Галогендер (гр. Наls — туз жана ...генез) — Элементтер мезгипдик системасы VII группа элементтери (фтор Р, хлор С1, бром Вг, иод I, астат Аt). Метаплдар менен кошулганда туз пайда кылгандыктан, галогендер деп аталат.
Просмотр содержимого документа
«Галогендердин жалпы мүнөздөмөсү. Галогендердин касиеттери жана мааниси»
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Галогендердин жалпы мүнөздөмөсү. Галогендердин касиеттери жана мааниси
Сабактын методу: иллюстрациялап түшүндүрүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: аӊгемелешүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Галогендердин жалпы мүнөздөмөсү, жаратылышта таралышы, колдонулушу, химиялык касиеттери, физикалык касиеттери, алынышын окуп үйрөнүшөт. | Галогендердин жалпы мүнөздөмөсү; жаратылышта таралышы; колдонулушу; химиялык касиеттери; физикалык касиеттери; алынышын айтып бере алышса. |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Жөнөкөй зат, мезгилдик система, заттардын көп түрдүүлүгү, атом, химиялык теӊдеме, галогендердин турмуш тиричиликтеги орду, мааниси боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жаратылышты сүйүүгө тарбияланышат. | Жөнөкөй зат; мезгилдик система; заттардын көп түрдүүлүгү; атом; химиялык теӊдеме; галогендердин турмуш тиричиликтеги орду; мааниси боюнча алган билимине таянып галогендердин атомунун электрондук формуласын, алынышынын химиялык теӊдемесин жаза алышса |
Күтүлүүчү натыйжа:
Галогендердин жалпы мүнөздөмөсү;
жаратылышта таралышы;
колдонулушу;
химиялык касиеттери;
физикалык касиеттери;
алынышын айтып бере алышсат;
Жөнөкөй зат;
мезгилдик система;
заттардын көп түрдүүлүгү;
атом;
химиялык теӊдеме;
галогендердин турмуш тиричиликтеги орду;
мааниси боюнча алган билимине таянып галогендердин атомунун электрондук формуласын, алынышынын химиялык теӊдемесин жаза алышат
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Галогендердин жалпы мүнөздөмөсү, жаратылышта таралышы, колдонулушу, химиялык касиеттери, физикалык касиеттери, алынышы боюнча жалпы маалымат алышат.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Жөнөкөй зат, мезгилдик система, заттардын көп түрдүүлүгү, атом, химиялык теӊдеме, галогендердин турмуш тиричиликтеги орду, мааниси боюнча түшүнүгү бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Жарганат тести
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1.4.7г темирдин (III) гидроксидин ажыратканда кайсы заттар канча массада алынат?
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Галогендер (гр. Наls — туз жана ...генез) — Элементтер мезгипдик системасы VII группа элементтери (фтор Р, хлор С1, бром Вг, иод I, астат Аt). Метаплдар менен кошулганда туз пайда кылгандыктан, галогендер деп аталат. Мол-cы 2 атомдон турат. Сырткы электрондук деңгээлинде 7 электрон болуп, туруктуу деңгээл пайда кылууга 1 электрон жетпейт. Металлдар менен кошулганда алардын бир электронун өзүнө тартып алып, окистендиргич касиетке ээ болот. Алар реакцияга абдан тез кирүүчү металлоиддер. Көпчүлүк элементтер менен түздөн-түз кошулуп, галогенидди пайда кылат. Хим. активдүүлүгү, фтордон иодду көздөй атомдук радиусу чоңоюшу менен төмөндөйт. Кадимки шарт-та фтор менен хлор — газ, бром суюк, иод менен астат — катуу зат. Астат — радио-активдүү элемент. Суу менен кадимки шарт-та газ абалындагы сууда жакшы эрүүчү суутек галогенин пайда кылат. Алардын суудагы эритмеси күчтүү к-талар. Эритмеде ар бир галоген өзүнөн кийинки галоген атомун металлдык жана суутектик бирикмелеринен сүрүп чыгарат.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1. Эркин абалдагы галогендерди алуу ыкмалармн мүнөздөгулө. Кайсы галогенди эркин абалында бөлүп алуу кыйыныраак, ал эми кайсыларын бөлүп алуу жеңил? | |
Үйгѳ тапшырма:
1. Галогеңдер, алардын атом түзүлүшүн схема аркылуу чийгиле. Алардъш кайсылары жака эмяе үчүн өтө күчтүү окистендиргич болууга тийиш экендигин түшүндүргүлө.
2. Фтор жана фтордуу суутек молекуласынын түзүлүшүн, алардын электрондук формалары менен туюнткула.
Баалоо: