Просмотр содержимого документа
«Эволюциянын кыймылдаткыч күчтөрү»
ЭВОЛЮЦИЯНЫН КЫЙМЫЛДАТКЫЧ КҮЧТӨРҮ
МАКСАТЫ
Окуучулар Чарлз Дарвиндин эволюциялык теориясынын негизги кыймылдаткыч күчтөрүн түшүнүшөт (тукум кууган өзгөргүчтүк, табигый тандоо, жашоо үчүн күрөш).
Азыркы заманбап эволюция теориясындагы жаңы факторлор менен таанышышат
ЭВОЛЮЦИЯНЫН КЫЙМЫЛДАТКЫЧ КҮЧҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Эволюциянын кыймылдаткыч күчтөрү – бул тирүү организмдердин өзгөрүшүнө жана жаңы түрлөрдүн пайда болушуна шарт түзгөн негизги факторлор
ЧАРЛЪЗ ДАРВИН КАНДАЙ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ КҮЧТӨРДҮ АНЫКТАГАН?
ЗАМАНБАП БИОЛОГИЯДА ЭВОЛЮЦИЯНЫН НЕГИЗГИ ФАКТОРЛОРУ:
- Популяциялык толкундар Обочолонуу (географиялык, биологиялык) Особдордун миграциясы Генетикалык дрейф Мутациялар
- Популяциялык толкундар
- Обочолонуу (географиялык, биологиялык)
- Особдордун миграциясы
- Генетикалык дрейф
- Мутациялар
- Популяциялык же тиричилик толкундары - бул табигый популяциядагы организмдердин санынын термелүүлөрү. Бул термин 1905-жылы орус биологу Сергей Сергеевич Четвериков тарабынан киргизилген. Популяциялык толкундардын негизги себеби популяциянын санынын төмөндөшү, ал эми популяциянын кайра калыбына келүүсү тамак-аш ресурстары менен байланыштуу. Табигый кырсыктар кургакчылык, өрт, суу ташкындоолор да болушу мүмкүн.
- Популяциялык же тиричилик толкундары - бул табигый популяциядагы организмдердин санынын термелүүлөрү. Бул термин 1905-жылы орус биологу Сергей Сергеевич Четвериков тарабынан киргизилген. Популяциялык толкундардын негизги себеби популяциянын санынын төмөндөшү, ал эми популяциянын кайра калыбына келүүсү тамак-аш ресурстары менен байланыштуу. Табигый кырсыктар кургакчылык, өрт, суу ташкындоолор да болушу мүмкүн.
2. ОБОЧОЛОНУУ
Популяциядагы особдордун эркин аргындаша албай
бири-биринен бөлүнүп, ар кайсы жерде жашап калуусу
- 1. ГЕОГРАФИЯЛЫК ОБОЧОЛОНУУ Бул обочолонуу түрүндө популяциялар физикалык тоскоолдуктар (тоо, дарыя, океан ж.б.) аркылуу бөлүнүп, бири-бири менен байланышпай калат. Бул өзүнчө эволюциялык жолго түшүүгө алып келет. Мисал: Дарвиндин чымчыктары – Галапагос аралдарында жашаган чымчыктар ар кандай аралдарга жайгашып, убакыт өтүшү менен ар түрдүү азыкка ыңгайлашкан. Африкадагы чоң дарыялар (Конго, Амазонка ж.б.) – Дарыялардын эки жээгинде калган жаныбарлар ар башка шартка көнүгүп, жаңы түрлөр пайда болгон
- 1. ГЕОГРАФИЯЛЫК ОБОЧОЛОНУУ
- Бул обочолонуу түрүндө популяциялар физикалык тоскоолдуктар (тоо, дарыя, океан ж.б.) аркылуу бөлүнүп, бири-бири менен байланышпай калат. Бул өзүнчө эволюциялык жолго түшүүгө алып келет.
- Мисал: Дарвиндин чымчыктары – Галапагос аралдарында жашаган чымчыктар ар кандай аралдарга жайгашып, убакыт өтүшү менен ар түрдүү азыкка ыңгайлашкан.
- Африкадагы чоң дарыялар (Конго, Амазонка ж.б.) – Дарыялардын эки жээгинде калган жаныбарлар ар башка шартка көнүгүп, жаңы түрлөр пайда болгон
- 2. РЕПРОДУКЦИЯЛЫК ОБОЧОЛОНУУ Бул учурда организмдер бир аймакта жашаса да, алар бири-бири менен аргындашпай калышат. Мунун себеби морфологиялык, генетикалык же жүрүм-турумдук айырмачылыктар болушу мүмкүн. Мисал: Убакыттык (сезондук) обочолонуу – Кээ бир курт-кумурскалар жана өсүмдүктөр ар башка мезгилде көбөйөт, ошондуктан аргындаша албайт. Мисалы, эки башка мезгилде гүл ачкан өсүмдүктөр бири-бири менен чаңдашпайт. Жүрүм-турумдук обочолонуу – Кээ бир канаттуулар же бака түрлөрү ар кандай үндөр менен ургаачыларды чакырып, ар башка топторго бөлүнөт. Мисалы, чымчыктар ар башка сайроо үлгүлөрүн колдонуп, бир гана өзүнө ылайыктуу өнөктөш табат
- 2. РЕПРОДУКЦИЯЛЫК ОБОЧОЛОНУУ
- Бул учурда организмдер бир аймакта жашаса да, алар бири-бири менен аргындашпай калышат. Мунун себеби морфологиялык, генетикалык же жүрүм-турумдук айырмачылыктар болушу мүмкүн.
- Мисал: Убакыттык (сезондук) обочолонуу – Кээ бир курт-кумурскалар жана өсүмдүктөр ар башка мезгилде көбөйөт, ошондуктан аргындаша албайт. Мисалы, эки башка мезгилде гүл ачкан өсүмдүктөр бири-бири менен чаңдашпайт.
- Жүрүм-турумдук обочолонуу – Кээ бир канаттуулар же бака түрлөрү ар кандай үндөр менен ургаачыларды чакырып, ар башка топторго бөлүнөт. Мисалы, чымчыктар ар башка сайроо үлгүлөрүн колдонуп, бир гана өзүнө ылайыктуу өнөктөш табат
3. Особдордун миграциясы - бир популяциянын особдорунун топторунун кыймылы жана алардын башка популяциядагылар менен аргындашуусу учурунда гендин ташылуусу ишке ашат. Мисалы: адамдын канынын тобун (ABO) аныктоочу гендердин бөлүштүрүлүшү боло алат. Европалыктар үчүн кандын А тобу, Азиялыктар үчүн кандын В тобу мүнөздүү.
Бул айырмачылыктын себеби генетиктердин айтуусу боюнча калктын Чыгыштан Батышка карай, биздин заманга чейинки 500-1500-жж. ичиндеги чоң жер которуулары эсептелинет
4. Генетикалык дрейф - генофонддогу гендердин жыштыгынын кескин жана кокусунан өзгөрүшү. Бул качан бир аз сандагы особдордун негизги популяциядан обочолонуп калганында байкалат. Мисалы XVIII кылымдын аягында Микронезиянын Пинджелэп аралындагы суу ташкындоодон келечек муундун тагдырын чечкен 20 гана адам аман калган. Бүгүнкү күндө аралдын калкынын 5-10 % дальтонизм оорусу менен жапа чегип келет, ал эми башка жерлерде жашагандарда бул оору менен ооруган адамдар сейрек кездешет. Мүмкүн суу ташкындоодо аман калган адамдардын бири бул оорунун рецессивдик генин алып жүрүүчүсү болгондур
5. Мутациялык процесс - генофонддун жанылануусун камсыз кылган элементардык эволюциялык материал
COVID-19 пандемиясын пайда кылган SARS-CoV-2 вирусу мутацияланып, жаңы варианттарды түзүүдө. Бул мутациялар вирустун жугуштуулугун, оорунун оордугун жана вакциналардын эффективдүүлүгүн өзгөртүшү мүмкүн. Мисалы, "Delta" жана "Omicron" варианттары вирустун мутацияларынын натыйжасында пайда болгон.
ҮЙГӨ ТАПШЫРМА: