СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эрдигиң элдин эсинде

Нажмите, чтобы узнать подробности

Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги даңазаланат

Просмотр содержимого документа
«Эрдигиң элдин эсинде»

Сабактын темасы: Эрдигин элдин эсинде.

Сабактын максаты: Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин

эрдигин окуучулар билишет.

Окуучулардын ой-жүгүртүүсү, сүйлөө кеби, аткаруучулук

жөндөмдүүлүгү артат.

Патриоттуулукка, эли-жерин сүйүүгө, Мекенине көздүн

карегиндей мамиле жасоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаны билимдерди өздөштүрүү, өркүндөтүү сабагы.

Сабактын жабдылышы: түстүү сүрөттөр, ТСО, ватман.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

Жагымдуу маанай түзүү (окуучулар бири-бирине жакшы каалоо тилектерди айтышат.)

Мугалимдин сөзү.

Саламатсынарбы, балдар, биз бугун Улуу жеништин 74 жылдыгына карата сабагыбызды баштайбыз.

Балдар ,Улуу Ата Мекендик согуш жонундо эмнелерди билесинер?

Арууке: 1941-жылдын каргашалуу 22-июнунда фашисттик германия биздин өлкөбүз азыркы Кыргыз Республикасы курамына кирген мурдагы СССРге капысынан кол салган.

Назира: Чолпонбай Түлөбердиев душмандын дзотун денеси менен жаап, эл-жери үчүн курман болгон.

Айиза: Дүйшөнкул Шопоков 1941-жылы Москваны коргогон 28 Панфиловчулардын ичинде болгон. Салгылашуу учурунда ок тийип, оор жарадар болсо да, бир нече гранатаны алып, келе жаткан танканын алдына боюн таштаган.

Жениш: Бул согушка Кыргызстандан 350 минден ашуун адам катышкан. Алардын 150 миндейи орден, медалдар менен сыйланышкан. 29 адам Данк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры. Мекендештерибиздин 90 минден ашууну согушта курман болгон.

Бүгүн, биз Улуу Ата-Мекендик согуштун тарыхында өзгөчө баатырдыктын, кылчайып артка карабас сырттандыктын үлгүсүн көрсөткөн мекендешибиз Чолпонбай Түлөбердиевдин жаркын элесин эскерип, “Эрдигин элдин эсинде” деген темада сабагыбызды баштайбыз.

Советтер Союзунун баатыры Ч. Түлөбердиев 1922-жылы чын куран айынын 13-дө Кыргыз ССРинин Талас областындагы Чымкент (Азыркы Чолпонбай) айылында төрөлгөн.

Мектепте жети жыл окуп, кийин колхоздо иштеген. Аскерге 1941-жылы чакырылган. Ал 160-дивизиянын 363-полкунун аткычы болгон. Алдынкы 363-полкуна Воронеж областында Лискин районундагы Селявна- Второе айылынын аймактарындагы атуучу жайларды жок кылууга милдет кылынган. Баш оонанын 6-на караган түнүндө 11 аскерден турган топ Дон дарыясынан өтөт. Бирок, ачык жерде болгондуктан, аскерлер дзотко жакын келе алышпайт. Дзотту жок кылууга Чолпонбай Түлөбердиев өз ынтаасы менен макул болот. Чолпонбай боору менен жылып, дзотко жакын келет да, гранаталарды ыргытат. Дзот токтобой аскерлерди аткылай берет. Ок, дарылары түгөнгөндүктөн, Чолпонбай өз денеси менен дзоттун амбразурасын жаап, советтик аскерлерге чабуул коюуга мүмкүнчүлүк берген. Анын акыркы сөзү мындай болгон:

Узенбек уулу Алмаз:

-Мына, менин ата-бабаларым ким экенин бүт дүйнө билсин... Бүткүл дүйнөдөгү адам баласы өз көзү менен көрсүн. Айтканынан кайтпаган, ажалдан баш тартпаган, өлүмдү билбеген, душманга башын ийбеген баатырлардын тукуму- мен.... Менин бабаларым өз доорунун баатырлары болуп, ошол өз доорунда Ата-Мекендин ыйык милдеттерин аткарган. Мына мен дагы элим үчүн, жерим үчүн Ата-Мекендин ыйык милдетимди аткарам! Мына бул дзоттогу жыландарды өрттөбөй, бул бийиктикти биздин батальон ээлебей, мына бул селосун албай, биздин жеништин ачкычы колго тийбейт... Кош, тууган эне, тууган эл, тууган жер! Ата-Мекен үчүн! Алга! деп кыйкырып, ок атырылып жаткан тешикти көкүрөгү менен жапты.

Өтсө да жылдар ондогон,

Өчпөйт го согуш тактары.

Ырыска балкып, магдырайт,

Ала-Тоо аппак баштары.

Элестеп ыраазы болот уулуна,

Ырахмат айтып жаш-кары.

Х. Азиреткулов “Эстелик” (чогуу ырдашат.)

Согуштан кийин Чолпонбайдын айылы атыккан мурдагы Чымкентте айылында Чолпонбайдын мемориалдык музейи бар. Аны 1982-жылы жергиликтүү тургундардын колдоосу менен Ашымбек Шыйкымбаев негиздеген экен. Музейде баатырдын портрети илинип турат. Андан ары согуштук учак менен танк ортосунда колуна согушта жоокерлер көп колдонгон ППШ куралын алып, дзотко кулап келе жаткандай туюлган Чолпонбайдын эстелиги занкайып турат. Музейдин ичинде анын өмүр баяны, өздүк документтери, кийим кечеси, ага тиешелүү буюмдар сакталган. Музей Чолпонбайдын сүйүүсүн да баяндап турат. Чолпонбайдын Гүлнар аттуу белгисиз кызга жазган каты бар экен. Катта мындай дейт:

“Кандайсын, сүйүктүүм Гүлнар? Согуш катуу жүрүп жатат. Душмандар менен тынбай салгылашып жатабыз. Азыркы күндөрү уйкудан да калып жүрөм. Сенин жазган каттарынды алып жатам. Сага сүйүнүчтүү кабарым бар. Айтсам, көптөн күткөн комсомолго да өттүм. Эми үчөө үчүн согушам. Сен, комсомол жана өзүм үчүн.” Бул Чолпонбайдын майдандан жазган акыркы каты болчу.

Тешкенде жүрөгүндү душман огу,

Дедин го жанды берем элим үчүн.

Өтөт го күндөр айга, айлар жылга,

Жылдары жылып жүрүп кылымдарга.

Бирок сен элиндин эстеринде,

Кала бердин кадимки жыйырма жашта.

Бул ысымды укканда ар бир кыргыз атуулунун жүрөгү болк этип, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын көзүнө жаш тегеренери анык. Анын бул эрдигин жеке эле кыргыз эли эмес, СССР өлкөлөрүнүн эли унутпай эскерип келишет.

Бул согуш алып келген кайгы-азаптын, бактысыздыктын өлчөмү өтө зор эле. Согуштагы мына ушул жүлүн сыздатып, жүрөктү эзген орду толгус армандын кайтарымы –Улуу Жениш болду. Бул жеништин улуулугу – анын баасынын өтө кымбатка тургандыгында!

Баарыныздарды 9-май Жениш күнү менен куттуктайм!

Сабакты жыйынтыктоо: Хор “Жениш күнү.”

№ 11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим

берүүчү орто мектебинин директору,кыргыз тили

жана адабияты мугалими Жолдошева Наргиза

Таш-Көмүр шаары




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!