СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физика боюнча кече

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Физика боюнча кече»

Кеченин темасы: Физика баардык жерде , эн керек баарыбызга!

Кеченин максаты: Окуучунун физика илимине болгон

кызыгуусун ар тараптан онуктуруу,

физика илими бизге баардык жерде керек

экендигин тушундуруу, таанып билуу

активдуулугун жогорулатуу , ой жугуртуусун

остуруу, табият менен таттуу мамиледе

болууга, таланттуу, адептуу, ыймандуу

болууга тарбиялоо.

Кеченин жабдылышы: Суроттор, карточкалар, логикалык суроолор,

Табышмактар, физикалык макал лакаптар,

Ыр бий ж.б.

Конкурс кеченин журушу: Уюштуруу учуру.

Алып баруучу: Саламатсыздарбы урматту бугунку кеченин куноокору болгон агай эжелер. Сиздерге арналган “Физика баардык жерде , эн керек баарыбызга” аттуу кечебизди ачык деп жарыялоого уруксат этиниздер “

Кеченин планы:

  1. Саламдашуу

  2. Ыр

  3. Кызыктар дуйносуно саякат

  4. Декломация

  5. Бий

  6. Логикалык суроолор

  7. Окумуштууларга арналган табышмактуу ырлар.

  8. Ыр

  9. Айтыш(Электр тогу менен Мыскалдын айтышы).

  10. Физикалык маанидеги табышмактар .

  11. Физикалык маанидеги макал лакаптар.

  12. Хор.

  1. Саламдашуу.

Физика жаратылышта да, турмушта да, жашоо тиричиликте да орду ото чон. Ырдасак да, бийлесек да бул- Физика дегеле кыбыр эткендин баары Физика!

Салт боюнча салам айтам калкыма,

Улуу кичуу жана дагы баарына,

Тынбай окуп жан дуйнону озгортуп,

Чын дилимден кызмат отойм калкыма,



Башымды ийип таазим кылып сиздерге,

Алдынызда салам айтып турамын,

Отуп жаткан мына ушул кечеде,

Физикага конулунузду бурамын,



Гректерден “Fiuths” созун которуп,

Биз кыргызча физика деп билебиз

Физиканы дагы таамай которуп,

Жаратылыш табият деп билебиз!





Физиканы изилдоочу алптарды,

Исаак Ньютон Ом экенин билебиз,

Табиятты кубулуштарды тактаган,

Закондорун талбай окуп келебиз,









Жашоо шартка турмушума керек деп,

Физиканы талбай окуй бергиле,

Конкурс, кече болуп жатат тынчтанып,

Окуучулардын катышуусун коргуло.





Мелдешке чыккан аталардын жолун жолдоп ,

Салам айтам бабалардын салтын улап,

Саламатсыздарбы ? Залда отурган коруучулор

Саламатсыздарбы? Мугалим эжей окуучулар



2 Азыркы кезекте окуучулар кубулжуган ундору менен сиздерге ыр сунушташат.

3. Алып баруучу: Азыр программабыздын номери боюнча окуучулар дуйнодогу кызыктар жонундо маалымат беришет.

1 –окуучу . Китеп качан пайда болгон ?

105-жылы кытай чебери Цой Лун кагазды ойлоп тапкан. Эн алгачкы китеп 11-кылымда кытайда пайда болгон.

2-окуучу. Телефонду ким ойлоп тапкан?

Александр Грехем Белл 1847-жылы 3-мартта Шатландиянын Эдинбург шаарында филологдордун уй булосундо жарык коргон. Анын оз атасы да Чон атасы да ун толкундары менен иш алып барган. Белл 18 жашынан тартып оз атасына жардамчы болуп Александр Белл жана Томас Уотсон аттуу окумуштуулар телефонду ойлоп табышкан. 1876-жылы 10- мартта биринчи жолу телефон аркылуу суйлошуу ”Менин болмомо киресизби Мистер Ватсан ” деген соз болгон дейт Александ Белл.

3-окуучу . Дуйнолук желе маанисиндеги интернеттин пайда болуу тарыхы .Интернет –бириктирилген компьютердик тармактардын буткул дуйнолук желеси. ХХ-кылымдын экинчи жарымына барып такалат . 1957-жылы уюшулган агенттиги (ARPA) 1969-маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени тузуп чыгат Интернеттин бул алгачкы туру биринчи Арпанет деген аталышта дуйного жайыла баштайт. 1971-жылы программист Рей Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана электрондук белгини иштеп чыгат. Кыргызстанга интернет 1995- жылдан баштап келе баштаган. 2008-жылкы маалыматтарга караганда дуйно жузундогу интернет колдонгондордун саны 1,4 милиард адамга жетти жана булл корсоткуч убакыт откон сайын жогорулоодо. Кыргызстанда да 760 664 интернет колдонуучу бар, тагыраак айтканда интернет колдонуучулардын 77% Бишкекке 10% ош обласына туура келет, 13% гана калган област шаарларга тиешелуу .

4-окуучу. Озон катмары жонундо маалымат.

Озон катмары жердин атмосферасында 20-25 чакырым бийиктикте жайгашкан. Бул аба катмары кычкылтектин химиялык курамынан турат. Бул катмар жер шаарын жана анын жашоочуларын кундун зыяндуу ультрафиолеттик нурларынан коргоп турат. Ультрафиолеттик нурлар адамдын жана жандуу жаратылыштын организмине ото зыяндуу болуп эсептелет. АКШнын айлана чойрону коргоо боюнча агенттигинин билдиргенине караганда АКШда Озон катмарынын бузулушу менен уч турдогу рак оорусунун кобойушу байкалган. Озон катмарынын начарлашы жер шаарындагы буткул жашоону коркунучка алып келген, Экологиялык проблеманы алып келген. Мунун негизги Себеби катары адамдар тарабынан Фреон затынын колдонулушун белгилешкен. 1950-1960 жылдары турмуш тиричилигинин техникаларын ондуруудо фреон заты кенири колдонула баштаган. Мисалы: Кадимки муздаткыч кондиционер жана дезодранттарды чыгарууда кенири колдонулган фреон газы абага таралып , Озон катмарынын бузулушуна алып келген. Фреон затын камтыган негизги нерселердин тизмеси.

  1. Катуу пенопласттар

  2. Паралон

  3. Муздаткычтын муздатуу системасы

  4. Авто жана Уй кондиционери

  5. Эриткичтер

  6. Орт очургуч суюктуктар.

5-окуучу . Тоо куш жонундо маалымат

Тоо куш дуйнодогу куштардын эн кулугу.

Ал саатына 100км тездикте чуркайт. Бул ылдамдыкта анын кош буту корунбой калат.

6-окуучу. Африка олколорун мекендеген тоо куштун жумурткасы тооктун жумурткасынан 20-25 даанасына барабар. Узуну 30-35 см , салмагы 1кгдан ашыгыраак. Кабыгы катуу. Аны идиш ордуна пайдаланса болот екен.

7-окуучу. Булутта тик ойдо которулгон абанын агымы болот. Ошол абанын агымына башка горизонталдык шамал тийген учурда куюн пайда болот.

8-окуучу. Биринчи календарь Египетте пайда болгон екен.

9-окуучу. Альфред Нобель жонундо маалымат.

ХХ-кылымдын башынан баштап илим учун кызмат отогон адамдар учун атайын нобель сыйлыгы тапшырыла баштаган. Нобель деген озу ким болгон? Анын сыйлыгы кандай суммадан турат, кандай адамдарга берилет?

1896-жылы 10-декабрда Европада ошол мезгилдеги эн бай адам Альфред Нобелдин дуйнодон отконун угушуп коптогон адамдар тынчсызданып жатышты.

Ушул куну газеталарга анын коп сандаган ардак титулдарынын, окумуштуулук наамынын жана ордендердин саны жонундо маалыматтар кетип жатты. Нобелдин дээрлик бардык буткул олкодо иштеп жаткан 93 ишканасы, бир нече олкодогу жерлери Лондондогу ,Цюрихдеги Женевадагы жана жана Венедагы банктарга катылган баалуу кагаздары эми кимдин колуна отот деген суроо бардык коомчулукту ойго салып, керездин тексти жазылган кагаздын жарык корушун баарысы кутуп жатышты. Альфред Нобель таланттуу химик полиглот, ойлоп табуучу жана жогорку билимдуу адам катары копчулукко таанымал болгон. Ал тутун чыгарбай куйуучу мылтыкка салына турган дарыны озу жарылуучу зат-Динамитти ,газ ширеткичти , жасалма жибекти ойлоп тапкан. Нобелдин уй булосунун баарысы (Атасы Эммануель жана уч баласы – Роберт, Людвиг, Алфред) ойлоп тапкычтар , окумуштуулар , онор жайчыла болушкан. Нобель кайтыш болгондон кийин , анын мулкунун баары акчага жана баалуу кагаздарга айландырылган. Алардын жалпы баасы 31 млн швед кронун тузуп ушунун негизинде Башкы Нобелдик Фонд уюштурулган. Сыйлык менен байланышкан иш чараларга жыл сайын тушкон кирешенин болугу, Башкы фондду онуктурууго Сыйлыктарга колдонуулучу сумма тепетен беш болукко болунуп сыйлануучуларга берилет. Ар бир улуштун бир чейреги сыйлыктарды ыйгарууда жумшалган чыгымдарга колдонулат, ал эми калган 75% акчалай сыйлыкка жана алтын медаль жасатууга жумшалат.





Ким физика областында маанилуу ачылыш жасаса , жана ошо менен бирге эле химия областында жасалган ачылыштар учун , ким адабият жаатында зор чыгармаларды жаратса ошол инсандарга берилет.

Нобель сыйлыгын биринчилерден болуп Физиктерден немец окумуштуусу Вильгельм Рентген алган.

4. Алып баруучу. Кызыктар дуйносуно саякат номерден сон окуучулар кезеги менен томонку ырларды корком жатка айтышат.

1-окуучу

Аба Жер суу адамдар,

Осумдук менен жаныбарлар,

Жанып турган жылдыздар,

Жаратылыш деп аталат,

Жаратылыш закону физикада каралат,

2-окуучу

Эн алгачкы буларды,

Изилдешке гректер,

Алар айткан “фюзис” деп,

Соз маанисин которсок,

“Жаратылыш ” деген кеп.



3-окуучу

Он сегиз мин ааламды ,

изилдеген физика,

Жаан чачын чагылган ,

айта турган физика.

4-окуучу

Самолет кеме курушун ,

Корсотуп турган физика,

Электр шамын жактырып,

Токту берген физика.

5-окуучу

Ар нерсе жерге тартылган,

Кубулуштар айтылат,

Бири ылдам бири жай,

Кыймылдар да каралат.

6-окуучу

Адамзатка айтып келбес,

Жер титироо кырсыгын,

Качан каерде болоорун,

Айтып берет аныгын.

7-окуучу

Мына ошентип окуучум,

Сен батасын кызыкка,

Физика сага эн керек,

Экендигин унутпа!



5. Программабыздын номери боюнча Логикалык суроолор. Окуучулар ойлонуп логикалык суроолорго жооп беришет.

  1. Жер планетасынын биринчи космонавт жаныбары?

  2. Кыргызстандын биринчи косманавты ким болгон?

  3. Космоско барып аман эсен кайтып келген кайсы жаныбарлар?

  4. Биринчи космостук ылдамдык?

  5. Экинчи космостук ылдамдык?

  6. Учунчу космостук ылдамдык?

  7. Эмне учун космос корабли жана андагы бардык нерселер бирдей борборго умтулуучу ылдамданууга ээ болушат?

  8. Орбитадагы космос кораблине жана андагы бардык нерселерге ылдамданууну кайсы куч берет?

  9. Кун желеси канча тустон турат?

  10. Спектр деп эмнени айтабыз?

  11. Фарадей физикадагы эн маанилуу болгон маселени чечуунун устундо 10 жыл иштеген. Ал кандай маселе деп ойлойсунар?

  12. Жерге эн жакын жайгашкан жылдыз?

  13. Альфред Нобель ким болгон?

  14. Болмодо куйуп турган 50 шамдын 20 сын очуруп койсо, канча шам калат?

  15. Эки бирдей идишке бирдей коломдогу , бирдей температурадагы кайнак жана чийки сууну куюшту. Эгер ушул идиштерди бирдей отко койсо кайсынысы биринчи кайнайт?

  16. Куйругуна байланган кострюлканын кангырагын укпаш учун ит кандай ылдамдык менен чуркаш керек?

  17. Нобель сыйлыгы кимдерге берилет?

  18. Эмне учун суу жыгач кургак жыгачка караганда жаман куйот?

  19. Эмне учун атмосферанын жогорку катмарына которулгон аба муздайт?

  20. Италиялыкты немецке болгондо келип чыга турган француздун атын атагыла?

  21. Суу буусунун ону кандай болот?

  22. Айдын атмосферасы кандай?

  23. Айдын бетинин Температурасы кандай?

6.Алып баруучу: Азыркы планыбыздын номери боюнча , окумуштууларга арналган табышмактуу ырларды окуйм , силер кайсы окумуштууга тиешелуу экендигин табасынар. Илимпоздун созу калат артында, жакшы атагы унутулбайт калкында деп Жусуп Баласагын айтмакчы , азыркы кундо оздору жок болсо да, создору калган окумуштууга арналган ырларды окуйм.



Окумуштууларга арналган табышмактуу ырлар.

  1. Заманында улуу окумуштуу аталып,

Атан данкы бут ааламга таралып,

Балким бизден чыгат дагы Эйнштейн,

Илим учун бул дуйного жаралып! (Алберт Эйнштейн)



  1. Ишин улап Максвелдин ,

Он жыл бою эмгектенген,

Бар экенин электро магнит толкундун,

Иш жузундо далилдеген! (Генрих Герц)



  1. Медицина тармагында колдонулуп ,

Орулуунун диагнозун таап келген,

Алкыш сага улуу физик,

Кыска толкун бул нурду ачып берген! (Вильгельм Рентген)



  1. Бут дуйного тартылуунун законун ,

Кайсы окумуштуу ачып уйроткон.

Ак жарыкты призмада сындырып,

Кубулжуган жети тустуу корсоткон!



  1. Таап чыгып туртуу кучун ,

Суюктук менен газдардан ,

«Эврика » деп чуркап чыгып жар салган,

Таап берсен сен таяныч чекитин,

Жерди дагы жылдыраар эле оз огунан !



7. Алып баруучу: Мен азыр кезек менен физикалык маанидеги макалдардан айтам, алар болсо анын кайсы физикалык тушунукко тиешелуу экендигин айтып беришет.

1 Акылдуу отту карайт,акмак казанды карайт.(жылуулук саны)

2 Алма сабагынан алыс тушпойт.(орундук кучу)

3 Алтын акпайт кумуш сынбайт (каттуу заттардын касиети)

4 Аракети коп берекети жок (механикалык жумуш)

5 Аш турган жерде дарт турбайт (энергия)

6 Бир кумалак бир карын майды чиритет (дифузия)

7 Боксо чайнек катуу кайнайт.(Жылуулук саны)

8 Темирди кызуусунда сок.(Катуу заттардын касиеттери)

9 Жылуулуктун муздашы бат, муздактын жылышы кымбат. (ТД.нын экинчи закону)

10 Жел журбосо чоптун башы кыймылдабайт. (Термелуу)

11 Жеринен оогон жук онолбойт(Тен салмактуулук)

12 Шибегени капка ката албайсын (Басым)

13 Баш иштебесе бутту шору . (Механикалык кыймыл)

Табышмактар

  1. Аны эч ким корбогон бирок баары угушат,

Денеси жок жашаган тили жок суйлогон. (Жанырык)



  1. Тун кирсе жарыгын чачат,

Кун чыкса очкучо шашат. (Шам)



  1. Эки булут жакындап сузушушсо не болот,

Алар алган заряддан , тарс жарылып куйот от! (Чагылган)



  1. Абадагы кош жолу кабар берип иш кылат ,

Алыскыны заматта суйлоштуруп тындырат. (Телефон)

8. Электр тогу менен Мысалдын айтышы:

Алло! Алло! Токсунбу,

(Мыскал ) Сен кечиккен жоксунбу,

Жетеленип кетесин,

Кыдырганды койдунбу,



Жакшы иш учун кыдырам,

(Электр тогу) Уйлордун баарын жылытам,

Комур чиркин жок болуп,

Кыйналды го кыргызстан.



Телефондор соткалык ,

Жайнап чыкты баркталып,

Жетишкендик илимде,

Кобойду го данкталып.





Кыйкырыгын таш жарып ,

Ураалайсын тош кагып,

Курулгандар кунуго,

Бара жатат тез карып,



Токтогулдун токторун,

Озбекстан алган оп тартып ,

Кыргызыма жетпесе,

Келебизби атка артып,

Бул суроону Мыскалжан,

Чондорго айт сен озун,

Тил оозуна тибиртке,

Чыккандай го бул созун.



Кундон токту алуучу ,

Бар экен дейт кыргызда,

Микро ГЭСти чыгарып

Курса болот ар сууга,



Алым сабак айтышып ,

Анча мынча тартыштык,

Тушунсун деп калайык,

Бул конкурска катыштык!







Алып баруучу:Кымча бел сулуу кыргыздын кыздары азыр бийлешет, онор таланттарын корсотот. Бий , ыр бул дагы Физика! Анда азыркы планыбыздын номери боюнча , кезекти ыр жана бийге берсек!





Жыйынтыктоо.

Кордунорбу балдар Физика сабагы бардык жерде , эн керек экендиги ачык айкын корунуп турат, Ошондуктан физика сабагын кызыгуу менен талыкпай эмгектенуу, менен окуп билим алышыбыз керек! Улуу окумуштуулардын ажайып омуру, узурлуу эмгектери силерге улгу болуп, силерди талыкпай эмгекке шыктандырып , ылайым алдыга суросун. Ушуну менен сиздерге арналган Физикалык кечебиз сонуна чыкты конул бурганыныздар учун чон рахмат!





13