СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эрте турмуш куруу жөнүндө

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыз балдардын эрте турмушка чыгуусу жөнүндө маалыматтар

Просмотр содержимого документа
«Эрте турмуш куруу жөнүндө»



Тема: Эрте турмуш куруунун кесепеттери.

Сабактын максаты: Окуучуларга турмуштун кыйынчылыктарын,келечектин жолун ачууну үйрөтүү.

Сабактин тиби: жаңыча билим беруу.

Сабактын усулу: Интерактивдүү.

С.Жабдылышы: Плакаттар, тсо,картинкалар.

Бизде кыргыздарда “эрте күйөөгө тийсең балаң өзүң менен кошо чоңоюп калат” деп коюшат.Айтор,бул сөздү эрте турмушка чыккандардын артыкчылыгы катары көрүшөт.Айрым ата –энелер “кызым бузулуп- жарылып кете электе турмушка беген оң”азыр замантары тарып турган учур” деп айткандар да бар.Бардыгы үйдөгү таалим- тарбиядан көз каранды.30 жашта деле саламаттыгы сак, ыйманы түзүк болуп турмушка чыккандар толтура.



Азыр кеч тийгенге караганга эрте турмушка чыккандар көбөйдү.Жаш кыз турмушка чыккандан кийин жасоосу жомоктой болуп кетет деп ич ким кепилдик бере албайт.Барган жеринде күйөөсү да, кайын журту да абдан түшүнүктүү болуп, төгөрөгү төп келип калуу – жүз адамдын бирөөсүндө гана кеэдешиши мүмкүн.Эгер кыздарды жаш курагы боюнча турмуш куруусун ала турган болсок,18ден 25жашка чейинки мезгил ыңгайлуу курак болуп эсептелет.Бул убакта кыз баланын денеси жетилип,сөөктөрү бекемделип, акыл –эс кирип, физикалык жактан бала көтөргөнгө жарап калат.Отузга чыгып деле төрөгөндөр бар .Мындан 10-15 жыл мурда 30 жашка чыгып төрөгөндөрду дарегерлер “кеч төрөт” деген жыйынтык чыгарышар эле .Мындай диагноз койгонубуз менен биздин апалар 50 жашында деле төрөшүптүр да .Себеби дене ошого көнгөн .Бизге окшоп бирден –экиден эмес ,ондон ашык баланы төрөгөн бала дагы дени-карды соожарыкка келген.Тарбия жагынан ала турган болсок ,өспүрүм өзү бала болсо ,наристесин кантип тарбиялайт.Кечээ бир тойго барсам 37жаштагы жигит 16 жаштагы кызга үйлөнүптүр.Кыздын туугандары бала илимдүү,билимдүү экен деп сүйүнүп алышыптыр.Эркек эшиктеги киши ,балага тарбияны эне берет.Мага жаш келиндер келет.Баладан тажадым,чарчадым деп .Кой,кокуй,антеп айтпа дейим.Булар жаш да .Анан да тайманбас болушат. Өздөрүнү шер ойлоп болор –болбос нерсе үчүн ажырашам дегендер бар.Ата-эне куштун эки канаты,бир канат жалгыз күүлөнүп көкөлөй албайт.

Чоң апалардын оозунан небере балаңдан да ширин дегенди угуп жүрсөңүз керек.Себеби жаш кезде турмуш ,көр оокат деп жүрүп балаңдын кантип чоңойгонун билбей каласың.Анан чоң апа болгондо неберелериң жанында жүрсө ичиң элжирейт.Жалпысынан эрте турмуш кургандын пайдасынан залакасы көбүрөөк.Кечирээк турмуш курам дегендерде билим,тарбия,дүйнө тааным,иш билги,айтор,бардыгы болушу мүмкүн.Бир кемчилиги ден соолуктун өзгөрүшү.Азыр 35жашта эле климакска учурагандар бар.бул сенин эне болуу мүмкүнчүлүгүң түгөндү деген сөз.Климакс аялдын жыныстык системасынын иштешинин төмөндөп барып токтошу.Мында аялдын эн бездери жыныстык гормондор болуп эсептелген эстроген менен прогестеронду иштеп чыгаруусун токтотот.Гормондор жок этек кио келбей калат,демек,эне болуу мүмкүнчулүгү токтойт.Медицинада климакстык убакыттын өтүшү менен организмде пайда болчу процесс катарысыпатташат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!