СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Фалестин өмүр жолу

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Фалестин өмүр жолу жөнүндө маалымат алышат

Просмотр содержимого документа
«Фалестин өмүр жолу»

Ф А Л Е С

(болжол менен б.э.ч. 625-548-ж.ж.)

 

Милеттеги античтик мектептин негиздөөчүүсү Фалести эң биринчи илимди жараткан окумуштуу деп да   эсептешет. Ал Кичи Азиядагы Эгей деңизинин боюнда жайгашкан гректердин соода шаары Милетте туулган.

Биздин эрага чейинки VI кылымда Милет даңкы далайга кеткен көп сандагы соодагерлер, кол өнөрчүлөр, деңизде сүзүүчүлөр жашаган тынчы жок шаар болгон.

Милеттик соодагер-моряктар да алыскы саякаттарга жөнөп турушкан. Ошондуктан алар үчүн: деңизде кантип багыттарды аныктоо керек? Жээктен кемеге чейинки аралыкты кантип аныкташ керек? ж.у.с. суроолорго жооп табуу маселелери турган. Мындай теориялык суроолордун

 чечилишине адамдардын турмушундагы ийгиликтеринин такай көз карандылыгы, Милет шаарын античтик илимдердин бешигине, ал эми окумуштуу Фалести анын төл башчысына айланткан.

Фалес да соодагер адам болгон. Ал оливка майы менен ийгиликтүү соода кылып жакшы киреше тапкан. Египетке, Орто Азияга ж.б. жактарга көп саякат жасаган. Ал барган жерлердеги жрецтердин, кол өнөрчүлөрдүн жана деңизде сүзүүчүлөрдүн тажырыйбаларын абдан кызыгып үйрөнгөн. Кийинчерээк саякатын жана соода

герлигин токтотуп, жанына окуучуларды топтоп бардык өмүрүн илим менен алп урушууга арнайт. Ошентип, милеттик античтик ионий мектеби уюштурулат. Бул мектептен көптөгөн гректин атактуу окумуштуулары чыккан. Алардын арасында ааламдын чексиздиги тууралу биринчилерден болуп айткан, тик бурчтуу проекцияны колдонуп биринчи географиялык картаны түзгөн Анаксимандр, Күн жана Айдын тутулушун түшүндүрүүчү гипотезаны тартуулаган Анаксимен бар.

Фалестин илимий ишмердиги практика менен да тыгыз байланышта болгон. Храмдардын курулушуна жетекчилик кылып жүрүп, ал жарым айланага ичтен сызылган бурч ар дайым тик бурч болот, башкача болушу мүмкүн эмес деп далилдеген. Күндүн тутулуш себебин түшүндүрүү, күндүн узарышынын токтолуш жана күн менен түндүн узактыгынын теңелиш убактысын белгилөө, жылдын узактыгы 365 күн болоорун аныктоо ж.б. бир катар астрономиялык ачылыштарды Фалеске тиешелүү деп жүрүшөт. Ошондой эле ал биринчилерден болуп “аалам жарыкчылыгы кудайдын жаратканы” деп эсептегенден баш тартып, дүйнөдөгү бардык нерселер алгачкы заттан турат деп тастыктаган. Ал сууну алгачкы зат деп эсептеген. “Суу – эң алгачкы элемент, анын жааны – жер, анын буусу – аба жана от” – деп эсептейт Фалес. Ушул себептүү ал гректердин стихиялуу материалистик философиясынын төл башы болуп чыга келген.

Фалес геометр катары да белгилүү. Шартуу түрдө бир катар: тегеректин диаметр аркылуу тең экиге бөлүнүшү, тең капталдуу үч бурчтуктун негизиндеги бурчтардын барабардыгы, вертикалдык бурчтардын барабардыгы, тик бурчтуу үч бурчтуктардын белгилеринин бири ж.б. жөнүндөгү теоремалардын ачылыштары жана далилдөөлөрү Фалеске тиешелүү деп жүрүшөт.

Жээктен көзгө көрүнгөн кемеге чейинки аралыкты аныктоонун кызыктуу ыкмасын Фалес ачкан. Аның үчүн алар тик бурчтуу үч бурчтуктардын окшоштук белгисин колдонушкан деп тарыхчылардын айрымдары тастыкташат.

Ал биринчи болуп илимге, айрым алганда математикага далилдөөнү киргизгендиги үчүн Фалестин тукумдары ага миң мертебе ыраазычылыгын билдиргенге милдеттүү болсо керек. Азыркы учурда көпчүлүк математикалык эрежелер Грецияга караганда бир кыйла мурда ачылгандыгы белгилүү, бирок алардын бардыгы тажырыйба жолу менен ачылган. Ошондой эле ишенимдүү чындык катары кабыл алынган жалпы жоболордун негизинде кандайдыр бир айтылыштын туура экендигин так логикалык далилдөө гректер тарабынан ойлоп табылган. Грек математикасынын нукра жаңы жүзү жана мүнөзү – бул далилдөөнүн жардамы аркылуу бир айтылыштан башкасына ырааты менен өтүү болуп эсептелет. Так ушундай мүнөз математикага Фалес тарабынан берилген. Чындыгында, илимий тизмеде Фалеске эмнелер таандык жана аны гений деп сыймыктанышкан тукумдары ага эмнелерди тиешелүү деп айтышканын азыр айтыш кыйын. Ошентсе да Греция биринчилерден болуп Фалес өңдүү бир учурда философ, математик жана жаратылыш сынчысына ээ болгон. Мына ошондуктан байыркылардын аны өткөн замандагы акылмандардын “укмуштудай жетөөсү” (великолепной семерке) тизмегине киргизишкени капысынан эмес болсо керек.