Просмотр содержимого документа
«Физиканы окутуунун максаттары»
Физиканы окутуунун максаттары.
Ар бир окуучуну мыкты тыкаандык менен эмгектенүүгө үйрөтүү боюнча сабакты өркүндөтүүнүн багыттарынын бири проблемалык окутуу болуп эсептелет. Окутуу жана тарбиялоо процессинде адамдын инсандык касиети калыптанат. Мында мугалим үчүн жоопкерчилик жүктолүп, өзүнүн сабагын окуучуга жеткирип, келечекке даярдоо менен өз кесибин туура тандап алуусуна шарт түзөт.
Физикалык билим берүүнүн негизги баалуулугу болуп күндөлүк турмушта жана керектөөдөн гана эмес, ал башка илимдердин, техника жана өндүрүштүн өнүгүшүнө кеңири колдонулуп келет. Эң ненгизгиси физика окуучулардын инсандык сапаттарын калыптандырууга жана алардын максатка жетүүсүнө кепилдик берет. Учурда жалпы билим берүү мекемелери жаңы окуу планы менен иштешүүдө. Окуучулаарды жаңы шартта физика предметине ылайык, өзүмдүн педагогикакалык позициямды өзгөртүүгө аракет кылам. Сабакта ойлоо ишмердүүлүгүнүн методдорун колдонууга, интерактивдүү, практикалык иштерди жүргүзүүгө, интерактивдүү досканы пайдаланууга аракет кылам. Мектеп программасында берилген темалардын эрежелерин жаттатып тим болбостон, окуучуларды көндүмдөргө ээ кылуу үчүн, көптөгөн китептерди пайдаланып, интернет булактарынан кызыктуу маалыматтардан алып, практика жүзүндө окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрүү методдорун ар тараптан изденип келем. Физика илими негизинен табият менен тыгыз байланыштагы илим. Физикада көбүнчө закондор, кубулуштар, формулалар, түшүнүктөр, ж.б. биздин жашоо менен байланышкан темалар өтүлөт.
Мугалимдерге чыгармачылык менен иштөө, окутуу үчүн, бир нече окутуу методдорун тандап алуу сунуш кылынган. Алардын ичинен мен аралаш сабак, таймаш сабак түрүн көбүнчө колдоном. Мисалы атом жана молекула жөнүндо тема өтсөк окуучуларды топторго бөлүп, аттарын темага ылайык, мисалы: атом, электрон, протон, нейтрон, молекула деп бөлүп алып, командаларга өз аттарына класстер түздүрүп, же пазлды куратам, ошондой эле окуучулар бири-биринен эрежелерди, формулаларды сурашат, берилген суроонун жоопторун тууралашат.
Окуучу предмет боюнча билим алып тим болбостон, өз турмушунда колдоно билүүсү керек. Окуучулардын ишмердүүлүгүнүн негизинде аткарылган рефератты, ар түрдүү макеттерди, көргөзмө материалдарды ж.б. ушул сыяктуу эмгектерде анализдөо менен да жүргүзүлөт. Физика предмети окуучулардын ой жүгүртүүсүн өстүрөт. Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүш үчүн ар кандай кызыктуу табышмактарды, логикалык суроолорду, кроссворддорду түзүп, өз алдынча иштөөгө, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүүгө аракет кылып келем. Баланын ой жүгүртүүсүнүн өрчүшү менен сүйлөө речи да өнүгөт