СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эскертуучу белгилер тарбиялык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

тарбиялык саат: Эскертуучу белгилер

Просмотр содержимого документа
«Эскертуучу белгилер тарбиялык саат»

Сабактын темасы: Эскертүү белгилери

Сабактын максаты: Окуучулар эскертүү белгилери жөнүндө маалымат алышат.Алган билимдерин жолдо жүргөндө колдоно билишет.

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр

Сабактын жүрушү:

Мугалим окуучуларга эскертүү белгилери кандай жерлерле орнотулат деп ойлойсунар? деген суроо узатып, алардын оюн угуп, теманы түшундүрөт.

Жол белгилери жана көрсөткүчтөрү – жолдо жүрүүчүлөргө (унаа айдоочу жана жөө жүрүүчүлөр) жолдо жүрүү шарты, жүрүү маршруту жөнүндө маалымат берүүчү белгилер жана жазуулар. Алар белгилүү түстө, формада жана чоңдукта жасалып, көчөнүн, жолдун, магистралдардын боюна, жүрүү багытынын оң жагына орнотулат. Автомобиль кыймылы боюнча Париж конвенциясында (1909) төрт (жолдун кесилиши, темир жол кесилиши, ийри-муйру жол, өңгүл-дөңгүл жол) эскертүүчү белгиси бар алгачкы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө макулдашуу кабыл алынган.

Эскертүүчү белгилер
Эскертүүчү белгилер эч нерсеге тыюу салбайт, бирок алдын ала боло турган кырсыктардан алдын алуу үчүн эскертет. Бардык эскертүүчү белгилер кызыл кыюусу бар үч бурчтук формага ээ.

Таштардын кулоосу
Бул белги таштардын кулоосун, жердин көчүүсүн, жол жээктериндеги уроолорду эскертет.

Майда таштардын чачыроосу
Бул белги машинанын дөңгөлөгүнөн майда таштардын, шагылдардын ж.б ыргуусун эскертет.

Жол иштери
Бул белги жолдо жумушчулардын иштеп жаткандыгын, атайын техниканын, аңдардын ж. б. болушун эскертет.

Балдар
Бул белги жолдо балдардын жолдон өтүшү мүмкүн экендигин эскертет. Мындай белги эреже катары балдар мекемелеринин (бала бакча, мектептердин) жанында коюлат.

Тоскучу жок темир жол кесип өтүүсү
Бул белгини тоскуч менен тосулбаган темир жол кесилишинде орнотушат. Эскертүү!!! Бул кесилиштен өткөндө абайлагыла, жакындап келе жаткан поезд жоктугуна көңүл бургула!

Тоскучу бар темир жол кесип өтүүсү
Бул белгини тоскуч менен тосулган темир жол кесилишине орнотушат.

Жыйынтыктоо: мугалим окуучуларга эскертүүчү белгилерди көрсөтүп, эске тутуусун текшерет