Темасы: Фигуралардын таймашы.
Кеченин тиби: билимдерди бекемдөө сабагы.
Ресурстар: цифра жазылган жана фигуралар тартылган листтер, ноутбук, акылдуу доска, плакаттар,
| Кеченин максаттары: | Күтүлүүчү натыйжа: |
| Билим берүүчүлүк: 1-чейректе өтүлгөн темаларды , төрт бурчтуктун түрлөрүн кайталоо. | 1-чейректе өтүлгөн темаларды билишсе, төрт бурчтуктун түрлөрүн кайталашса. |
| Өнүктүрүүчүлүк: Тактыкка, тапкычтыкка, чыйрактыкка, өз алдынча иштөөгө үйрөтүү. | Тактыкка, тапкычтыкка, чыйрактыкка, өз алдынча иштөөгө үйрөнүшсө. |
| Тарбия берүүчүлүк: Ынтымак болууга, бири-бирин сыйлоого, убакытты туура пайдаланууга тарбиялоо. | Ынтымак болушса, бири-бирин сыйлашса, убакытты туура пайдаланууга тарбияланышса. |
Кеченин жүрүшү: 1. Уюштуруучу бөлүк
А) Саламдашуу
Б) Окуучуларды жоктоо.
В) Кечени баштоо.
Ассалому алейкум келген мейман
Алик алып угуңуз салам айтам.
Ат арытып алыстан келгендерге
Жеке өзүмдүн атымдан салам айтам.
Кыштагы аппак кардай пейил каалайм
Агып бүтпөс булактай өмүр каалайм
Кубанамын меймандардын келишине
Бүгүнкү биздин геометриялык кечебизге
Командаларды сахнага чакыруу.
“Илим”командасы жана “Билим”командасы.
Андаэмесе ,“Женилбесжетөө” мелдешиначыкдепжарыялоогоуруксатэтиңиздер.
Командалардын капитандарын чакырып “чучу кулак” тартабыз.
1. “Илим” командасы. 2. “Билим” командасы
Кеченин программасы:
3.Ыр 4. Макал-лакап
5. Эмблема чечмелөө 6. Суроо-жооп
7. Табышмактар. 8. Жыйынтыктоо.
Мелдешибиздин биринчи тапшырмасы. Саламдашуу:
1-чи. “Илим” командасын 2-чи. “ Билим” командасын сахнага чакырабыз.
Саламдашуу: “Илим командасы”
Салам айтып кубанып баарыңарга, Кылымдарды карытып жер жүзүндө,
Урпактары меймандос кыргыз элдин. Салт экен саламдашуу бүт элимде.
Жаштары билим алып адам болуп, Саламдашпай баштап кетсек кечени,
Өлкөбүз өркүндөсүн өсө берсин. Уят болуп калабызго биз сиздерге.
Көтөрөм деп, цифралардын беделин, Келечекте эмгек сиңирип,
Жумшапдайын эмгегин. Жарасам дейт керегине сандардын.
Нөл: Эсепти билбегенди, Мен боломун бир деген,
Нөл экен деп коюшат. Өңчөй сабак билбеген.
Эгер мен цифра болбосом, Тентекбалдаржолдошум,
Миллиондор кайдан жаралмак. Бирин – бири тилдеген.
Жалкоолуктун эгизи, Эсепте да жазууда да,
Ийнеликтин шериги. Колдонобуз дайыма.
Эки: Ким деп мени сураса, Үч. Үтүрө үп дайыма,
Эки деген мен болом. Кабагымды ачпаймын.
Сабак билбес жалкоонун,Тың окуган балдарга,
Дептерине кономун. Жолдош болуп баспаймын.
Билгендерге дос болот, Окууда да же коомдук иште,
Билбегенге кас болот. Жетип дайым жеңиштерге.
Төрт: китеп менен дос болгон, Беш: мен боломун беш деген,
Мени менен дос болот. Жолум дайым кеп кенен.
Билгендери көбөйүп, Мени ээрчиген балдарга,
Билбегенижок болот.Бийиктикжокжетпеген.
Хор: Жакшылык, өмүр тилеп сиздерге,
Тартуулап өнөр алып келдик сиздерге.
Акырын айтып коёр суз эгер,
Ашыкча бизден каталар кетсе.
“Илимден” ийилип салам айтабыз.
“Билим” командасы. Саламдашуу.
Кутмандуу бакай атабыз, Кубанып окуп жатабыз.
Жакшылык тилеп сиздерге, Жалындуу салам айтабыз.
Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу эжеа гайлар, атандаштар “Билим” командасы мүчөлөрү менен тааныштыра кетүүгө уруксат этиниздер.
Кана балдар келгиле , Айтса сөзүн угалы,
Башталат азыр кечебиз. Фигуралар сүйлөсүн.
Фигураларга тил бүтүп, Тааныбасак аларды,
Кызыктуу суроо чечебиз. Шылдын кылып жүрбөсүн.
Атандашты жеңебиз деп, Менин атым уч бурчтук,
Ишеничтүү ойлоп турам. Бөлүүчүмүн тегиздик.
Ал анткени биздин топто, Аянтым бар, көлөмүм,
Тапкычтыгы таамай , Кереги жок семиздик.
Уч бурчтук келип отурат. Команданын намысы үчүн,
Бир орунда тынчып турбас.
Эй, жолдоштор! Ырдайт, бийлейт жооп берет,
Мен азыр мелдештим , Талыкпаган чечен шаар.
Бирден, бирден келгиле.
Атың менен жөнүңдү, Тапшырган иштин манызын,
Жериң менен элиңди , Табына дайым келтирет.
Ылдам айтып бергиле. Команданын намысын,
Коргоймун дейт квадрат.
Атаандаш калса артыңда , Квадрат өз атым,
Тай чабым чыгаар алдыга. Алдың ар дат урамын.
Тапталып турат жеңишке, Аянт үчүн илгер тен,
Таланттуу биздин трапеция. Мен болуп кызмат кыламын
Чогуу: бириккен акыл ойлорум, Хор: Команданын атынан салам айтабыз,
Мектебим сүйгөн борборум. Баарыңарга ийгилик бакыт каалайбыз.
Билимим сенден башталат, Жюри бизге адилет чечим чыгарса,
Билимди алчуу, Жерге чейин ийилип салам айтабыз.
бийиктен ашчуу жолдорум.
Мелдешибиздин 2- тапшырмасы Акыйнек. Командалар акыяны баштайлы.
1. Бели оорубаган оорубаган жигитти
Бекерчи деп билебиз
Колу оорубаган жигитти
Кошоматчы деп билеби.
Төрткө төрттү кошо албайт,
“Эки” алгандан уялбайт
2 Жакшы кылсаң озуңө
Жаман кылсаң өзүнө.
Өйдө карап түкүрсөң
Маселени түзө албайсың
Саман салам көбүңө
3 Мөөрөгөндү билбеген
Бука болот турбайбы
Эсептегенди билбеген
Балдар болот турбайбы
4 Менменсинген кыздарды,
Көрүп эле жүрөбүз
Чечен сиңген кыздарды
Теңдемеми чече албай
Ыйлагандыда көрөбүз.
5 Жакшылыкка жакшылык
Ар кишинин ишидир
Жамандыкка жамандык
Көр кишинин ишидир
Жамандыкка жакшылык
Эр кишинин ишидир.
Мелдешибиздин 3-чү тапшырмасы математикалык ыр: Эч кимден кем калбаган
Эсептеп окуп талбаган,Бий десе бийди бийлеген,Ыр десе ырдан танбаган.
1-чи. “Илим” командасы:
Илим де даңгыр аган жол болбостур,
Бирок биздин жолубуз шыдыр болсун,
Табышмак маселелер дүйнөсүндө,
Чыгалы саякатка келгин досум.
Ушу сен окуудуңбу алгебраны?
Ушу сен окуудуңбу геометрияны?
Тоскоолу көп лабиринттуу жолдору,
Татаал дебей илим сырын чечели.
Агалардын баскан жолун улантып,
Кана досторандан ары өтөлү.
Ушу сен окуудуңбу алгебраны?
Ушу сен окуудуңбу геометрияны?
2-чи. “Билим” командасы.
Асманга учамын десең,
Кемени башкарам десең.
Амалды окууп, билип ал,
Эсепке, чотко да сен көнүп ал.
Алгебра сабагы,
Геометрия сабагы.
Билимдин башаты биз үчүн,
Талыкпай окуйлу,
Баарыбыз жалпыбыз, Жалкоолук кылбасын калкыбыз.
Ааламдын сырын ачалы,
Билимдин нурун чачалы.
Өткөндөр билген илимдин,
Билбегенжагындабизачалы.
4. Мелдешибиздин 4-чү тапшырмасы. Макал-лакап айтышуу.
Тамганы таанып билбесе да, Сандарды жазып көрбөсө да.
Калыптыр кыргыз элимдин берметтери, табышмакта, макал-лакап , жанылмачта.
Командаларды сахнага чакырабыз:
1.”Билим” командасы: 2. “Илим” командасы:
Жети өлчөп бир кес. Беш кол тең эмес,
Жер кулагы жети кат. Жүздос аз, биркаскөп.
Калк көп,чындык бирөө. Он эки пайгамбардан, бир Кудай улук.
Баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн. Билем деген миң соз, билбейм дегенбирсоз.
5.: Мелдешибиздин 5-чи тапшырмасы эмблема чечмелөө: командаларды сахнага чакырабыз.1-чи “Илим “командасы:
Илим тунгуюкта жол көргөзгөн чырак сыяктуу, адамга өнөр менен билимди тыгыз байланыштырып, илимдин алкагында укмуштуудай ачылыштарды жасап жатат. Ошондуктан илимге умтулуу максатында команданын атын “Илим” деп атадык.
Жер шаарынын формасын салыштырдык,
Геометриялык фигура-сферага.
Жеткиликтүү илим менен каныгып,
Түшүнсөк деп ааламдын сырларына.
Жаңы кылым өзгөчөлүү символу,
Түшүрүлдү компьютердин сүрөтү.
Өздөштүрүп интернеттин тилдерин,
Жакшы эмеспи сырын чечсек дүйнөнүн.
2-чи “Билим” командасы:
Илимдин башаты билимден ,билимдин башаты китептен,- деп айтылгандай китеп тенбиз өөзүбүздүн келечегибизге багыт берип, турмушубузда туура жол көрсөтөтурган баа жеткис руханий азык алабыз. Ошондуктан биз командабыздын атын “Билим” деп атадык.
Команданын белгиси, Ромб түрүндө тартылды.
Четтерине жазылды, Ичиндеги күнүбүз.
Жаркыраган нур берет, Фигуранын элеси.
Геометриялык тегерек, Көркөмү кооз Ала-Тоо.
Сынык сызык элеси, Китеп өнөр чырагы.
Билимдин кенчи эмеспи, Эсептөөнү тарткан себебим,
Жеңилбес болсун дегеним.
6. Алып баруучу: Мелдешибиздин 6-чы тапшырмасы суроо-жооп: командаларды сахнага чакырабыз:
Геометрия гректин кайсы созунон келип чыккан. (жер ченоо).
(а+в)2=? (а+в)2=а2+2ав+в2
Пеиметр деген эмне?(Фигуранын жактарынын узундуктарынын суммасы)
Тик бурчтуктун аянты эмнеге барабар?(формуласы) ( s=ab)
Пирамидалардын мекени кайсы жер?(египет)
Тик бурчтуктун аянты16см2. Эгерде анын узуну 2см болсо,анын туурасын тапкыла (8см)
100дун25%ти канча?(25)
Х=0 тендемесинин тамыры канча? (0)
Бир миллиарда канча нол бар? (1000000000) (9 нол бар)
20минута саааттын канча болугун тузот? (учтон бир болугун тузот)
Бир бурчу 1000 болсо ,тенкапталдуууч бурчтуктуктун калган бурчтары канча градуска барабар ?(400, 400, 1000)
Каалагандай торт бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы канчага барабар (3600)
13 Квадатка окшош фигура эмнени билдирет?(квадат)
14 Эки учу чектелген туз сызык (кесинди) 15. 100-17+19=? Эмнеге барабар (102)
колдоп бергениңиздерге чоң рахмат. Келген кадамыңыздарга ыраазы болуп кетиңиздер.