СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Этиштин чактары 4- класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жалпы билим беруунун стандартына ылайык сабактын иштелмеси. 4-класс кыргыз тили Этиштин чактары

Просмотр содержимого документа
«Этиштин чактары 4- класс»

Башталгыч класстар үчүн сабактын план-конспектиси

Мугалим: Термечикова Н.М

Предмети: кыргыз тили

Класс: 4-класс

Сабактын темасы: Этиштин чактары

Сабактын максаттары

Күтүлүүчү натыйжалар

1

Билим берүүчүлүк:

Этиштин үч чагы бар экенин билишет.

Этиштин чактарынын суроолорун үйрөнүшөт.

  • Этиштин чактарын атай алса;

  • Чактарга мисал келтире алса;

  • Этиш сөздөрдөн чактарын айырмалай алса;

  • Этиштерге суроолорду бере алса.

2

Өнүктүрүүчүлүк:

Туура сүйлөөгө машыгышат;

Катасыз,сулуу жазууга калыптанышат.

Ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт.

Сөз байлыгын өстурөт.



  • Этиштер менен (кечээ,бүгүн,эртең) сүйлөмдөрдү түзсө.

  • Тексттерди катасыз көчүрүп жазышса.

  • Китептеги табышмактын жандырмактарын тапса.

  • Класстер иштеп чыкса.

  • Тексттеги жаңы сөздөрдүн маанисин чечмелесе.

3

Тарбия берүүчүлүк:

Искусствону сүйүүгө тарбияланышат

  • Берилген тексттин үлгүсүндө өзү каалаган мультиктин жаралышы,каармандары тууралуу этиштерди катыштырып текст түзсө



Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү

Окутуунун усулу: Жекече иштөө, жупта иштөө, топто иштөө

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, сүрөттөр(мультиктин каармандары)

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу

Жагымдуу маанай түзүү:

а. Саламдашуу

б. Шыктандыруу Мугалим “Мен ... эс алгым келет?” Фразаны толукта. Окуучулар ар бири жообун айтат. М: уктап, ырдап, чуркап, бийлеп. Ж.б.

2. Үй тапшырмасын текшерүү (Кластер түзүп келүү)







Жаңы тема:

Негизги компетенттүүлүктөр

Предметтик компетенттүүлүктөр

Маалыматтык компетенттүүлүк:

Аспектиси: Маалыматтарды иштетүү жана чечимдерди кабыл алуу

Деңгээли: I деңгээл

Уй тапшырмасында: 1 аспекти 1 деңгээл

К 2 Окуй алуу

К3 Сөз байлыгы менен иштөө

К4 Сүйлөм, текст менен иштөө

Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк

Аспектиси: Коммуникациялык милдеттерди жүзөгө ашыруу

Деңгээли: 1 (Мугалим берген форматта өнөк,өнөктөр менен өз ара аракеттенүүнү колго алат)

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү

Аспектиси: Технологияларды колдонуу

Деңгээли: 3 колдо бар алгоритмдердин комбинацияларынын негизинде кадамдардын жаңыча ырааттуулугун пландайт





Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Мугалим окуучулар менен учурашат

Мугалим менен учурашат.

Жагымдуу маанай түзөт жана окуучуларды шыктандырат. “Мен ... эс алгым келет.”

“Мен ..... эс алгым келет” Фразаны толукташат

Уй тапшырмасын текшерет, баалоо жүргүзөт

Уй тапшырмасын текшертишет

Кластердеги “мен” деген сөздүн айланасына топтолгон этиштер аркылуу окуучулардын этиш –бул кыймыл аракет экендигин,кандай суроо берилерин, өз кебинде колдонууга калыптангандыгын текшерет

Этиш жана анын суроосун айтып беришет.

Сабактын темасын жана максатын айтат

Сабактын максатын угушат.

Мугалим этиштин убакыт менен байланыштуу чактарга бөлүнөрүн айтат. Эрежесин айтып берет жана жаздырат.

Этиштин үч чакка бөлүнөрүн билишет. Эрежесин жазышат. “Келүү” деген этишти үч чакта өзгөртүшөт. Кечээ келгем. Бүгүн келдим. Эртең келем.

Китептеги текстти окууга убакыт берет

Китептеги текстти окушат. Тексттеги этиштерди көчүрүп жазышат. Суроолорун беришет.

Тексттеги 1-2-абзацтагы этиш сөздөрду оз алдынча дептерлерине көчүрүп жазууга багыт берет. Аларга суроо бердирет.

Жупта иштешет. Этиш сөздөрдүн чагын аныкташат. Жаңы сөздөр менен иштешет.

Табылган этиш сөздөрдү жупта иштөө менен чактарын аныктатат. Жаңы сөздөрдүн маанисин табууга тапшырма берет.

Эки топко бөлунөт. Табышмактын жообун табышат. Класстерди аягына чыгарат.


Эки топко бөлүп, табышмактын жандымагын табууну жана эки класстерди иштеп чыгуунун тушүндүрөт. Табылган этиштер менен сүйлөм түздүрөт

Табылган этиштер менен сүйлөм түзүшөт.

Баалоо жүргузөт жана үйгө тапшырма берет

Үй тапшырмасын алышат. Бааларын күндөлүкко койдурат.





Уй тапшырмасы:

Берилген тексттин үлгүсүндө өзу жактырган мультиктин жаралышы жана каармандары тууралуу этиштерди катыштырып текст түзуп келүү. (50 сөз)