Просмотр содержимого документа
«Эссе кандай жазылат? доклад»
Эссе жана рецензия
- «Эссе» сөзү француз тилинен алынган жана ал еssae- «аракет, киришүү, тажрыйба» дегенди түшүндүрөт.
Эссе жанры – чыгармачылыктын бардык эле жанры сыяктуу адамдын ички толгонуусун чагылдырган, эркин жазылуучу чыгарманын бир түрү.
Эссе - «жүрөктүн музыкасы».
Эссе – коомдогу маанилүү, курч маселелер менен бетме-бет келүү, аларды чечүүнүн жолдорун сунуштоо.
- Эссе – чыгармачылыкты баштоочу да, көнүктүрүүчү да жанр.
- Анын көлөмүнө чек коюлбайт. Автордун айтайын деген ою ар түрдүү көлөмдө жазылат.
- Эссе кептин ой жүгүртүү, баяндоо, сүрөттөө түрлөрүндө жазылат.
Эссе жазуунун эрежелери
- Кызыктуу теманы тандоо;
- Айта турган ойду аныктоо, эмнени айткысы келет, ошону табуу; демек, проблеманы кое билүү туурасында сөз баратат.
- Бирөөнүн жетегине түшпөй, ар ким, окуучу болобу, студент болобу, теманы өз алдынча ача алуу, өз көз карашын билдирүү, өз сөзүн айтуу.
Эссенин формалык-жанрдык түрлөрү
эссе-ой жүгүртүү,
эссе-изилдөө,
эссе-аӊгеме,
эссе-мүнөздөмө,
эссе-этюд,
эссе-очерк,
эссе-эскерүү,
эссе-гипотеза
Эссе-диалог
Эссе-жомок
Эссе-монолог
Эссе - кат
- Эссе жанрында көлөмдүү чыгармалар (роман, повесть) жазылган тажрыйбаларды да кездештирүүгө болот. Алар:
- Кеңеш Жусуповдун «Ата Журт», «Ыр сабындагы өмүр» повесть-эссе жанрында жазылган.
- Абдыкерим Муратовдун «Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров» эссе-эскерүү жанрында жазылган көлөмдүү чыгарма болуп саналат.
Эссенин структурасы
- Киришүү
- Негизги бөлүм
- Корутунду
- Киришүүгө теманы ачуу, алдыдагы максатты белгилөө, ой жүгүртүүүчү проблеманы коюу мүнөздүү.
- Негизги бөлүгүндө, айтайын деген оюн ортого салуу, оюнун орчундуу экенин далилдөө, ал үчүн аргументтерди келтирүү, турмуштук мисалдарды тартуу, жеке көз карашын туюнтуу ишке ашат.
- Корутундусунда болсо, адаттагыдай эле, жалпы ойду жыйынтыктап, эмне маселелер козголгондугу дагы бир ирет айтылып, иш жалпыланат.
Эссе жазууда эске алынуучу жагдайлар
- теманы аныктоого айрыкча маани берүү зарылдыгы.
- эссенин темасына жараша атын коюуга өтө маани берилүүсү керек. Анда учурга жараша жарк эте көрүнө калар, адамдын сезимине жете турган, учкул ойду камтып тургандай ат коюу талап кылынат.
- мазмундуу материалдарды топтоштуруу, фактыларды тандоо, айрыкча маанилүүлөрүн топтоо, аларды талдоо мүнөздүү.
- жалпы окурмандардын бүйүрүн кызыткан талылуу проблеманы кое билүү, ага жараша жеке көз карашын алып чыгуу
- проблеманын үстүндө ой жүгүртө алуу, цитаталарды пайдалануу, курч сөздөрдү, афоризмдерди, учкул сөздөрдү колдонуу, адамдын окугусун келтирген ойлорду алдыга коюу.
- маанилүү тезистерди белгилеп айта билүү, салыштырууларды, күчтүү сүрөттөөлөрдү, тереӊ ой жүгүртүүлөрдү бөлүп көрсөтүү.
- философиялуу ой корутундусуна келүү жана маанилүү сунуштарды айтуу, аны турмушка ашыруу жолдорун так көрсөтүү.
Эссенин деңгээлин түшүрүүчү жагдайлар
- Тема жөнүндө маалыматтык так, кенен эместиги;
- Ойдун жардылыгы, орунсуз кайталоолор;
- Негизги ойду айта албай, айланчыктап жүрө берүү, көп сөздүүлүк;
- Теманы ачууда факт, аргументтердин жетишпестиги;
- Көркөм сөз каражаттарын, цитаталардын колдонулбагандыгы.
Кыскалык – таланттын сиңдиси.
А.П.Чехов
Жазуучу айтайын деген оюн сүйлөө эмес, жазуу керек.
Эрнест Хемингуей
Талант – бир пайыз, калган токсон тогуз пайызы – аракет.
Томас Эдисон
Отзыв жана рецензия
- Окулган чыгарма, көрүлгөн кино, спетаклдин негизинде жазылган иш.
- Отзывда маалыматтар тереңдетилип, кенен берилбейт.
- Рецензия - отзывдын өнүккөн түрү.
- Ал адабий көз карашты калыптандырып, жазуу маданиятын көтөрүүгө, илимий жана публицистикалык стилдерди айкалыштырууга көмөктөшөт.
Рецензия жазуу үчүн талап кылынуучу нерселер:
- Чыгарманын мүнөзүн, темасын, идеялык мазмунун, проблематикасын аныктоо;
- Сөз болуп жаткан автордун стилин мүнөздөп, анын көркөм ыкмаларын түшүндүрүү;
- Чыгарма боюнча пикир айтып, ошол пикирлерди аргументтүү далилдеп, рецензияланып жаткан эмгекке жалпы баа берүү;
- Ой-сезимди сабаттуу, бийик адабий деңгээлде, таасын, так берүүгө аракеттенүү;
- Рецензияланып жаткан чыгарманы ага жакын темадагы, идеядагы башка чыгарма менен салыштырууга да болот.
ррр

Көркөм чыгармага жазылган рецензиянын мазмунун эмнелер камтыш керек
- Автор жана анын китеби жөнүндө кыскача маалымат;
- Рецензияланып жаткан чыгарманын темасы, идеясы, андагы автордун ниети, проблематикасы, актуалдуулугу эмнеде;
- Чыгарманын композициялык өзгөчөлүгү эмнеде, анын идеялык мазмунун ачуудагы өзгөчөлүгү;
- Жазуучунун таланты, сөз куруу чеберчилик деңгээли;
- Рецензияланып жаткан чыгарма жараткан, аны окугандан улам пайда болгон ойлор, сезимдер.
- Автордун чыгармасындагы сүрөттөөнүн чындык менен байланышы, эстетикалык көз карашы.
Тапшырма эссе жазуу
1. «Ыр - гүлдөн жасалган терезе»
2. «Мугалимге кат»
(эссе-кат)
3. «Коомдогу мени түйшөлткөн көрүнүштөр»
(эссе – ой толгоо)
4. Таң. Чак түш. Күүгүм. Түн каракчы. Күндүн батышы.
(эссе - этюд )
«Айтматовду мен ушул чыгармасы менен тааныгам...»