Нурдинов Болот Жолболдуевич
Кесиптик компетенция жөнүндө
Компетенция- (латын тилинен алынып competentia) макулдуулук, топ келүүлүктү түшүндүрүп интелектүү термин катары сөз арасында кенен колдонулуп келүүдө.
Компетенттүүлүк жөнүндө кыскача кайрылсак
Кесиптик компетенция- кесиптик милдеттерин аткарууда билим денгээли, жөндөмү жана практикалык иш тажрыйбасынын негизинде мыйзам ченемдүү укуктук актыларынын негизинде милдетин ийгиликтүү аткаруу жана аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн түшүнүүгө болот;
Анын ичинде кесиптик милдеттерин аткаруудагы билим денгээли жөнүндө түшүнүк: Билим денгээли Кыргыз республикасынын билим берүү мыйзамынын негизинде төмөндөгүчө бөлүнөт
кесиптик башталгыч билим берүү - негизги же орто жалпы билим берүү базасында квалификациялуу эмгек кызматкерлерин (жумушчуларды, кызматчыларды) коомдук-пайдалуу иштин негизги багыттары боюнча даярдоо;
колледж - базалык жана жогорку деңгээлдеги орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу орто кесиптик окуу жайы;
билими адистештирилген орто, жумушчу жана кенже жетектөөчу курам
бакалавр - магистратурага өтүүгө жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;
билими жогору багыты боюнча мекеме уюм иш каналарда иш алып барууга болот, педагогикалык багыты боюнча мектепке чейин, баштапкы жана орто билим берүү багытында иш алып баруу укугуна ээ.
адистештирилген жогорку жана магистр - аспирантурага жана (же) базалык докторантурага (PhD/тармак боюнча) өтүүгө жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;
билими жогору адистештирилген, мекеме уюм иш каналарда иш алып барууга жана жетектөөгө, педагогикалык багыты бюнча адистештирилген предметтик адистиги боюнча баардык билим берүү тармагында толук кандуу иш алып барууга укуктуу.
Предметтик адистиги боюнча тарых мугалими, укук таануу мугалими, математика мугалими, физика мугалими, химия мугалими, биология мугалими, англис тили мугалими, орус тили мугалими, башталгыч класстын мугалими, мектепке чейинки билим берүү ж.б. ар бир адистик өз кесиби боюнча терең билим алган. Ошондой эле педагогиксын, методикасын окуган жана практикалык иш алып барган.
Бул да адистиктин атмосферасындагы компетентүүлүгү болуп эсептелет, себеби квалификациясына, контингентине жараша даярдалат.
Адис – конкреттүү бир багытта, белгилүү бир ишти аткарууга зарыл болгон билиминин, тажрыйбасынын жана көндүмдөрүнүн мыйзам ченемдүү белгиси.
Квалификация (лат. qualis — какой по качеств, кандай сапаты жана facio — делаю, аткарам) кызматкердин кесиптик даярдыгынын даражасы жана түрү, анын белгилүү бир ишти аткарууга зарыл болгон билиминин, тажрыйбасынын жана көндүмдөрүнүн болушу эсептелет.
жогорку кесиптик билим берүү - билим берүү программаларынын жана стандарттарынын тиешелүү деңгээлинде адистерди окутуу, даярдоо, кайра даярдоо;
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги компетенттүүлүк кызматкер, жумушчулардын кызмат ордуларынын жеке милдеттери, ченемдүү укуктары камтылып, адистүүлүгүнүн алкагында иш, жумуш алып баруу болуп эсептелет.