Просмотр содержимого документа
«Физика 7-класс Инерция. Инертуулук. Ньютондун биринчи закону»
“ Курак - Тектир” орто мектеби
Физика мугалими: Мамазаирова Жаннаткан
7 – класс
Тема: Инерция.
Инерттүүлүк. Ньютондун
биринчи
закону.
Сабактын максаты: а) Билим берүүчүлүк : Инерция, инерттүүлүк, Ньютондун биринчи закону жөнүндө кеңири түшүнүк алышат. б) Өнүктүрүүчүлүк: Инерция, инерттүүлүк, Ньютондун биринчи закону боюнча өз ойлорун айтып берүүгө калыптанышат, мисалдарды кеңири чыгара алышат. в) Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар өтүлгөн темаларды турмуш менен байланыштыра алышат.
Кандай шартта тынч турган нерсе кыймылга келет? деген суроого мен мындай деп жооп берет элем.
Мисалы: жерде тынч жаткан топту алалык. Ал топту бирөө тепмейинче, же ал топко кыймылдагы башка топ келип урунмайынча, же ал топту бирөө таяк менен чапмайынча, же ага шамал таасир этмейинче кыймылга келбейт, тынч тура берет. Ал топ өзүнөн-өзү эле кыймылга келбейт. Демек, тынч турган нерсе, ага башка нерсе таасир этмейинче өз ылдамдыгын өзгөртпөйт.
Тез чуркап келе жаткан адам зымкарагайды айланып өтүү үчүн аны колу менен кармап туруп, өз кыймылынын багытын өзгөртөт. Ошентип, ар кандай нерселерге анын ылдамдыгынын багытын да, чондугун да сактоого умтулуу касиети таандык. Нерсе өз ылдамдыгын башка нерсенин таасири астында гана өзгөртө алат.
Нерсенин тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылынын сактоо кубулушу инерция деп аталат.
Нерселерд ин тынч же бир калырпта түз сызыктуу кыймыл абалын сактоо касиети инерттүүлүк деп атала т
Жогорудагы келтирилген мисалдардан нерсенин тынч туруусу же бир калыпта түз сызыктуу кыймылда болушу сырттан таасир эткен күчкө жараша экендигин көрөбүз. Мындай корутундуну алгач Галилео Галилей , андан кийин Исаак Ньютон тарбынан закон түрүндө белгиленген. Ал Ньютондун биринчи закону же инерция закону деп аталат.
Галилео Галилей
(1564-1642)
Италиялык физик, астроном. Физика илимине тажрыйбалык негизге койгон. Кыймылдын салыштырмалуулугу, инерция, эркин түшүү боюнча жана астрономияда көп ачылыштарды жасаган.
Ньютондун биринчи закону
Нерсеге башка нерселер аракет кылбаса, ал тынч абалда же бир калыпта түз сызыктуу кыймылда болот
Англиялык физик жана математик. Ал тарабынан нерселердин кыймылынын негизги закондору жана тартылуу закондору, жарыктын көп касиеттери изилденген жана ачылган, жогорку математиканын маанилүү бөлүмдөрү иштелип чыккан. Механиканын негизги закондорун ачкан. Физикада, математикада, астрономияда көптөгөн ачылыштардын ээси.
Исаак Ньютон
(1643-1727)
Ʋ = 0 Ʋ = 0 34-сүрөт. Инерцияны мүнөздөөчү тажрыйба Ʋ = ? Ʋ = 0 Ʋ = 0
35-сүрөт. Инерцияны мүнөздөөчү тажрыйба
№ 1 Радиусу 13см болгон дөңгөлөктүн айлануу мезгили 0,5с болсо, анын сызыктуу ылдамдыгы канча болот?
Берилди:
Формула
π=3,14
Ʋ=2πR/Т
R=13см = 0,13м
Т=0,5с
Ʋ=?
1м=100см
13см:100см=0,13м
Чыгаруу:
Жообу: 1,6328м/с
Мындай жыйынтыктарды биздин коомго чейин эле грек ойчулу Аристотель айткан. Бирок аны жаратылыштын закону катары илимге Ньютон киргизген. Кыймылдагы нерсеге башка нерсе аракет жасаса, ал кыймыл ылдамдыгын өзгөртөт. Ылдамдыгын чоңойтот же акырындатат, башкача айтканда ылдамдатылган же акырындатылган кыймылда болот.
Жыйынтыктоо 1. Инерттүүлүк деп эмнени айтабыз? 2. Инерция деп эмнени айтабыз? 3. Г. Галилей жана И. Ньютон ким болгон?
Үйгө тапшырма
Үйдөн: Инерция. Инерттүүлүк.
Ньютондун биринчи
законун окуп келүү
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат