СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Excel программасынын логикалык функциялары менен иштөө

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Максаты: Логикалык функциялардын жардамы менен берилгендерди кайра иштетүүдө практикалык машыгууларга ээ болуу

Просмотр содержимого документа
«Excel программасынын логикалык функциялары менен иштөө»

Тема: Excel программасынын логикалык функциялары менен иштөө

Максаты: Логикалык функциялардын жардамы менен берилгендерди кайра иштетүүдө практикалык машыгууларга ээ болуу

1-тапшырма. Кирүү экзамендеринин жыйынтыгы боюнча экзамендик ведомостту түзгүлө. Эгерде окуучу белгиленгенден жогорку баллга ээ болсо (мисалы, 7 же 13), анда экзамендин жыйынтыгы оң деп эсептелет. Эгерде окуучу предметтердин жок дегенде бир эле предметтен белгиленген баллга ээ боло албай калса, анда ал конкурска катышуу укугунан ажырайт. Жалпы балл төмөнкү эреже боюнча аныкталат: биринчи (профилдик) предметтен алган балл саны 3 кө, экинчиси 2 ге, үчүнчү предметтен алган балл саны 1 ге көбөйтүлөт жана алынган көбөйтүндүлөр суммаланат. Жалпы балл жана жыйынтыктарды эсептөөнү логикалык функциялардын жардамы менен төмөнкүчө автоматташтырабыз:

1-эскертүү. F17 ячейкасына төмөнкү формуланы кийиргиле:

= ЕСЛИ (И(С17=7; D17=7; E17=7); C17*3+D17*2+E17; 0)

2-эскертүү. G17 ячейкасына төмөнкү формуланы кийиргиле:

= ЕСЛИ (F170; "Прошел"; "Не прошел")

Мында, ЕСЛИ функциясы берилген маанилер жана функциялар үчүн шарттарды текшерүүдө колдонулат. ЕСЛИ (лог_выражение; значение_если_истина; значение_если_ложь). лог_выражение - бул истина (чын) же ложь (жалган) деген маанилерди алуучу каалаган маани же туюнтма. Значение_если_истина - бул лог_выражение истина (чын) болгон учурда кайтарылуучу маани. Значение_если_ложь - бул лог_выражение ложь (жалган) болгон учурда кайтарылуучу маани.

2-тапшырма. Жалпы балл боюнча хит-парад түзгүлө

3-эскертүү. 2-тапшырманы аткаруу үчүн Данные / Сортировка командасын колдонгула.

3-тапшырма. Телефон кызматы үчүн абоненттик акы төлөө маселесин чыгаргыла

4-эскертүү. Е50 ячейкасына төмөнкү формуланы кийиргиле:

= ЕСЛИ(C50=”Отдельный“; D50*50& “сом“; ЕСЛИ(C50=”Спаренный“; D50*25& “сом“;0))