СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
“САНАРИП КЫРГЫЗСТАН 2019-2023” САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯНЫН КОНЦЕПЦИЯСЫ
МАЗМУНУ
1. КЫСКАРТУУЛАР ЖАНА АББРЕВИАТУРАЛАР.
2. КИРИШ СӨЗ.
3. КОНЦЕПЦИЯНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРЫ.
3.1. КӨЗ КАРАШ.
3.2. СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАР.
4. ТРАНСФОРМАЦИЯНЫН САНАРИП ЭМЕС НЕГИЗДЕРИ.
4.1. САНАРИП КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ.
4.2. ЧЕНЕМДИК ЖАНА УКУКТУК БАЗАНЫ ӨРКҮНДӨТҮҮ.
4.3. ТЕЗДЕТИЛГЕН САНАРИП ТРАНСФОРМАЦИЯ ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК ИНСТИТУТТАРДЫН РОЛУ.
5. ТРАНСФОРМАЦИЯНЫН САНАРИП НЕГИЗДЕРИ.
5.1. САНАРИП ИНФРАСТРУКТУРАСЫ ЖАНА ПЛАТФОРМАЛАР.
5.2. САНАРИП МАМЛЕКЕТТИ ӨНҮКТҮРҮҮ.
5.3. САНАРИП ЭКОНОМИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ.
6. БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ.
7. КОНЦЕПЦИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ ЭТАПТАРЫ.
8. КОНЦЕПЦИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУНУН МАКСАТТУУ ИНДИКАТОРЛОРУ
1. КЫСКАРТУУЛАР ЖАНА АББРЕВИАТУРАЛАР
№ | Кыскартуу | Мааниси |
1. | КР | Кыргыз Республикасы |
2. | ЕАЭБ | Евразия экономикалык бирлиги |
3. | ДСУ | Дүйнөлүк соода уюму |
4. | МИБ | Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору |
5. | МКТ | Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар |
6. | МТ | Маалыматтык технологиялар |
7. | ЖОЖ | Жогорку окуу жайлары |
8. | ЖТП | Кыргыз Республикасынын жогорку технологиялар паркы |
9. | IoT/IoE | Буюмдар интернети/бардык интернет |
10. | Wi Fi | Өткөргүчсүз локалдуу тармак технологиясы |
11. | МЖӨ | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
12. | ӨЭУ | Өкмөттүк эмес уюмдар |
13. | КЭУ | Коммерциялык эмес уюмдар |
14. | ДЭФ | Дүйнөлүк экономикалык форум |
15. | ЭМ | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
16. | ИИМ | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
17. | МТБМК | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
18. | МКК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
19. | ДБ | Дүйнөлүк банк |
20. | ЭЭБ | Электр байланыш эл аралык бирлиги |
21. | БУУ | Бириккен Улуттар Уюму |
22. | КТК | Интернет тармагына кеңири-тилкелик кирүү |
23. | ББОЛ | Байланыштын була-оптикалык линиясы |
24. | КРУБ | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
25. | ДМЧА | Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар |
26. | ЧОБ | Чакан жана орто бизнес |
27. | 2018-2040 КР ӨУС | 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегияс |
2. КИРИШ СӨЗ
2018-жылы 2018- 2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынган, анда өлкөнү санарип трансформациялоо контурлары белгиленген.
“Санарип Кыргызстан 2019-2023” санарип трансформация концепциясы башкаруу түзүмүн, системасын жана өлкөнү санариптештирүү процессинин негиздерин аныктайт.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында экономикалык өсүшкө, мамлекеттик башкарууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, бизнес жүргүзүү жолдоруна жана адамдардын жашоо шартына таасир тийгизген санарип технологияларды өнүктүрүүнүн катышуучусу болуу мүмкүнчүлүгү бар.
Заманбап технологияларды өз убагында жана натыйжалуу колдонуу жана биздин коомду санарипке өткөрүүдөн пайда табуу максатында санарип эмес факторлордон турган бекем негизди түзүү зарыл.
Бул факторлор заманбап жана адаптивдүү мамлекеттик институттарды куруу сыяктуу мамлекетти өнүктүрүү үчүн маанилүү элементтерди, адам капиталына инвестицияларды, ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуунун жана жаңыртуунун ийкемдүү механизмдерин түзүүнү, илимий-изилдөө ишин жана бизнестеги инновацияларды колдоону, экономиканын өсүшүнө түрткү берген ишкер чөйрөнү бириктирүүнү өзүнө камтыйт.
Санарип трансформациянын негиз салуучу элементтери боло турган санарип факторлору дагы маанилүү артыкчылык болуп саналат. Факторлордун бири болуп эл аралык деңгээлдеги инфраструктураны куруу саналат. Биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын бардык аймагында Интернетке жалпы кеңири тилкелүү жетүүнү камсыздоо керек.
Маалымат берүүнүн глобалдуу тармактары жана магистралдары менен өлкөнү бир топ кыйла натыйжалуу, ишенимдүү жана кымбат эмес кошууну камсыздоо маанилүү. Маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, сактоо жана талдоо үчүн инфраструктураны түзүүгө көңүл буруу зарыл. Өлкөнүн энергиялык потенциалын колдонуу жана эл аралык стандарттар боюнча тийиштүү коопсуздукту камсыздоо менен биз республикада региондук дата-борборлорду кура алабыз. Көмүскө технологияларды колдонуу менен региондук дата-борборлор эл аралык өнөктөштүн драйвери болот жана ишенимдүү, анча кымбат эмес эсептөө жана топтоо кубаттуулугун сунуштайт.
Заманбап санарип инфраструктура мамлекеттин, жеке сектордун жана жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы платформасын түзүүгө мүмкүндүк берет. “Акылдуу шаар”, “акылдуу фермалар”, “акылдуу фабрикалар” же “акылдуу транспорт” сыяктуу “акылдуу” чечимдерди бардык жерге киргизүүгө мүмкүндүк пайда болот.
Жогоруда саналып өткөн факторлор Кыргыз Республикасында санарип экономиканы өнүктүрүүгө негиз болуп кызмат кылат. Бул биздин өлкөнү региондогу жаңы технологиялык чечимдердин жана инновациялардын катализатору жана жол көрсөткүчү кылууга мүмкүндүк берет. Технологиялык долбоорлордун пайда болушуна, компаниялардын ички иштеп чыгууларына, академиялык коомдоштуктардын илимий изилдөөлөрүнө, инновациялык технологиялык парктарды жана лабораторияларды түзүүгө дем берүү менен өздүк чечимдерди иштеп чыгууну пландарга ылайык алдыга жылдыруу керек.
Бир топ өнүккөн өлкөлөрдүн технологияларын өздөштүрүү жана жайылтуу максатында Кыргыз Республикасы технологиялык трансфердин эл аралык борборун калыптандыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө тийиш.
Эл аралык финансылык рынокторго катышуу, патенттерди эл аралык таануу жана коргоо механизмдери, эл аралык технологиялык компаниялардын киришине дем берүү, технологияны иштеп чыгууга түз инвестицияларды тартуу жана жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистерди ишке орноштуруу зарыл катализаторлор болуп калат.
Санарип технологиялардын биринчи бенефициарлары болуп 2018-2040 КР ӨУСте белгиленген туризм, айыл чарба, телекоммуникациялар, банк сектору, жеңил өнөр жайы жана курулуш сыяктуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын секторлору болууга тийиш.
Кыргыз Республикасы ЕАЭБ жана ДСУ сыяктуу эл аралык жана региондук бирикмелердин мүмкүнчүлүктөрүн жана механизмдерин колдонуу менен биздин өнөктөштөрдүн керектөөсүн активдүү изилдөөгө, технологияларды экспорттоого тийиш.
Кыргыз Республикасы “Түндүк” бирдиктүү системасы аркылуу шайлоо системасын санариптештирүүдө, мамлекеттик органдарды интеграциялоодо жана өз ара аракеттенүүдө кандайдыр бир ийгиликтерге жетишти. Мамлекеттик органдардын айрым кызмат көрсөтүүлөрү санарип форматына өткөрүлдү жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталынын жардамы менен Интернет аркылуу жеткиликтүү болду.
Ушундай принцип менен мамлекеттик органдар кардарга арналган санарип кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө тийиш. Санарип маалыматтарды колдонууга негизделген стратегияларды ишке ашыруу жана чечимдерди кабыл алуу маданиятын калыптандыруу зарыл. Өкмөт платформа болушу керек, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жарандардын жана жеке сектордун катышуусуна андан ары дем берет. Киберкоопсуздуктун жетиштүү деңгээлин жана жарандардын жеке маалыматтарын коргоону камсыздоо менен мамлекеттик кызыкчылыктарды жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча зарыл иш-аракеттерди дайыма жүргүзүү керек.
Ошентип, ушул Концепцияны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын санарип трансформациясын жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүгө мүмкүндүк берет.
3. КОНЦЕПЦИЯНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРЫ
3.1. КӨЗ КАРАШ
Санарип трансформация өлкөдөгү технологиялык өзгөрүүлөргө алып келет жана биздин экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, жарандардын жашоо деңгээлин жана мамлекеттин натыйжалуулугун жогорулатат.
Кыргыз Республикасы глобалдуу дүйнө менен интеграцияланган, динамикалуу өсүп жаткан инновациялык экосистеманы билдирет жана технологияларды, инвестицияларды жана квалификациялуу кадрларды тартат.
Кыргыз Республикасы кыргызстандыктарга жана жергиликтүү бизнеске глобалдуу рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү жана талапка ылайык болууга мүмкүндүк берген технологиялардын жана инновациялардын аркасынан дүйнөлүк экономикада өзүнүн татыктуу ордун табат.
Кыргыз Республикасында жасалма интеллект, ири маалыматтар жана көмүскө эсептөө технологиялары сыяктуу алдыңкы санарип технологиялары активдүү колдонулат.
3.2. СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАР
Өлкөнү санарип өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары ушул Концепциянын алкагында 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына толугу менен шайкеш келет жана төмөнкүдөй артыкчылыктуу милдеттерди алдына коет:
1-милдет. Санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү
Адам потенциалын өнүктүрүү чөйрөсүндө студенттерге жана мектеп окуучуларына билим берүү стандарттарын, көндүмдөрүн жана билимин өркүндөтүү аркылуу санарип экономиканын шарттарында аларды ийгиликтүү ишке орноштуруу үчүн зарыл болгон жогорку жана орто (мектеп) билим берүү системасын жаңылоо жана биздин жарандардын өлкөнүн ичинде эле эмес, региондук жана глобалдуу эмгек рынокторунда дагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана талап кылынышын камсыздоо, калкты иш менен камсыздоо жана бакубаттык деңгээлин жогорулатуу жүргүзүлөт.
Адам капиталы Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы болуп саналат. Технологиялык өзгөрүүлөрдүн шарттарында релеванттуулукту сактоо үчүн биздин адистер терең билимге ээ болууга жана жаңы көндүмдөрдү өнүктүрүүгө тийиш. Бул үчүн кошумча билим берүү институттары аркылуу окутуу жана кайра квалификациялоо үчүн жакшыртылган шарттарды түзүү зарыл.
Академиялык жана бизнес-түзүмдөрдүн кызматташтыгы инновациялык борборлордун аянттары аркылуу ишке ашырылат, анда бизнес жана мамлекет технологиянын жаңы жетишкендиктерин колдонуу менен конкреттүү инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгууну жана пилоттоону инвестициялайт.
2-милдет. Сапаттуу санарип кызмат көрсөтүү, мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун, жыйынтыктуулугун, ачык-айкындыгын, отчеттуулугун жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын санарип трансформациялоо аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык чечимдерди кабыл алуу процессине жарандарды тартуу деңгээлин жогорулатуу.
Иш-аракеттер мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, мамлекеттик жана муниципалдык санарип кызмат көрсөтүүлөрүн киргизүү жана ички процесстерди, жол-жоболорду жана регламенттерди автоматташтыруу аркылуу коррупцияны түп-тамырынан бери жоюуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын ушул иштин легитимдүүлүгүн камсыздоо үчүн өркүндөтүүгө багытталат.
Укук тартиби жана сот адилеттиги системасында укуктун үстөмдүгүн камсыздоо жана коррупцияны жок кылуу боюнча бийликтин укук коргоо органдарынын жана сот тармагынын жарандар жана бизнес-түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүлөрүнүн санарип каражаттарын киргизүү, ички процесстерди толук автоматташтыруу аркылуу ишке ашырылат.
3-милдет. Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын санарип трансформациялоо аркылуу экономикалык өсүштү камсыздоо, эл аралык өнөктөштүктү күчөтүү жана жаңы экономикалык кластерлерди түзүү.
Тездик менен технологиялык жаңылануу жана инновациялар шарттарында Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшү орто мөөнөттүү келечекте төмөнкү үч артыкчылыктуу маселени чечүү аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн:
■ бизнес процесстерди жана өндүрүш тутумдарын санарип трансформациялоо, финансылык технологияларды киргизүү, компетенттүү адистер менен камсыздоо, өзгөчө 2018-2040 КР ӨУСтө белгиленген экономиканын артыкчылыктуу тармактарында МКТ-инфраструктураны жана санарип платформаларды өнүктүрүү ата мекендик компаниялардын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет жана өлкөнүн экспорттук потенциалын бекемдейт.
■ Кыргыз Республикасынын өнөктөш өлкөлөрүнүн санарип экономикасын өнүктүрүү стратегиясын пайдалануу, 2025 ЕАЭБдин санарип күн тартибин колдонуу, “Бир алкак – бир жол” программасы аркылуу санарип жибек жолун калыбына келтирүү жана башка региондук санарип инфраструктураны өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорлор жеке сектор үчүн сатуу рыногун кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн түзөт жана өндүрүштүн глобалдуу тутумуна катышууга мүмкүндүк берет.
■ санарип технологияларды өнүктүрүү жана аларды иштеп чыгуу боюнча тоскоолдуктарды азайтуу өлкөдөгү таптакыр жаңы экономикалык кластерлерди түзөт. Күнүмдүк жана кайталанма маселелерди чечүүнү автоматташтыруу, транзакцияларды, блокчейн технологияларын колдонууну жана башка көптөгөн технологияларды толук көзөмөлдөөнү камсыздоо жаңы технологиялык чечимдерди иштеп чыгууда жана экспорттоодо жеке сектордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, анын натыйжасында экономиканын инновациялык жана креативдүү кластерлери түзүлөт.
4. ТРАНСФОРМАЦИЯНЫН САНАРИП ЭМЕС НЕГИЗДЕРИ
4.1. САНАРИП КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ
Жогорку билимдүү, технологиялык прогрессивдүү калк коомдук өнүгүүнүн жана өлкөнүн атаандаштык артыкчылыгын куруунун негизи катарында каралат.
Санарип сабаттуулук боюнча жаңы билим берүү стандарттары зарыл, ага окуу биздин өлкөнүн ар бир жараны үчүн жеткиликтүү болот. Маалыматтык технологиялардын доорунда калктын санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн маанилүү түзүмү, жаңы жумуш орундарын түзүү, социалдык көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле жарандык коомдун тартылышын көбөйтүү жана анын активдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Концепциянын алкагында, санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар аныкталды:
• билим берүү системасынын бардык деңгээлдерине санарип билим берүүнү киргизүү жана санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү;
• МТ-билим берүүнү өнүктүрүү, МТ-индустриясы үчүн жогорку класстагы МТ-адистерин кеңири масштабда даярдоо;
• бүтүндөй калк үчүн, аярлуу топторду кошуу менен, санарип көндүмдөргө окутуу жана кайра окутуу системасын иштеп чыгуу;
• улуттук санарип контентти жергиликтүү тилдерде өнүктүрүү.
4.1.1. Санарип билим берүүнү жалпы билим берүү системасына киргизүү
Мамлекет билим берүү системасын санарип экономиканын керектөөлөрүнө ыңгайлаштыруу боюнча биринчи кадамдарды таштады, тактап айтканда билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде: орто билим берүүдө, орто атайын жана жогорку кесиптик билим берүүдө эскирген программаларды жаңылоо боюнча иштер башталды. Эмгек рыногунун сандык-сапаттык күтүүлөрүнө максималдуу жакындоо үчүн МТ-билим берүүнү өнүктүрүү жаатындагы эксперттерди, индустриядан өнөктөштөрдү кошуп тартуунун эсебинен бул процесс күчөтүлүүгө тийиш.
Орто мектептин деңгээлинде билим берүү процессине санарип технологияларын киргизүү боюнча комплекстүү программа болуп саналган “Акылдуу мектеп” (“Умная школа”) программасын ишке ашырууну тездетүү зарыл, ал төрт негизги компоненттен турат:
• мугалимдердин МТ-компетенциясын өнүктүрүү;
• окуучулардын санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү;
• санарип билим берүү контентин өнүктүрүү;
• мектептеги МТ-инфраструктурасын өнүктүрүү.
“Акылдуу шаар” программасын ишке ашыруу билим берүү процессинде МТны колдонуунун натыйжалуулугун гана жогорулатпастан, бүтүндөй билим берүү сапатын жогорулатууга, өлкөнүн региондорунун, айылдардын жана шаарлардын, түрдүү тилде окуткан мектептердин окуучуларынын билим жагынан жетишкендиктеринин ортосундагы айырмачылыкты кыскартууга көмөк көрсөтүшү керек.
Кесиптик билим берүү деңгээлинде билим берүү жана кесиптик стандарттарды дагы кайра карап чыгуу талап кылынат, анткени адамдын эмгегин акырындык менен машинага алмаштыруу жана төмөн квалификациялуу эмгек күчүнүн көп үлүшүн бошотуу ишке жөндөмдүү калкты иш менен камсыздоодо мамлекет үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
Жакынкы бир нече жылдарда ири маалыматтар массивин талдоо жана жеке маалыматтарды коргоо, санарип маркетинг жана социалдык тармактарда алдыга жылдыруу боюнча адистердин талап кылынары күтүлүүдө. Эмгек рыногунун ушул өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусу ийгиликтүү өтүшү үчүн кесиптик жана кошумча билим берүү системасын күн мурунтан кайра түзүү жана аларды жаңы санарип экономиканын керектөөлөрүнө шайкеш келтирүү маанилүү.
Бул үчүн Өкмөттүн, окуу жайлардын жана иш берүүчүлөрдүн биргелешкен күч-аракети талап кылынат, анткени бошогон персоналды кайра окутуу жана кайра жайгаштыруу гана керек болбостон, билим берүү мекемелеринин жана персоналды кайра даярдоо борборлорунун инфрасруктурасынын, программаларынын жана ыкмаларынын шайкештигин камсыздоо, санарип доордун чакырыктарына таасирдүү жоопторду иштеп чыгуу керек. Чечимдерди кабыл алууну кечеңдетүү калктын белгилүү бөлүгүн ишке орноштуруу маселелеринде белгисиздикке алып келет.
Билим берүү программаларынын актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн камсыздоо жана билим берүү системасынын рыноктун талаптарына ыңгайлашуу убактысын кыскартуу үчүн билим берүү жана изилдөө уюмдарынын бири-бири менен, бизнес-коомчулук жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү маанилүү.
Санарип технологияларды жана платформаларды өнүктүрүү жана киргизүү эмгек рыногуна оң таасир тийгизе алат, кадрларды издөө жеңилдейт, жумуш издөө мөөнөтү кыскарат, жумуш орундарында өндүрүмдүүлүк жогорулайт, аралыктык иш орундарын түзүүнүн жардамы менен иш менен камсыздандыруу кырдаалы (анын ичинен региондордо) жакшырат, квалификацияны жогорулатуунун жана кесиптик өз алдынча билим алуунун сапаттуу шаймандарына жеткиликтүүлүк жогорулайт.
Ушул Концепцияны ишке ашыруунун натыйжасында билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде “өмүр бою билим алуу”, “билим берүү траекторияларынын ийкемдүүлүгү”, “билим берүү курстарынын модулдуулугу” сыяктуу принциптердин негизинде масштабдуу трансформация жүрөт. Өздүк, социалдык көндүмдөрдү жана практикага, ошондой эле санарип билим берүү каражаттарын жана алыстан билим берүү форматын кошуу менен, заманбап окуу усулдарын, форматтарын жана куралдарын колдонууга багытталган предметтер аралык маселелерди чечүү көндүмдөрүнө көңүл бурулат.
4.1.2. МТ-билим берүүнү өнүктүрүү жана жогорку квалификациялуу МТ-адистерди даярдоо
“Санарип экономиканы” ийгиликтүү өнүктүрүү максатында билим берүү системасы жана кадрларды кайра даярдоо экономиканы санарип доордун талаптарына жооп берген адистер менен камсыздоого тийиш. Бул маселени артыкчылык катарында кароо керек, анткени жогорку квалификациялуу МТ-адистердин жетиштүү болушу санарип технологияларды колдонуу ийгилигинин бир шарты болуп саналат.
Бул үчүн билим берүү инфрасруктурасын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасында адистер өздөрүн көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аркылуу өздүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү колдоо зарыл.
МТ-адистерди даярдоого адистештирилген орто жана жогорку окуу жайлар окуу усулун, окуу форматын, билим берүү программаларын, потенциалдуу иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүгө болгон мамилелерди бир топ жаңылоого жана тездик менен өнүгүп жаткан МТ-индустриянын керектөөлөрүнө аларды ыңгайлаштырууга тийиш. Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жаңылоо (Интернетке кошуу, компьютердик техника менен жабдуу), уюмдар менен бирдикте кафедраларды түзүү, кесиптик лицейлердин жана университеттердин деңгээлинде технологиялык компаниялардын инкубаторлорун жана стартаптарды өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл.
Адистештирилген окуу жайлардын жана лицейлердин потенциалдуу иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү үчүн бардык деңгээлдеги билим берүү программаларына зарыл түзөтүүлөрдү киргизүү, күтүлүүчү эмгек рыногунун талаптарына жараша артыкчылыктуу адистиктердин тизмегин жана көндүмдөрдүн топторун түзүү үчүн кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана тактоо боюнча дайыма иш-чараларды жүргүзүү зарыл. Ошентип, “озууга” иштеген билим берүү инфраструктурасын курууга болот.
Жогорку квалификациялуу адистерди – окутуучуларды, тажрыйбалуу кесип ээлерин, технологиялык ишкерлерди, анын ичинен чет өлкөлөрдөн адистерди окутуу жана кайра даярдоо чөйрөсүнө тартуу программасы иштелип чыгууга тийиш. Бул кыска мөөнөттүн ичинде квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин жоюуга, ошондой эле көп талап кылынган технологиялык багыттар боюнча жаңы компетенциялар борборлорун өнүктүрүүгө жардам берет.
4.1.3. Бүтүндөй калк үчүн, анын ичинде аярлуу топтор үчүн санарип көндүмдөр
Концепция мамлекеттик башкаруу маселелерин, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүн, экономиканын реалдуу секторун кошуу менен коомдук мамилелердин бардык чөйрөлөрүнө санарип технологияларды жайылтууга багытталган. Санарип трансформация менен камсыздоонун негизги шайманы болуп жарандардын санарип технологиялар менен болгон иш көндүмдөрүн – санарип жана тармактык сабаттуулуктан тартып санарип технологиялар жаатында кыйла жогорку компетенттүүлүк деңгээлине жеткенге чейин туруктуу өркүндөтүү кызмат кылат.
Акыркы жылдардагы бардык жетишкендиктерге карабастан, дагы деле санарип ажырым бар, ал санарип технологияларга жеткиликтүүлүк жана колдонуу көндүмдөрү жаатындагы бирдей эместик менен, өзгөчө шаардык жана айылдык райондор ортосунда, ошондой эле жеткиликтүү жана алгылыктуу санарип кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына карата айырмачылыгы менен татаалданат, өзгөчө калктын аярлуу топтору үчүн: ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, улгайган адамдар, аялдар, балдар, жаштар жана чет өлкөлөрдөгү биздин мекендештер.
Азыркы убакта аялдар, ДМЧА, жаштар жана улгайган адамдар онлайн чөйрөгө кире алышпайт, алар өздөрүнүн социалдык-экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн санарип технологияларды кантип колдонуу керектиги менен катар эле компьютердик жана санарип көндүмдөрүнө базалык окутууга муктаж. Аларды тийиштүү көндүмдөр менен камсыздоодо санарип технологиялар калктын аярлуу тобун өлкөнү экономикалык өнүктүрүү процессине киргизүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
МКТ каражаттары менен иштөө көндүмдөрүнө үйрөнгөн өзгөчө керектөөлөргө ээ адамдар өздөрүнүн укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн МКТнын потенциалын колдоно алышат, анын ичинен иш издөө, ишкердик жана үзгүлтүксүз окуу. Бул жаштардын арасындагы глобалдуу жумушсуздук көйгөйлөрүнүн шартында, ошондой эле МКТ каражаттары менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүдө гендердик айырмачылык жагынан өзгөчө актуалдуу.
Бул үчүн бардыгына ачык маалыматтык коомду камсыздоо үчүн аялдардын, улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өзгөчө керектөөлөрүн эске алуу менен, учурдагы ченемдик укуктук актыларды жана санарип технологиялар жаатындагы көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн программалык документтерин кайра карап чыгуу зарыл.
Көндүмдөргө үйрөнүү менен бирге ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган адамдарга МКТ каражаттарын колдонууга карата тоскоолдуктар жоюлган жеткиликтүү МКТ каражаттарын камсыз кылуу зарыл.
Мында окуу программаларынын кеңири спектри менен онлайн жеткиликтүү билим берүү шаймандары өзгөчө ролду ойнойт: онлайн-кызмат көрсөтүүлөрүн алуу усулдарын, санарип ишкердикти практикалык үйрөнүү (бизнес ачуу жана башка адамдар үчүн жумуш орундарын түзүү үчүн зарыл технологияларды, көндүмдөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү; көмүскө эсептөө платформаларында өзүнүн бизнесин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүү), Интернет тармагындагы коопсуздук, маалыматтардын купуялуулугу жана коргоо маселелери боюнча (санарип мейкиндикте этика эрежелерин, ошондой эле жарандардын укуктарын жана милдеттерин билүү).
Аралыктык электрондук окуу усулдары аярлуу топторго гана жардам бербестен, бардык иштеп жаткан калкка өзүнүн квалификациясын жогорулатуу же жаңы кесиптерди өздөштүрүү үчүн жаңы билим алууга жана көндүмдөргө жардам берет. Ачык онлайн-курстар окуучулардын өздөрүнө ыңгайлуу режимде жаңы билим алууга мүмкүндүк берет, окуунун жыйынтыгында аларга тигил же бул билим берүү модулун өздөштүргөнү жөнүндө тийиштүү сертификаттар берилет (бул документтер алынган квалификацияны тастыктоо үчүн кызмат кылат). Онлайн-билим берүү системасын кеңири колдонуу кызматкерлерге санарип доорго карьералык жол куруу үчүн зарыл кошумча компетенцияларды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле чет өлкөлөрдөгү биздин мекендештер үчүн окуу жана квалификациясын жогорулатуу шарттарын түзүү керек. Санарип көндүмдөрүнө жана ишкердик боюнча билимге ээ болуу кесиптик өсүүнүн жана жашоо сапатын жогорулатуунун негизги факторлору болуп калат.
4.1.4. Улуттук санарип контентин мамлекеттик тилде өнүктүрүү
Санарип контент коомго жана өлкөнүн экономикасына артыкчылык берген негизги факторлордун бири болуп саналат жана экономикалык өсүштүн жана иш менен камсыздоонун негизги булагы болуп эсептелет. Өлкөнүн жарандарынын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган Интернеттин кыргыз сегментинде кыргыз тилдүү контенттин өнүкпөгөндүгү көпчүлүк айыл тургундарынын Интернет-мейкиндикти колдонуунун практикалык артыкчылыктарын көрбөгөндүгүнө алып келет.
“Санарип контент” – төмөнкү негизги процесстерди: түзүүнү, топтоону, башкарууну, иштеп чыгууну, сактоону, бөлүштүрүүнү, жеткиликтүүлүктү, колдонууну жана жок кылууну камтыган электрондук түрдөгү бардык маалымат.
Адамдар үчүн алардын эне тилинде болгон, алар жашаган жана иштеген коомдо талап кылынган контент көбүрөөк маанилүү. ЮНЕСКО “жергиликтүү контентти” “жергиликтүү коомдоштуктун кырдаалында түзүлгөн жана ыңгайлаштырылган билимди жана тажрыйбаны көрсөтүү жана берүү” катарында аныктайт.
Калктын кыйла кеңири катмарын тартуу максатында улуттук санарип контентин мамлекеттик тилде өнүктүрүү иш менен камсыздоо жана ишке орноштуруу көйгөйүнүн бир бөлүгүн чечүүгө мүмкүндүк берет.
4.2. ЧЕНЕМДИК ЖАНА УКУКТУК БАЗАНЫ ӨРКҮНДӨТҮҮ
4.2.1. Туруктуу инновациялык өнүгүүгө өбөлгө болгон жагымдуу чөйрөнү түзүү
Санарип экономикада инновацияларды, МКТ инфраструктурасын жана кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө болгон жагымдуу саясий жана ченемдик чөйрөнү түзүү, санарип технологиялардын секторлор аралык мүнөзүн эске алуу менен башка секторлор менен байланышын жана кызматташуусун бекемдөө максатында туруктуу жана үзгүлтүксүз негизде мыйзам актыларын өз убагында өркүндөтүү талап кылынат.
Иш натыйжалуу санариптик трансформациялоого бөгөт болгон укуктук тоскоолдуктарды аныктоого жана санариптик трансформациялоону ишке ашыруунун камсыз кылуу жана зарыл болгон укуктук ченемдик базаны иштеп чыгуу жолу менен аны жоюуга багытталат. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнүн максаты болуп интеллектуалдык менчикти коргоого, “жөнгө салуу жайлары” аркылуу инновацияларды сынмык түрүндө киргизүүнүн ийкемдүү механизмдерин түзүүгө, инновацияларга инвестицияларды тартууга дем берүүгө жана коргоого, өзгөчө МТК чөйрөсүндө чакан жана орто бизнести колдоого, чет өлкөлүк жогорку квалификациялуу адистерди тартууга, ошондой эле МКТнын улуттук рыногун активдештирүүгө жана МТКга бардык жарандардын кошулуусу үчүн алгылыктуу бааны камсыз кылууга багытталган реформаларды киргизүү эсептелет.
Санарип трансформациянын чакырыктарынан алганда ушул Концепцияны ишке ашырууда Өкмөткө инновациялык мамилелерди жана алдыңкы пилоттук үлгүлөрдү колдонууга ыйгарым укук берүү менен, санариптештирүү маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу системасын укуктук кайра түзүү зарыл.
Электрондук соода, маалыматтарды коргоо сыяктуу сегменттерге ийкемдүү ченемдик жөнгө салууну киргизүү керек. Санарип экономика шарттарында эмгек рыногунун иштеши, мамлекеттик башкаруу системасына жана экономикага блокчейн технологияларын киргизүү, санарип тиркемелеринин ишиндеги жасалма интеллект үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү зарыл.
Тийиштүү укуктук алкактардын жардамы менен кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү өнүктүрүүгө жана жакшыртууга, маалыматтык технологияларга ишенимди жана коопсуз колдонууну камсыздоого жана тармактардын туруктуулугун жогорулатууга дем берүү жүргүзүлөт.
Ишмердик төмөнкү тармактардагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө багытталат:
• жеке маалыматтарды коргоо, көз карандысыз ыйгарым укуктуу органды түзүүнү, бузуулар үчүн жоопкерчилик киргизүүнү кошуу менен;
• электрондук кол тамганы колдонуу, санарип чөйрөдөгү ишенимдүү идентификация/аутентификация, салык чөйрөсүндө санарип формадагы эсеп жана отчеттуулук, бажы чөйрөсүндө санарип каражаттарын колдонуу менен тариздөө жана контролдоо, ошондой эле бирдиктүү Улуттук күбөлөндүрүүчү борборду түзүү маселелерин кошуу менен;
• мамлекеттик кызмат (мамлекеттик кызматчылардын санарип компетенцияларынын жана санарип көндүмдөрүнүн маселелери, аларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу);
• мамлекеттик башкаруу (электрондук башкаруу, санарип формада мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткаруу маселелери, электрондук документ жүгүртүү, электрондук катышуу, электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасын түзүү);
• маалыматка жетүү жана маалыматтык технологиялар, санарип форматтагы маалымат жүгүртүүнү кошуу менен, анын ичинен жеке маалыматтар (маалымат жайылтуу жана ага жетүү, анын ичинен ачык маалыматтар формасында, жеке маалыматтарды иштеп чыгуу, маалыматтык ресурстарды жана системаларды колдонуу маселелери, анын ичинен бөлүштүрүлгөн, көмүскө технологиялар, жасалма интеллект, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору жана аларды бириктирген байланыш каналдары, санарип маалыматтарды коргоо);
• телекоммуникациялык инфраструктура (техникалык жөнгө салуу маселелери, санарип жана телеком инфраструктурасын, кошулууну, тармактык нейтралдуулукту, монополияга каршы жөнгө салууну кошуу менен);
• санарип секторундагы айрым ишмердиктин түрлөрү (киберкоопсуздукту камсыздоо, санарип далилдерди колдонуу маселелери, интернет-сервистер, мобилдүү тиркемелер, электрондук төлөмдөр ж.б. үчүн ченемдик мүмкүнчүлүктөрдү түзүү);
• жарандык мыйзамдар (санарип формада келишимдерди жана бир тараптуу бүтүмдөрдү бекитүү жана аткаруу маселелери, санарип активдерге укуктарды бекитүү, ушундай активдер менен операцияларды жүргүзүү, электрондук формадагы эсептешүүлөр).
4.2.2. Ишенимди түзүү жана бекемдөө, технологияларды колдонууда коопсуздукту камсыздоо
МКТнын иштешинин жана аны колдонуунун маанилүү элементтеринин бири болуп коопсуздук саналат.
Бул үчүн катышкан бардык адамдардын коопсуздук маселелери жөнүндө билүүсү жана өзүнүн тийиштүү ролун аткаруусу талап кылынат.
Киберкоопсуздукка стратегиялык мамиле кылуу зарыл, мында социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча өлкөнүн көз-карашы санарип коопсуздук жаатындагы анын күн тартибине толук шайкеш келет. Киберкоопсуздук жаатындагы потенциалды өнүктүрүү киберчабуулдарды жүргүзгөн адамдарды жазалоо, адекваттуу техникалык жана адам ресурстары, ошондой эле киберкоркунучтарга оперативдүү көңүл буруу алкагында жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде өз ара пайдалуу туруктуу кызматташтык боюнча натыйжалуу мыйзамдарды камтыган, жакшы иштелип чыккан стратегиянын/концепциянын негизинде жүргүзүлөт.
Киберкоопсуздук маселелерин киберкоркунучтардын глобалдуу, улуттар аралык мүнөзүн эске алуу менен чечүү керек.
Киберкоопсуздук жаатында улуттук потенциалды өнүктүрүү, алдыңкы тажрыйба жөнүндө маалымат алмашуу, бүтүндөй коомчулукту тартуу жана кеңири масштабдагы өнөктөштүк мамилелерди түзүү зарыл.
Киберкоопсуздук жаатындагы ишке системалуу мамиле кылуу киберкоопсуздук саясатын жана стратегияларын жалпы улуттук пландарга киргизүү үчүн зарыл потенциалды жогорулатууга, ошондой эле уюштуруу потенциалын түзүүгө мүмкүндүк берет, анын ичинен төмөнкү иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында: глобалдуу деңгээлде киберкоопсуздук жаатындагы түрдүү өнөктөштүктү түзүү, кызматташтыкты активдештирүү жана эл аралык деңгээлде алдыңкы тажрыйба үлгүлөрүн алмашуу.
Ушул Концепцияны ишке ашыруунун жыйынтыктарынын бири болуп жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин коопсуздук деңгээлин камсыздоо үчүн кибермейкиндикте алардын жашоосундагы маанилүү кызыкчылыктарын коргоого жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана улуттук экономиканын санарип трансформациясын камсыздоого мүмкүндүк берген киберкоопсуздуктун улуттук саясатын түзүү болууга тийиш.
Ушул Концепцияны ишке ашыруунун алкагында кибермейкиндиктин тышкы жана ички коркунучтарына туруктуу өлкөнүн маалыматтык инфраструктурасынын коопсуздугун камсыздоо жаатында КРнын мамлекеттик саясатынын иштиктүү системасы түзүлөт, ишенип берилген жана иштелип чыккан маалыматтардын бүтүндүгү, жеткиликтүүлүгү, купуялуулугу кепилденет, кибер-кылмыш кылгандыгы үчүн милдеттүү жоопкерчилик принциби камсыздалат, киберкоопсуздуктун эрежелери жана стандарттары бирдейлештирилет, кадрларды даярдоонун заманбап ата мекендик илимий-билим берүү базасы түзүлөт жана киберкоопсуздук жаатындагы адистердин саны көбөйөт.
Киберкоопсуздуктун улуттук стратегиясы аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы менен бирге бекитилет.
4.3. ТЕЗДЕТИЛГЕН САНАРИП ТРАНСФОРМАЦИЯ ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК ИНСТИТУТТАРДЫН РОЛУ
Мамлекеттик институттарды жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу маданиятын жаңылабастан, санарип трансформация жүргүзүлүшү мүмкүн эмес. Заманбап дүйнөдө санариптештирүү ийгилигин аныктай турган маалыматтарды башкы башкаруучу же инновацияларды башкаруучу сыяктуу таптакыр жаңы кесиптер түзүлөт. Мамлекеттик институттар санарип шаймандарынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн керектөө үчүн шарттарды түзүүгө жана терең техникалык билими бар таланттуу кызматкерлерди жалдоого тийиш.
Өлкөнүн натыйжалуу санарип трансформациясын камсыздоодо бийликтин мыйзам чыгаруучу, соттук жана аткаруучу органдары өзгөчө роль ойнойт. Алсак, санарип трансформация үчүн жагымдуу укуктук жана институционалдык чөйрөнү камсыздоодо өзгөчө орунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ээлейт, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекитилип берилген ыйгарым укуктарынын алкагында санарип трансформацияга багытталган зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну камсыздайт.
Мыйзам актыларын кабыл алуу жана жаңылоо механизмдери динамикалуу өзгөргөн экономикалык чөйрөгө ыңгайлашууга жана өлкөнүн санарип экосистемасын өнүктүрүү менен бирге жүрүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, аткаруучу бийликтин жогорку органы катарында, санарип трансформациянын кабыл алынган мыйзам актыларын, мамлекеттик программаларын ишке ашырууну, экономиканын бардык секторлорун, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча бирдиктүү саясатты жүргүзүүнү камсыздоого чакырылган. Анын ичинен, бүтүндөй калкты санарип көндүмдөрүнө окутуу жана өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу керек.
Ушул Концепцияны ишке ашырууда маалыматташтыруу, электрондук башкаруу, электрондук кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча функцияларга ээ болгон, ошондой эле аны ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөчө орун берилген.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадр курамынын компетенциясынын ушул натыйжалуу жана жетиштүү деңгээли Кыргыз Республикасынын санарип трансформация процесстерин ийгиликтүү ишке ашырууга сапаттуу түрдө таасир бере алат.
Ошондой эле натыйжалуу санарип трансформацияны камсыздоодо прокуратура органдары дагы маанилүү орунду ээлейт. Санарип трансформацияга багытталган мыйзамдарды так жана бир түрдүү аткаруу бөлүгүндө прокуратура органдарынын көзөмөлдөө функциялары өзгөчө маанилүү.
Өлкөнүн сот органдары маанилүү ролду ойнойт, алар ишканалардын интеллектуалдык менчигинин кепилдиги болот жана инновациялык иштеп чыгууларды өнүктүрүүдө активдүү роль ойнойт.
Санарип технологияларын киргизүүдө Улуттук банктын ролун дагы белгилөө зарыл. Акча-насыялык саясатты, бирдиктүү валюта саясатын жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын банк системасын көзөмөлдөө бир топ алдыңкы санарип технологияларын киргизүү аркылуу жүргүзүлүшү керек. Ошондой эле КРУБга өлкөдөгү финансылык технологияларды өнүктүрүүдө өзгөчө роль таандык.
Мамлекеттик институттар чечимдерди кабыл алууда “ири” маалыматтарды талдоо мүмкүнчүлүгүн активдүү колдонууга тийиш. Стратегияларды ишке ашырууда мамлекеттик органдар динамикалуу өзгөргөн чөйрөдө релеванттуу калуу үчүн аткарылган милдеттерди көзөмөлдөөнүн ийкемдүү ыкмаларына өтүүсү керек. Мамлекеттик институттар акылга сыярлык тобокелдиктерди колдоого жана ишке ашпай калган учурда тез арада тийиштүү сабак алууга тийиш. Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин туруктуу негизде санарип көндүмдөрүнө ээ болушуна жана алардын жаңыланышына өзгөчө көңүл бурулушу керек.
5. ТРАНСФОРМАЦИЯНЫН САНАРИП НЕГИЗДЕРИ
5.1. САНАРИП ИНФРАСТРУКТУРАСЫ ЖАНА ПЛАТФОРМАЛАР
Улуттук санарип МКТ-инфраструктурасын (тармактар, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору, көмүскө технологиялар, маалыматтарга жана кызмат көрсөтүүлөргө жетүү борборлору, санарип платформалар) түзүү жана өнүктүрүү, кең тилкелүү байланышты жана радио уктурууну, жарандардын бардык категориялары үчүн, өзгөчө керектөөлөрү менен топторду кошкондо, “кадамдык” жеткиликтүүлүк принциби боюнча байланыш кызматынын жеткиликтүүлүгүн кошуу менен; жеткиликтүүлүктө, стандартташтырууда санарип ажырымдан чыгуу; радио жыштык спектринин шайкештиги жана функционалдык айкалышы жана аны колдонууну башкаруу.
Түзүлүүчү жана өнүктүрүлүүчү санарип инфраструктура трафиктин бат өсүшүн колдоо абалында болууга, жаңы керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жетиштүү өткөрүү жөндөмү менен (көлөм, ылдамдык, ишенимдүүлүк) жабууну камсыздоого тийиш.
Өлкөнүн бир дагы региону тийиштүү байланышсыз жана жетүүсүз калбашы үчүн улуттук санарип инфраструктурага инвестицияларды тартууга дем берген шарттар түзүлөт. Байланыш технологиялар жаатындагы инвестицияларды жана инновацияларды андан ары кеңейтүүгө радио жыштык спектрин натыйжалуу колдонуу көмөк көрсөтөт. Түзүлүүчү улуттук санарип инфраструктура автоматташтырылган машиналар аралык трафиктин толук кандуу берилишин жана IoT/IoE (буюмдар интернетинин/бүтүндөй интернеттин) өсүшүн камсыздоого тийиш.
Күч-аракеттер төмөнкүлөргө топтолот:
– Интернетке жалпы кеңири тилкелүү жетүүнү камсыздоого;
– чек аралар аралык чыгууларга байланыштуу магистралдык була-оптикалык байланыш линиялар тармагын түзүүгө;
– өлкөнүн бардык региондорун камтыган була-оптикалык байланыш линиялардын тарамдалган тармагын түзүүгө;
мобилдүү Интернетти өнүктүрүүгө;
– ири шаарларга гана эмес, айылдарга дагы кеңири тилкелүү жетүү технологияларын (белгиленген жана радиожетүү) кеңири киргизүү аркылуу электрбайланыш/МКТ кызмат көрсөтүүлөрүнө колдонуучулардын “кадамдык” жетүүсүн камсыздоого;
– инфокоммуникациялык инфраструктуранын бардык сегменттеринде реалдуу атаандаштыкты түзүү менен электр байланыш/МКТ кызмат көрсөтүүлөрүнө алгылыктуу баада жетүүнү камсыздоого;
– кошулууларды орнотуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, IPv6 базасында тармактарды жана тиркемелерди жайылтууга жана тийиштүү эксперттик уюмдар менен кызматташтыкта ушул тармактарга жана тиркемелерге өтүүгө көмөк көрсөтүүчү узак мөөнөттүү чечим катарында интернет трафиги (IXP) менен алмашуу пункттарын түзүүгө/оптималдаштырууга.
Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору (МИБ)
Кыргызстанда зарыл коопсуздук талаптарын сактоо менен көптөгөн мамлекеттик маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз ишин камсыздаган бирдиктүү көп компоненттүү системаны куруу башталат. Көмүскө эсептөө технологияларынын негизинде МИБди түзүү мамлекеттин түрдүү маалыматтык системаларынын ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. МИБди куруу дүйнөлүк жалпы стандарттарга жана ушундай системалардын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
Бирдиктүү санарип платформалар
Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ортосунда кагаз түрүндөгү өз ара аркеттенүүнү толугу менен жоюп, аны “Түндүк” системасы аркылуу электрондук өз ара аракеттенүүгө алмаштыруу менен жарандар жана бизнес үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү керек.
Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруусу мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан гана ишке ашырылбашы керек. Мамлекеттин электрондук башкаруу системасына бизнес-структураларды планга ылайык жана системалуу түрдө тартуу зарыл, коммерциялык уюмдарды Санарип Кыргызстанды алдыга жылдырууга, анын ичинен улуттук санарип инфраструктурасын түзүү жана мамлекеттик электрондук башкаруу инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында “Түндүк” системасына кошуу аркылуу кызыктыруу керек.
Мамлекеттин санарип трансформациясы бизнестин санарип трансформациясына жана аны өлкөнүн санарип экономикасын өнүктүрүүгө тартууга көмөк көрсөтөт. Санарип Кыргызстан – бул мамлекеттик түзүмдөрдүн гана эмес, жарандык сектордун, ошондой эле коммерциялык уюмдардын дагы күч-аракети, эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, алар санариптештирүү чөйрөсүндөгү оң өзгөрүүлөргө көбүрөөк ийкемдүү болушат. Бизнес санарип Кыргызстанды алдыга жылдырууда чоң күч жана маанилүү өнөктөш боло алат.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бизнес-структуралар “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу гана өз ара аракеттенүүнү жүргүзүшөт, анын натыйжасында кошумча маалымкаттар жана документтерди талап кылуу жоюлат, мамлекеттик органдар жана жеке сектор электрондук форматта маалымат алмашышат.
“Түндүк” системасы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук көзөмөлдөөгө жана электрондук документ жүгүртүү системасын ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Салттуу финансылык кызмат көрсөтүү үчүн инновациялык чечимдер киргизилет.
Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жана техникалык инфраструктураны, мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын, бирдиктүү идентификациялоо системасын, мамлекеттик электрондук билдирүүлөр системасын, мамлекеттик электрондук төлөмдөр системасын жаңылоо боюнча иш-чаралар аяктоого тийиш.
5.2. САНАРИП МАМЛЕКЕТТИ ӨНҮКТҮРҮҮ
Санарип мамлекетти куруу чөйрөсүндөгү демилгелерди ишке ашыруу төмөнкү милдеттерди аткаруу аркылуу камсыздалат.
5.2.1. Санарип парламент
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин ички жол-жоболорун жана регламенттерин санариптештирүү жана мыйзам долбоорлорун онлайн талкуулоо, онлайн чөйрөдө жалпы элдик угуулар үчүн санарип платформаларды ишке ашыруу. Актуалдуу маселелерди чечүүдө жарандардын жана бизнестин электрондук катышуусуна дем берүү максатында депутаттардын шайлоочулар менен онлайн өз ара аракеттенүүсү үчүн платформаларды ишке ашыруу.
5.2.2. Жарандар жана бизнес үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү
Мамлекеттик жана муниципалдык маалыматтык системаларды курууда санарип мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн төмөнкүдөй негизги принциптери сакталат:
платформалык көз карандысыздык жана мобилдүү түзүлүштөргө багыттама;
колдонуучуга арналган кызмат көрсөтүүлөрдү долбоорлоо;
башталгандан аягына чейин санарип;
Өкмөт жана муниципалитет платформа катарында.
Колдонуучуга арналган кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди санариптештирүү түрдүү мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын интеграциялоо жана алардын өз ара аракеттенүүсү аркылуу камсыздалат. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди санариптештирүү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын өзгөртүүнү болжолдойт.
5.2.3. Санарип сот адилеттиги жана укук тартиби
Укук тартиби жана сот адилеттиги системасында укуктун үстөмдүгүн камсыздоо жана коррупциянын деңгээлин азайтуу бийликтин укук коргоо органдарынын жана сот тармагынын жарандар жана бизнес-структуралар менен өз ара аракеттенүүсүнүн санарип куралдарын киргизүү, ички процесстерди жана жол-жоболорду толук автоматташтыруу, соттордун, прокурорлордун, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин санарип көндүмдөрүн туруктуу өркүндөтүү аркылуу ишке ашырылат.
Санарип куралдарын киргизүү, анын ичинен криптографиялык протоколдордун жардамы менен сот документтеринин бүтүндүгүн камсыздоо, укук тартибин жана сот адилеттигин камсыздоо дагы санарип далилдерди мыйзам менен бекемдөөнү талап кылат.
5.2.4. Мамлекеттик органдардын ачыктыгы жана отчеттуулугу
Ачык жана жоопкерчиликтүү башкаруу жарандардын МКТ аркылуу маалымат алуу жана башкаруу процесстерине катышуу мүмкүнчүлүктөрүн реалдуу кеңейтүүнүн эсебинен, коомдук консультацияларды жүргүзүү жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорун кошуу менен, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулук деңгээлин бир топ көтөрүүгө мүмкүндүк берет.
5.3. САНАРИП ЭКОНОМИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
5.3.1. Өлкөнүн күчтүү жактары позициясынан экономиканы санарипке өткөрүү
Кыргыз Республикасынын тарыхы жана географиялык жайгашуусу өлкөнүн экономикасынын күчтүү жактарын табигый түрдө аныктады. Жибек жолу курулгандан баштап биздин өлкө кошуна өлкөлөр менен соода мамилелерин активдүү өнүктүрүүдө, КМШнын ичинен биринчи болуп Дүйнөлүк соода уюмуна кирди, Евразия экономикалык бирлигинин толук кандуу мүчөсү жана Шанхай кызматташтык уюмунун катышуучусу болуп саналат, Европа Бирлигинин жалпы преференциялар схемасынын статусуна ээ.
Глобалдаштыруу процессине ар качан каршы келүүчү этностук бирдейликти сактоонун маанилүүлүгүнө карабастан, Кыргызстандын тарыхый миссиясы болуп өлкөлөрдүн ортосундагы соода мамилелерди бекемдөө, жаңы технологияларды жайылтууну күчөтүү жана биздин экономикалык өнөктөштөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү саналат. Бул үчүн биз региондук жана глобалдуу рынокторду терең изилдөөнү улантууга жана глобалдуу өндүрүштөр тутумуна биздин компаниялардын катышуусуна көмөк көрсөтүүгө тийишпиз. Санарип технологиялар ушул милдеттерди аткарууда мурда болуп көрбөгөндөй шарттарды түзөт.
Терең санариптештирүү өнөр жай өндүрүшү, туризм, айыл чарбасы, жеңил өнөр жай жана курулуш сыяктуу биздин экономиканын салттуу секторлоруна таасир берүүгө тийиш.
Саясатты жана регулятивдүү механизмдерди өркүндөтүү аркылуу санарип сооданы өнүктүрүүнүн жана санарип финансы кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн жардамы менен санарип трансформациянын тез натыйжаларынын бирине жетишүүгө болот. Салыктык жол-жоболорду, электрондук квитанцияларды жиберүүнү жана электрондук отчетторду берүүнү санариптештирүү боюнча иш-чараларды аягына чыгаруу зарыл.
Өлкөнүн ичинде гана эмес, глобалдуу рынокто да атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана өндүрүмдүүлүгүн көрсөтө алган, МКТга адистештирилген ата мекендик компаниялардын катышуусуз тармактарды санариптештирүү мүмкүн эмес. Санарип трансформациянын негизи боло турган технологиялык чечимдерди иштеп чыгуунун жана трансфердин инновациялык экосистемасын куруу зарыл.
5.3.2. Ата мекендик санарип инновацияларга дем берүү
Санарип инновациялар өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, жогорулатууга көмөк көрсөтүүчү күчтүү курал катары таанылды. МКТ/МТ технологиялары түрдүү чектеш облустарда инновациялык өнүгүүнүн негизги фактору болуп саналат.
Инновациянын көлөмүн жогорулатуу, компаниялардын ички изилдөөлөрүн жана иштеп чыгууларын колдоо, академиялык коомчулуктун илимий-техникалык иштерин алдыга жылдыруу, кызыкдар тараптардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана МКТ секторунда алар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн мамлекеттин санарип ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүсү үчүн чаралар көрүлөт.
Санарип трансформация процессинде чакан жана орто бизнестин (мындан ары – ЧОБ) ролун белгилөө зарыл. МТ секторунда ЧОБ экономикадагы эң эле тез өсүүчү болуп саналат жана мамлекет ушул өсүштү колдоосу зарыл. Ушул сектордо ЧОБду колдоо МТ адистерин жалдоодо координацияны, мамлекеттик сатып алууларга тартууну, жаңы рынокко чыгууга жардам берүүнү жана башкаларды камтышы мүмкүн. Ошондой эле чакан жана орто бизнестин (ЧОБ) санариптештирүүдөн түшкөн дивиденддерди салттуу күчтүү секторлордон алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздоо зарыл. ЧОБ үчүн финансылык технологиялардын өнүмдөрүнө, жөнөкөйлөтүлгөн финансылык документ жүгүртүүгө жана санарип көндүмдөрдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө жетүүнү камсыздоо зарыл.
МКТ-инновация жаатында МЖӨнү ишке ашыруунун жаңы мамилелерин жана механизмдерин түзүү зарыл - идеяларды иштеп чыгуудан, аны пилоттоодон жана коммерциялык ишке киргизгенге чейин жаңы бизнес-үлгүлөрдү түзүү жана өнүктүрүү, ал эми стартаптарды өнүктүрүү үчүн МКТ-инкубаторлорду жана акселераторлорду, технопарктарды, кластердик хабдарды ж.б. түзүү зарыл. Эл аралык капиталга жетүүнү жана компаниялардын эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн өзгөчө белгилөө зарыл.
Ата мекендик инновацияларды жана технологиялык чечимдерди түзүү максаттын өзү боло албайт, өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө жеке жана мамлекеттик сектор тарабынан активдүү өздөштүрүлүүгө тийиш. Технологияларды өндүрүүчүлөрдү жана интеграторлорду потенциалдуу сатып алуучулар менен натыйжалуу координациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл. Андан тышкары технологиялык экспорт өлкө үчүн ири дивиденддерди алып келүүгө жөндөмдүү. Эл аралык өнөктөштөргө өлкөнүн технологиялык жетишкендиктерин маалымдоо үчүн алар менен тыгыз иштешүү керек. Бул үчүн соода миссияларын активдештирүү, технологиялык конференцияларга чакыруу жана катышуу, болгон соода механизмдерин колдонуу, ошондой эле потенциалдуу сатуу рынокторунда ата мекендик технологияларды алдыга жылдыруунун жаңы куралдарын колдонуу зарыл.
Улуттук деңгээлде, региондук жана эл аралык деңгээлдерде процесстин бардык кызыкдар катышуучулары менен (жарандык жана бизнес-коомчулук, академиялык жана илимий чөйрөлөр, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр ж.б.) өнөктөштүктү, өз ара аракеттенүүнү өнүктүрбөстөн, мунун бардыгына жетишүү мүмкүн эмес.
5.3.3. Эл аралык технологиялык трансферге дем берүү жана чет өлкөлүк таланттарды тартуу
Кыргыз Республикасы биздин чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн жаңы иштеп чыгууларын активдүү өздөштүрүүгө жана жайылтууга тийиш.
Кыргыз Республикасы технологиялык трансфердин эл аралык борбору боло алат. Бул үчүн өзүнүн билими жана технологиялары менен бөлүшүүгө даяр чет өлкөлүк технологиялык компанияларга жагымдуу шарттарды түзүү зарыл. Мындай компанияларга жаңы рынокторду өздөштүрүүгө жардам керек болгон эл аралык стартаптар кириши мүмкүн. Эл аралык деңгээлде интеллектуалдык менчикти таануунун жана коргоонун учурдагы механизмдерин колдонуу керек.
Технологиялык трансфердин агенттери болуп аралыктан жумушка орноштуруу каражаттары түзүлгөн өлкөдө иштөөгө даяр чет өлкөлүк адистер боло алышат. Өлкөдө жашоого жана иштөөгө уруксат берген документтерди алуунун ыңгайлуу шарттарын түзүү жана Кыргыз Республикасында сапаттуу жашоо мүмкүнчүлүгүн түзүү зарыл.
Ошондой эле ата мекендик компаниялардын кызматкерлерине жана жарандарга чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүгө жана жаңы технологиялык тенденцияларды билип жүрүүгө дем берүү зарыл. Бул үчүн МТ багыты боюнча чет өлкөдө окууну, эл аралык конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышууну ар тараптан колдоо керек.
5.3.4. Тармактык тутумдарды санарип трансформациялоо
Өлкөнүн өнөр жай потенциалы тоо-кен өндүрүү тармагынан баштап ювелирдик секторго чейинки көптөгөн индустрияны камтыйт. А бир тармакта санариптөөнүн түрдүү процесстерине карабастан, трансформациянын акыркы жыйынтыгы болуп эмгектин жогорку өндүрүмдүүлүгү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана ишканалардын жогорку экспорттук потенциалы болууга тийиш.
Экономиканын тийиштүү айрым тармактарына кураторлук кылган мамлекеттик органдар ири ишканалардын ар бирин санариптештирүүнүн жол картасын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүгө тийиш.
Тактап айтканда, тоо-кен өндүрүү секторунда “Интернет буюмдар” (IoT) жана автоматташтырылган өндүрүш менен жабдуу мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл. Датчиктер жана сенсорлор сыяктуу түзүлүштөрдүн кошулган тармагы аркылуу курчап турган чөйрөнүн абалын реалдуу убакытта көзөмөлдөөгө жана өндүрүштү талдоо үчүн маалыматтарды топтоого болот. Кийин ушул тармакта моделдөө, процесстерди автоматташтыруу аркылуу кызматкерлер үчүн тобокелдиктерди азайтуу жана маалыматтар аркылуу өндүрүштүк процесстерди толук контролдоо бардык жерде колдонулууга тийиш.
Улуттук жана региондук деңгээлде өнөр жай өндүрүшүнүн артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналган электр энергетика чөйрөсүнөн санарип трансформациянын ири дивиденддерин алууга болот. Электр энергетика тармагын санариптештирүүнүн негизги максаты болуп санарип технологияларды киргизүү жана колдонуу аркылуу энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, энергия жоготууларын азайтуу, үзгүлтүксүздүк жана коопсуздук саналат. Бул үчүн электр энергиясынын генерациясынан баштап аны керектөөгө чейинки ушул тармактын бардык өндүрүштүк тутумдары санарип трансформацияланууга тийиш. Санарип технологиялар биринчи кезекте электр энергиясын эң көп керектөөнү, аны бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун көзөмөлдөө, акылдуу тарифтөөнү пилоттоо жана башкалар үчүн киргизилиши мүмкүн. Натыйжада бүтүндөй электр энергетика тармагы өлкөнүн өндүрүшүн жана экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойногон электрди жеткирүүнүн акылдуу системасы боло алат.
Санариптештирүү өнөр жай жана башка секторлордо логистикалык жана транспорт тармагын жаңылоосуз аягына чыкпайт. Санарип трансформация көптөгөн оптимизациялык маселелерди чечет, алар өз кезегинде жүк ташуулардын көлөмүн жана санын көбөйтөт. Жүктү электрондук издөө, көзөмөлдөө жана коштоо боюнча интерактивдүү борборлордун ачылышына дем берүү керек. Санарип көзөмөлдөөнү, блокчейн-технологияларды жана смарт-контракттарды колдонуунун эсебинен жүктү жоготуу тобокелдигин бир топ азайтууга болот, бул региондук маанидеги жергиликтүү логистикалык борборлорду өнүктүрүү, айыл чарба жана башка продукцияларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоонун үлүшүн көбөйтүү үчүн чоң мааниге ээ.
Санарип логистикалык инфраструктура жана аны колдонуунун эсебинен жеткирилүүчү санарип маалыматтар камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө, инфраструктуралык өнүктүрүү боюнча чечимдерди кабыл алууга, жүктү жеткирүү жана алуу жолдорун оптималдаштырууга жардам берет. Ошону менен бирге эле мамлекеттик органдардын алдында биринчи кезектеги милдет - бул электрондук документ жүгүртүүнү тез арада киргизүү, ал транзакциялык чыгымдарды азайтууга чоң таасир тийгизет.
5.3.5. Айыл чарбасын санариптештирүү жана инновацияларга дем берүү
Айыл чарбасы жана агроөнөр жай комплекси өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын көпчүлүк бөлүгү эмгектенген экономиканын негизги тармагы болуп саналат. Кыргыз Республикасы ушул тармактагы санарип технологияларды оперативдүү киргизүүсү жана өнүктүрүүсү зарыл. Маалыматтарды топтоого, берүүгө жана талдоого негизделген санарип инновацияларды жана санарип технологияларды киргизүү бүтүндөй айыл чарба тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана өсүшүнө чоң таасир тийгизет.
Бул тармакта өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу сугат жерлерди оптималдаштыруу, минералдардын жетиштүүлүгүнө карата жердин сапатын көзөмөлдөө, аба-ырайынын шарттарын жана нымдуулукту көзөмөлдөө, кошулган сенсорлор комплекси, себүү жана түшүм жыйноо боюнча автоматташтырылган машиналар жана учкучсуз учуучу объекттер менен системалуу сүрөткө тартуу сыяктуу технологияларды колдонуу менен себилген түшүмдүн абалына жана зыянкечтердин коркунучуна мониторинг жүргүзүү аркылуу жетишүүгө болот. Санарип технологиялардын жардамы менен айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн стратегиялык чечимдерди моделдөө, болжолдоо жана кабыл алуу үчүн маанилүү маалыматтар массиви чогултулат, топтомдолот, талданат. Ушул технологияларды жер иштетүүдө гана эмес, фермердик чарбада дагы колдонууга болот. Электрондук идентификациялоо жана мониторинг жүргүзүү, айбанаттардын абалын көзөмөлдөөгө, жайыттардан маалыматтарды чогултууга жана талдоого, аба-ырайынын шарттарынын өзгөрүшүн байкоого мүмкүндүк берген буюмдардын интернет технологияларын колдонуу – мунун бардыгы Кыргызстанда фермерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга олуттуу таасир берет.
Айыл чарба продукцияларын сатуу дагы маанилүү маселелердин бири. Санариптештирүү фермерлерге өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө кыйынчылыксыз соода кылууга мүмкүндүк берген тийиштүү электрондук сапат сертификаттарын жана башка документтерди алууга жардам берүүгө тийиш. Жергиликтүү жана региондук логистикалык борборлор менен фермерлердин өз ара аракеттенүүсүндө фермердик продукцияны сатууга, фермерлерди координациялоого жардам берген санарип платформалардын маанилүүлүгүн белгилеп кетүү зарыл, бул фермерлерге электрондук соода аянты аркылуу сатууну көбөйтүүгө жана камсыздандыруу куралдарын өнүктүрүү аркылуу тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.
Айыл чарба продукцияларын терең кайра иштетүүнү санариптештирүү кошумча наркты көбөйтүүгө таасир бере алат. Бул тармакта чыгарылган продукциянын сапатына, материалдык шаймандарга жана сатуу процессине деталдуу мониторинг киргизүү үчүн көзөмөлдөө жана автоматташтыруу процесстеринде санарип технологияларын колдонуу талап кылынат. Натыйжада айыл чарбасын санариптештирүү жана ушул тармактагы инновацияларга дем берүү маалыматтарды талдоонун, өндүрүштү жана айыл чарба продукцияларын жеткирүү тутумун оптималдаштыруунун негизинде стратегиялык жана тактикалык чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.
5.3.6. Жеңил өнөр жайын санариптештирүү
Жеңил өнөр жайы өлкөнүн экономикасынын шексиз флагманы болуп саналат. Бул тармактын ийгиликтүү өнүгүшү бүтүндөй экономикалык кластерди түзүүгө мүмкүндүк берди. Ушул тармакты санариптештирүү компьютердик ЗД моделдөө жана санарип дизайн, компьютердик графиканын негизинде прототиптөө, фурнитураларды жана аксессуарларды аддитивдүү басуу, автоматташтырылган өндүрүш жана башка ушул сыяктуу ушундай жаңы санарип технологияларды киргизүүнү жана колдонууну өзүнө камтышы мүмкүн.
Инвентарларды системалуу көзөмөлдөө, маалыматтар массивин талдоо, жаңы материалдардын жана кездемелердин пайда болушу, өндүрүштөгү инновациялар кыргызстандык компанияларга чыгымдарды азайтууга жана жогорку кирешелүү рынокторго чыгууга жардам берет. Ошондой эле өндүрүүчүлөргө өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө электрондук соода куралдарын натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү керек. Бул үчүн финансылык сектордо санарип технологияларды андан ары өнүктүрүү, экспортко дем берүү үчүн электрондук сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди алуу процессин жеңилдеткен механизмдерди натыйжалуу ишке ашыруу зарыл.
Ушул кластерде технополистерди куруу стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат. Технополисте санарип технологиялар билим алмашуунун бирдиктүү базасын түзүү, кардарлардын базасын башкарууну жакшыртуу, окутуунун санарип технологияларын киргизүү, анын ичинен инновациялар боюнча лабораторияларды биргелешип пайдалануу үчүн колдонулушу мүмкүн.
5.3.7. Туризмди санарип трансформациялоо
Кыргыз Республикасында туристтик тармак тездик менен өсүп жатат. Айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн туристтик визаны жокко чыгаруу, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын” өткөрүү жана туризмдин фактордук түрлөрүнүн пайда болушу ушул индустриянын өсүшүнүн драйверлеринин бири болуп калды. Белгиленген өсүү темпин колдоо үчүн туризм менен байланышкан ишканалардын кирешелерин жогорулатуу, туристтерге ыңгайлуулукту жана алардын коопсуздугун камсыздоо жана туристтик жер катарында өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүү үчүн бизнес процесстерди көп деңгээлдүү санариптештирүү керек.
Туризм менен байланышкан ишканалар санарип инфраструктурасын жана платформаларды куруунун биринчи бенефициарларынын бири болууга тийиш. Туристтердин Интернетке жогорку ылдамдыкта кирүүсүн камсыздоо мүмкүнчүлүгү Кыргызстанга келген туристтик агымдын көбөйүшүнө мүмкүндүк берет, анткени туристтер үчүн өзүнүн кесиптик ишмердигине алыстан катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошону менен бирге эле товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүдө туристтер үчүн түрдүү санарип төлөмдөр мүмкүнчүлүгүн активдүү өнүктүрүү зарыл.
Өлкөнүн туристтик потенциалын алдыга жылдырууда санарип технологияларды колдонуу натыйжалуу болот. Туристтик тармакты санарип трансформациялоо үчүн механизмдерди иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү үчүн санарип технологияларды натыйжалуу колдонууда көмөк көрсөтүү максаттарында бардык кызыкдар тараптарды тартуу зарыл. Региондор ортосунда санарип ажырымды кыскартуу туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү үчүн алыскы райондордогу ишкерлердин санарип технологияларга жетүүсүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ишкерлер социалдык тармактарда алдыга жылуу мүмкүнчүлүгүн активдүү өздөштүрө алышат, туризм чөйрөсүндөгү санарип платформалар туристтик контентти жана туризм жаатындагы ишканаларды оптималдаштыруу жана алдыга жылдыруу үчүн тез мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Смартфондордун азыркы мүмкүнчүлүктөрү жерлерди жана башка тарыхый маанидеги объекттерди деталдуу изилдөө үчүн виртуалдуу жана толукталган реалдуулук технологияларын колдонууга мүмкүндүк берет, туризм чөйрөсүндөгү ишканалардын күнүмдүк жашоосуна жаңы технологияларды жайылтууга жана киргизүүгө шарттарды түзүү жана көмөк көрсөтүү механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.
Технологиялар туристтердин коопсуздугун камсыздоодо активдүү колдонулууга тийиш. Учкучсуз учуучу объекттердин сүрөткө тартуулары, реалдуу убакытта аба-ырайынын шарттарын талдоо, сенсорлор системасын жайгаштыруу, тез арада билдирүү системасы табигый кубулуштарга жана катаклизмдерге, аба-ырайынын шарттарынын кескин өзгөрүүлөрүнө байланышкан тобокелдиктерди азайтууга, каттамдарды зоналоого мүмкүндүк берет жана куткаруу кызматтарын координациялоого жардам берет.
5.3.8. Креативдүү экономика
Санарип трансформация жана жогоруда айтылган көптөгөн процесстерди автоматташтыруу жарандарга креативдүүлүккө, илимий ишмердикке жана өзүн өзү өстүрүүгө байланышкан жогорку деңгээлдеги максаттарга көңүл бурууга мүмкүндүк берүү менен күнүмдүк жана кайталанма маселелерди натыйжалуу чечет. Узак мөөнөттүү келечекте биздин өлкө продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүдө экономика, маданият, технология жана социалдык аспекттер өз ара аракеттенген өнүктүрүүнүн жаңы траекториясына чыгууга тийиш. Натыйжада улуттук мурастарды, визуалдуу жана театралдык искусствону, жаңы аудиовизуалдуу медианы жана башка креативдүү кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтууну өзүнө камтыган креативдүү индустрия пайда болот.
6. БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ
Санарип трансформация шарттарында бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин максаты болуп келечекти өнүктүрүүнүн болушу мүмкүн сценарийлерине даярдыгы, глобалдуу жагдайларды, алардын өлкөнүн өнүгүшүнө тийгизген таасирин түшүнүү, санарип технологияларды өнүктүрүүгө байланышкан заманбап чакырууларга ыкчам көңүл буруу, удаа санарип өнүктүрүүгө эмес, санарип технологиялар жана алардын бардык өсүүчү ролу менен өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга алып келген үлгүлөрдүн, процесстердин тез өзгөрүүлөрүн түшүнүү менен алдыга оозууга максаттуу багытталган иш болууга тийиш.
Ушул Концепцияны ишке ашыруунун алкагында төмөнкүдөй башкаруу системасы каралган:
Концепциянын багыттары | Жооптуу органдар | Компетенциялар борборлору |
4. Санарип эмес негиздер | ||
4.1. Санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү | БИМ | ЖТП, бизнес-ассоциациялар, ӨЭУ/КЭУ |
4.2. Ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү | МТБМК, ЭМ | Бизнес-ассоциациялар, ӨЭУ/КЭУ |
4.3. Тездетилген санарип трансформация үчүн мамлекеттик институттардын ролу | Коопсуздук кеңешинин катчылыгы | Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, ӨЭУ/КЭУ |
5. Санарип негиздер: | ||
5.1. Санарип инфраструктура жана платформалар | МТБМК | ЖТП, бизнес-ассоциациялар |
5.2. Санарип мамлекетти өнүктүрүү | Коопсуздук кеңешинин катчылыгы | Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, бизнес- ассоциациялар, ӨЭУ/КЭУ |
5.3. Санарип экономиканы өнүктүрүү | ЭМ | ЖТП, бизнес-ассоциациялар, ӨЭУ/КЭУ |
Ушул Концепцияны ишке ашырууну колдоо жана координациялоо функциясы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлгөн, анын негизги милдеттери төмөнкүлөрдү камтыйт:
• артыкчылыктар боюнча прогрессти көзөмөлдөө (маалыматтарды колдонуу менен далилдөө негизинде);
• көйгөйлөрдү изилдөө жана аны чечүү үчүн кийлигишүү;
• потенциалдын жетишсиздиги менен көйгөйлөрдү чечүү (кадрларды даярдоо системасы);
• жыйынтык фокусту камсыздоо жана анын жарандарга тийгизген таасири.
Донордук коомчулуктун, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен коомдук жана эксперттик контролдоо аянтын түзүү пландалууда. Бул аянт тышкы каржылоо булактарын тартуу үчүн аянт катарында дагы каралат. Ошондой эле реалдуу убакыт режиминде ар бир артыкчылык боюнча онлайн отчеттуулук куралдарын, жарандар менен кайра байланышуунун онлайн куралдарын түзүү пландалууда.
7. КОНЦЕПЦИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ ЭТАПТАРЫ
Концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
• бардык деңгээлдерде Концепциянын максаттарын так түшүнүүнү камсыздоо;
• Концепциянын алкагында узак мөөнөттүү стратегиялык демилгелерди жана долбоорлорду сапаттуу иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
• жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан деталдаштыруунун тийиштүү деңгээли менен коюлган милдеттерди, ийгиликти ченөө индикаторлорун, ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана жооптуу адамдары так көрсөтүү менен жол картасын түзүү;
• башкаруу системасынын бардык уюштуруу түзүмдөрүнүн ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыздоо жана натыйжалуу кызматташтыктын шарттарын түзүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
• Концепциянын алкагында үзгүлтүксүз өнүгүү үчүн кайра байланышууну топтоону жүргүзүү.
28