Сабактын темасы: “ Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат”
Сабактын максаты: а) Окуучулар алган билимин бекемдеп,бышыкташат.
б) Берилген тапшырманы чечүүгө,топ мене иштөөгө көнүгүшөт.
в) Жоопкерчилике,тыкандыкка,лидерликке умтулушат.
Сабактын жабдылышы: Карточкалар,фигуралар, ватман, маркерлер.
Сабактын формасы: Таймаш-сабак
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу моменти: Саламдашуу
Балдар көңүл бургула
Баарыңар тынч тургула
Билимди чындап мактайбыз
Жарышууну баштайбыз.
Сценарий:
1-тапшырма. Саламдашуу (Командалар саламдашышат,атын жакташат )
Квадрат командасы- Атанын улуу салтынан
Акыйкат заман наркынан
Жалындуу салам айтабыз.
Квадрат менин өз атым
Алдыңарда турамын
Аянт үчүн илгертен
Чен болуп кызмат кыламын
Жактарымдын саны төрт
Баары дайым барабар
Бурчтарымдын бары тик
Буга да көңүл бурсаңар
Диоганалдын экөө экени дайын
Алардын барабардыгын айтайын
Бурчтарымды,өзүмдү
Алар болот тең экиге ар дайым
Үч бурчтук командасы- Атанын улуу салтынан
Билимдүүнүн атынан
Эсендүү салам айтабыз.
Бурчтарымдын бары тең
Тар бурчтуу үч бурчтукмун
Бирөө эле кең болсо
Кең бурчтуу үч бурчтукмун
Бирөө эле тик болсо
Тик бурчтуу үч бурчтукмун
Жактарыма жараша
Бурчтарым ар башка
Жактарым болсо барабар
Тең жактуу болом анда мен
Бирдей болсо эки капталым
Тең капталдуу боломун
Кана балдар талыкпастан, билим кенин казалы.
Билбегенди бул КВНдан,билип алууга шашалы.
Кыялды арттырып,санааны калтырып.
Мелдешке аттаналы,Ишеним арттыраалы
2-тапшырма. –Сүрөт аркылуу окумуштуулардын ким экенин айтуу.
3-тапшырма.-Сан катышкан макал айтышуу.
4-тапшырма.-Төмөнкү сөздөр кайсы тилден алынган, алардын мааниси.
Градус латын сөз. “кадам” “баскыч” дегенди түшүндүрөт.
Циркуль латын сөз. “тегерек” “айлана” дегенди түшундүрөт.
Хорда грек сөз. “Муз.аспап.кылы” ” дегенди түшундүрөт.
Перпендикуляр латын сөз. “тик сызык” дегенди түшундүрөт.
Параллель грек сөз. “катар жүрүүчү” ”дегенди түшундүрөт.
Аксиома грек сөз. “далилдоосүз кабыл алынган сүйлөм” дегенди түшүндүрөт.
Геометрия грек сөз. “жерди өлчөө” дегенди түшүндүрөт.
Радиус латын сөз. “дөңгөлөктүн чабактары” дегенди түшүндүрөт.
Теорема грек сөз. “далилдөөнү талап кылган сүйлөм” дегенди түшүндүрөт.
Биссектриса латын сөз. “тең экиге бөлүү” дегенди түшүндүрөт.
5-тапшырма. Бий
6-тапшырма.Суроолор
Тегиздикте бир чекит аркылуу канча түз сызык жүргүзүүгө болот? (чексиз)
Эки чекит аркылуу канча түз сызык жүргүзүүгө болот? (1)
Эсептөө башталышы бар бирдик кесинди жана багыты белгиленген шоола эмне д.а.?(К.ш)
Бир чекиттен чыгуучу эки шооладан түзулгөн фигура э.а? (бурч)
Жактары бир түз сызыкты түзүүчү бурчту,кандай бурч д.а? (жайылган)
Жайылган бурч канча градуска барабар? (180)
Жайылган бурчтун жарымы кандай бурчту түзөт? (Тик бурчту)
Тик бурч канча градуска барабар? (90)
Тик бурчтан кичине болгон бурч, кандай бурч деп аталат? (Тар бурч)
Тик бурч боюнча кесилишүүчү эки түз сызык, кандай түз сызыктар деп аталат? (перпендикуляр)
Бир тегиздикте жаткан эки туз сызык кесилишпесе, кандай түзсызык болот? (параллель)
Жарым түз сызык эмне д.а? (шоола)
Чекиттерди кандай тамгалар менен белгилейбиз? (чоң лат.там)
Геометрия канча бөлүктөн турат? (3)
Бир жагы жалпы жак болгон эки бурч эмне д.а? (жанаша жаткан бурч)
Бардык жагы бирдей болгон фигура эмне д.а? (квадрат)
7-тапшырма. Жаа атмай оюну
11*2= 2013 300-100= 1994
1000+991= 1992 1699+112= 1992
2000-8= 22 2008-14= 200
1998+15= 1991 1756+236= 1811
Жооптору: 22-жыл –КРнын Эгемендүүлүгүнө 22жыл болду.
200-жыл -Курманжан Датканын маарекеси.
1811-жыл -Курманжан Датканын туулган жылы.
1991-жыл -КРнын Эгемендүүлүктү алган жыл.
1992-жыл -КРнын мамлекеттик туусу к.а. жыл.
1992-жыл -КРнын мамлекеттик гимни к.а.жыл.
1994-жыл -КРнын мамлекеттик герби к.а.жыл.
2013-жыл -Ишмердүүлүк жылы.
8-тапшырма. Табышмактар.
Озу узун эч жерге батпайт Чуңкур эмес дөң эмес
Ийрилик болсо ага жакпайт Түсу бардай оң эмес
Ниетим түз деп өзүн мактайт Даргойу кең тар эмес
Издегендер баш аягын таппайт Эч нерсеге зар эмес
Ким аны тезинен тапса Көпчүлүк анда жатышат
Билимдүү экенин аныктайт (т.с) Батпаганы өйдө качышат (тегиздик)
Сапары бир жерден башталат Бурч чокусунан чыккан ким?
Ар бири ар жакка аттанат Алысты карай учкан ким?
Саат жебелери өңдөнуп Жактарын аралап өткөн ким?
Торт түрдүү болуп түрдөнөт Бурчту теңдеп бөлгөн ким?
Муну тапкан окуучу Анын өзүн көргөн ким ? (биссектриса)
Билимге карай күүлөнөт (бурч)
9-тапшырма. Командалардын оюну
Квадрат командасы. Фигуралардын чатагы.
Үч бурчтук командасы. Фигуралардын соту.
10-тапшырма. Командалардын ырлары.