Физик шайырлар жана тапкычтар клубунун турнири
Тушундурмо
- Ар бири 7 окуучудан турган 2 команда тузулот
- (7-11-кл.)
- 1-команда «Жарык» 2-команда «Ун» деп аталат. Эки команданын эмблемалары болот.
- Саламдашуу . Саламдашууда озуно тиешелуу кунумдук жашоо турмушта колдонулуучу буюмдар менен чыгышат.
- Мугалим же алып баруучу тарабынан суроолор берилет , физиканын баардык тармагы боюнча. Командалар создордун тизмеси боюнча карточка алышат. Кайсы соз ашыкча экенин табат.
- Кроссворддордун жообун табуу . (5 мин ичинде)
- Шаар, айыл-кыштак аттарын колдонуп физикалык чондуктардын атын табуу .
- Командалар бири бирине суроо беришет. (ойлонууга 1 мин)
- Космонавтика оюн талаасы .
Алып баруучу:
«Дуйнону таанып билуунун чеги жок » деп илгери бир философ айткан экен . жыл откон сайын коптогон ачылыштар ачылып адам баласы аалам сырларын ачууда чон жетишкендиктерге жетишуудо. Башка илимдерге салыштырмалуу физика илими татаал болуп эсептелет , жана ошол эле учурда кызыктуу болуп эсептелет. Себеби биздин ар бир кылган ишибиз жаратылышта физика менен байланыштуу. Демек адам баласынын жашоосунда физика илими кенири колодонулат . Кезекти окуучуларга берейин ,бугунку беттешуучу «Жарык » жана «Ун» командаларын тосуп алалы. « Командалар бири бирине бетме- бет турушат ».
Алып баруучу:
Силердин эмблеманар ?
«Командалар доскага плакаттарын илишет , ошондой эле тошторундо да эмблемалары болот».
Алып баруучу:
Силердин девизинер ?
« Ун » командасы: « Айтылган соз - атылган ок»
«Жарык» командасы: « Билимдууго - дуйно жарык»
Алып баруучу ;
Кезек эки команданын саламдашуусунда;
«Ун» командасы:
Окуучу:
Салт боюнча салам айтам жалпына ,
Улуу кичуу жана дагы атандашка,
Тынбай окуп жан дуйнону озгортуп ,
Чын дилимден кызмат айтам калкыма.
Жалпы : Физиканы тынбай окуп келебиз,
Ун толкунун биз силерге жиберебиз,
Суроо жоопто биз билимдерди сынашып,
Бул конкурста атаандашты женебиз.
«Жарык» командасы:
Окуучу : Билимдуу жакшы баламын,
Кабыл ал айткан саламым,
«Жарк» этип жанып жарыктай,
Билимдин кенин казамын .
Жалпы: Командалар чогулушуп ,
Суроо жооп салабыз,
Ким женсе бул конкурста,
Дос боюнча калабыз.
Алып баруучу:
Мынакей балдар биз саламдашып алдык , озубузду колго алабыз да оюнубузга отобуз. Алдыда бизди “Ой жугуртуу “ ашуусу кутуп турат. Келгиле “Ой жугуртуу” ашуусуна саякатты баштайлы . Эки командадан бирден окучу келип карточка алгыла . 2 минута ойлонуп жооп бергиле , жоопко даяр болгон команда сигналдык белгини которушот . Карточкада кайсы соз ашыкча? эмне учун?
«Ун» командасы :
Градус , мензурка , термометр , динамометр.. ( жооп: тизмеде физикалык куралдар берилген , градус физикалык куралдын бирдиги )
«Жарык» командасы :
Кар ээриди , отун куйуп жатат, чымчык учуп баратат , меш ысыды ( жооп: чымчык учуп баратат . Тизмеде жылуулук кубулуштарынын мисалы келтирилген.)
Алып баруучу:
Азаматсынар балдар эми кыргыздын улуттук оюндарына отолу.
«Ун» командасына :
Баарыбызга белгилуу болгон” Ак терек – Кок терек” оюнунда Ньютондун закондору байкалабы? Жообун тушундуруп бергиле ?
ЖООП:
Ооба байкалат . Оюнчулар эки катарга тизилишип, кол кармашып бетме- бет турушат. Бир катардан чуркап чыккан оюнчу улам ылдамдыгын арттырып кармашып турган каршылашынын колун узуп отушу керек . Чуркап келе жаткан адамдын ылдамдыгы канчалык чон болсо урунуу ылдамдыгы да ошончо чон болот.Куч ылдамданууга туз пропорциялаш. Демек бул Ньютондун экинчи закону.
«Жарык» командасына :
Кыргыздын улуттук “ Улак тартыш” оюнунда Ньютондун закондору байкалабы?
ЖООП:
Ооба Ньютондун 3 – закону . Улакка модулдары боюнча бирдей багыттары боюнча карама каршы кучтор аракет эткенде улак ортодо болот кайсы тараптын аракети кучтуу болуп кетсе , улак ошол тарапка оойт.
Алып баруучу:
Озунуздор байкап тургандай эле физика илиминин кызыктуулугун коруп турабыз. Карачы кандай кызыктуу илим баардык тармак менен байланышканын . Анда эмесе балдар кроссворддун жообун табалы эмнелер жашырылганын? Эки командага тен 5 минутадан убакыт берилет.
«Ун » командасына суроо : Ун жонундо окуп уйротуучу физиканын болуму эмне деп аталат? (акустика).
- Силер окуп буткон математиканын болуму.
- Таза ун чыгаруучу курал.
- Жыштыгы 2000 Гц тен жогору болгон ун.
- Узундуктун кошумча бирдиги.
- Заряддалган болукчолордун ирээттелген кыймылы.
- Заряддалган атом.
- Жылуулук санынын байыркы бирдиги .
8.Асман телолору жонундо окуп уйротуучу илим .
- Жарыктын касиеттери жонундо окуп уйротуучу физиканын болуму эмне деп аталат? (оптика ).
- Каршылыкты олчоочу курал .
- Оптикалык куралдардын катарына кируучу тетик.
- Айдын колокосунун кундун бетин жаап калышы .
- Нерсенин ылдамдыкты сакто кубулушу .
- Жарык нуру тийбеген мейкиндик.
- Электр энергиясынын булагы.
Алып баруучу:
Азаматсынар балдар коп нерсени билип алдык туурабы? Силерди эми айыл – кыштактарга, шаарларга саякаттоого чыкырмакчыбыз. Даяр болсонор анда бул ашууну да ашалы.2 командадан 2 ден окучу келгиле, бул карточкаларды алгыла аттардын башкы тамгаларын пайдаланып физикалык чондуктарды тапкыла.
«Ун» командасы учун: Ак – Талаа, Сокулук, Майлуу – Суу, Ак- Босого, ( масса).
«Жарык » командасына: Каракол, Чолпон- Ата, Уч – Терек. ( куч).
Алып баруучу:
Кезек бири биринерге суроо берууго келип жетти.
«Ун» командасы: Эмне учун кышында суук болот? ( Анткени жердин бетин каптап жаткан кар кундун нурларын чагылтып жиберет.
«Жарык » командасы : Эмне учун ордоктор кату суук болгонд сууга жоношот? ( Кату суукта суунун температурасы айлана – чойродогу температурага караганда бир топ жогору болот , ошондуктан суудагы канатуулар ал жактан абага салыштырмалуу азыраак ушуйт.
Алып баруучу:
Биздин шайырлар жана тапкычтар клубунун турниринин кийинки этабы Космонавтика оюн талаасы деп аталат. Берилген суроолорго 2 мин ичинде жооп беру керек.
«УН» командасына : Орус космонавтары айда болушту беле ? Анда айда ким басып журду эле ? кайсы жылы болду эле?
ЖООП: жок , болушкан эмес, Луноход -1 ,1970-ж. Луноход -3, 1973-ж.
«Жарык» командасына : Эн биринчи космос кораблинде учуп жерди айланып чыккан адам, бул учуу канча убакытка созулган? жооп: Ю.Гагарин учуу 108 саатка созулган
«Ун» командасына : Космонавтика деген соз кандай которулат ?
ЖООП: Ааламда сузуу дегенди тушундурот.
«Жарык» командасына : Марска кайсы жылы космос корабли учурулган?
ЖООП: 2006- жылы .
Алып баруучу:
Азаматсынар шайыр жана тапкыч балдар.
Эн акыркы « Кутулбогон суроолор » ашуусун ашууга кез келди.
«Ун» командасына:
- Ал аябай кичинекей болот. Ал эн чон ылдамдык менен учушу мумкун же жон эле ордунда термелип турушу да мумкун. ЖООП: (молекула)
- Ал аябай кичинекей болот. Ал эн чон ылдамдык менен учушу мумкун же жон эле ордунда термелип турушу да мумкун. ЖООП: (молекула)
- Барометр менен ченелет? ЖООП: (басым)
- Ал аябай кичинекей. Ал нолго барабар болушу мумкун жана ал материядан тышкары оз алдынча жашай албайт. ЖООП: ( заряд)
4.Суюктуктун катмар – катмар болуп агышы эмне деп аталат. ЖООП: ( Ламинардык агым )
5. Ар кандай эки заттын малекулаларынын аралашып кетуу кубулушу ЖООП: ( диффузия)
6.Бир олчомдуу эки олчомдуу уч олчомдуу болот. ЖООП: ( координата системасы)
7.Италиялыкты немецке болгондо келип чыга турган француздун атын тапкыла. ЖООП: ( А= )
)
«Жарык» командасына :
- Химияда алардын саны 5 , физикада 6, алгебрада 7, геометрияда 9, эмне жонундо соз болу жатат. ЖООП: (предметтердин аталыштарындагы тамгалардын саны)
- Бул жол асманда жайгашкан, анын атынан чыгарма да бар , кайсыл жол? ЖООП: (саманчынын жолу)
- Машина онго кайрылып жатканда кайсы донгологу кыймылдабайт ЖООП: (запас донгологу)
4.Суу буусунун ону кандай болот ЖООП:
(туссуз)
5. Андре- Мари Ампер, Исаак Ньютон , Блез Паскаль, Джейс Джоуль, Джеймс Уатт, Шарль Кулон, Аллесандро Вольта, ОМ, Фарадей- корунуктуу физиктер мындан башка аларды эмне байланыштырып турат? ЖООП : ( алардын аттарынан физикалык чондуктардын аталыштары коюлган)
6. Асманда бар жерде жок, сенде бар менде жок. ЖООП: (С тамгасы)
7.Магнит агымынын бирдиги ЖООП: ( вебер).