СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Философияда адам проблемасы

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Философияда адам проблемасы»

 ФИЛОСОФИЯДА АДАМ ПРОБЛЕМАСЫ ФМОМ(б)1-20

ФИЛОСОФИЯДА АДАМ ПРОБЛЕМАСЫ

ФМОМ(б)1-20

  • Философиянын адам жөнүндө окуп-үйрөнгөн бөлүгү философиялык антропология (грек. антропос - адам) деп аталат. Адам жөнүндөгү толук элестөөнү көптөгөн илимдердин өз ара аракетине негизделген изилдөөлөрдүн биримдигинде гана калыптоого болот. Ошол себептүү, акыркы убактарда адам таануу илимий билимдин өзгөчө тармагы катары бөлүнүп чыгууда. Ал эми философиялык антропология адам жөнүндөгү башка илимдерден (антропология,анатомия, психология ж.б.) айырмаланып, адамды бир бүтүн жандык катары, анын бүткүл маңызы менен ар кандай рухий-практикалык ишмердүүлүктөрүнүн көрүнүштөрүнүн биримдигинде, көп кырдуу жана универсалдуу жандык катары окуп-үйрөнөт.
  • Философияда адам проблемасы түбөлүктүү изилдене турган
  • маселелердин бирине кирет. Адам тууралуу изилдөөлөр өтө кеңири
  • жана татаал,социализациясын, жашоосунун
  • маанисин жана адамзаттык маселелерди чечмелөөгө аракеттенет.
  • Комплекстүү изилдөөдө адамдын дүйнөгө болгон көзткарашын,
  • функциясын, маңызын, анын келип чыгышын, жашоо тууралуу
  • маанисин, тагдырын мүмкүнчүлүгүн ойломун,
  • таанымын жана чыгармачылыгын ж.б. проблемаларын толугу
  • менен ачууга аракет жасалат.
Орто кылымдардагы философиянын өзөгүн теоцентризм түзүп, бардык нерселер кудайдын кудурети менен түшүндүрүлгөн.. Адамдын жашоосунун маңызы, тагдыры, турмуш-тиричилиги, өлүмү Кудай тарабынан алдын-ала аныкталып, бул дүйнөдөгү жашоосу наркы дүйнөгө болгон даярдык же сыноо гана экендиги белгиленген. Адам башка бардык жандыктардан жогору, бирок өзүнүн Жаратуучусу жана Куткаруучусу болгон Кудайдан төмөн турары белгиленет. Кайра Жаралуу доорунда болсо адам негизги темага айланып, антропоцентризм дүйнөгө болгон философиялык көз караштын өзгөчө тиби катары бекемделген. Негизи антикалык мезгилде салынган гуманисттик багыт кайра жаралып, жаңы жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Италияда гуманизм күчтүү идеялык багыт катары калыптанып, ал философияда, адабиятта, искусствонун ар кандай түрлөрүндө кеңири көрүнгөн (Петрарка, Микеланджело, Винчи ж.б.).
  • Орто кылымдардагы философиянын өзөгүн теоцентризм түзүп, бардык нерселер кудайдын кудурети менен түшүндүрүлгөн.. Адамдын жашоосунун маңызы, тагдыры, турмуш-тиричилиги, өлүмү Кудай тарабынан алдын-ала аныкталып, бул дүйнөдөгү жашоосу наркы дүйнөгө болгон даярдык же сыноо гана экендиги белгиленген. Адам башка бардык жандыктардан жогору, бирок өзүнүн Жаратуучусу жана Куткаруучусу болгон Кудайдан төмөн турары белгиленет.
  • Кайра Жаралуу доорунда болсо адам негизги темага айланып, антропоцентризм дүйнөгө болгон философиялык көз караштын өзгөчө тиби катары бекемделген. Негизи антикалык мезгилде салынган гуманисттик багыт кайра жаралып, жаңы жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Италияда гуманизм күчтүү идеялык багыт катары калыптанып, ал философияда, адабиятта, искусствонун ар кандай түрлөрүндө кеңири көрүнгөн (Петрарка, Микеланджело, Винчи ж.б.).
Клаасикалык немец философиясында адамды анын ишмердүүлүгү аркылуу түшүнүү ишке ашкан. Адам рухий жандык, тарых менен маданиятты жаратуучу катары изилденген (Гердер, Гегель, Кант, Фихте ж.б.). Коомдун тарыхы адамзатттын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында анын эркиндикке жетишүүсүнүн тарыхы катары каралган. Тарыхтын максаты – жогорку адамдык сапат болгон гуманизм аркылуу эркиндикке жетишүү деп эсептелинген.
  • Клаасикалык немец философиясында адамды анын ишмердүүлүгү аркылуу түшүнүү ишке ашкан. Адам рухий жандык, тарых менен маданиятты жаратуучу катары изилденген (Гердер, Гегель, Кант, Фихте ж.б.). Коомдун тарыхы адамзатттын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында анын эркиндикке жетишүүсүнүн тарыхы катары каралган. Тарыхтын максаты – жогорку адамдык сапат болгон гуманизм аркылуу эркиндикке жетишүү деп эсептелинген.
Адамдын маңызын түшүнүүдө марксизмди социоценртизм - катары мүнөздөөго болот (адамдын социалдык шартталгандыгына басым жасоо). Марксисттик теорияда жеке адам, анын субөективдүү жактары (сезимдери, эмоциялары, каалоолору, керектөөлөрү, психологиясы ж.б.) өзүнчө, коомдон бөлүнүп каралбайт. Муну марксизмдин жетишпеген жагы деп эсептөөгө болот. Ал эми XIX кылымдын аягындагы, XX кылымдагы философия антропоцентризмге ооду десек болот. Себеби, бул мезгилде адам меселеси курч коюлуп, адам баласынын табияты, тагдыры философиялык татаал проблема катары көңүлдүн борборун ээлей баштаган. Илим менен техниканын өнүгүшү, аларга негизделген цивилизациянын шарттары философиядагы түрдүү мүнөздөгү багыттарды жаратып, алар тарабынан адамдын маңызын түшүнүү да ар түрдүүчө чечмеленет.
  • Адамдын маңызын түшүнүүдө марксизмди социоценртизм - катары мүнөздөөго болот (адамдын социалдык шартталгандыгына басым жасоо). Марксисттик теорияда жеке адам, анын субөективдүү жактары (сезимдери, эмоциялары, каалоолору, керектөөлөрү, психологиясы ж.б.) өзүнчө, коомдон бөлүнүп каралбайт. Муну марксизмдин жетишпеген жагы деп эсептөөгө болот.
  • Ал эми XIX кылымдын аягындагы, XX кылымдагы философия антропоцентризмге ооду десек болот. Себеби, бул мезгилде адам меселеси курч коюлуп, адам баласынын табияты, тагдыры философиялык татаал проблема катары көңүлдүн борборун ээлей баштаган. Илим менен техниканын өнүгүшү, аларга негизделген цивилизациянын шарттары философиядагы түрдүү мүнөздөгү багыттарды жаратып, алар тарабынан адамдын маңызын түшүнүү да ар түрдүүчө чечмеленет.
Антропосоциогенез проблемасы ( грек. антропос – адам, лат. социо – коом, генез – келип чыгуу ) – адам менен коомдун келип чыгуусу проблемасы. Адам менен коомдун келип чыгуусун ажырымдатып түшүнүүгө мүмкүн эмес, анткени алар бир бүтүндүктүн эки жагы. Аталган проблема бир чети, абдан маанилүү, бир чети ошончолук татаал. Адамдын келип чыгышы бүгүнкү күнгө чейин табышмактуу жана сырдуу бойдон калууда. Бул порблеманы чечүүдө философияда түрдүү көз караштар, концепциялар бар. Алардын ичинен жок эле дегенде үчөөнү бөлүп кароого болот: Теисттик концепция адамды Кудай жараткан деп түшүндүрөт;  Эмгек теориясы же эволюциялык концепция боюнча кээ бир илимпоздор адамды Жер шарынын шартында табигый акыбалда пайда болгонун ырасташат;  Космикалык концепция адам баласынын түп теги башка планетадан келген деген көз карашты тутунат
  • Антропосоциогенез проблемасы ( грек. антропос – адам, лат. социо – коом, генез – келип чыгуу ) – адам менен коомдун келип чыгуусу проблемасы. Адам менен коомдун келип чыгуусун ажырымдатып түшүнүүгө мүмкүн эмес, анткени алар бир бүтүндүктүн эки жагы. Аталган проблема бир чети, абдан маанилүү, бир чети ошончолук татаал. Адамдын келип чыгышы бүгүнкү күнгө чейин табышмактуу жана сырдуу бойдон калууда.
  • Бул порблеманы чечүүдө философияда түрдүү көз караштар, концепциялар бар. Алардын ичинен жок эле дегенде үчөөнү бөлүп кароого болот:
  • Теисттик концепция адамды Кудай жараткан деп түшүндүрөт;
  • Эмгек теориясы же эволюциялык концепция боюнча кээ бир илимпоздор адамды Жер шарынын шартында табигый акыбалда пайда болгонун ырасташат;
  • Космикалык концепция адам баласынын түп теги башка планетадан келген деген көз карашты тутунат
Антропосоциогенездин маңызын түшүнүүдө анын биологиялык жана социалдык жактары жөнүндөгү маселе жатат. Бул маселе адамдын табияты тууралуу маселени - биологиялык жана социалдык шарт-жагдайлардын, факторлордун карым-катышы, маани-орду жөнүндөгу маселени жаратат.. Бул маселе дагы илимде көптөн бери талаш-тартышка түшүп келе жаткан темалардан. Ушул проблеманы чечмелөөдө философияда негизинен үч позиция бар: социологизатордук, биологизатордук жана адамдагы социалдык, биологиялык жактардын биримдиги жөнүндөгү концепциялар.
  • Антропосоциогенездин маңызын түшүнүүдө анын биологиялык жана социалдык жактары жөнүндөгү маселе жатат. Бул маселе адамдын табияты тууралуу маселени - биологиялык жана социалдык шарт-жагдайлардын, факторлордун карым-катышы, маани-орду жөнүндөгу маселени жаратат.. Бул маселе дагы илимде көптөн бери талаш-тартышка түшүп келе жаткан темалардан. Ушул проблеманы чечмелөөдө философияда негизинен үч позиция бар: социологизатордук, биологизатордук жана адамдагы социалдык, биологиялык жактардын биримдиги жөнүндөгү концепциялар.

Адамдагы социалдык жана биологиялык жактардын биримдиги жөнүндөгү концепция адамдын табиятын түшүндүрүүдө жогорудагы бир жактуулуктардан оолак болууга аракет кылат. Бул концепция И.Дубининдин, И.Т.Фроловдун ж.б. эмгектеринде берилген. Бул концепциянын жактоочулары адамды биологиялык жана социалдык башталмалардын татаал синтези (биримдиги) катары мүнөздөйт: адам бир эле мезгилде эки дүйнөнүн – жаратылыштын жана коомдун мыйзамдарды менен жашайт.

  • Биологизатордук концепциянын жактоочуларынын пикири боюнча адамдагы негизги жак анын жаратылыштык – биологиялык сапаттары. Коом жаратылыштын - жандуу дүйнөнүн мыйзамдары менен жашайт деп эсептеп, коомдогу, адамдардын жашоосундагы бардык кубулуштарды алардын жардамы менен гана түшүндүрүүгө аракет кылышат. Бул концепцияга расизмди, социал-дарвинизмди, социо-биологияны ж.б. кошууга болот.
  • Социологизатордук концепция боюнча – адамдын табияты бүтүндөй эле социалдык б.а. коомдук. Бул концепциянын жактоочулары адамдагы биологиялык башталманы танышат же болбосо ага жете баа беришпейт, биологиялык шарттар эч кандай мааниге ээ эмес дешет.

Жашоо, өлүм жана өлбөстүк проблемасынын үч ченин бөлүп кароого болот .

  • Биринчи чени – биологиялык. Панспермия (грек. πανσπερμία —ар кандай уруктардын кошулмасы, от πᾶν (pan) — «бардык» и σπέρμα (sperma) — «урук») — Жерде жашоо космикалык мейкиндиктен “жашоонун түйүлдүгүнүн” келиши менен пайда болгондугу жөнүндөгү гипотеза) гипотезасы боюнча Алламда жашоо менен өлүм дайыма бирге жүрөт, алар ылайык келген шарттарда улам жаңыланышат, жылдыздар, тумандуулуктар, планеталар, кометалар ж.б. космикалык телолор туулушат, жашашат жана өлүшөт, ушул маанисинен алганда эч ким жана эч нерсе жок болбойт.
  • Экинчи чен адамдын жашоосунун өзгөчөлүгү жана бардык жандуулардан айырмалуу экендигин түшүндүрүү менен байланышкан.
  • Үчүнчү чен өлбөстүккө жетишүү идеясы менен байланышкан. Өлбөстүктүн бир нече түрүн ( аны түшүнүүнүн десек туурараак болчудай) бөлүп кароого болот:
  • Өлбөстүктүн биринчи түрү – артынан тукум улоо аркылуу, көпчүлүк адамдар ушундай эсептешет. Экинчи түрү- денени түбөлүк сактап калуу максатында аны мумификациялоо, бальзамдоо.
  • Үчүнчү түрү - өлүмдү жок деп эсептөө: адам өлгөндөн кийин анын денеси жана руху Ааламдын, бүткүл материянын жашоосунун бир бүркүмүн түзүп, жашай берет деген түшүнүк. Төртүнчү түрү – адамдын жашоосундагы чыгармачылыгынын натыйжалары менен байланышкан.
  • Бешинчи түрү - ар кандай психикалык абалдарга жетишүү менен байланышкан.
Жашоонун, өлүмдүн жана өлбөстүктүн маңызын түшүнүү христиан дининде Эски Осуятттын (Ветхий Завет) жобосуна: “Өлүм күнү туулган күндөн жакшыраак” жана Жаңы Осуяттагы Христостун “... тозоктун жана өлүмдүн ачкычтары менде” деген насаатына негизделет. Ислам адам Аллахтын эрки менен жаралган деп эсептеп, Аны мээримдүүлүгүнө ишенет. Христианстводон айырмаланып, исламда бул дүйнөдөгү жашоо жогору бааланат. Ошентсе да, Акыретте (кыямат кайым) бардыгы жок кылынат, өлгөндөр кайра тирилишет жана Аллахтын астында жооп берүү үчүн тизилишет. Буддизмде өлүм жана өлбөстүккө болгон мамиле христианство жана исламдан таптакыр айырмаланып турат. Адам өлөбү же жокпу? деген суроого жооп берүүдөн Будда баш тарткан. Өлбөстүктүн бир гана түрү – нирвана гана таанылат. Бул адамдын бардык азап алып келе турган неселерден (каалоолордон жана ойлордон) бошонгон, чексиз кайра төрөлүүлөрдүн чынжырын үзгөн, агарууга жетишкен, жүрөгүндө жыргалга жеткен абалы.
  • Жашоонун, өлүмдүн жана өлбөстүктүн маңызын түшүнүү христиан дининде Эски Осуятттын (Ветхий Завет) жобосуна: “Өлүм күнү туулган күндөн жакшыраак” жана Жаңы Осуяттагы Христостун “... тозоктун жана өлүмдүн ачкычтары менде” деген насаатына негизделет.
  • Ислам адам Аллахтын эрки менен жаралган деп эсептеп, Аны мээримдүүлүгүнө ишенет. Христианстводон айырмаланып, исламда бул дүйнөдөгү жашоо жогору бааланат. Ошентсе да, Акыретте (кыямат кайым) бардыгы жок кылынат, өлгөндөр кайра тирилишет жана Аллахтын астында жооп берүү үчүн тизилишет.
  • Буддизмде өлүм жана өлбөстүккө болгон мамиле христианство жана исламдан таптакыр айырмаланып турат. Адам өлөбү же жокпу? деген суроого жооп берүүдөн Будда баш тарткан. Өлбөстүктүн бир гана түрү – нирвана гана таанылат. Бул адамдын бардык азап алып келе турган неселерден (каалоолордон жана ойлордон) бошонгон, чексиз кайра төрөлүүлөрдүн чынжырын үзгөн, агарууга жетишкен, жүрөгүндө жыргалга жеткен абалы.