СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эстефеталык оюндар

Категория: Физкультура

Нажмите, чтобы узнать подробности

Балдарды зиирек ,шамдагайлыкка уйрөөтүү.

ден соолгун чындоого туура багыт берүү.

Просмотр содержимого документа
«Эстефеталык оюндар»

Тема: Келечек сенин колуңда.

 

Сабактын максаты:

Ар бир окуучу элдин, мамлекеттин өнүгүүсүнүн тагдырлашы, анын бир мүчөсү экендигин түшүнүп, кыргыз элинин бүгүнкүсүн, эртеңкисин, келечегин ойлогон татыктуу инсан болууга тарбиялоо. Окуучулардын алган билиминин негизинде дүйнөгө болгон көз карашын артыруу менен, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо.

Сабактын методу: Интерактивдүү

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Сабактын жабдылышы: карточкалар, ватман, маркер, музыка

Сабактын жүрүшү: Сабак музыканын коштоосунда.

Сабактын жүрүшү. 1-кадам жагымдуу маанай

                                    2-кадам жаны тема

                                    3-кадам 1-тапшырма

                                    4-кадам 2-тапшырма

                                     5-кадам жыйынтыктоо

                                     6-кадам окуучуларды баалоо

                                    7-кадам үйгѳ тапшырма

 

1-кадам  Жагымдуу маанай:

2-кадам. Жаны тема:

Мугалим: Билим булагы болгон мектеп босогосун аттаганда кандай экенинерди көрүп, кичине кезинерди эстединер. Он жыл, билинбей өтүп, келечектин татынакай уул кыздарынан  болуп чоңойдунар.

Биринчиден, силер жадыраган жаз гүлүнө окшотуп тарбиялап өстүргөн ата-энелерге, мугалимдерге, тарбиячыларга таазим этишинер керек.

Экинчиден, алгач билимдин негизин берип, куш сыяктуу учууга канат берген билим булагы мектебинер менен сыймыктанууңар керек.

Үчунчүдөн азыр келечек ээси болууга талпынып турган кезинер, ар киминер өз жолуңарды туура тандап, ата-эненин үмүт-тилегин, билим берген эже-агайлардын эмгегин актаган татыктуу уул-кыздардан болууга умтулуп турасынар.

Жакшы бала ата-эненин үмүтү,

Жаман бала ата-эненин күйүтү.

Кайгы кетпей ата-эненин жузунөн

Жаман болсо баласынын жүрүшү.

Жакшы бала бүт айылдын күзгүсү

Жакшы бала үй-бүлөөнүн үлгүсү-дегендей эн негизги максат «жакшы адам болуу».Жакшы, жаманды ылгап түшүүнүүгө силердин толук акылынар жетилди.Ар бир адам жашоого максат коюуушу керек. Кана кыздар, доскадагы жазылган лозунга көңүл бөлөбүз. «Максатсыз жашоо-бактысыздык»

Алдыга койгон максатынардын сапаты кандай болсо, жашоо да ошондой болот. Силер келечек ээлерисиңер, ошондуктан, ар бириңердин максатынардын түпкү мааниси мамлекеттин өсүп-өнүгүүшүнө жетиштүү. Келечекте ар кесиптин ээлери отурасынар, кандай кесип тандадынар дагы, «Ар бир кесип ардактуу»-ар бир тандаган кесибинерди татыктуу ээлеринен болуунар милдет.

Качан кана өлкө бай, күчтүү болгондо эл бактылуу, бай болоорун тарых тактыктады. АКШ, Европа өлкөлөрү, ж.б өлкөлөрдүн өнүгүү жолдору тууралуу тарых, экономика, география сабактарынан таанышсынар.

Кана кыздар, ата-энени, өлкөнү бай, бактылуу кылуу үчүн эмне кылуу керек?

Келечек ээлери катары ой жүгүртүп көрөлү.Эн негизгиси адамдык сапаттарга ээ болушубуз керек. Адамдын асыл-сапаттары кайсылар деп эсептейсинер?

Ак барактарга жазып, доскага илишет:

1.Тартип

2.Намыс

3.Акыл

4.өнөр

5.Эмгекчил

6.Билим

3-кадам. 1-тапшырма: Силер жазган сапаттарга туура келүүчү макалдарды жазгыла.

-Тартип-«Тартип тазалыктын белгиси»:

-Намыс-«калыстык, адилеттик, патриоттук ж.б.

-Акыл-«Акыл айга жеткирет»

-өнөр-«өнөрлүү киши эрикпейт»

-Эмгекчил-« Адам иште чыналат, болот отко чыналат»

-Билим-«Билим алсан урмат, урмат сый алып келет, билим санга-акыл-ой, кубат берет»

4-кадам.  2-тапшырма:

Ар бир жазылган макалдын маанисин ачып түшүндүргүлө.

(жооптор турмуштук мисалдар менен далилдөөнүсү талап кылынат)

5-кадам.  Жыйынтыктоо:

Мугалим: Билим өзгөлөрдү байытат, өзү бөксөрбөйт.Эмгек кылып,эгин жыйнадын, саттын, ичип-жедин, түгөнөт, кайра башынан түшөсүн. Билим дөөлөт, түгөнбөгөн түбөлүк нерсе.Билим аркылуу өсүп-өнүгөбүз. Азыркы 21-кылым техниканын, экономиканын заманы. Коммерциялык фирмалар-бул керектөөчүлөрдүн калыптануусу, б.а. жашоо эмнеге муктаж болсо, ошого жараша аныкталат.

М: компьютер, интернет деген эмне экендигин бир кезде эч ким билген эмес. Бүгүнкү күндө аларсыз жашоону элестетүү кыйын.Демек, адамдар биле элек, бирок муктаж болуучу керектерди ойлоп чыгарышыбыз керек.

Албетте, кесипке карата багыт берүүнү аат-эне, мектеп, айлана-чөйрө, мезгил үйрөтөт. Мезгил үйрөтөт дегенибиз ар бир мезгилде, өзүнө жараша престижтүү кесиптер пайда болуп жаштар ошол кесиптин ээси болууга умтулушат.

М.Азыркы кезде көп бүтүрүүчүлөр юрист, экономист, инфакка тапшырууну каалашат. Кесип жөнүндө француз архитектору-инженер Огус Бартольди мындай деп айткан-«кесипти туура тандап, анын негизинде бак-дөөлөткө жетүү-бул сенин максатындын туу чокусу». Себеби ал өзүнүн таланттын, кесибинин негизинде дүйнөгө таанылган. Ал Нью-Йорктогу «эркиндик статуясынын автору. Силер дагы талыкпастан  көп окуп эмгектенип, келечекке түз жолду тандашынар керек.

6-кадам.  Окуучуларды баалоо.

7-кадам. Үйгө тапшырма: «Мен келечекте ким болом»- деген темада эссе жазып келүү

 

 

Просмотрено: 100%