Күнү: ______
Сабак өтүлүүчү класс: 7класс
Сабактын темасы: Физика, табият жана турмуш
Сабактын максаттары:
Сабактын максаттары: | Күтүлүүчү натыйжалар: |
Билим берүүчүлүк: Окуучулар физика, табият жана турмуш жөнүндө маалымат алышат. | Билим берүүчүлүк: Окуучулар физика, табият жана турмуш жөнүндө маалымат алышса |
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышат, физика илими жонүндө маалымат алышат. | Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышса, физика илими жонүндө маалымат алышса |
Тарбия берүүчүлүк: Окуучулардын физика сабагына кызыгуусу артат. | Тарбия берүүчүлүк: Окуучулардын физика сабагына кызыгуусу артса |
Сабактын жабдылышы: 7-класстын физика окуу китеби, карточкалар, лист, маркер
Этап | убакыт | Мугалимдин иш аракети | | Компетенттулук баалоо |
Уюштуруу | | Саламдашат.Уюштуруу менен сабагын баштайт. | Мугалим менен саламдашышат .Окуукуралдарынтолукташат. | НК3 | |
Уй тап.н текшерүү | | | | | |
Жаны теманы тушундуруу | | Физика гректин «фюзис» деген сөзүнөн алынган. Бизче «табият» дегенди билгизет. Демек, физика бул табият жөнүндөгү илим. | Физика илими жонундо тушунушот.Физика илими эмне жонундо илим экендигин билишет. | НК1 | ПК1 ПК2 |
Бышыктоо рефлекси | | Физика илими жонундо талкуулашат. | Окуучулар тушунбогон суроолорун беришет. | | |
Үйгө тапшырма | | Физика, табият жана турмуш эмне экендигин билип келүү. | | | |
Сабактын негизги мазмуну:
Физика гректин «фюзис» деген сөзүнөн алынган. Бизче «табият» дегенди билгизет. Демек, физика бул табият жөнүндөгү илим.
Табият арабдын «аттабиа» деген сөзүнөн алынган. Бизче «жаратылыш», «болмуш» дегенди билгизет. Ошондуктан кыргыз элинде табият менен жаратылыш бирдей мааниде колдонулат. Адамзатты курчап тургандардын бардыгын: жанжаныбарларды, өсүмдүктөрдү, аба менен сууну, тоо-таштарды, Жер менен Айды, Кун менен планеталарды, алыстагы жылдыздарды да адамдар өздөрү табият же жаратылыш деп атап алышкан. Адам өзү дагы табияттын ажырагыс бир бөлүгү.
Турмуш бул элдин күндөлүк жашоо-тиричилиги. Адам турмушунун деңгээли адамдын табият менен болгон мамилесине, жөндөмүнө жана аракеттеринин жемишине жараша болот.
«Физика» термини биринчи жолу байыркы грек ойчулу Аристотелдин (биздин заманга чейинки 384322жылдар) чыгармаларында кездешет. Ал эми орус тилинде «физика» деген созду немец ти линен которуп чыгарган окуу китебинде биринчи жолу М. В. Ломоносов колдонгон.
Жаратылышта болгон жана болуп жаткан озгөруулорду уйронуу менен адамзат оз турмушун жакшыртуунун камын көруп келген. Ошондуктан адамдар табияттын өзгөрүүлөрүн ар дайым көңүл бурушкан. Аларды байкап, сырларын түшүнүүгө аракеттенишкен.
Жаратылышта болгон бардык өзгөрүүлөр кубулуштар деп аталат.
Физикада механикалык, жылуулук, электрдик, магниттик жана жарык кубулуштары оку лат.
Механикалык кубулуштарга көзубуз менен көруп, байкаган бардык кыймылдар кирет. Алсак курткумурскалардан баштап, космос кемелеринин, ал эмес Жер, Ай, Кун сыяктуу космос объектилеринин кыймылы да механикалык кубулуштар болуп эсептелет.Жылуулук кубулуштарына ысуу жана муздоо, тонуу жана эруу, буунун пайда болушу, шамалдын пайда болушу жана башкаларды ко шууга болот.
Электр кубулуштарына электр тогун алуу, электрди уй шартында, ендуруште, айыл чарбасында колдонуу, чагылгандын чартылдашы, кун дун куркурешу мисал боло алат.
Магниттик кубулуштардын мисалы катары магниттин темирлерди өзунө тартуусун, компастын жардамы менен Жердин уюлдарына жа раша багыт алууну, электр тогун пайда кылуучу тузулуштөрдун иштешин келтирсек болот.
Жарык кубулуштары жарык нурунун тузулушу, жарыктын тара лышы, келекенун пайда болушу, ар кандай тустердун бар экендиги аркылуу тушун дуру лет.
Жогоруда белгиленген кубулуштар адамдын кунделук турмушунда ар дайым жолугуп, бизге кенумуш болуп калган көрунуштөрден. Алар дын мацызын тушунууге анча деле кенул белбейбуз. Бирок, бир аз ойлонуп, өзубузго суроо берип керсек, ал кубулуштардын мацызын билбегенибиз дароо эле байкалат.
Мисал келтирели: Эмне учун ташты жерден ейде кетеруп коё бер сек, ал жерге тушет? Эмне учун кайнак еуу куюлган чыныга кашык салсак, ал ысыйт? Эмне учун от жагылбаса деле, электр лампочкасы жарык берет? Суу, буу, муздун бирибиринен кандай айырмасы бар? Эмне учун бир белмеде турган темирди кармасак муздак, ал эми жы гачты кармасак андай музактыгы сезилбейт? Радио, телевизор, телефон, компьютердин иштеши эмнеге негизделген? Мына ушуга окшогон суроолорго жооп бериш учун физиканы окуп уйронушубуз керек.
Физика менен техника атамзамандан бери бирге онугуп келе жа тат. Техниканын пайда болушу физика илимине негизделген. Женекей кайчыны пайдалануудан баштап, космос кемелеринин учушуна чейин физиканын законченемдери колдонулат.
Бышыктоо:
1. «Физика» деген сез эмнени тушундурот?
2. «Табият» дегенди кандай тушуносун?
-
Адамдын турмушуна табияттын тийгизген таасири барбы?
-
«Физика» деген термин илимге ким тарабынан киргизилген.
Баалоо:
Үйгө тапшырма: Физика, табият жана турмуш. Окуу, жазуу.
Кунү: ______
Сабак өтүлүүчү класс: 7-класс
Сабактын темасы: Физикалык билимдер жана аларды өздөштүрүүгө көрсөтмөлөр.
Сабактын максаттары: | Күтүлүүчү натыйжалар: |
Билим берүүчүлүк: Окуучулар физикалык билимдерди өздөштүрүп кетүүгө көрсөтмөлөрдү алышат. | Билим берүүчүлүк: Окуучулар физикалык билимдерди өздөштүрүп кетүүгө көрсөтмөлөрдү алышса |
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышат, физика илими жонүндө маалымат алышат. | Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышса, физика илими жонүндө маалымат алышса |
Тарбия берүүчүлүк: Оз ара ынтымакта болушат. | Тарбия берүүчүлүк: Оз ара ынтымакта болушса. |
Этап | убакыт | Мугалимдин иш аракети | Окуучунун иш аракети | Компетенттулук баалоо |
Уюштуруу | | Саламдашат.Уюштуруу менен сабагын баштайт. | Мугалим менен саламдашышат .Окуу куралдарынтолукташат. | НК3 | |
Уй тап.н текшерүү | | Уйго берилген тапшырманы жекече сурайт | Уй тапшырмасын кайталашат. Мугалим тарабынан берилген суроолорго жооп беришет. | НК2 | |
Жаны теманы тушундуруу | | Биринчиден, физика азыркы учурдагы техниканын негизи. Экинчиден, физика жаратылыштын кубулуштарын, законченемдерин тушунуунун ачкычы. Учунчудон, физика заттардын касиеттерин билууго жардам берет | Физикалык билимдер жана аларды өздөштүрүүгө көрсөтмөлөр жонундо билишет. | НК1 | ПК1 ПК2 |
Бышыктоо рефлекси | | Физикалык билимдер жонундо талкуулашат. | Окуучулар тушунбогон суроолорун беришет. | | |
Үйгө тапшырма | | Физикалык билимдер жана аларды өздөштүрүүгө көрсөтмөлөр жонундо окуп келуу. | | | |
Сабактын тиби: Аралаш сабак
Сабактын жабдылышы: 7-класстын физика окуу китеби, кагаз, карточкалар
Сабактын негизги мазмуну:
Физиканы эмне учун окуш керек? Биринчиден, физика азыркы учурдагы техниканын негизи. Экинчиден, физика жаратылыштын кубулуштарын, законченемдерин тушунуунун ачкычы. Учунчудон, физика заттардын касиеттерин билууго жардам берет. Тортунчудон, физика жалпы ааламдын сырын тушундурот. Бешинчиден, адамдын табигый жана илимий кез карашын калыцтандырат ж. б.
Физика окуу китебинде окуу материалы камтылат. Аны окуп тушу нуп, окуучу физикалык билим алат. Билим ар бир адамдын оз менчиги. Ал билимдерди ар ким кундолук жашоотиричилигинде, техникада, ондурушто курулушта, транспортто, дыйканчылыкта, мал чарбачылыгында колдоно алышат. Эмесе физикалык билим деген эмне? Анын кандай турлору бар жана кантип оздоштурушот? У шуга токтололу.
|
Табияттын кубулуштарын, алардын законченемдерин адамдын туура түшүнүшү физикалык билим болуп эсептелет.
Физика курсунун мазмунун талдоонун негизинде физикалык би лимдердин томонкудой элементтери белунуп алынган .Анда белгиленген физикалык билимдердин элементтеринин мазмуну ото татаал. Аны мугалимдин жардамы менен жана ушул окуу китебин окуп уйренуу аркылуу то лук тушуне аласынар.
Ар бир предметтин озунун тушунуктору бар. Мисалы, математикада сан, арифметикалык амалдар; кыргыз тилинде сез, суй л ем, ат атооч, этиш; географияда рельеф, ландшафт, материк ж. б.
Физикадагы негизги тушунук “ бул материя. Ааламда биздин ан сезимибизден сырткары жашагандардын бардыгы материя деп аталат (жанжаныбарлар, аба, суу, есумдуктер, Ай, Кун ж. б.). Материя тушунугу мурда айтылган табият тушунугуне окшошуп кетет. Бирок физиканы окуганда материя катары физикалык нерселерди карайбыз.
Физикалык нерсе биз касиетин уйренуучу бардык буюмдар, пред меттер, б. а. материянын адамдын оюнда тузулген модели. Физикалык нерселер дуйнодо реалдуу жашайт. Мисалы, автомобиль, поезд, компьютер, кнопка, тамчы, кашык, бешик ж. б. Бирок алардын бардыгын жалпылаштырып физикалык нерсе деп коёбуз.
I
Физикалык нерселер эмнеден турса, ошолордун бардыгын зат деп аташат.Мисалы, суу зат, суунун тамчысы нерсе; темир зат, темир ден жасалган мык нерсе. Кепчулук нерселер бир эле заттан эмес, бир нече заттан турат. Мисалы, велосипеддин тузулушун карап кергуле.
Андан кийинки негизги тушунуктун бири физикалык кубулуш. Табияттагы болгон бардык езгеруулер кубулуш деп аталат. Физикада механикалык, жылуулук, электрдик, жарык кубулуштары окулат.
|
Нерсенин кыймылы менен байланыпхта болгон бардык езгеруулер механикалык кубулуштар деп аталат.
Мисалы, бир нерсенин аракети менен экинчи нерсенин которулу шу, жипке илинген шарчаны турткенде анын термелиши, колдон тушкен нерсенин жерге тушушу ж. б.
.
*) 1. Физикалык билим билимнерсенин
Күнү: ______
Сабак өтүлүүчү класс: 7-класс
Сабактын темасы: Негизги физикалык чоңдуктар. Чондуктарды өлчөө
Сабактын максаттары:
Сабактын максаттары: | Күтүлүүчү натыйжалар: |
Билим берүүчүлүк: Окуучулар физикалык чоңдуктарды, аларды өлчөөнү билишет. | Билим берүүчүлүк: Окуучулар физикалык чоңдуктарды, аларды өлчөөнү билишсе |
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышат, физика илими жонүндө маалымат алышат. | Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышса, физика илими жонүндө маалымат алышса |
Тарбия берүүчүлүк: Окуучулардын физика сабагына кызыгуусу артат.Оз ара ынтымакта болушат. | Тарбия берүүчүлүк: Окуучулардын физика сабагына кызыгуусу артса Оз ара ынтымакта болушса |
Сабактын жабдылышы: 7-класстын физика окуу китеби, карточкалар, лист, маркер
Этап | убакыт | Мугалимдин иш аракети | | Компетенттулук баалоо |
Уюштуруу | | Саламдашат.Уюштуруу менен сабагын баштайт. | Мугалим менен саламдашышат.Окуу куралдарын толукташат. | НК3 | |
Уйтап.н текшерүү | | Уй тапшырмасын текшерет,ал боюнча баалайт. | Уй тапшырмасын кайталашат. еришетбопБерилген суроолорго жооп беришет. | | |
Жаны теманы тушундуруу | | Физикалык чоңдуктар нерселердин касиеттерин же кубулуштарды сандык жактан мүнөздөйт. | Физикалык чоңдуктар нерселердин касиеттерин же кубулуштарды сандык жактан мүнөздөлорун билишет. | НК1 | ПК1 ПК2 |
Бышыктоо рефлекси | | Физикалык чоңдуктар жонундо талкуулашат. | Окуучулар тушунбогон суроолорун беришет. | | |
Үйгө тапшырма | | Негизги физикалык чоңдуктар. Чондуктарды өлчөөну окуп келуу. | | | |
Сабактын негизги мазмуну:
Физикалык кубулуштарды же нерселердин касиеттерин үчүн атайын мүнөздөмөлөр колдонулат. Мисалы, чапкан аттын, учкан куштун же самолёттун кыймылдарын салыштыруу үчүн үч түрлүү мүнөздөмө колдонулат. Алардын бири убакыт, экин чиси өтүлгөн жол, үчүнчүсү ылдамдык. Убакыт, өтүлгөн жол, ылдамдык булар физикалык чоңдуктар болушат, анткени алар кыймылды сандык жактан мүнөздөйт. Ушул чоңдуктар аркылуу кыймылдын жай же ылдам экендиги салыштырылат.
Физикалык чоңдуктар нерселердин касиеттерин же кубулуштарды сандык жактан мүнөздөйт.
Физикада узундук, масса, убакыт негизги чоңдуктар катары кабыл алынган. Узундук l (эл), масса т (эм), убакыт t (т) тамгасы менен белгиленет.
Бардык физикалык чоцдуктардын чен бирдиктери болот. Узундуктун бирдиги метр (ж). Массанын бирдиги килограмм (кг). Убакыт тын бирдиги секунда (с). Ушул жана башка бирдиктердин атайынсистемасы 1963-жылы буткул дуйнелук келишим менен бекитилген. Ошондуктан бул бирдиктер СИ (система интернациональная) система сындагы бирдиктер деп аталат. СИ улут аралык система дегенди тушундурет. Кыргызча да бирдиктердин СИ системасы деп атап журебуз.
Кунделук турмушта жогорудагы бирдиктерден 10, 100, 1000 эсе кеп же аз болгон бирдиктер колдонулат. Аларды колдонууга оцой болсун учун грек жана латын тилинен алынган кошумча сездер колдонулат.
Мисалы, 1ден 10, 100, 1000 эсе чоц бирдиктер учун гректин: дека ... 10, гекто... 100, кило ... 1000 деген сездеру кошумча колдонулат. Мисалы 1 дкм = 10 м, 1 гм = 100 м, 1 км — 1000 м.
1ден 10, 100, 1000 эсе кичине болгон бирдиктер учун латын тилинен алынган деци..., санти..., милли... деген кошумча сездер колдонулат. Деци... ОД, санти... 0,01, милли... 0,001. Мисалы, 1 дм =1 м, 1 см — 0,01 м, 1 мм = 0,001 м.
Физикалык чондуктарды елчее учун ар кандай куралдар жасалган. Узундукту ченее учун сызгыч, рулетка (3, 4сурет); келемду елчее учун цилиндрмензурка (5сурет); убакытты елчее учун секундомер (6сурет); температураны елчее учун термометр (7сурет) колдонулат.
влчеечу куралдардын бардыгында шкалалары болот. Ал эмнени билгизет? Мисалы жогорудагы елчеечу куралдардын бетинде бирдей белуктерге белунген сызыкчалар керсетулген. Сызыкчалардын айрым дарынын узундуктары кичине, бирок бир нече сызыктардан кийинки лери узун. Узун сызыкчалардын тушуна цифралар коюлган. Ушул белунген сызыктар жана ага туура келуучу цифралар шкала деп аталат.
Физикалык чондукту елчее учун куралдын шкаласынын баасын билуу керек. Мисал келтирели. 3суретте женекей сызгычтын болугу
Зсурет. Сызгыч
5сурет. Мензурка
корсотулгон
Бардык эле олчоочу куралдардын шкаласынын баасын билуу учун томонку эрежени аткаруу керек.
76-суреттегу термометрдин шкаласынын баасын эсептеп королу. Ал учун 20°С жана 30°С деген жазуусу бар эки узун сызыкты алалы. 30°С 20°С = 10°С. Ал узун сызыктардын ортосу да 10 майда сызык чаларга белунген. 10°С : 10 = 1°С. Демек бул термометрдин шкаласынын баасы 1°С.
Бышыктоо: 1. Физикалык чондук деген эмне 2. Физикадагы негизги чондуктар кайсылар? 3.Негизги чондуктардын бирдиктерин атагыла?
Күнү: ______
Сабак өтүлүүчү класс: 7-класс
Сабактын темасы: Нерсенин механикалык кыймылы. Кыймылдын траекториясы. Кыймылдын түрлөрү.
Сабактын максаттары: | Күтүлүүчү натыйжалар: |
Билим берүүчүлүк: Окуучулар нерсенин механикалык кыймылы. Кыймылдын траекториясы. Кыймылдын түрлөрүн тушунушот. | Билим берүүчүлүк: Окуучулар нерсенин механикалык кыймылы. Кыймылдын траекториясы. Кыймылдын түрлөрүн тушунушсо |
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышат, механикалык кыймыл жонүндө маалымат алышат. | Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышса, механикалык кыймыл жонүндө маалымат алышса |
Тарбия берүүчүлүк: Оз ара ынтымакта болушат.Улууларды урматташат. | Тарбия берүүчүлүк: Оз ара ынтымакта болушат.Улууларды урматташса |
Сабактын тиби: Аралаш сабак
Сабактын жабдылышы: Оюнчук машина.
Этап | убакыт | Мугалимдин иш аракети | Окуучунун иш аракети | Компетенттулук баалоо |
Уюштуруу | | Саламдашат.Уюштуруу менен сабагын баштайт. | Мугалим менен саламдашышат .Окуу куралдарынтолукташат. | НК3 | |
Уйтап.н текшерүү | 12 мин | Уйго берилген тапшырманы топтор арылуу текшерет. | Уй тапшырмасын кайталашат. Мугалим тарабынан берилген суроолорго жооп беришет. | НК2 | |
Жаны теманы тушундуруу | 20 мин | Берилген убакыт ичинде нерселердин абалынын башка нерселерге салыштырмалуу өзгөрушу механикалык кыймыл деп аталат. | Окуучулар отулгон тема боюнча мисалдарды келтиришет. | НК1 | ПК1 ПК2 |
Бышыктоо рефлекси | 6мин | 1.Механикалык кыймыл деген эмне? 2.Нерсенин абалынын мейкиндиктеги озгорушун кантип билебиз? | Окуучулар тушунбогон суроолорун беришет. | | |
Үйгө тапшырма | 4мин | Нерсенин механикалык кыймылы.Кыймылдын траекториясы. Кыймылдын түрлөрү. окуп келуу. | | | |
Сабактын негизги мазмуну:
Жайдын күнү алыстан автомашинаны же атчан кишини көрдүк деп элестетели. Алар кыймылда экенин же тынч турганын кантип билебиз? Автомашинанын кыймылда экенин билүүнүн ар кандай жолдору бар. Мисалы, автомашина шагыл төшөлгөн же кара жол менен жүрүп бара жатса, анын артында чубалган чаң калат. Ал болсо машинанын жүрүп бара жаткандыгын билгизет. Же машина жакындап келе жаткан болсо, анын моторунун үнү улам катуулап угула баштайт. Бирок булар автомашинанын кыймылынын маңыздуу белгиси боло албайт.
Автомашинанын кыймылын так аныктоо учун анын мейкиндиктеги абалынын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзөбүз. Ал үчүн автомашинанын абалын кыймылсыз деп эсептелген башка нерселерге салыштырабыз. Мисалы, жолдун жээгиндеги бактарга, тамдарга же зым карагайларга салыштырсак, машина кайсы бир убакыт ичинде же аларга жакын дайт, же алардан алыстайт. Башкача айтканда машинанын абалы башка нерселерге карата өзгөрет. Демек машина кыймылда болот. Эгер автомашинанын абалы башка нерселерге салыштырмалуу өзгөрбөсө, ал тынч абалда турган болот. Жее адамдын, атчан кишинин, самолеттун же учкан куштун кыймылдары да ушундай эле салыштыруу жолу менен аныкталат.
Физикалык нерсенин кыймылын, өз ара аракеттерин, тең салмактуулук абалын үйротүүчү бөлүмү механика деп атала. Ал грек сөзүнөн которгондо «куралжарак», «машине» дегенди билгизет.
Орто мектепте механиканын уч белуму окулат: кинематика , динамика жана статика.
Бул болумдо кинематиканын айрым маселелери окулат. Кинематика дагы грек созу. Бизче кыймыл дегенди билгизет. Кинематика болумундо кыймылдын келип чыгуу себеби эсепке алынбастан, жалпы муноздомолору гана окулат.
(
Берилген убакыт ичинде нерселердин абалынын башка нерселерге салыштырмалуу өзгөрушу механикалык кыймыл деп аталат.
Механикалык кыймылды караган учурда «кыймылдын салыштыр малуулугу» деген термин колдонулат. Анын мааниси эмнеде? Мисал келтирип көрөлу.
Журуп бара жаткан автобустун отургучунда Капар деген бала олту рат. Аялдамада турган Элдияр менен Улан Капардын кыймылда экен диги же тынч турганы женунде талашып жатышат. Элдияр Капар кый мылдап жатат десе, Улан Капар кыймылда эмес, тынч отурат дейт. Кимисиники туура? Алардын ойлорун талдап көрөлучу.
Элдияр Капардын абалынын өзгерушун аялдамага салыштырып караган. Алгач автобуста олтурган Капар аялдамага жакындап келди. Автобус токтоп, кайра женеп кеткенде ал аялдамадан алыстап кетти. Де мек, «Капар аялдамага салыштырмалуу кыймылда
Күнү: ______
Сабак өтүлүүчү класс: 7-класс
Сабактын темасы: Жол жана которулуш
Сабактын максаттары: | Күтүлүүчү натыйжалар: |
Билим берүүчүлүк: Окуучулар жол жана которулушту тушунушот. | Билим берүүчүлүк: Жол жана которулуш жонундо тушунушсо |
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышат, жол жана которулуштун айырмасын билишет. | Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышса, жол жана которулуштун айырмасын билишсе |
Тарбия берүүчүлүк: Оз ара ынтымакта болушат.Улууларды урматташат. | Тарбия берүүчүлүк: Оз ара ынтымакта болушат.Улууларды урматташса |
Сабактын тиби: Аралаш сабак
Сабактын жабдылышы:
Этап | убакыт | Мугалимдин иш аракети | Окуучунун иш аракети | Компетенттулук баалоо |
Уюштуруу | | Саламдашат.Уюштуруу менен окуучуларга жагымдуу маанай тартуулайт | Мугалим менен саламдашышат .Окуу куралдарын толукташат.Жагымдуу маанайда сабакка киришишет. | НК3 | |
Уй тап.н текшерүү | 12 мин | Уйго берилген тапшырманы айтышат. | Уй тапшырмасын кайталашат. Мугалим тарабынан берилген суроолорго жооп беришет. | НК2 | |
Жаны теманы тушундуруу | 20 мин | Кыймылдын траекториясынын узундугу өтүлгөн жол деп аталат. | Окуучулар отулгон тема боюнча мисалдарды келтиришет. | НК1 | ПК1 ПК2 |
Бышыктоо рефлекси | 6мин | 1.0тулгон жол деп эмнени айтабыз? Кандай тамга менен белгиленет? Бирдиги учун эмне алынат? -
Которулуш деген эмне? | Окуучулар тушунбогон суроолорун беришет. | | |
Үйгө тапшырма | 4мин | Жол жана которулуш жонундо окуп келуу. | | | |
Сабактын негизги мазмуну:
Механикалык кыймылды мүнөздөөчү эки физикалык чондук менен таанышабыз. Биринчиси өтүлгөн жол, экинчиси которулуш.
| Кыймылдын траекториясынын узундугу өтүлгөн жол деп аталат.
Ал s тамгасы менен белгиленет. Бирдиги үчүн узундук бирдиги бир метр (1м) алынат. Узундуктун метрден башка эселик жана үлүштүк бирдиктери жөнүндө мурдагы параграфтарда сөз кылганбыз. Алар: миллиметр (мм), сантиметр (см), дециметр (дм), километр (км).
1мм = 0,001 м, 1м = 1000 мм,
1 см = 0,01 м, 1 м = 100 см,
1 дм = 0,1 дм, 1 м = 10 дм,
1 км = 1000 м, 1 м = 0,001 км.
Механикалык кыймылда болгон нерселер ар дайым бир орундан экинчи орунга которулуп турат. Ошондуктан кыймылды мүнөздөө үчүн которулуш деген чондук киргизилет.
|Кыймылдагы нерсенин баштапкы абалы менен акыркы абалын ту таштыруучу туз сызыктын узундугуна барабар кесинди которулуш деп аталат.
Жол скалярдык чоңдук, ал эми которулуш вектордук чоңдук.
Сан мааниси менен гана туюнтулган физикалык чондук скалярдык чондук деп аталат.
Мисалы, саат 9°°де Бишкек автобекетинен чыккан автобус бир саат тан кийин Бишкектен 60 км аралыкта болот. Мында автобустун еткен жолу 60 км. Бул учурда автобустун кайсы тарапка кеткени, бир саат тан кийин кайсы жерде бол гону бизге белгисиз бой дон калат. Ошондуктан кээ бир чондуктар сан мааниси менен чектелбестен, багыты да кошо керсетулушу керек.
Сан мааниси менен катар багыты кошо керсетулген физикалык чондук вектор дук чондук деп аталат.
Копчулук учурда отулгон жолдун узундугу менен которулуштун узундугу бирибири менен дал келбейт. Эгер эки пункттун ортосундагы аралыкты нерсе туз сызык боюнча басып втсв, жол менен которулуш бирибирине барабар болот. Ал S=S деп жазылат. Которулуштун бирдиги учун да 1 л* алынат. Ал эми нерсе ийри сызык менен кыймылдаганда жол менен которулуш бирибирине барабар эмес.
Турмушта бизди курчап турган материалдуу объектилердин бардыгы кыймылда болушат. Кыймылдардын озгочолугун, законченемдерин уйронуу учун конкреттуу машинаны же адамды, самолётту же кескелдирикти, поездди же жарганатты мисал кылып олту руунун кереги жок. Жалпысынан нерсенин кыймылы деп гана кара лат.
Кыймылды муноздоону жецилдетиш учун физикада материялык чекит деген тушунук киргизилет.
Материялык чекит кыймыл даты предметтердин идеалдуу, ой до элес тетилген модели, б. а. нерсенин влчвму эсепке алынбаган модели, влчвму эсепке алынбаган нерселер материялык чекит деп аталат.
Күнү: ______
Сабак өтүлүүчү класс: 7-класс
Сабактын темасы: Кыймылдын ылдамдыгы. Бир калыптагы кыймыл
Сабактын максаттары: | Күтүлүүчү натыйжалар: |
Билим берүүчүлүк: Окуучулар кыймылдын ылдамдыгы. Бир калыптагы кыймыл жонундо билишет. | Билим берүүчүлүк: Окуучулар кыймылдын ылдамдыгы. Бир калыптагы кыймыл жонундо билишсе |
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышат, жол жана которулуштун айырмасын билишет. | Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышса, жол жана которулуштун айырмасын билишсе |
Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар оз ара ынтымакта болушат. | Тарбия берүүчүлүк: Оз ара ынтымакта болушса |
Сабактын тиби: Аралаш сабак
Сабактын жабдылышы:
Этап | убакыт | Мугалимдин иш аракети | Окуучунун иш аракети | Компетенттулук баалоо |
Уюштуруу | | Саламдашат.Уюштуруу менен окуучуларга жагымдуу маанай тартуулайт | Мугалим менен саламдашышат .Окуу куралдарын толукташат.Жагымдуу маанайда сабакка киришишет. | НК3 | |
Уй тап.н текшерүү | 12 мин | Уйго берилген тапшырманы жекече сурайт. | Уй тапшырмасын кайталашат. Мугалим тарабынан берилген суроолорго жооп беришет. | НК2 | |
Жаны теманы тушундуруу | 20 мин | Убакыт бирдиги ичинде өтүлгөн жолду мүнөздөөчү физикалык чоңдук ылдамдык деп аталат. | Окуучулар отулгон тема боюнча мисалдарды келтиришет. | НК1 | ПК1 ПК2 |
Бышыктоо рефлекси | 6мин | Ылдамдыкка маселелерди иштешет | Окуучулар тушунбогон суроолорун беришет. | | |
Үйгө тапшырма | 4мин | Ылдамдыкка маселелерди чыгарып келуу. | | | |
Сабактын негизги мазмуну:
Жаратылыштагы кыймылдардын бардыгына мүнөздүү болгон эки өзгөчөлүк бар. Биринчиси, бирдей убакыт ичинде өтүлгөн жолдун чоңдугу, экинчиси бирдей жолду өтүүгө кеткен убакыттын чоңдугу. Мына ушул өзгөчөлүктөр аркылуу нерселер тез же жай кыймылдаганы аныкталат.
Убакыт бирдиги ичинде өтүлгөн жолду мүнөздөөчү физикалык чоңдук ылдамдык деп аталат.
Ылдамдык υ (в) тамгасы менен белгиленет. Ал вектордук чоңдук. Белгилениши й. Ылдамдыктын чондугу етулген жолдун басып етууге кеткен убакытка болгон катышы аркылуу аныкталат:
Эгер етулген жолду s, убакытты t тамгасы менен белгилесек, анда ылдамдык төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Бул ылдамдыктын формуласы деп аталат.
Бишкектен Токмокко чейинки аралык 60 км. Эгер бул аралыкты автомашина 1саатта өткөн болсо,анынылдамдыгы кандай болот? Шарт боюнча s = 60 км, t = 1 саат. v=— формуласына s жана t нынI
маанилерин койсок: и = 60 км :1 саат 60 ^ . Демек автомашинанын
ылдамдыгы и = 60 ™ . Муну автомашина 1 саатта 60 км жолду басып этет деп айтса да болот.
Чендердин СИ бирдигинде ылдамдыктын бирдиги учун 1 секундада
Нерселердин кыймылы ылдамдыгы боюнча да эки турге белунет.
|Эгер кыймылдын ылдамдыгы турактуу болсо, кыймыл бир калыптагы кыймыл деп аталат. Кыймылдын ылдамдыгы өзгөрмөлүү болсо кыймыл өзгөрмөлүү же бир калыптагы эмес кыймыл деп аталат.
Автомашина ар бир чейрек саатта (15 мин) 20 км аралыкты, ар бир жарым саатта (30 мин) — 40 км, ал эми ар бир саатта (60 мин) — 80 км аралыкты басып өтсө, мындай кыймыл бир калыптагы кыймыл болот. Эгер автомашина биринчи жарым саатта (30 мин) 40 км, ал эми экинчи жарым саатта (30 мин) 50 км жолду басып өтсө, мындай кыймыл бир калыптагы эмес кыймыл деп аталат.
Күнү: ______
Сабак өтүлүүчү класс: 7-класс
Сабактын темасы. Ылдамдатылган жана акырындатылган кыймылдар
Сабактын максаттары: | Күтүлүүчү натыйжалар: |
Билим берүүчүлүк:Окуучулар . Ылдамдатылган жана акырындатылган кыймылдарды тушунушот. | Билим берүүчүлүк: . Ылдамдатылган жана акырындатылган кыймылдарды тушунушсо |
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышат | Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин системалаштыра алышса, |
Тарбия берүүчүлүк: Достору менен ынтымакта болушат.Улууларды урматташат. | Тарбия берүүчүлүк: Достору менен ынтымакта болушса.Улууларды урматташса |
Сабактын тиби: Аралаш сабак
Сабактын жабдылышы: .
| Этап | убакыт | Мугалимдин иш аракети | Окуучунун иш аракети | Компетенттулук баалоо |
| Уюштуруу | | Саламдашат.Уюштуруу менен сабагын баштайт. | Мугалим менен саламдашышат .Окуу куралдарын толукташат.Конулдуу маанайда сабакты башташат. | НК3 | |
Уй тап.н текшерүү | 12 мин | Уйго берилген тапшырманы жекече текшерет. | Уй тапшырмасын кайталашат. Мугалим тарабынан берилген суроолорго жооп беришет. | НК2 | |
Жаны теманы тушундуруу | 20 мин | тынч турган нерсе ордунан козголуп, кандайдыр бир t убакыттан кийин белгилуу ылдамдыкка ээ болот. | Окуучулар отулгон тема боюнча маселелерди чыгара алышат. | НК1 | ПК1 ПК2 |
Бышыктоо рефлекси | 6мин | -
Ылдамдатылган кыймыл деген эмне? -
Акырындатылган кыймыл деген эмне7 | Окуучулар тушунбогон суроолорун беришет. | | |
Үйгө тапшырма | 4мин | Ылдамдатылган жана акырындатылган кыймылдарды окуп келуу. | | | |
Сабактын негизги мазмуну:
Копчулук физикалык кубулуштардын маңызын түшүнүү үчүн аларды мүнөздөгөн формулаларга талдоо жүргүзүү керек. Мисалы, бир калыптагы кыймыл учурунда нерсенин өткөн жолу s = υ . t формуласы менен аныкталат. Мында υ бир калыптагы кыймылдын ылдамдыгы. Кыймыл бир калыпта болсо, ылдамдык турактуу чоцдук болот. Демек өтүлгөн жолдун чоңдугу убакыттын өтүшүнө көз каранды. Кыймылдын убактысы канчалык узак болсо, нерсе ошончолук чоң жолду басып өтөт. Түз сызыктуу кыймыл учурунда ылдамдыктын багыты менен которулуштун багыты дал келет.
Эми ылдамдануунун формуласын карайлы: Мында кыймылдын ылдамдыгынын өзгөрүшүнө мүнөздүү болгон эки учурду карайбыз.
Биринчиси, тынч турган нерсе ордунан козголуп, кандайдыр бир t убакыттан кийин белгилуу ылдамдыкка ээ болот. Бул учурда нерсенин баштапкы ылдамдыгы и0= 0. Анда ылдамдануу а = —-- формуласы менен аныкталын, он мааниге ээ болот. Мындай кыймылды ылдамдатпылган кыймыл деп айтабыз. Нерсе ылдамдатылган кыймылда болуш учун сөзсүз эле тынч турган абалдан козголушу шарт эмес. Кыймылдан келе жаткан нерсе деле убакыттын кайсы бир учурунан баштан ылдамдыгын жогорулатышы мумкун. Мисалы, 5 м/с ылдамдык менен туз сызык боюнча кыймылдап келе жаткан нерсе 6 секунда ичинде ылдамдыгын 3 м/с га жогорулатты дейли. Кыймыл ылдамдадыбы же акырындадыбы? Ылдамдануусу эмнеге барабар?
Коюлган суроого жоон беруу учун маселени төмөнкүчө талдайбыз.
Нерсенин баштапкы ылдамдыгы ʋ0 = 3—. Кыймылдын убактысы t=6 с.
Ылдамдыктын өзгөрүшү υ0=3—. Бул маселедеги «ылдамдыгын 1 м/с
3—м/с га жогорулатты» деген сөзгө өзгөчө кеңүл буруу керек. Ал нерсенин акыркы ылдамдыгы 3— деген сез эмес. Баштапкы ылдамдыгы М ~ м с
3— болсо ал 3 м/с га көбөйдү дегенди түшүндүрөт.
Алынган ылдамдануунун мааниси оц сан болгондуктан, кыймыл ылдамдатылган болот. Бул законченемдуулукту жалпы математикалык турде томонкучо жазабыз. Эгер нерсенин акыркы ылдамдыгы v баштапкы ылдамдыгынан чоц болсо, б. a. vv0 болсо, ылдамдыктардын айыр масы он; санды берет. Ошондуктан ылдамдануунун мааниси да он, болот а 0. Мындай кыймыл ылдамдатылган кыймыл болот.
|Убакыттын өтүшү менен ылдамдыгын жогорулатып туруучу кыймыл ылдамдатылган кыймыл деп аталат.
Экинчи учу р. Кыймылдап келе жаткан нерсе ылдамдыгы 10 м/с га жеткен убакыттан баштап, кыймылын акырындата баштады. Андан 40 с өткөндөн кийин ылдамдыгы 2 м/с болуп калды. Ылдамдануунун мааниси кандай? Кыймылдын мүнөзүн аныктагыла.