СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Excel электрондук таблицасы

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Орто мектептерде информатика предметин Excel электрондук таблицасын окутуунун турмушта колдонуусу

Просмотр содержимого документа
«Excel электрондук таблицасы»

Улуттук компьютердик гимназиянын усулдук

иштер боюнча директордун орун басары,

информатика мугалими Асанова М. Б.


Excel электрондук таблицасында маселелер иштѳѳ менен окуучуларды ѳз алдынчалуулукка үйрѳтүү


Республиканын экономикасынын, маданиятынын, коомдук түзүлүшүнүн ѳзгѳрүшү орто мектеп, гимназия, лицейлерде окутуунун усулдарын, програмасын ѳзгѳртүүгѳ алып келери закон ченемдүү. Ар бир мамлекеттин келечеги анын орто мектептерде окутуунун сапатына кандайдыр бир формада байланыштуу. Орто мектептерде окутуунун сапаты окуу планына, окуу программасына, окуу китептерине, орто мектептердин материалдык базасына, мугалимдин чыгармачылык менен иштѳѳсүнѳ, жаштардын окууга болгон кызыгууларына, мамилесине жана башкага кѳз каранды. Алардын негизгиси болуп окутуунун мазмуну болуп эсептелет. Окуу китептери, окутуунун каражаттары окутуунун мазмунуна шайкеш түзүлѳт.

Учурдун талабына ылайык, жалпы билим берүү системасында, анын ичинде орто мектептерде окутуу системасы бир топ ѳзгѳрүүгѳ дуушар болуп келүүдѳ. Окуу жана окутуу процессинде билим берүүнүн жаңы технологиялары, инновациялык иштер жүргүзүлүүдѳ.

Азыркы учурда коомдун ѳнүгүшүнѳ ылайык кѳпчүлүк окуу жайларда окуучулардын жалпы билим алууга болгон кызыгуусу тѳмѳндѳп бара жатканын кѳрүүгѳ да болот, ал эми келечек ээлердин информатика предметине болгон кызыуусу ѳтѳ жогорку деңгээлде деп айтсак жаңылышпайбыз.

Информатика предметинин негизги элементтери жогорку окуу жайлардын ар бир кесип ээлерине жана орто мектептердин жогорку класстарында окутулуп келинүүдѳ. Атап айтсак, жогорку окуу жайдагы экономист, бухгалтер жана башка кесиптин ээлери жана орто мектептерде 10-11-класстарда Office программаларын жогорку деңгээлде үйрѳнүп, ѳздѳрүнүн күндѳлүк турмушунда колдонушуп жүрүшѳт. Мына ушул максатта орто мектептерде информатика предметин окутуунун кээ бир ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ, башкача айтканда технологиясына токтолуп ѳтѳбүз.

Окуучулардын билимдери реалдуу бааланып, негиздүү, бекем болушу үчүн алардын ойлоо жѳндѳмдүүлүгүн, предметке болгон кызыгуусун арттыруу үчүн информатиканы окутуунун жаңы технологиясына ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу керектигин чечүү азыркы учурдун талабы болуп саналат.

Кайра жаралуу доорунун улуу ойчулу, сүрѳтчүсү Леонарда До Винчи: «Биз доорубуздан артта калбашыбыз керек!»- дегендей, бардык предметтерди компьютерлештирүү менен орто мектептердеги окуучулардын ѳз алдынча иштѳѳ жѳндѳмдүүлүгүн, кызыгуусун арттыруу зарыл.

«Мугалимдик кесип эмес, ал жашоонун образы»- деп айтылат, ал эми окуучулар дүйнѳнү ѳзгѳртүүгѳ жѳндѳмдүү, себеби алар үчүн «сѳз» деген чоң куралы бар. Окуучулар ѳз ойлорун так, эркин, толук айтууга жетишүүсү керек. Алардын ойлорун токтотууга, жыйынтыктоого окутуучу тарабынан жол берилбѳѳсү керек. Сынчыл ой-жүгүртүү адамды ойлонтот, бир нерсеге шыктындырат жана аткартат. Сынчыл ой-жүгүрткѳн окуучу гана ар түрдүү турмуштук абалдарда маселени чече билүүгѳ, суроолорду тура кое билүүгѳ, аны аткартууга үйрѳнѳт.

Мугалим тарабынан ар бир окуучуга ишеним менен мамиле жасоо зарыл, мына ошондо гана ал ѳз алдынча ой жүгүртүп, ойлоп жаткан ойлорун толук, ачык айта алат. Аларды шаштырбоо керек, себеби бардык эле суроого дароо жооп берүүгѳ болбойт. Адамдын билими, алардын берген суроосунан эле билинет дегендей, окуучуларды фактологиялык жана концептуалдык суроолордун деңгээлин ажырата билүүгѳ тарбиялоо зарыл.

Биз жогорку класстын окуучуларына office программасынын ичинен Word тексттик редактору, Excel электрондук таблицасы, Power point презентациясы жѳнүндѳгү түшүнүктѳргѳ токтолуп ѳтѳбүз. Мына ушунун ичинен Excel электрондук таблицасына ар түрдүү турмуштук маселелерди чыгаруунун жолдоруна токтолобуз. Ар түрдүү экономикалык, турмуштук маселелерди чыгаруу менен окуучуларды ѳз алдынчалуулукка үйрѳтѳ алабыз деген ишеничтебиз.

1-маселе:

Складдагы товардын баштапкы баасына жана товардын жалпы кѳлѳмүнѳ негиздеп:

  • Товардын жалпы кѳлѳмүнүн наркын;

  • Товардын жалпы кѳлѳмүнүн наркынан: бажыканага-20%, НДС-10% тѳлѳнүүчү налогдорду;

  • Транспортко-10%, жумушчуларга-15% тѳлѳнүүчү тѳлѳмдѳрдү;

  • Товарды сатып алуунун жана кайра сатуунун жалпы суммасын;

  • Товардын ар бир түрү боюнча кеткен чыгымды жана дүкѳндүн кирешесин(товардын наркын) эсептѳѳчү таблица түзүү

Тапшырманы аткарууга кѳсѳтмѳ:

    1. A1 уячага-«Бакыт дүкѳнү»-деп жазабыз(A1:K1 уячаларын бириктирип ) жана борборго теңдейбиз;

    2. а) A2-товардын аты (A2:A3 уячаларын бириктирип, маалыматты борборго теңдейбиз)

B2-товардын наркы(1кг)(B2:B3 уячаларын бириктирип, маалыматты борборго теңдейбиз)

C2-товардын жалпы кѳлѳмү (C2:C3 уячаларын бириктирип, маалыматты борборго теңдейбиз) деп киргизебиз.

Б)D2-товардын жалпы кѳлѳмүнүн наркы

E2-тѳлѳмдѳр(E2-F2-H2 уячаларын бириктирип, борборго тегиздейбиз);

E3-баажыканага

F3-НДС

G3-транспорт

H3-жумушчуларга

I2-товардын наркы(I2:I3 уячаларын бириктирип, маалыматты борборго теңдейбиз)

J2-дүкѳндүн кирешеси(J2:J3 уячаларын бириктирип, маалыматты борборго теңдейбиз)

K2-товардын сатылуучу баасы(K2:K3 уячаларын бириктирип, маалыматты борборго теңдейбиз)деп киргизебиз.

    1. A4-A9-уячаларына товардын аттарын киргизебиз.

A10-уячасына баары деп киргизебиз.

B4-B9-уячаларына товардын баасын киргизебиз.

C4-C9-уячаларына товардын жалпы кѳлѳмүн киргизебиз



    1. Эсептѳѳлѳрдү жүргүзѳ баштайбыз:

  • Товардын жалпы кѳлѳмүнүн наркын эсептѳѳ үчүн уячага формула киргизебиз: D4=B4*C4;

  • Бажыканага: E4=D4*20%

  • НДСке: F4=D4*15%

  • Транспортко:H4=D4*10%

  • Жумушчуларга:G4=D4*15%

  • Товардын наркына: D4+E4+F4+G4+H4

  • Дүкѳндүн кирешесине:J4=I4*10%

  • Товардын сатылуучу баасына:K4=I4+J4 формулаларын киргизебиз



    1. D4-K4 уячаларын белгилеп, толтуруу маркери менен бул формулаларды кийинки саптагы товарлар үчүн кѳчүрѳбүз.



    1. B4-B9-уячаларды белгилеп, инструменттер панелиндеги баскычын басып, автосуммалоо жүргүзѳбүз.



    1. B10 уячадагы суммалоону K10 уячасына чейин тартсак, жалпы мамыча боюнча суммалар келип чыгат. Бир нече уячадагы маалыматты суммалоонун экинчи түрү B10 уячага =сумм(B4:B9)деп киргизсек болот.


2-маселе:

Жашоо үйлѳрүн тейлѳѳ компаниясы ѳзүнүн кѳрсѳткѳн кызматтары үчүн тѳмѳндѳгүдѳй тарифти орноткон:


Керектѳѳлѳр

баасы

1л суу

0,1 сом

1кВт/с электр энергиясы

0,43 сом

1 кубометр газ

2,8 сом


Бакыт бир айдын ичинде 300литр суу, 60кВт/с электр энергиясын жана 0,5 кубометр газ сарптады. Эдил 50 литр суу, 200кВт/с электр энергиясын жана 1,5 кубометр газ, Мээрим 150 литр суу, 150 кВт/с электр энергиясын жана 0,2 кубометр газ. Сапар 60 кКт/с электр энергиясын, 200 литр суу жана 0,3 кубометр газ сарпташкан.


Тапшырма:

  • Жогорудагы бардык жашоочулар биригип канча суу, электр энергиясын жана газ сарптагандыгы тууралуу электрондук таблицасын тургузуу.

  • Бир ай ичинде эң кѳп канча литр суу керектелген?

  • Бир ай ичинде эң аз канча кубометр газ керектелген?

  • Бир ай ичинде орто эсеп менен канча электр энергиясы керектелген

  • Ар бир жашоочу кѳрсѳтүлгѳн жалпы кызматтарга канчадан акча тѳлѳгѳн?



Мына ушундай турмуштук маселелерди чыгарууга үй тапшырмага жана ѳз алдынча иштерге берсек, окуучу кызыгуу менен аткарат, себеби мындан ѳзүнүн турмушта колдонгон иштеринин жыйынтыгын кѳрѳ алышат. Жеке эле эсептѳѳлѳрдү жүргүзүү менен чектелбестен ар түрдүү графиктерди жана диаграммаларды тургузууга да мүмкүнчүлүк берүүбүз зарыл.

«Ар бир адам ѳз короосун таза кармаса, коом таза болмок» -деп айтылгандай, ар бир мугалим ѳз сабагын кызыктуу ѳтсѳ балдардын ошол сабакка кызыгуусу артмак деген ой менен жыйынтыктагым келет.






























Колдонулган адабияттар

  1. О. Ефимова, Ю. Шафрин Практикум по компьютерной технологии. Москва: ABF, 1997

  2. Ш. Курманова Microsoft Excel электрондук таблицасында иштѳѳ боюнча методикалык колдонмо. Б. 2002

  3. Т. Р. Орускулов Базалык курс. Практикалык иштер. Б. 2003

  4. Б. П. Сайков Excel для любознательных. Изд. «первое сентября»:приложение-информатика, №7, 2001

  5. Ю. Шафрин Основы компьютерной технологии. Москва: ABF, 1996



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!