Просмотр содержимого документа
«Фирма, капитал, пайда. 10-класс»
Фирма, капитал, пайда
Ишкер өз жыргалчылыгын туруктуу арттырыш үчүн иш уюштурат, б.а. фирма ачат. Фирманы түзүү менен ишкер кирешелерди көбөйтүү үчүн идеяларын, жумушчу күчтү, материалдарды рационалдуу колдонууга мүмкүндүк алат. Эгер жаңы фирма пайда албаса, анын түзүүнүн кереги жок.
Фирмаларды түзүү жана алардын иш-аракеттерин башкаруу өнөрү миң жылдар бою калыптанып, анын кээ бир элементтери дүйнөдө колдонуп келет. Фирмалар рынок экономикасында эң негизги ролду ойношот. Чарбалык уюмдардын байыртадан бери келе жаткан эң жөнөкөй жана кеңири тараган түрү-жекече( индивидуалдуу) фирма.
Жекече фирманы түзгөн адам фирманын ээси болот да, фирманын ишине толук жооп берет жана андан түшкөн пайданы алууга толук укуктуу болот. Фирманы түзгөн адамга ал эмне кылууга милдетүү экендигине эч ким көрсөтмө бере албайт жана ал кирешесин башка бирөө менен бөлүшпөйт. Бирок эч нерсе өзүнөн өзү бекер келбейт жана ишти өз алдынча жүргүзгөнү менен фирманын ээси эң чоң тобокелчиликке бел байлайт. Ал жолу болбой калса ишке жумшаган акчасынан эле эмес, үй-бүлөсүнөн да ажырап калууга дуушар болушу мүмкүн.
Фирмалар жаралууда негизги үч фактор ишке ашыш керек:
1) жер ресурсу
2) эмгек ресурсу
3) капитал ресурсу.
Ушул үч фактор болгондо гана фирма жаралат. Фирма деп эмнени айтабыз? Фирма деп бул юридикалык укукка ээ болгон өндүрүштүк, чарбалык жана соода мекемеси.
Фирма ачуу үчүн эң негизги өндүрүштүк факторлордун бири-капитал керек. Капитал (нем. Kapital, лат. capita-lis – башкы) – экономикалык категория. Адам тарабынан түзүлгөн ресурстар, алар товарларды өндүрүү менен кызмат көрсөтүүлөрдө пайдаланылат жана киреше алып келет. Капитал экиге бөлүнөт: заттык жана финансылык капитал. Заттык капиталга ишкананын имараты, ичиндеги өндүрүш жабдуулар, станоктор ж.б. кирет. Финансылык капитал ушул заттык капиталды сатып алууга жумшалган акча болуп саналат. Демек, фирманын финансылык капиталы өздүк болушу мүмкүн, о. э. жетпей калганда карыз капитал алышат. Ушул карыз капитал инвестиция болот.
Инвестиция деген эмне?
Инвестиция ( немецче Investition, латынча investio-кийинтем)-өлкө ичинде же чет өлкөдө экономиканын тармактарына узак мөөнөткө капитал сарптоо болуп эсептелет. Мына ушул өздүк капиталы менен карыз капиталын бириктирип фирмага салынган көп жылга же белгилүү бир убакытка каражат салуу бул инвестиция же капитал салымы деп аталат.
Өндүрүш процессти уюштуруп башкаруу менеджмент болуп эсептелет. Менеджментти аткарган адам менеджер деп аталат. Менеджменттин негизги функциялары:
Өндүрүштү уюштуру;
Өндүрүштү башкаруу;
Көзөмөл жүргүзүү;
Эмгек ресурстарын башкаруу;
Фирманын ээси менеджер болушу мүмкүн же аны жалдашы мүмкүн. Ишкананы башкаруунун негизги милдети товарларды өндүрүү же рынок аркылуу социалдык керектөөлөрдү канааттандыруу. Ар бир фирманын негизги максаты пайда көрүү болуп саналат.
Фирманын ээси кантип пайда көрөт?
Фирмалар өздөрү өндүргөн товарлардын баасы саткан товарлардын баасына көбөйтсөк анын дүң кирешеси пайда болот. Q-өндүргөн товарлардын баасын, P-сатылган товарлардын баасына көбөйтсөк, анын дүң кирешеси келип чыгат. P 1-дүң киреше деп белгилесек, демек
Q×P=P1 деген,
формула келип чыгат, бул азырынча фирманыни кирешеси эмес. Мисалы: “Акун” фирмасы ун чыгарат. 1кг ун 17сом турат дейли, бир айда 1 тонна ун чыгарса, анда бир айда фирма 17000 сом акча табат, бул дүң кирешеси. Бул азырынча пайда эмес, биз андан чыгымдарды чыгарабыз. Чыгымдарга: чийки зат, жумушчулардын эмгек акысы, налогдор, электр энергиясы ж.б. кирет. Мына ушул өндүрүш чыгымдарды дүң кирешеден кемитебиз, калган акча гана пайда болот. Дүң кирешеден 12000 сом чыгымдарга кетсе, анда калган 5000 сом пайда болот.
Ошентип, фирмалар капиталды колдонуу менен өздөрүнө пайда алууга аракеттенет.
Түзгөн: Ажыбаева Н.
2