Физика сабагы боюнча 9-класстар үчүн 2-чейрекке карата тест
ФИО : _________________________________________ күнү : _______________
1.Тунук же тунук эмес тегиз беттүү пластинкага атайын кескичтин жардамы менен ар бир миллиметрине жүздөгөн тиликтер жасалат . Мындай прибор эмне деп аталат ?
а) интерфепенция кубулушу б) дифракциялык торчо
в) дифракциялык торчонун мезгили г) фронттун толкуну
2. Толкундардын тоскоолдуктардан айланып өтүшү эмне деп атат ?
а) дифракция б) дифракциялык торчо
в) интерференция г) диффузия
3. Когеренттүү толкундардын бири-бири менен катталашында термелүүлөрдүн күчөшү же начарлашы эмне деп аталат ?
а) дифракция б) дифракциялык торчо
в) интерференция г) диффузия
4. Бир тегиздикте бирдей термелүү мезгили жана турактуу фазалар айырмасы менен таралган толкундар эмне деп аталат ?
а) толкун булактары б) когеренттүү толкундар
в) когеренттүү булактар г) когеренттүү термелүүлөр
5.Адамдын , дегеле баардык омурткалуу , омурткасыз айрым жаныбарлардын жарыктан болгон дүүлүгүүлөрдү кабыл алуу органы кайсыл ?
а) мурун б) кулак
в) көз г) ооз
6. Көздүн көрүү кемчилигин оңдоочу оптикалык курал эмне деп аталат ?
а) лупа б) линза
в) иймек линза г) көз айнек
7.Фотоаппараттын негизги бөлүгү эмне деп аталат ?
а) линза б) лупа
в) фотопленка г) обьективи
8.Эки сфералык бет менен чектелген тунук тело эмне деп аталат ?
а) линза б) чачыратуучу линза
в) чогултуучу линза г) сүлөттөлүш
9. Эгерде линзанын ортосу, анын четтерине караганда жука болсо ал кандай линза болот ?
а) линза б) чачыратуучу линза
в) чогултуучу линза г) сүлөттөлүш
10. Эгерде линзанын ортосу, анын четтерине четине караганда калың болсо ал кандай
линза болот ?
а) линза б) чачыратуучу линза
в) чогултуучу линза г) сүлөттөлүш
11. Линзанын оптикалык күчүнүн формуласы кандай ?
а) б)
в) г)
12. Эгерде экинчи чөйрө тунук болсо , анын жарык нурунун бир бөлүгү экинчи чөйрөгө өтүп , анда өз багытын өзгөртөт. Бул эмне деп аталат ?
а) жарыктын интерференциясы б) жарыктын дифракциясы
в) жарыктын сынуусу г) жарыктын чагылышы
13. Сынуу көрсөткүчүнүн формуласын тап !
а) = б) =
в) г)
14.Жарык нуру бир тектүү чөйрөдө түз сызыктуу таралуу менен , эки чөйрөнү бөлүп туруучу чек арадан , кайра биринчи чөйрөгө багытын өзгөртүүсү эмне деп аталат ?
а) жарыктын интерференциясы б) жарыктын дифракциясы
в) жарыктын сынуусу г) жарыктын чагылуусу
15. Жарык - бөлүкчөбү же толкунбу ?
а) бөлүкчө б) толкун