Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Кара-Суу району
№52 З.Төрөбеков атындагы орто мектеби
Физика сабагы боюнча ачык сааттын иштелмеси
Тема: Импульс. Импульстун сакталуу закону.
Мугалим: Нурзина Жолдошова
Классы: 7-класс
2022-жыл
Тема: Импульс. Импульстун сакталуу закону.
Классы: 7-класс
| № | Сабактын максаты | Көрсөткүчү | Компетенттүүлүк |
| 1 | Билим берүүчүлүк: окуучулар импульс, импульстун сакталуу закону жөнүндөгү билимге ээ болушат | Окуучулар импульс, импульстун сакталуу закону жөнүндөгү билимге ээ болушса | Н1:Маалыматтык, ПК2: Физикалык кубулуштарды илимий негизде түшүнүү, ПК3: Илимий далилдерди пайдалануу. |
| 2 | Өнүктүрүүчүлүк: турмуштан мисал келтирип, кайсыл жерде колдонула тургандыгын билишет, маселе чыгарышат. | Турмуштан мисал келтиришсе, кайсыл жерде колдонула тургандыгын билишсе, маселе чыгара алышса. | Н2: Социалдык-коммуникативдик, ПК1: Физикалык кубулуштарды жана алар менен байланышкан фактыларды таанып билүү жана илимий суроолорду кое билүү. |
| 3 | Тарбия берүүчүлүк: окуучулар бири-биринин оюн уга алышат, жардам берүүгө көнүгүшөт, сарамжалдуу болууга багыт алышат. | Окуучулар бири-биринин оюн уга алышса, жардам бере алышса, сарамжалдуу боло алышса | Н3:Өзүн-өзү уюштуруу же көйгөйлөрдү чечүү |
Сабактын тиби: Жаңы теманы окуп үйрөнү.
Сабактын түрү: мини-лекция-презентация.
Колдонулуучу каражаттар: суроолор, карточкалар, ТСО, приборлор ж.б.
Колдонулган усулдар: “муз жаргыч”, “жупта иштөө”, маалымат берүү, мини-лекция, презентация, мониторинг, мотивация ж.б.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу
2. Үй тапшырмасын суроо (кайталоо, баалоо).
3. Жаңы теманы окуп үйрөнүү.
4. Бышыктоо.
5. Мониторинг
6. Үйгө тапшырма берүү (жыйынтыктоо).
1. Уюштуруу. а) “Бүгүн 8февраль, 2022-жыл, күнгө шейшемби, жыл мезгили кыш. Ачык сабактын темасы: импульс, импульстун сакталуу закону. Сабакта №52 З.Төрөбеков атындагы орто мектебинин иновация жана арт-терапия, физика мугалими Жолдошова Нурзина Шериковна.
б) Саламатсыздарбы 7-класстын окуучулары жана мугалимдер. Сабакка катышып жатканыңыздарга рахмат. Силерге бүгүн сабакта импульс, импульстун сакталуу закону жөнүндөгү билимге ээ болушуңарга, өзүңөрдүн оюңарды эркин айтып 4 жана 5 деген баа алышыңарды каалайбыз.
Азыр биз ата-энелерибиздин ишеничин оз моюнубузга алдык, анда эмесе ишеничти актоо үчүн сабакка жакшылап көңүл бурабыз. Алгач мен сиздерге бир суроо менен кайрылгым келип жатат.
Физика сабагында биз эмнелерди окуп үйрөнөбүз?
Үй тапшырмасын суроо (кайталоо).
Биз улайбыз.
Өткөн сабактарды бир кайталап алуу үчүн мен физикалык куралдарды берем. Алардын жардамында тапшырмаларды аткарасыңар.
Курулдар: сызгыч, мензурка, туура эмес жана туура формадагы нерселер. Нерселердин көлөмүн тап?
Куралдар: динамометр, төрт бурчтуу илмеги бар жыгач брусогу, суу куюлган идиш. Архимед күчүн эсепте.
Окуучулар тапшырманы аткаргандарына жараша бааланат.
3. Жаңы теманы окуп үйрөнүү.
Нерсенин механикалык кыймылы траектория, жол, ылдамдык, ылдамдануу түшүнүктөрү менен мүнөздөлөрүн кинематика бөлүмүнөн окуп-үйрөндүк.Анда кыймылдагы нерсенин массасына конул бурган эмеспиз. Динамиканын закондорун окугандан кийин нерсенин кыймылынын ылдамдыгы, ылдамдануусу анын массасына жараша болору белгилүү болду. Төмөнкү мисалга кайрылалы. Жантык тегиздик боюнча ичине 3 кг кум салынган баштыкча 0,5 м/с ылдамдык менен жылмышып тушуп келе жатат дейли. Аны жантык тегиздиктин аягында кол менен оной токтотууга болот. Ал иэми ичинде 50 кг куму бар кап ушундай эле ылдамдык менен жылып келе жатса, мурдагыдай эле кол менен оной токтотууга мумкун эмес. Дагы бир мисал келтирели. Массасы 8г коргошун 6 м/с ылдамдык менен кыймылдап келе жатса, аны жука кагазды тосуп эле токтотууга болот. Ал эми ошондой эле массадагы коргошун огу 800м/с ылдамдык менен атылса, аны калын тактай менен тосуп токтотууга болбойт. Жогоруда келтирилген мисалдар нерсенин массасы менен ылдамдыгынын арасында кандайдыр бир сандык байланыш бар экендигин билгизет. Ушул байланышты мүнөздөө үчүн нерсенин импульсу деген чондук киргизилген.”Импульс” латын сөзүнөн алынган. Кыргызча которгондо “туртку, козгоо, умтулуу” дегенди түшүндүрөт. Механикалык кыймылдын сандык ченин мүнөздөөчү физикалык чондук нерсенин импульсу деп аталат. Нерсенин импульсу анын массасы менен ылдамдыгынын көбөйтүндүсүнө барабар:
мында Ρ-нерсенин импульсу. Импульс вектордук чондук. СИ системасында нерсенин импульсунун бирдиги учун
алынат. Ал массасы 1 килограмм нерсе секундасына 1 метр жол басып өтөт дегенди билгизет эгер нерсенин импульсу
болсо, аны бир нече мааниде түшүндүрсө болот. Мисалы;
Ρ=
,массасы 10 кг нерсе секундасына 1 м жол отот.
Ρ=
, массасы 1кг нерсе секундасына 10м жол өтөт
P=2кг·5 м/с=10кг ·м/с массасы 2кг нерсе секундуна 5м жол өтөт
P=5кг·2 м/с=10 кг·м/с, массасы 5кг нерсе секундуна 2м жол өтөт.
Бул мисалда нерселердин массалары жана ылдамдыктары ар башка болгону менен алардын импульстары, кыймыл чени бирдей.
Нерселердин баштапкы импульстарынын суммасы, алар кагылышкандан кийинки импульстарынын суммасына барабар.
Р1+Р2=Р11 +Р21
бул импульстун сакталуу закону деп аталат.
4. Бышыктоо.
Бүгүнкү темабыз бонча түшүнбөгөн суроолор болсо бергиле. Анда теманы бышыктоо үчүн тапшырмаларды береин.
Окуучуларга маселе берилет.
Массасы 5 кг болгон нерсе 20 м/с ылдамдык менен кыймылдап келе жаткан. Ал нерсенин импульсун тапкыла?
Массасы 10 г болгон ок 700м/с ылдамдык менен атылып чыккан. Атылган октун импульсун тапкыла?
Массасы 2 кг болгон нерсе 60 м/с ылдамдык менен келе жатып, массасы 8 кг болгон тынч турган нерсеге урунган. алардын ылдамдыгын тапкылат.
Массасы 7 кг болгон нерсе массасы 10 кг болгон тынч турган нерсеге келип урунганда алар 4м/с ылдамдык менен кыймылдап калышкан. 1-нерсе кандай ылдамдык менен кыймылдаган?
Кийинки тапшырма.
Физикалык чоңдуктарды жана бирдиктерди конкурсу.
Рахмат ой-пикириңиз үчүн. Бул жылдызча сага. Кийинки сабакта кайталоодо бул баага айланат.
5. Окуучулар өткөн тема боюнча билимдерге ээ болгондугу тууралуу сабакка мониторинг жүргүзүлөт.
Балдар бүгүнкү тема боюнча кандай билимге ээ болдуңар? Билимге ээ болгондор “+” белгисин көтөргүлө. Тема боюнча толук түшүнүк ала албагандар “-” белгисин көтөргүлө. Эмне түшүнүктүү болбоду, эмне кыйын болду? Биз бул темага кийинки сабакта кайталоодо да кайрылабыз. Ошого жараша сабактын максатына жеткендиги билинет.
6. Үйгө тапшырма берүү (жыйынтыктоо).
Эми күндөлүгүңөрдү ачып, тапшырманы жазып алгыла. Үйдөн бүгүнкү өткөн теманы кайталап окугула жана теманын аягындагы суроолорго жооп жазып келгиле.
Сабакка катышканыңар үчүн рахмат. 7-класста өткөн конкурстук сабак аяктады. Кийинки сабакта көрүшкөнгө чейин саламатта баргыла.
3