§1. Кыргызстан XX кылымдын алгачкы жылдарында
Кыргызстан тырыхы
9-класс
Сабакка колдонулган медиа материалдар
Сабактын планы
- Кыргызстан Россия империясынын колониясы
- Аймактагы административдик башкаруу
- Сот бийлиги
- Экономикалык абалы
- Кыргыз жерлерин массалык басып алуулары
- Түркстан генерал-губернатору А.Н.Куропаткиндин докладынан үзүндү
Кыргызстан Россия империясынын колониясы
Түркстан генерал-губернаторлугу
Самарканд
Фергана облусу
облусу
Сыр-Дарыя облусу
Жети-Суу облусу
Оёздор
Кыргыздар бирдиктүү административдик аймакка бириге албай, бытыранды абалда кала берген.
Болуштар
Айылдар
Самарканд облусунун герби
Фергана облусунун герби
Сыр-Дарыя облусунун герби
Жети-Суу облусунун герби
Аймакты манаптар башкарган. Алгачкы мезгилде болуштар уруулук белгилер боюнча түзүлгөн. Ар бир болуштун аймагына эки уруунун калкы бириктирилген. Ошентип, бир болушта жашаган эки уруунун ортосунда карама-каршылык пайда болгон. Шайлоо укугунун киргизилиши менен мурас катары өтүп келген манапчылыкка доо кеткен. Ири манаптар артыкчылыктарынан айрылып калышкан. Эгерде ири манаптар падышачылыкка карата өзүнүн берилгендигин көрсөтүшпөсө, жергиликтүү башкаруудан таптакыр четтеп калышкан.
МАНАП
Аймактагы административдик башкаруу
Финасылык
Контролдук
Окуу жана
почта-телеграф башкармалыгы
Кеңеш берүүчү орган-КЕҢЕШ
Генерал-губернатор
Буйрук берүүчү
Чарба жүргүзүүчү
Сот бөлүмү
Облустук аскер гебернатору
Согуштук
Акимдик
Полициялык
Оёздук аким
Падыша Николай II (1896-1917)
Болуштук бийлик
Болуштар-1000-2000 түтүн
Болуштар үч жылдык мөөнөттө шайланышкан.
Айылдар-100-200 түтүн
Айыл старчындары үч жылдык мөөнөттө шайланышкан.
Болуштар
Көпчүлүк добушка ээ болгон болушту аскер губернатору, ал эми айыл старнчынды оёз акими бекиткен. Бийликтегилерге жакпаган адамдар шайланса, кайра шайлоо жүргүзүлгөн.
50 түтүн-элүү башы
Элүү башчылар курултайда болушту шайлашкан.
Жети-Суу облусунун картасы
Сыр-Дарыя облусунун картасы
Самарканд облусунун картасы
Фергана облусунун картасы
Саяк уруусунун манаптары
- Кызматы үчүн болушгтар жылына 500-700 сом, айыл старчыны 100-200 сом алган.
- Отурукташкан айылдарда-айыл аксакалдары, шаарларда-кварталдык аксакалдар үч жылдык мөөнөткө шайланышкан. Аларды аскер губернатору бекиткен.
«Шайлоодо» бай-манаптардын ортосунда күрөш жүрүп, уруш-талаш, киши өлтүрүү, байлап-катып коюу менен коштолуп, айыл чабылып, малы уурдалган.
Сот бийлиги
Аскер-талаа сот органы
Сот бийлиги
Бийлер
3 жыл
Казылар
3 жыл
Падыша бийлигинин өзүнүн да сот органдары
Бир болушта 8 бий шайланган. Аларды аскер губернатору бекиткен. Бийлердин соту укукка-адатка негизделген.
Кыргыз казысы
Падышалык администрациялык аппаратты жана колониялык сотту кармап туруу үчүн жергиликтүү калктан жыйналган алык-салыктардын кыйла бөлүгү сарпталган.
Орто Азияны башкарып турган башкаруу аппараты
Экономикалык абалы
Сүлүктүдөгү кен комбинаты. XX кылымдын башталышы.
Кен иштетүү
Ишканаларда жумуш 12-14 саатка созулган. Иштөө шарты өтө оор болгон. Кырсыктар да көп болуп, жумушчулар майып болуп калышкан.
- Кыргызстан Россия империясынын колониясында турганда 3төн 10го чейин жумушчу иштеген чакан ишканалар болгон. Тоо-кен ишканалары Кызыл-Кыяда, Сүлүктүдө, Майлуу-Сууда болгон. Аларды орус акционерлери каржылап, көзөмөлдүк жүргүзүшкөн.
- 1913-ж. 569 өнөр жай болгон.
Жумушчулардын улуттук курамы (1220 жумушчунун) :
- 46%-орустар
- 34%-перстер, татарлар, афгандар
- 19%-кыргыздар, өзбектер, тажиктер болушкан.
Кызыл-кыя шахтасындагы жумушчулар
Пишпектеги оорукана. XX к. башы.
Пишпектеги ун базары. ⅩⅩ кылымдын башталышы.
- Өнөр жайдын өнүгүшү менен соода кеңейип, шаарлар жанданган. Ош, Токмок, Пржевальск, Кызыл-Кыя шаарлары ⅩⅩ кылымдын башында сооданын борборуна айланган.
- 1913-ж. Кыргызстанда жашаган калктын 13% шаарларда жашаган. Алардын арасында орустар, татарлар, өзбектер жана башка улуттардын өкүлдөрү болгон.
Орус-тузем мектеби. 1899-ж .
Кыргыз жерлерин массалык түрдө тартып алуу
Көчүп келе жаткан келгиндер
Келгиндер
- 1867-жылдан тартып падыша өкмөтү Кыргызстанган казак-орустарды, орус дыйкандарын көчүрүп келе баштаган.
- Көчүп келген дыйкандардын ар бирине 30 тешеден ыңгайлуу жерлер берилип, 15 жылга чейин алык-салыктардан жана аскер милдетинен бошотулган.
- Станцияларда көчүрүү конторалары түзүлүп, көчүп бара жаткандарды каттоо, ысык тамактар, балдар үчүн бекер медициналык жардам уюштурулган.
Келгиндер үчүн түзүлгөн ашканалар
Кыргызстанга келе жаткан келгиндер
- Келгиндер башкармалыгынын келгиндерди жайгаштыруу планы болгон эмес.
- Жергиликтүү колониялык бийликтегилер кыргыздардын пайдалануусундагы «бош», «ашыкча» жерлерди таап, ал жерлерге келгиндерди жайгаштырышкан. Чындыгында «бош» жерлер болгон эмес, алар жайыт жерлер эле.
- Айыл чарбачылыгына жараксыз жерлерге кыргыздарды сүрүп ташташкан.
- Келгиндер башкармалыгынын кызматкери Мазуренко Пишпек оёзунун Качыке болушунда жашаган кыргыздардын 913 түтүнүн өз жеринен кууп чыгып, орустар үчүн 7 кыштак түзүшкөн. Тартылып алынган жерлерге турак жай, тегирмен курушкан. Келгиндер башкармалыгы кыргыздар тарткан зыянды төлөп бериш керек эле, бирок андай болгон эмес.
- Ушул жерде жашаган оокаттуу кыргыз Мырзабек Дыйканбаевдин чатыры менен жабылган үйү 4000 сом, ал эми тегирмени 3000 сом турган болсо, Мазуренко ал үйдү 50 сомго баалап, тегирменин баалабай койгон.
- Дыйканчылыкка жараксыз жерлерди жарактуу деп жазып, кыргыздарды ошол жакка кубалаган.
Келгиндер башкармалыгы келгиндерге жер берип жатат.
Келгиндердин кыштактары
Келгиндердин кыштактары
- Жакыр кыргыз дыйкандары жерди иштетүү үчүн шаймандары жок болгондуктан, орус дыйкандарынын шаймандарын пайдаланып, 1 теше жерин айдагандыгы үчүн 10 теше бер берүүгө аргасыз болушкан.
- Бай-манаптар келгин дыйкандарга узак мөөнөткө жерин ижарага беришкен. Талкан болушунун башкаруучусу 1896-ж. 750 теше жерди 12 жылга ижарага берген, ал эми 1906-ж. жылы анын мөөнөтү дагы 30 жылга узарган. Бул жерлерде кийин орус кыштактары түзүлүп, ал жерлер келгиндердин колуна өткөн.
Кыргыз үй-бүлөсүнүн жайлоого көчүшү
Таластагы чиркөө. 1914-ж.
- Жергиликтүү колониялык бийликтегилер кыргыздар орус православие динин кабыл алып, падышалык армияда кызмат өтөөсүнө макул болсо гана отурукташууга уруксат бериле турган шартты коюшкан. Кыргыздар бул талапты аткара албагандыктан отурукташа алган эмес.
- Падышалыктын колониялык саясаты кыргыз элинин көчмөн мал чарбачылыгына зыянын тийгизген.
«Акыркы отуз жылда, өзгөчө акыркы он эки жылда кыргыздар бардык багыт боюнча кысымга алынууда. 1904-жылдан тартып алардан Жети-Суу облусу боюнча бир нече миллион теше жер, көбүнчө ал жерлердин кыргыздарга абдан керектигин же керек эместигин талдап отурбастан эле тартылып алынган...»-А.Н.Куропаткин
Т үркстандын генерал-губернатору
А. Н. Куропаткин
Тема боюнча суроолор:
- Колония деген эмне? Кыргызстан качан жана кандай жолдор менен Россия империясынын колониясына айландырылган?
- Кыргызстан колониялык ээлик экендигин фактылар менен далилдегиле.
- Кыргызстандагы администрациялык башкаруу системасы кандай түзүлгөн?
- Демократиялык шайлоолор деген эмне? Кыргызстандагы аймагындагы шайлоолорду демократиялык шайлоолор деп айтууга болобу? Колониялык мезгилдеги экономикага мүнөздөмө бер.
- Падышачылыктын Россиянын Кыргызстандагы жер-суу саясаты кандай максатты көздөгөн?
- ⅩⅩ к. Кыргызстандын колониялык мезгили боюнча эссе жаз.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!