

«Кардыгач жана Арчатору» бөлүмүн кара сөзгө айландырып жазгыла





4)Бышыктоо

(5 мүнөт)


  1. Эмне үчүн чыгарманын аты «Эр Табылды» деп аталган?

  2. Эпосто кайсы мезгилдеги окуялар сүрөттөлгөн?

  3. Чыгарманын табият менен байланышы жөнүндө эмнелерди айта аласыңар?


5) Рефлексия

(2 мүнөт)

1.Чыгарманы окуганда кандай сезимдер пайда болду?

2.Чыгарманын негизги өзөгүнө түшүндүңөрбү?

3. Келерки сабакта чыгарма жөнүндө кандай маалыматтарды күтөсүңөр?


6)Үйгө тапшырма

(3мүнөт)


Эпостогу жер-суу аттарын жазып келүү.

«Бүгүнкү Эр Табылды» деген темада эссе жазуу.


7)Бааолоо

(3мүнөт)

Окуучулардын аракетине жараша.

«5», «4», «3», «2»