И. Раззаков ат. КМТУнун Политехникалык колледжи
Тема: Эсенгул Ибраевдин өмүрү-чыгармачылыгы
Окутуучу: Б.К.Эсенгулова
Эсенгул Ибраев Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Тянь-Шань районундагы Чет-Нура кыштагында 1933-жылы 16-мартта туулган
Өмүр жолу
1952-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн
1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган
Билимдүүгө дүйнө жарык
1961–1987-жж. республикалык саясий сатиралык «Чалкан» журналында адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орунбасары, башкы редактор болуп иштеген.
Эмгек жолу
1962-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын мүчөсү, Нарын «Ынтымак» коомунун президенти болгон.
Сыйлыктары
Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасы, Ардак грамоталары менен сыйланган.
1999-жылы Ата Түрк маданий борбору менен Ата Түрк Илим жана тарых боюнча кеңешинин ардактуу академиги,
1999-жылы Автордук укук-ту коргоо боюнча Швейцариялык «Суисанын» мүчөсү болгон.
1994-жылы «Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер»,
2001-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» наамы берилген.
2002-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын лауреаты болгон.
2006-жылы «Насыят» китебине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылган.
"Бир сабактын даны болуп,
Бир дененин жаны болуп,
Бир камчынын сабы болуп,
Бир тамырдын каны болуп,
Нарк насили бийик кыргыз,
Бөлүнгөндү бөрү жээрин билип кыргыз,
Ынтымакка бирик, кыргыз".
Бул саптар бүгүнкү күндө да улуттук идеологиябыздын башатында айтылчу даанышман кептер.
Алыска чуркаар күлүктөй болуп Эсенгул Ибраев чыгармачылык жолунда чарчап калбай улам алдыга чоң дем менен жүрүп олтурган. Кыргыз деп күйүп жанып, даанышмандык ойлорун айтып, "Ойлон кыргыз", "Жан дүйнө жаңырыгы". "Улут болсом тилим менен улутмун" аттуу публицистикалык поэмаларын ар кыргыз туу тутуп, күн сайын окуп, сабак алгыдай деңгээлде жаратып,элине калтырган мурасындай таштап кетти.
Чыгармалары
Ырлары , сатиралары 1952-жылдан баштап жарыялана баштаган.
«Бөбөгүм» аттуу туңгуч ыр жыйнагы 1964-жылы жарык көргөн.
1968- «Таң шоокуму»
1979-жылы «Закымдар»
!981-жылы « Эңсөө»
1984-жылы «Белес»
1985-жылы «Мөмөлүү дарак»
1994-жылы «Дабан» аттуу 20 ашык ыр киттептери жарык көргөн
1994-жылдан баштап Ибраев мыкты сатирик катары таанымал боло баштаган.
Акындын «Качып кетиптир», «Балпык», «Эчак толтурмак экен», «Иттигим бар», «Антерин го антемин» «Чала ошого чала», «Профессор болмок» сатиралык ырларында турмуштук социалдык темага кайрылып, негизги идеясы көралбастыкка, ичкиликке, каршы күрөшкөн.
1970-жылы «Ичиң күйсө» деген ат менен сатиралык ырлар жынагы жарык көрүп, 15 тамсил, 18 эпиграмма кирген
Кыргыз эли Эсенгул Ибраевдей акынын эч качан эсинен чыгарбайт. Акындын ыр саптарындагыдай:
"Бул жашоодо,чындык бар да төгүн бар,
Жанган от бар,жана өчкөн көмүр бар,
Өлдү бүттү дегендерге кошулбайм,
Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар",-демечи,залкар акындын экинчи өмүрү кылымдарды карытып улана берсин.
Көңул бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!