Физика 7- класс мугалим: Бекенова Жазира Абдухалаловна
Жалал –Абад областы , Сузак району № 33 « Жийде» жалпы билим берүучү орто мектеби.
Катуу нерселердин басымы. Басымды азайтуунун жана көбөйтүүнүн жолдору.
Сабактын максаты:
А) Катуу нерселердин басымынын тийишкен беттин аянтынан көз карандылыгын тушунөт.Басымдын формуласын бирдигин билет.
Б) Катуу нерселердин басымын көбөйтүүнүн жана азайтуунун жолдорун үйрөнөт.Теоряда алган билимдерин практикада колдоно алуу менен маселелерди чыгарууга көнугушөт.
В) Топ менен жуп менен иштей алат Анын негизинде бири- бирин сыйлоого, жардам берүүгө тарбияланат.
Корсоткучтору:
Катуу нерсенин басымын түшүнүу менен билимдери кеңейсе жана тапшырмаларды аткарууда тактыкты көрсөтүшсө.
Окуучулар теорияда алган билимдерин практикада колдоно алуу менен маселелерди чыгара алса.
Эгерде окуучулар топто жупта биргелешип иштей алса башкалардын оюн уга билсе.
Сабактын тиби: жаны билимди өздөшүрүү.
Сабактын формасы: топто, жупта иштөө.
Сабактын жабдылышы: ноутбук,проектор,тустүү карточкалар.
Сабактын журүшү:
Сабактын этабы: Мугалимдин иш аракети: Окуучунун иш- аракети:
Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашып окуучулар саламдашат
Кесилген фигураларды
2 топко бөлүп алуу топтоо аркылуу 2 топко
Топтун атын коюу бөлүнүшөт.
Жагымдуу маанай тузуу: 1. Бир орундуу санды ойлонобуз.
2. Ага андан кийинки санды кош.
3. Келип чыккан санга тогузду кош.
4. Келип чыккан санды 2 ге бөл.
5. Келип чыккан сандан биринчи ойлогон санды
кемитебиз.
Канча чыкты ? Баарыңардыкы 5 чыккан болсо ,5 деген маанай менен сабагыбызды баштайбыз.
Сабагыбызды баштаардан мурда “АЛТЫН ЭРЕЖЕ” тузуп алабыз.
Ф -- факт ,далил менен сүйлөө
И -- илимий тилде сүйлөө
З -- зээндүүлүккө тарбиялануу
И -- ишеничтүу сүйлөө
К -- классташтардын оюун сыйлоо
А -- адамгерчиликтүу болуу.
Жаңы сабак: Катуу нерселер бири -бирине тийишкен учурда гана өз ара аракеттенишет.Нерсеге таасир эткен экинчи бир нерсенин аракети- күчү нерсени ылдамданууга гана алып келбестен , нерсенин бетин да басып кысып деформациялашы мүмкүн .Күчтун тийишкен бетке жасаган аракетин карап көрөлү.Ал үчун төмөнкү тажрыйбага кайрылабыз.
Гирдин кумдун бетине жасаган аракети анын кум менен тийишкен бетинин аянтына көз каранды экендигин көрдук . Башкача айтканда ,гирь менен кумдун тийишкен бетинин,б.а столдун бетинин аянты канчалык чон болсо -- гирдин оордук күчүнун кумдун бетине жасаган аракети кичине болот.
Тийишкен беттин бирдик аянтына туура келген күч басым деп аталат.
Басымды : P - деген тамга менен белгилейбиз.
Формуласы : P=F/S
Бирдиги: 1 Паскаль 1Па=1Н/м2
Адамдын күндөлүк турмушунда басымды азайтуунун жана көбөйтүүнүн ар кандай мааниси бар.Шартка жараша айрым учурда басымды азайтуу керкек болсо ,кээде аны көбөйтүү зарылдыгы келип чыгат.
1. Илгери ата-бабаларыбыз,өзгөчө аңчылар, улуу карда жапкак деп аталган тузулушту ,жасап буттарына кийип алышчу экен.( басымды азайтуу максатында).
2. Көк жылгаяк муздун үстүндө тай туяк кийип басуу жеңил жана ылдам болгон.(басымды көбөйтүү максатында)
Окуучулар топто иштешет.
1- топко мисал: 100 см2аянтка жасалган басымдын чоңдугу 5000 Па.
Аракет эткен күчтү тапкыла?
2-топко мисал: Адам күрөккө 600Н куч менен аракет этет.Күрөктүн
мизинин эни 20см ,ал эми калыңдыгы 0,5мм болсо, анын
топуракка жасаган басымын тапкыла?
1-топко суроо: Эмне учун имараттарды куруучу жерди терен казып ,ал
жерге жазы фундамент куюлат? (жерге чогуп кетпестен коп
убакыт кармалып турат)
1-топко суроо: Эмне учун айыл чарба машиналарынын дөнгөлөктөрүн
жазы кылып жасашат? ( Алар саздуу жерден оңой өтсүн
үчүн).
Бышыктоо: Топтун ар бир мүчөсүнө суроо берилет.
Үй тапшырма: Өзүнордүн массаңарды ,туфлиңердин таманынын аянтын билип алып,жерге жасаган басымыңарды эсептегиле.
Баалоо: Кана эмесе балдар бугунку сабагыбызды өзүңөр баалайсыңар.
1) Бүгүнкү сабагыбыз кандай болду,сага жактыбы?
2) Сабак эмнеси менен жакты?
3) Сенин оюңча сабака ким эң жакшы катышты?
4) Сабакка ким көнүл бурбады?
5) Сен кандай жооп бердиң?
Окуучулар суроолорду берүү аркылуу бири бирин баалашат.