СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физика мугалими

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кандайсынар Жылдын мыкты Мугалимдери? 

Просмотр содержимого документа
«Физика мугалими»

Кайдасынар жылдын мыкты мугалимдери ?

Турусбаева Елиза Осмоналиевна

Токтогул районундагы Өзгөруш айылында жумушчунун уй булосундо 1981-жылдын 16-майында туулган (Атасы Турусбаев Осмоналы, апасы Курманова Барчакул, 7 бир туугандын учунчусу) .Мектеп жашына чейин ата-энесинин колунда тарбияланып, айылындагы Жумабек Чаргынов атындагы орто мектепти ийгиликтуу аяктагандан кийин ЖАМУнун ПЕДАГОГИКА факультетинин Физика адистигин бюдьжет болумуно тапшырып, 2003-жылы ийгиликтуу бутурду.

Эмгек жолун Токтогул районундагы №32 Бекназар атындагы орто мектебинен баштап, мугалимдик кесипте узурлуу эмгектенип келе жатат Турусбаева Елиза Осмоналиевна Ата-энеси

Адам болуу! Адам тарбиялоо!

Бул эки ооз соз эзелтен бери эчендердин журогун ойуп келет. Мугалим илим-билим, тарбия гана бербейт. Ал баарынан мурда коомдогу адамдарды оз колу менен жаратат. Мугалим окуучуларынын жан дуйносунун жаратын озуно билгизбей айыктыруучу дарыгер.

Мугалим наадандыктан акылдууну, жалкоолуктан ишмердикти, сарандыктан марттыкты, коркоктуктан баатырдыкты ажырата билууго уйроткон, жалан жакшылыкка, жарык жолго ундогон Адам.

Мугалим бул кесиптердин сереси,

Мугалим бул кесиптердин торосу.

Мугалим бул сыйкырдуу бир дарактай ,

Жаздыр, кыштыр бышып турат момосу.

Демекчи, ал мугалимдик кесипке ээ болгонуна окунбойт, ар дайым эл алдында сыймыкуу создор менен айтып келет.



“Тарбия беруу улуу иш, ошол иш аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет” деп даанышман Белинский айткандай ата-бабаларыбыздын баа жеткис мурастарын, кылым карыткан Кыргыз элинин улуу доолотторун кастарлап, аздектеп тарыхый баалуулуктарды улантуучу болууга, жашоодон татынакай оз ордун тапкан ак ниет асыл адамды ар намыстуу атуулдардын журогун откоруп беруу менин милдетим деп эсептейт.

Балдар -бул жашоонун гулдору. Ал эми гулдор тарбиялуу, билимдуу, адептуу болушу учун аларга кам коруу керек. Себеби алар биздин жашообузду кооздоп, мааниге ээ кылып турат. Окуучуларды оз баландай суйуп, ар бир баланын жан дуйносун тушунуп, тилин таап жакшы мамиле кылсан, сабак да оз максатына жетет.

Мугалимсиз-ыйык, таза, аруулуктун символу,

Мугалим-деген ыйык атты коргойлу.

Мугалим-билим тарбия берип остургон,

Мугалимсиз таанып билуу болбойт турбайбы.

Мектеп бул жаш муундарды окутуп тарбиялоого чакырылган билим беруу мекеме, б.а ал учун экинчи уйу, озунун окуучулары менен эркин темада бааарлашып, ырахат алуу.

Устатым, кесибим жана мен.

Ар бир инсандын жеке турмушунда бактылуу болуунун негизги факторлорунун бири озунун энсеген кесибине ээ болуу болуп саналат. Албетте, жаш адамдын уй-було чойросунон кийин эле коом тарбиялайт. Ал таалим тарбиянын нешгизинде келечегине туура багыт алуусу зарыл. Демек, келечекке туура багыт-бул омур бою армансыз,ар намысы менен эмгектене турган кесиби болуп саналат.

Улуу педагог А.Макаренконун “Адамды бактыга уйротуу мумкун эмес, бирок бактылуу кылып тарбиялоого болот”деген созунон улам, озунун суйгон кесибине кантип багыт алганын мисал келтирип кетти.

“Мектепте окуган мезгилде кыялын менен нечен туркун максаттарды алдыга коюп, кайсынысын тандаарынды билбей кыйналган кундор коп болот тура. Мен озумду ак халатчан медик болсом деп элестетчу элем бирок, мага ошол мезгилдеги мугалим, агай-эжейлердин акыл-насааттары, кеп кенештери оюмду озгортту.

Мектепте окуп жургондо физика сабагы боюнча ийримдерге, кечелерге катышаар элем. Бул предметке аябай кызыгып кобунчо лабораториялык, практикалык иштерге кобуроок конул болуп иштечумун. Физика предмети боюнча зоналык, райондук олимпиадага катышып, 1-орундарга ээ болдум. Ал эми 10-классымда Жалал-Абад шаарындагы балдар-турк лицейинде откорулгон олимпиаданын облустук туруна катышуу менен 2-даражадагы Диплом менен сыйландым. Менин мындай ийгиликке жетишиме оболго болгон Озгоруш айылында жайгашкан Ж.Чаргынов атындагы мектеп-гимназиясында эмгектенген физика мугалими Калыбеков Абакир агайымды айтбай кетсем туура болбостур.

Физика сабагынын коптогон сырлары бар экендигин тушунуу менен ал предметке болгон кызыгуум артып, мектепти ийгиликтуу аяктап, ата-энемдин колдоосу менен Жалал-Абад Мамлекеттик Университетиндеги педагогикалык факультетинин физика адистинини бюджеттик болумуно 1998-жылы тапшырып, 2003-жылы эн ыйык ат “МУГАЛИМ” деген кесипке ээ болдум.

Ошол эле жылы Токтогул районундагы Кызыл-Ураан айылынын №32 Бекназар атындагы орто мектебинде Физика мугалими болуп алгачкы эмгек жолума сапар алдым.

Мектеп босогосун аттап, бул коллектив менен таанышканымда “Ийгилик десен ишкер бол” демекчи,алардын ишмердиги, чыгармачылык изденуусу, бири-бирине болгон мамиле достугу, ынтымагы б.а. жакшылыктын жышааны байкалып турду. Ал учурда мектеп директору оратор, кыргыз тили жана адабияты мугалими Шукурбаев Суюунтбек агай эле.

Мен жаш мугалим болгондугума байланыштуу насаатчы мугалим болуп, жогорку категориядагы, билим беруунун отличниги, химия мугалими Карабалаев Бакыт агай белгиленди” деп айтып отту.

Елиза алгачкы жылы эле мугалимдердин сабактарына, кечелерге жана башка иш чараларга катышып озуно бай тажрыйба топтоп, озун мугалимдердин арасынан сууруп чыгууга коп аракеттенди. Бул мугалимдин оз ишин урматтаган, оз предметин терен билгендиктен болсо керек.

“ Жаш мугалимдердин Депозити” конкурсунун катышуучусу, эмгек стажы 5 жылга толбосо да озунун жондомдуулугу менен мектеп ичинде иш тажрыйбасын жайылтып, андан “Жыл мугалими” конкурсуна катышууга жолдомо алды.

5. Елиза кайын эне, кайын атанын колундагы (12 бир тууган) эн кичуу келини (кайын атасы Жапаров Макиш, апасы Молдомусаева Кадича, жолдошу Жапаров Нурланбек). Келин болуп уй босогосун аттагандан бери кайын журту оз баласындай мамиле жасап, мугалимдик кесибине жолтоо болгон жок. Кундо жумушка чыгаар учурда (жол алыс 4км) кайын энеси тамагын даярдап белендеп турат эле. Ал учурда 1уул, 1 кызы (Нурланбек к Керемет 4жаш, Нурланбек уу Досбол 2жаш) бар эле, балдарынын жаш экенине карабай конкурска катышууга багыт алды.

Учурда 2019-жылга карата 2 уул , 2 кыздын энеси болду. Кыздары Нурланбек к Керемет 9-кл, Макышова Бермет 0 класс, уулдары Нурланбек уу Досбол 7-кл, Макышов Арсен 3-кл. Балдары тартиптуу, ыймандуу, сабактарын 5ке окушат. Кайын энесинин козу отуп кетти, жолдошу, кайнатасы менен чогуу турушат. Эмгек стажы 15 жыл.

Кайын ата-энеси Уй-булоосу менен

6. Сынака катышууга педагогикалык жамаат сунуштап, аны уй булоосу , кайын журту,жолдошу колдоп, педжамаат менен бирге колдоо корсотуп турушту. Конкурска катышууга даярданууда балдарын уй булоосу карап, колдоп турушту. Ар бир адамдын иш баштоосуна, женишке жетуусуно биринчиден уй булоосунун колдоосу деп ойлойт. Ошондой эле 2-уй булоосу болгон мектеп администрациясы ( директор Абдыраимова Айдан, завуч Карабалаев Бакыт) жана педжамааттын колдоосу. Ото турган ачык сабак, чыгармачылык отчет ж.б керектуу документ иштеринин баары коллективдин кеп кенеши жана озунун аркетинин натыйжасы болду. Жыйынтыгында конкурстун райондук турунда “Баш байгени” ал эми облустук турунда 1-орунду багындырды.

7. Аймактык, райондук сынактын женуучусу болгондо созсуз турдо сезим болду. Ал сезимди дагы алдыгы карай изденууго кесипкой чыгармачылык менен иштоого, умтулууга туртку болду. Облустук турунда женишке жеткенде алдыга койгон максаттарды иш жузундо аткарууга чыгармачылык менен изденууго, балдарга терен билим беруу учун озу да терен билим алуу керектигин тушунду. Натыйжада мугалимдик туйшуктуу кесиптин кадыр баркы, бул окуучунун билиминде экендигин мектепке суйунуч менен келип, окуучунун билимге болгон кызыгуусун коруп кубаныч менен уйуно кайтат.

8. Бул жениш мугалим учун бир чети сыймык болсо, экинчиден мугалимге дагы изденууну, ишенимди артты. Бул жукту которуу Елиза учун чон эмгекти, жалпы жамаат, коомчулук менен бирге тыгыз байланышып окуучуларга бугунку замандын талабына ылайык билим беруудо Елизанын кадыр баркы артууда жана жалпы жамаат, ата-эне, окуучулар сыймык менен мамиле жасайт. Натыйжада окуучунун кызыгуусу артып, аймактык, райондук физика сабагынан болгон сынактарда байгелуу орундарды багынтып келет, арасынан физика сабагына мугалимдик кесипти тандап, учурда Кыргыз Улуттук Академиясында (Ажыкулова Наргиза), мугалимдик кесипти аркалап мектептерде иштеп жатышат жана Кыргыз Мамлекеттик Университетинде окуп жаткан студенттери бар. Биз Елизанын иши жана окуткан окуучулары менен жалпы жамаат, ата-эне жана окуучулар сыймыктануу менен айта алабыз.

9. Елизанын сынактарга катышуусу, байгелуу орундарды ээлеп келуусу алга карай умтулуусуна, чыгармачылык менен изденип иштоосуно чон туртку берди. Ал жонокой мугалимден чыгаан, талыкбай изденген, окуучу, жамаат менен бирге туйшуктуу кесиптин жугун арткан эмгекчил мугалим болуп озгорду.

Анын эсинде калганы сынактардагы сабак отуудо окуучулардын жандуу катышы, ал тургай катышып олтурган мугалимдердин кошо аралашып кетиши, сабактын жандуу, кызыктуу отушу, окуучулардын “бизге дагы сабак отуп бересизби” деп суранышы жана чыгармачылык отчет беруу учурунда шардын жарылып кетиши, Елиза деген жазууда лампочканын куйбой калышы, кезеги келгенде “жарк” этип анын куйуп кетуусу. Конкурстун жыйынтыгы 16-майда чыгып 1-даражадагы ДИПЛОМ жана ошол куну Туулган кунуно карата облустук прфсоюз уюму тарабынан 500сом Белек берилип сыйланганы. Ошол кун ал учун эн “Бактылуу Кош майрам” жана эсинде калган кундорунун бири болуп саналат. Ошондой эле мектепке келгенде жамааттын, окуучулардын жана ата-энелердин тозуп алуусу.

10. “ Жыл мугалими” конкурсуна катышуудан кийин да озунун чыгармачылык ишин таштабастан улам алдыга умтулуп, шыктанып, ар кандай коомдук иштерге активдуу, демилгелуу катышып келе жатат.

2008-жылы мектептин усулдук кабинетинин жетекчиси.

2009-2013-ж.ж мектептин профсоюз уюмунун жетекчиси.

2009-жылы анын жогорудагы айтылгандай узурлуу эмгеги бааланып 2009-жылы 25-апрелде мектеп жамааты, Токтогул РайБББ ишеним артып, окутуунун алдынкы ыкмаларын колдонуу аркылуу окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана калыптандыруу максатында “Физиканын сырлары-анын кыймыл кучторундо”аттуу физика сабагынан облустук семинарды жогорку денгээлде откорду.

2013-жылы табигый предметтер боюнча усулдук бирикме жетекчиси.

2015-2018-ж.ж мектептин соц педагогу.

Уй булоолук абалы жакшы, учурда Елизаны сыйлап, мугалимдик кесибинде ар кандай маселелер болсо туура тушунуу менен колдоп турушат. Ошондой эле оз билимин оркундотуу боюнча да тынымсыз аракеттенуудо. Бул учурда да уй булоосу материалдык жактан колдоп турат.

2016-жыл, №327 Сертификат, Жалал-Абад областтык билим беруу борбору,”Физиканы окутуунун теориясы жана усулу” 72 саат.

2018-жыл, Сертификат, “Креатив-Таалим” комплекси, “Интернет он-лай технологияларын окутуу процессинде колдонуу” 72 саат

2019-жылы, Квалификацияны жогорулатуу тууралуу Тастыктама, “7-11-класстар учун билим беруудогу математика жана табигый илимдер тармагындагы предметтик стандарттары”, 24 саатт.

Сыйлыктары:

1. 2004-ж. Рай ОНО “Ардак грамота”

2. 2006-ж. “Жаш мугалим Депозити” “Ардак грамота”

3. 2008-ж. “Жыл мугалими-2008” кокурсунун женуучусу, “Баш байгенин” ээси, РайОНОнун “Ардак грамота”

4. 2009-ж “Жыл мугалими-2008” кокурсунун женуучусу, “Баш байгенин” ээси, облОНОнун “1-даражадагы Диплом”.

5. 2009-ж. Физика предмети боюнча облустук денгээлдеги семинардын уюштуруучусу, лидери, облОНОнун “Ардак грамота”.

6. 2011-ж. Жалал-Абад облустук профсоюз комитетинин “Ардак грамота”

7. 2012-ж. КР Билим беруу жана Илим министирлиги МНО “Ардак грамота”.

8. 2013-ж. Райондук олимпиаданын жыйынтыгы менен мектептин “Ардак грамота”.

9.2014-ж. Уч –Терек айыл окмотунун жана айылдык кенешинин атынан “Ардак грамота”.

10. 2016-2017-20182019-ж.ж. Райондук олимпиаданын жыйынтыгы менен мектептин “Ардак грамота”.

Ушул даражага жеткирген ата-эне, бир туугандарына, кайын журтуна, жолдошуна, окуучуларына, мектеп жамаатына жана райондук билим беруу болумуно “Терен ыраазычылыгын” айтып журот. Жаны келген жаш муундарга, мугалимдерге озунун акыл насааттарын айтып, жардам беруудон тажабайт жана аларды алдыга умтулдуруп, багыттап турат.



Окунгону атасы (Турусбаев Осмоналы 2006-жылы дуйнодон кайтыш болгон) кызынын алдыдагы жаратып жаткан ийгиликтерин корбой кеткени.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!