СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 24.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Excel электрондук таблицасы жөнүндө жалпы маалымат

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Диаграмма – бул бир нече чоңдуктарды же бир чоңдуктун бир нече маанилерин салыштыруу үчүн, алардын маанилеринин өзгөрушүн байкоо ж.б. үчүн арналган графикалык көрсөтмөлүү чагылдыруучу каражат.

Просмотр содержимого документа
«Excel электрондук таблицасы жөнүндө жалпы маалымат»
























Электрондук таблица-ЭЭМде таблицалык эсептөөлөрдү жүргүзүү инструменти. Колдонуучуга электрондук таблицалар менен иштөөгө мүмкүндүк берген колдонмо программалар таблицалык процессорлор деп аталат. Электрондук таблица тик бурчтуу клеткалардан–ячейкалардан(уячалардан) турат. Клеткалардын горизонталдык катары–саптарды, вертикалдык катары–мамыларды түзөт. Мамыларды белгилөө үчүн латын алфавитинин тамгалары колдонулат: A, B, C ... Z менен белгиленген мамылардан кийин: AA, AB, AC,... AZ, BA, BB ж.б. алфавиттик тартипте белгиленип кете берет. Эгерде таблицада 256 мамыча болсо, анда акыркысынын аты –IV.

Мамы менен саптардын кесилиштери электрондук таблицанын ячейкасынын аталышын берет. Мисал: A3, D17, N49, EA25.

Ячейканын аталышы анын таблицадагы адресин аныктайт. Таблицага информацияны колдонуучу клавиатуранын жардамы менен киргизет. Таблицанын ар бир ячейкасына оперативдик эстин тиешелүү талаалары тура келет (эстин ячейкасы). Ар бир ячейкада текст же формула болушу мүмкүн.

Текст- бул компьютердик алфавиттин символдорунун каалагандай удаалаштыгы. Текст жазууларды, заголовкаларды, түшүндүрмөлөрдү жазууда , таблицаны түзүүдө ж.б. колдонулат.

Формула- бул таблицалык процессордун эсептөө аракеттерин аныктоочу туюнтма. Көпчүлүк учурларда формула математикалык эсептөөлөрдү аныктайт.

A1, B1, C1 ячейкалары текстик информацияларды (сөздөрдү) сакташат, ал эми A2, D2, C2 ячейкалары – формулаларды сакташат. * белгиси көбөйтүү белгисин билдирет.

Таблицалык процессордун ячейкасындагы бир сан дагы формула (жөнөкөй) болуп саналат. Ыңгайлуулук үчүн мындан ары формула деген сөз менен ячейкалардын аталыштарын, операциялардын белгилерин, функцияларды камтыган туюнтманы атайбыз. Сан чоңдуктарына сан терминин колдонобуз.

Колдонуучунун ячейкага киргизген информациясын киргизилген информация деп атайбыз. Колдонуучунун экрандагы ячейкадан көрүнгөн информациясын чыгарылган информация деп атайбыз.

Электрондук таблицанын негизги касиети: ячейкадагы сандык маанини өзгөртүү- бул ячейканын атын камтыган формулалар боюнча көз ирмемде автоматтык түрдө кайра эсептөөнү жүргүзөт.

Excel электрондук таблицасынын структурасы.


























Аталыш аймагы:



Горизонталдык меню:




Стандарттык инструменттер панели:



Формула сапчасы(уячадагы маалыматты чагылдырып турат)




Жумушчу барагы (тигинен латын тамгалары, туурасынан сандар менен

белгиленген).

Шахмат тактасы сыңары саптары сандар менен номерленет, ал эми мамылары латын алфавитинин тамгалары менен өсүү тартибинде белгиленет.





Абал сапчасы:









Стандарттык инструменттер панелинин кызматтары


- жаңы файл түзүү


- түзүлгөн файлды ачуу


- маалыматты (файлды) сактоо


- маалыматты кагаз бетине чыгаруу


- маалыматтын жалпы көрүнүшүн алдын ала көрүү


-белгиленген маалыматты кесип салуу


- белгиленген маалыматтын көчүрмөсүн алуу


- буфердеги маалыматты керектүү жерге жайгаштыруу


- акыркы аткарылган иш аракетти жокко чыгаруу


- берилген маалыматтарды автоматтык түрдө суммалоо


- маалыматты алфавит боюнча (же тескерисинен) иреттөө


- берилген маалыматка диаграмма түзүү


- жумушчу барактын өлчөмүн (масштабын)өзгөртүү


- шрифттин түрүн жана өлчөмүн тандоо


- текстти майлуу, кыйгач, асты сызылган түрдө жазуу


- маалыматты барактын оң же сол четине жана борборго жайгаштыруу


- бир нече уячаларды бириктирип, маалыматты борборго жайгаштыруу


- уячага жазылган сандык маалыматтын абалын тактоо


- шрифтин жана уячанын түсүн өзгөртүү

- уячаларды чектөөгө алуу


Excel электрондук таблицасында ар түрдүү экономикалык, статистикалык, математикалык, бухгалтердик эсептөөлөрдү жүргүзө алабыз. Аткаруу үчүн f(x) баскычын басып, эки кадам менен жыйынтыкка жетебиз.


Биринчи кадамда функциянын түрүн тандайбыз:



Экинчи кадам (кайсы уячадагы маалымат менен кандай аракет аткаруу экендигин тандап, жыйынтыкка ээ болобуз):



Диаграмма – бул бир нече чоңдуктарды же бир чоңдуктун бир нече маанилерин салыштыруу үчүн, алардын маанилеринин өзгөрушүн байкоо ж.б. үчүн арналган графикалык көрсөтмөлүү чагылдыруучу каражат.

Көпчүлүк диаграммалар тик бурчтуу координаталар системасында түзүлөт. X координаталык огу боюнча көзкарандысыз өзгөрмөнүн (аргумент) маанилери, вертикалдык Y огу боюнча–көзкаранды өзгөрмөнүн(функциянын) маанилери жайгаштырылат. Бир сүрөттө бир эле учурда бир нече диаграмма чыгарса да болот.

Таблицалык процессордун жардамы менен сандык маалыматты графикалык иштетүүдө төмөнкүлөрдү эске алыш керек:

  1. Диаграмманы түзүүгө керек болгон маалыматтардын областын белгилөө керек;

  2. Тандалып алынган чакмактардан маалыматтарды тандоонун тартибин (сап же мамы боюнча) аныктоо керек;

Мамы боюнча тандаганда Х координаталары белгиленген блоктун четки сол мамысынан алынат. Калган мамыларда диаграмманын Y координаталары камтылат. Мамылардын саны боюнча түзүлүүчу диаграмманын саны аныкталат. Саптар боюнча тандаганда белгиленген блоктун эң жогорку сабы Х координатасынын сабы, калган саптар диаграмманын Y координаталарын камтыйт. Төрт түрдүү типтеги диаграммаларды карайлы. Аларды биз: тегерек диаграмма, мамылуу, сызыктуу жана аймактык (же аянттык) диаграммалар деп атайлы. Адатта диаграммалардын түрү абдан көп, бирок булар эң кеңири таралган түрлөрү.

Диаграмма түзүү үчүн беш кадам менен иштеп, жыйынтыкка ээ болобуз. Адегенде берилген маалыматты белгилейбиз.


(диаграмма) баскычын басабыз. Пайда болгон диологдук терезеден каалагандай диаграмманын түрүн тандап, “Кийинки кадам” деген баскычты басабыз. Терезе пайда болот.

Биз азыркы учурда тегерек диаграмма тандап алдык.







Кийинки кадам: заголовкага ат беребиз, «Легенданы» тандайбыз.
“Подписи данных”баскычын тандап, керектүү уячаны белгилейбиз.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!