Просмотр содержимого документа
«Этиштин озгочо формалары тест»
Тема: Этиштин өзгөчө формалары.
1. Кайсы варианттагы асты сызылган этиштер биригип бир гана суроого жооп берет?
а) Мен үйгө уктаганы кеткем;
б) Баягы күндөрдү эстеп кеттим;
в) Жөлөнүп отур!
г) Унааны чайпалтып айдайсың.
2. Акыркы сынактан биринчи болгон бала биринчи сынактан акыркы орунду алган болчу.
Жогорудагы сүйлөмдүн кайсы бөлүгү “кайсы бала?” деген суроого жооп боло алат?
а) биринчи болгон;
б) сынактан биринчи болгон;
в) акыркы сынактан биринчи болгон;
г) акыркы болгон.
3. Кайсы катарда асты сызылган сөз этиш эмес?
а) Китеп окуу мээни эс алдырат;
б) Туулганы парашют менен секире элекмин;
в) Ашыкча эс алуу мага жарашпайт;
г) Бул жерге буроо керек экен.
4.Затташкан атоочтук камтылган сүйлөмдү тапкыла.
а) Көптү билгенден үйрөтө алган пайдалуу;
б) Бош өткөрүлгөн убакыттын пайдасы – өкүнүч;
в) Киши болор кишинин киши менен иши бар;
г) Өлбөс жигит болбойт, өтпөс өмүр болбойт.
5. Кыймыл атоочтун жондөмө категориясы менен өзгөргөн учуру кайсы берилген?
а) Билгениңди үйрөтө алсаң – билесин;
б) Алмайдын бермейи бар;
в) Бир жердеги Күндүн чыгышы - башка жердеги Күндүн батышы;
г) Уккандан окуган өйдө.
6. Кайсы катарли ката жазылган?
а) Ичээр суум, жутаар тамагым бар;
б) Көрөр күнүн көргөн күнүндөн жакшыраак болсун;
в) Чакырганда келген конок келбегенден сыйлуу;
г) Барчу жер көп.
7. Өткөн чакка тиешелүү заттын белгиси катары колдонулган кыймыл-аракетти билдирген сөз кайсы катарда берилген?
а) Бизде окуган балдардын баары жакшы окуйт;
б) Жакшы ышталган сабанын кымызы экен;
в) Окуй турчу китеп көп;
г) Билгенден билгенин колдоно алган кыйын.
8. Айбек агайды кечке күтүп жатып кеч калдым. Сүйлөмдөгү кайсы сөздөрдөн кийин үтүр келиши керек?
а) Айбек, жатып;
б) күтүп, жатып; в) Айбек; г) эч жерге үтүр коюлбайт.
9. Максатты билдирген чакчыл кайсы вариантта?
а) Мен бул жерге билим алганы келдим;
б) Жашоонун маңызын туура табуу керек;
в) Бүгүн аябай жыргап уктадым;
г) Тажрыйба топтоо мен үчүн өтө маанилүү.
10. Кайсы катардагы сөз тизмегинин соңуна чекит койсок, өз алдынча толук сүйлөм боло алат?
а) Окуу отуруу;
б) Отургандан окуган;
в) Окугандын отурганы;
г) Отурган окуган.