Просмотр содержимого документа
«Этиштин максат-ниет ыңгайы»
6-класс
Мугалим: Алыбаева Айжан Темировна
Сабактын темасы:
Максат-ниет ыңгай
Максат-ниет ыңгай
Кыймыл-аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн сүйлөп жаткан адамдын максатын, ниетин тилекти билдирген этиш сөздөр максат-ниет ыңгай деп аталат.
Максат -ниет ыңгайды –мак, -макчы мүчөлөрү уюштурат. Көбүнчө –мак мүчөсүнөн кийин эле, экен, турсун, тургай, бол, беле, эмес сыяктуу көмөкчү сөздөр айтыла берет. М: Ал бүгүн шаарга кетмек. Мен жакшы окумакмын. Биз кечигип калмак болдук.
- -мак, -макчы мүчөлөрү уланган сөздөр кээде максат-ниет ыңгайды, кээде кыймыл атоочту уюштурат. 1. –мак, -макчы мүчөсүнөн кийин жак мүчөлөрдүн толук түрү уланып,жекелик, көптүк санда айтылса.
2. –мак, -макчы мүчөлөрүнөн кийин эле, экен, турсун,тургай, бол, беле, эмес, жок, бар деген ж.б.сөздөр кошо айтылса. М:Бүгүн Шаршендин өзү келмек экен. Курманбек жазмак болду. Мурат бармак экен.
Төмөнкү учурда кыймыл атоочтук мааниде колдонулат. -мак мүчөсүнөн кийин таандык, жөндөмө мүчөлөрү уланып айтылса. М: Алмактын бермеги бар. Эмгеги аздын өнмөгү аз. Алмагы оңой, бермеги кымбат. Бир таарынса жазылмагы кыйын.
Эгерде –мак,-макчы мүчөлөрүнөн кийин жак мүчөлөр уланса, же эле, экен, бол, беле, эмес деген көмөкчү этиштер айкашып айтылса же сүйлөмдүн аягына келгенде баяндоочтук милдет аткарат.
М: Танабай бүгүн биздикине келмек. Бала Ак кемени көрүп, ушинтип мактанмак эле.