КЫРГЫЗБАЕВА НАЗГУЛ
Идеалдык газ – молекулаларынын өздүк көлөмү, ээлеген идиштин көлөмүнөн көп эсе кичине болгон, молекулаларынын арасында өз ара аракет күчтөрү жокко эсе, молекулаларынын өз ара жана идиштин бети менен болгон кагылышуулары абсолюттук серпилгичтүү болгон газ.
Идеалдык газдын модели болуп нормалдуу шартта, төмөнкү басым астында жана жогорку температураларда өздөрүнүн касиети боюнча Идеалдык газга жакындаган реалдык газдар – кычкылтек, гелий ж. б. эсептелет.
Идеалдык газ классикалык жана кванттык болуп бөлүнөт. Классикалык Идеалдык газдын абалы Клапейрон-Менделеев теңдемеси менен жазылат жана тажрыйбалык Бойль–Мариотт, Гей-Люссак, Шарль жана Авогадро закондоруна баш иет.
Идеалдык газдын бөлүкчөлөрү кинетикалык энергиясы боюнча Максвелл бөлүш-түрүүсүнө, ал эми потенциалдык энергиясы боюнча Больцман бөлүштүрүүсүнө баш иет.
Бөлүкчөлөрүнүн толкундук касиети эске алынган Идеалдык газ кванттык делет. Эгерде бөлүкчөлөрү бүтүн жарым спинге ээ болсо, мындай газ Ферми–Дирак бөлүштүрүүсү, ал эми бүтүн сан спиндүү бөлүкчөлөрдөн түзүлгөн газ Бозе –Эйн-штейн бөлүштүрүүсү менен жазылат.
Үй тапшырма