СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эстелик жанында туруп..

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эстелик жанында туруп..

Просмотр содержимого документа
«Эстелик жанында туруп..»

Эстелик жанында туруп..

Эстедим улутунуп

Эл коргогон азаматтар

Эстен кетпейт унутулуп!

Каардуу согуш! Каргыш тийгир каардуу согуштун кесепетинен, канчалаган адам ɵмүрү кыйылып, канчалаган наристелер жетим, канчалаган апалар жесир калбады дейсин.. Бирок убакыт деген улуу дарыгер деген сɵз чын белем, убакыт ɵтүп, тынч бейпил заманда жашар атканыбызга мына быйыл 74 жылдын жүзү болуптур.. Улуу жеңишке 74 жыл.. Ушул бейпил заманды бизге ыйык жаны, ысык каны, талыкпаган эмгеги менен тартуулаган аталарга, апаларга, агаларга түбɵлүк ТААЗИМ! Ар жылы жер-жерлерде 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандары менен жолугушуу болуп, аларды Жеңиш майрамы менен куттуктап, белек-бечкек берүү салтка айлангандыктан, Аксы районунун Жерге-Тал айыл ɵкмɵтүнүн жашоочулары, согуштун ардагерлери Базылбеков Балтабай жана Момункулов Ызак абалар менен Кызыл-Капчыгай айылынын «Жибек» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жогорку тайпасынын жаш жеткинчектердин жолугушуусу болуп ɵттү. Жолугушууда балдар ардагерлерди куттуктап, улуттук ырларды ырдашып, улуттук бийлерди бийлешти.. Ошондой эле жеткинчектер «Белгисиз солдат» эстелигине гүл-чамбарларын коюшту. Ɵз кезегинде ардагерлерда согуш жаман экенин, согуштун жергебизде болбошун каалап, жаш жеткинчектерге ак баталарын беришти.. Балдар чоң жумуш аткаргандай үйлɵрүнɵ кɵңүлдүү кайтып баратышты..





Даярдаган тарбиячы Ашыралиева Гүлжамал.